Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кыйынчылыктарды кайраттуулук менен көтөрөлү

Кыйынчылыктарды кайраттуулук менен көтөрөлү

«Кудай биздин баш маанабыз, күчүбүз, кыйынчылык учурунда тез жардам берүүчүбүз» (ЗАБ. 46:1).

1, 2. Көптөр кандай кыйынчылыктарды баштан кечирип келишет? Кудайдын кызматчылары эмне кылууну каалашат?

БИЗ кайгы-касыреттерге толгон дүйнөдө жашап жатабыз. Жер-жерлерде кырсык-каргашалар көп болууда. Жер титирөөлөр, цунамилер, өрт, сел каптоо, жанар тоолордун атылышы, тайфундар, бороон-чапкындар жана чоң куюндар адамзатты түйшөлтүүдө. Ошондой эле көптөр үй-бүлөсүндөгү кыйынчылыктардан, жүрөгүн өйүгөн жеке көйгөйлөрүнөн улам кооптонуп, кыйналып келет. Андан тышкары, баарыбыз күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылабыз (Нас. 9:11).

2 Кудайдын кызматчылары жалпы жонунан ушундай оор жагдайлар менен ийгиликтүү күрөшүп келишет. Бирок бул дүйнө түзүлүшүнүн аягы жакындап калгандыктан, алдыда дагы чоң кыйынчылыктарга кабылышыбыз мүмкүн. Андыктан даяр тургубуз келет. Андай кыйынчылыктарга карабай Кудайга кубаныч менен кызмат кыла берүүгө эмне жардам берет? Канткенде учурдагы кыйынчылыктарды кайраттуулук менен көтөрө алабыз?

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДА КАЙРАТТУУЛУК КӨРСӨТКӨНДӨРДӨН ҮЛГҮ АЛАЛЫ

3. Римдиктер 15:4төн көрүнүп тургандай, кайгы-касыреттерге кабылганда эмнеден сооронуч алсак болот?

3 Ырас, азыр кайгы-касиреттер болуп көрбөгөндөй көп болууда. Бирок аларга адамдар мурунтан бери эле кабылып келатышат. Келгиле, байыркы учурга кайрылып, Кудайдын кыйынчылыктарды ийгиликтүү көтөрүп кеткен айрым кызматчыларынан эмнеге үйрөнсөк болорун карап чыгалы (Рим. 15:4).

4. Дөөтү падыша кандай кыйынчылыктарга туш болгон жана ага эмне жардам берген?

4 Мисалга Дөөтү падышаны алалы. Ал далай жолу турмуштун ысыгына күйүп, суугуна тоңгон. Алсак, Шабул падыша анын көзүн тазалагысы келген, душмандары ага сокку урган, аялдары туткунга алынган, жакын адамдары сатып кеткен жана кээде катуу көңүлү чөккөн (1 Шем. 18:8, 9; 30:1—5; 2 Шем. 17:1—3; 24:15, 17; Заб. 38:4—8). Ыйык Китептен анын башына түшкөн мындай кыйынчылыктардан улам канчалык кыйналганын билүүгө болот. Бирок алар анын Жахабага болгон ишенимин солгундата алган эмес. Ал бекем ишеним менен: «Жахаба — өмүрүмдүн чеби, ким үрөйүмдү учурмак эле?» — деген. (Заб. 27:1; оку: Забур 27:5, 10.)

5. Ыбрайым пайгамбар менен жубайы Саарага кыйынчылыктарды көтөрүүгө эмне жардам берген?

5 Ыбрайым пайгамбар менен жубайы Саара жашоосунун көп бөлүгүн бөтөн жерде келгин болуп, чатырларда жашап өткөргөн. Алардын жашоосу да такай эле ойдогудай боло берген эмес. Маселен, ачарчылыкка жана тегерек четте жашаган душмандардын кысымына дуушар болушкан. Бирок алар кайраттуу болуп, ошонун баарын көтөрүшкөн (Башт. 12:10; 14:14—16). Аларга эмне жардам берген? Ыйык Китепте айтылгандай, Ыбрайым пайгамбар «пайдубалы бекем, куруучусу жана жаратуучусу Кудай болгон шаарды күтүп жүргөн» (Евр. 11:8—10). Жубайы Саара экөө жашоодогу кыйынчылыктарга алдырбастан, алдыда боло турган нерселерге көңүл топтошкон.

6. Аюп пайгамбарды кантип туурасак болот?

6 Аюп пайгамбар эң катаал кыйынчылыктарды баштан кечирген. Жашоосу бир заматта астын-үстүн боло түшкөндө, анын кандай сезимде болгонун элестетсеңер (Аюп 3:3, 11). Андан да жаманы, ал эмне үчүн ошондой азап-кайгыны баштан кечирип жатканын түшүнгөн эмес. Ошентсе да багынбай, Кудайга болгон ишенимин бекем сактап, кынтыксыздыгынан жазган эмес. (Оку: Аюп 27:5.) Ал бизге кандай сонун үлгү калтырган!

7. Элчи Пабыл Кудайга кызмат кылууда эмнелерди баштан кечирген, бирок эмнени билгени ага кайрат берген?

7 Элчи Пабылдын үлгүсүнө да токтолуп көрөлү. Аны «шаарда да коркунуч, ээн талаада да коркунуч, деңизде да коркунуч» коштоп жүргөн. Ал «ачка болгон, суусаган, суукка тоңгон, кийимсиз калган». Ошондой эле, кыязы, кеме кыйроого учураганда «бир күн, бир түн деңиздин ортосунда калган» (2 Кор. 11:23—27). Ушунун баарына карабай, ал Кудайга таянып, жакшылыктан үмүт үзгөн эмес. Анын Кудайга кызмат кылганы үчүн өлүм менен беттешкенден кийин эмне дегенине көңүл бурсаңар. «Ал жагдай өзүбүзгө таянбай өлгөндөрдү тирилтүүчү Кудайга таянышыбыз үчүн болгон. Ошондо ал бизди өлүм коркунучунан куткарып калган, дагы да куткарат»,— деген ал (2 Кор. 1:8—10). Албетте, аныкындай кыйынчылыктар көп эле адамдардын башына келе бербейт. Ошентсе да көбүбүз анын сезимдерин жакшы түшүнөбүз жана анын кайраттуулугу бизге дем-күч берет.

ЖАМАНДЫКТАН УЛАМ ЧӨГҮП КЕТПЕГИЛЕ

8. Бүгүнкү күндөгү көйгөйлөр бизге кандай таасир этиши мүмкүн? Мисал келтиргиле.

8 Бүгүнкү күндө көптөр толгон токой кырсык-каргашалардан, кыйынчылыктардан улам чөгүп кетишет. Атүгүл айрым бир туугандар да ошентишет. Австралияда жолдошу менен толук убакыт кызмат кылып жатканда Лани * эмчек рагы менен оорурун билген. Ошондо көкүрөгүнө канжар сайылгандай эле болгон. Ал: «Дарылануудан улам абдан алсырап, өзүмдү эч нерсеге татыксыз сезип калгам»,— дейт. Анысы аз келгенсип, ага омурткасынан операция болгон жолдошуна да кам көрүүгө туура келген. Эгер биз да ушундай жагдайга кабылсак, эмне кылсак болот?

9, 10. а) Шайтандын эмне кылышына жол бербешибиз керек? б) Элчилер 14:22де айтылгандарга карата кандай көз карашта болгонубуз туруктуу болууга жардам берет?

9 Кыйынчылыктарга туш болгонубузда Шайтандын алар аркылуу ишенимибизди солгундатып, кубанычыбыздан айрылткысы келерин эсибизден чыгарбаганыбыз абзел. Бирок биз ага жол бербешибиз керек. Накыл сөздөр 24:10до: «Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү ындының өчсө, алдан-күчтөн таясың»,— деп жазылган. Кудайдын Ыйык Китепте айтылган кызматчыларынын, мисалы, жогоруда кеп кылынган адамдардын үлгүсү жөнүндө ой жүгүртүү кайгы-касыреттерге кабылганда кайраттуу болууга жардам берет.

10 Бардык кыйынчылыктарды жоё албай турганыбызды да эстен чыгарбаганыбыз дурус. Чынында, ар бирибиз эле кандайдыр бир кыйынчылыкка кабылабыз (2 Тим. 3:12). Элчилер 14:22де: «Кудайдын Падышалыгына биз көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу киришибиз керек»,— деп айтылат. Кыйын-кысталыш учурда көңүлүбүздү чөгөргөндүн ордуна, андай жагдайды Кудайдын бизге жардам берүүгө кудуреттүү экенине ишенерибизди далилдөөгө мүмкүнчүлүк катары көргөнүбүз оң.

11. Турмуштун кыйынчылыктарынан улам чөгүп кетпеш үчүн эмне кылсак болот?

11 Биз жашообуздун жакшы жактарына көңүл топтошубуз керек. Кудайдын Сөзүндө: «Жайдары жүрөк адамдын жүзүн жайдары кылат, ал эми жүрөктөгү бук көңүлдү чөгөрөт»,— делет (Накыл 15:13). Саламаттыкты сактоо тармагында кызмат кылгандар жакшы нерселер жөнүндө ой жүгүртүү адамдын ден соолугуна оң таасир этерин байкашкан. Алсак, плацебо (дарыга окшоштурулуп жасалган, бирок дарылык касиетке деле ээ болбогон зат) ичкен көптөгөн бейтаптар дары жардам берип жатат деп ойлогондугу үчүн эле акыбалы жакшырып кеткен. Ошондой эле буга карама-каршы эффект — ноцебо эффекти — да байкалган. Тактап айтканда, бейтаптарга кайсы бир дары-дармек берилип, анын аларга терс таасир этиши мүмкүн экени айтылгандыктан эле, алардын абалы начарлап кеткен. Мындан көрүнүп тургандай, биз өзгөртө албаган жагдайларга өтө эле көңүл бура берүү шайыбызды оодаргандан башка эч пайда алып келбейт. Бактыга жараша, Жахаба бизге «плацебо» эмес, чындап жардам бере турган «дары» берет. Башкача айтканда, башыбызга оор мүшкүл түшкөндө өзүнүн Сөзү, бир туугандар жана ыйык руху аркылуу жардам берип, кайраттандырат. Ушул нерселерге көңүл буруу бизге дем-күч берет. Андыктан жашообуздагы жаман окуялар жөнүндө эле ойлоно бербей, ар бир көйгөйүбүз менен күрөшүү үчүн тийиштүү иш-аракет кылып, жашообуздун жакшы жактарына көңүл топтойлу (Накыл 17:22).

12, 13. а) Табигый кырсыктан жабыр тарткан бир туугандарга туруктуу болууга эмне жардам берип келет? Мисал келтиргиле. б) Жашоодо эмне эң маанилүү экени кырсык болгондо кандайча айкын болот?

12 Акыркы учурларда айрым өлкөлөр чоң кырсыктарды баштан өткөрдү. Ал жактагы көптөгөн бир туугандардын, оңой болбосо да, зор туруктуулук көрсөтүшкөнү көңүлгө аларлык. 2010-жылдын башында Чилиде болгон жер титирөөдөн жана цунамиден канчалаган ишенимдештерибиз үй-жайынан, мүлкүнөн, айрымдары жумушунан айрылып калышкан. Бирок алар ошого карабай рухий иштер менен алек боло беришкен. Үйү толугу менен талкаланган Сэмуел: «Ошондой оор жагдайда да жубайым экөөбүз жыйналыш жолугушууларын калтырган жокпуз, кабарга да баштагыдай эле чыгып турдук. Бул бизге үмүтүбүздү үзбөгөнгө жардам берди»,— деген. Башка ишенимдештерибиздей эле алар да, кырсыкка көңүл топтобостон, Жахабага кызмат кылууну уланта беришкен.

13 2009-жылдын сентябрь айында нөшөрлөп төккөн жаандан улам Филиппиндин Манила шаарынын 80 пайыздан ашуунун суу каптап калган. Көп мүлкүнөн кол жууган бир бай киши: «Сел байды да, кедейди да бирдей жабыр тарттырып, баарын бир тең кылып койду»,— деген. Бул Иса пайгамбардын: «Байлыкты асманга топтогула. Ал жакта аны күбө жебейт, дат баспайт, уурулар кирип, уурдап кетишпейт»,— деген кеңешин эсибизге салат (Мт. 6:20). Бүт өмүрүбүздү колдун кири болгон байлык топтоо менен өткөрүү көп учурда көңүл кайттыкка алып келет. Ал эми Жахаба менен болгон мамилебизди биринчи орунга коюу алда канча акылдуулукка жатат. Себеби аны менен болгон ынак мамилебизди жашоодогу эч бир кыйынчылык буза албайт. (Оку: Еврейлер 13:5, 6.)

КАЙРАТТУУ БОЛУШУБУЗГА КАНДАЙ СЕБЕПТЕР БАР?

14. Кайраттуу болууга бизде кандай себептер бар?

14 Иса Машаяк өзүнүн катышуусунун убагында кыйынчылыктар болорун билген, бирок ал: «Үрөйүңөр учпасын»,— деген (Лк. 21:9). Ооба, бизде кайраттуу болууга толук негиз бар. Себеби Падышабыз Иса Машаяк менен ааламдын Эгедери Жахаба бизди ар дайым колдоп турат. Элчи Пабыл Тиметейге: «Кудай бизге коркоктуктун эмес, күчтүн, сүйүүнүн жана акыл-эстүүлүктүн рухун берген»,— деген сөздөрдү айтып, аны кайраттандырган (2 Тим. 1:7).

15. Кудайдын айрым кызматчылары ага таянарын кантип билдиришкен жана биз кантип алардай кайраттуу боло алабыз?

15 Кудайдын ага бекем ишенген айрым кызматчыларынын эмне дегенине көңүл бурсаңар. Дөөтү пайгамбар: «Жахаба — күч-кубатым, калканым. Жүрөгүм ага таянат, андан жардам алгандыктан, жүрөгүм шаттанат»,— деген (Заб. 28:7). Ал эми элчи Пабыл: «Бизди сүйгөндүн жардамы менен биз бардык жагынан жеңишке жетип жатабыз»,— деп, Кудайга бекем ишенерин көрсөткөн (Рим. 8:37). Ошондой эле Иса пайгамбар душмандардын колуна түшүп, өлтүрүлөрүнө аз калганда: «Мен жалгыз эмесмин, анткени Атам мени менен»,— деген сөздөрдү айтып, Кудай менен болгон мамилеси ушунчалык бекем экенин айгинелеген (Жкн. 16:32). Алардын айткандарынан эмнени билсек болот? Алар Жахабага толук таянышкан. Эгер биз да Жахабага толук таянсак, бүгүнкү күндө башыбызга кандай гана жамандык келбесин, кайраттуулук менен көтөрүп кете алабыз. (Оку: Забур 46:1—3.)

КУДАЙДАН ЖАРДАМ АЛЫП, КАЙРАТТУУ БОЛГУЛА

16. Кудайдын Сөзүн изилдегенибиз эмне үчүн маанилүү?

16 Биз өзүбүзгө таянгандыктан эмес, Кудайды таанып-билип, ага таянгандыктан кайраттуу болобуз. Ан үчүн, анын Сөзүн, Ыйык Китепти, окуп-изилдешибиз керек. Депрессия менен ооруган бир ишенимдеш эже ага эмне жардам берерин айтып: «Мен өзгөчө жубатарлык аяттарды кайра-кайра окуйм»,— дейт. Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Үй-бүлөлүк сыйынууга дайыма убакыт бөлүп турууга байланыштуу кеңешти колдонуп жатабызбы? Ошондо биз да забурчудай болуп: «Мыйзамыңды кандай гана жакшы көрөм! Ал тууралуу эртеден кечке ой жүгүртөм»,— деп айта алабыз (Заб. 119:97).

17. а) Жахаба бизге кайраттуу болууга дагы кандай жол менен көмөк кылат? б) Биздин адабияттарга чыккан кайсы өмүр баян сага жардам берген?

17 Жахаба бизге кайраттуу болууга Ыйык Китепке негизделген жана Ага бекем ишенүүгө көмөк кылган адабияттар аркылуу да жардам берет. Көптөгөн бир туугандар биздин адабияттардагы өмүр баяндардын өзгөчө жардам берерин байкашкан. Азияда жашаган жана депрессия менен күрөшүп жүргөн дагы бир ишенимдеш эже ошол эле оору менен ооруган бир миссионер бир туугандын өмүр баянын окуганда абдан бекемделген. «Ал мага өзүмдүн көйгөйүмдү жакшыраак түшүнүүгө жардам берип, үмүт байлатты»,— деген ал.

18. Эмне үчүн дайыма тиленип турушубуз керек?

18 Жахабадан жардам алуунун дагы бир жолу — тиленүү. Тиленүү бардык жагдайда жардам берет. Элчи Пабыл анын баалуулугун баса белгилеп: «Эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды Машаяк Иса аркылуу сактайт»,— деген (Флп. 4:6, 7). Кыйын кезеңде күч-кубат алуу үчүн тез-тез тиленип турабызбы? Көптөн бери депрессия менен күрөшүп келаткан британиялык Алекс деген бир тууган: «Жүрөгүмдөгүнү Жахабага айтуу жана анын Сөзүн окуу менен анын айткандарын угуу мага чоң күч берип келет»,— дейт.

19. Жыйналыш жолугушууларына катышууга кандай карашыбыз керек?

19 Жыйналыш жолугушуулары — бизге жардам берүү үчүн караштырылган дагы бир маанилүү чара. Забурчу: «Жаным Жахабанын короолорун көксөп, алдан тайды»,— деген (Заб. 84:2). Биз да ошону көксөйбүзбү? Жогоруда кеп кылынган Лани жыйналыш жолугушууларына катышууга кандай караарын: «Жолугушууларга барсамбы же барбасамбы деп ойлончу да эмесмин. Эгер Жахабадан жардам алууну кааласам, сөзсүз барышым керектигин билчүмүн»,— деген сөздөр менен билдирген.

20. Кабар айтуу ишине катышуу бизге кандайча жардам берет?

20 Кайраттуу болууга Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишине жигердүү катышуу да жардам берет (1 Тим. 4:16). Биринен сала бири келген кыйынчылыктарды башынан кечирген австралиялык бир эже мындай дейт: «Кабарга такыр чыккым келчү эмес. Бирок бир күнү бир аксакал кабарга чакырып калды. Мен макул болдум. Кабар айтуу иши аркылуу Жахаба мага жардам берип жаткан болуш керек. Себеби кабарга чыккан сайын өзүмдү аябай бактылуу сезчүмүн» (Накыл 16:20). Көптөр башкаларга Жахабага ишенүүгө жардам бергенде, өзүлөрүнүн да ишеними бекемделгенин байкашкан. Анын аркасында алар көңүлүн өзүлөрүнүн көйгөйлөрүнө эмес, маанилүүрөөк нерселерге топтошкон (Флп. 1:10, 11).

21. Көйгөйлөргө кабылганда эмнеден шектенбесек болот?

21 Ырас, кыйынчылыктарды кайраттуулук менен көтөрүшүбүз үчүн, Жахаба бизге көп жагынан жардам берип келет. Ал караштырган чаралардан толук пайда алсак жана Кудайдын кайраттуу кызматчыларынын кылган иш-аракеттери жөнүндө ой жүгүртүп, алардан үлгү алсак, кыйынчылыктарды ийгиликтүү жеңе алабыз. Ошондой эле азыркы дүйнөнүн акыры жакындаган сайын, дагы көптөгөн күтүлбөгөн жамандыктар болушу мүмкүн болсо да, биз элчи Пабылдай болуп: «Бүк түшүрүшсө да, жок кылынган жокпуз... Биз багынбайбыз»,— деп айта алабыз (2 Кор. 4:9, 16). Ооба, Жахабанын жардамы менен бүгүнкү күндөгү кыйынчылыктарды кайраттуулук менен жеңе алабыз. (Оку: 2 Корунттуктар 4:17, 18.)

^ 8-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.