Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өмүр баян

60 жылга созулган достук. Бул башталышы гана

60 жылга созулган достук. Бул башталышы гана

1951-жылы жайдын бир кечинде жашы 20дан ашып калган төрт жигит кубанычы койнуна батпай, Итака шаарындагы (Нью-Йорк, АКШ) телефон чалчу буткада алыскы Мичиганга, Айовага жана Калифорнияга телефон чалып жатышкан. Алардын жакындарына айта турган жакшы жаңылыгы бар эле.

ОШОЛ жылдын февралында 122 пионер Гилат мектебинин 17-классында окуу үчүн Саут-Лансингге (Нью-Йорк) барышкан. Болочок миссионерлердин арасында Лоуэл Тюрнер, Уильям (Билл) Кастин, Ричард Келси жана Рэймон Темпелтен бар эле. Лоуэл менен Билл Мичигандан, Ричард Айовадан, ал эми Рэймон Калифорниядан болчу. Төртөө көп өтпөй ынак достордон болуп калышкан.

Арадан беш айдай өткөндөн кийин, бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыктан Нейтан Норр бир тууган студенттер менен сүйлөшүү үчүн келатканы кулактандырылганда, баары толкунданып, аны күтө башташкан. Жогорудагы төрт бир тууган, мүмкүн болсо, бир өлкөдө кызмат кылгысы келерин айтышкан эле. Норр бир тууган келгенде, алар өздөрүнүн кайсы өлкөгө дайындалганын биле алышат беле? Ооба.

Норр бир тууган бүт класска кайрылып, кимдин кайсы өлкөгө дайындалганын айта баштаганда, баары ого бетер толкундана башташкан. Эң биринчилерден болуп секичеге төртөө чакырылган. Алар өзгөчө тынчсызданып жатышкан эле. Бирок чогуу болушарын билгенде кандай гана жеңилдей түшүшкөн! Алар кайсы өлкөгө дайындалган? Төртөөнүн Германияга жиберилери кулактандырылганда, классташтарынын баары таң калып, бир топко дүркүрөтө кол чабышкан.

Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү Германиядагы бир туугандарынын 1933-жылдан тартып Гитлердин режиминин убагында зор ишенимдүүлүк көрсөтүшкөнүнө абдан баа беришчү. Студенттердин көбү Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европадагы ишенимдештерине жардам катары кийим-кечек жана башка нерселерди жөнөтүшкөнүн эстешкен. Германиядагы бир туугандар күчтүү ишеними, кайраттуулугу, чечкиндүүлүгү жана Жахабага таянганы менен зор үлгү калтырышкан. Лоуэл: «Эми ошол бир туугандар менен жакыныраак тааныша алабыз»,— деп ойлогонун эскерет. Мына ошол себептен, макаланын башында айтылгандай, төртөө тең жетине албай, жакындарына телефон чалып жатышкан.

ГЕРМАНИЯГА САПАР ТАРТУУ

1951-жылы 27-июлда «Хоумленд» кемеси Нью-Йорктогу Ист-Риверден Германияга жөнөгөн. Ошентип, төрт дос Германияны көздөй 11 күндүк сапарга аттанышкан. Гилат мектебинде сабак берген жана кийинчерээк Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болгон Алберт Шрёдер бир тууган аларга немис тилиндеги биринчи сүйлөмдү үйрөткөн болчу. Кемедеги жүргүнчүлөрдүн арасында немистер да бар болгондуктан, төртөө алардан немисче көбүрөөк үйрөнө алышмак. Бирок, чамасы, алар немис тилинин ар кайсы диалектисинде сүйлөгөндүктөн, бир туугандардын башы маң болгон.

Жолдо деңиз оорусуна чыдап, акыры, төртөө 7-августта, шейшемби күнү, эртең менен Германиядагы Гамбург шаарына жетишкен. Кайсы жакты карашпасын, аяктаганына алты эле жыл болгон согуштун тактары көрүнүп турган. Бул алардын зээнин кейитпей койгон эмес. Анан ал жактан түнкү поезд менен ошол убакта филиал жайгашкан Висбаден шаарына жөнөшкөн.

Шаршемби күнү эртең менен алар Германиядан биринчи жолу Жахабанын Күбөсүнө жолугушкан. Ал Ханс деген бир тууган эле. Андай ысым ошол учурда немистердин арасында кеңири таралган болчу. Ханс аларды темир жол бекетинен Бейтелге жеткирип, мүнөзү бир аз катуураак улуу эжеге тапшырып кеткен. Ал англисче билбейт экен. Бирок үнүн катуураак чыгарып сүйлөсө эле, тигилер түшүнөт деп ойлосо керек. Анткен менен үнүн улам бийигирээк чыгарып сүйлөгөнүнөн эч майнап чыккан эмес, кайра, өзүнүн да, тиги бир туугандардын да айласы кеткен. Акыры, филиалдын кызматчысы Эрик Фрост бир тууган келип, алар менен англисче жылуу учурашкан. Ошондо баары жеңилдей түшкөн.

Августтун аягында төртөө Германиядан биринчи жолу жыйынга катышкан. «Таза сыйынуу» деп аталган ал жыйын Франкфурт-на-Майне шаарында өткөн. Келгендердин жогорку санынын 47432ге жеткени жана 2373 кишинин чөмүлгөнү ал бир туугандардын миссионердик ынтасын жалындатып, кабар айтууга болгон каалоосун арттырган. Бирок бир нече күндөн кийин Норр бир тууган аларга Бейтелде кызмат кылууга дайындалышканын, андыктан ошол жакта калышы керектигин айткан.

Кызматтан кубаныч алып, Жахабанын бардыгын эң жакшы билерине толук ынанышкан

Миссионер болууну абдан каалагандыктан Рэймон бир жолу Кошмо Штаттардагы Бейтелде кызмат кылуудан баш тарткан болчу. Ричард да, Билл да бейтелдик кызмат жөнүндө такыр ойлонушкан эмес. Бирок алар бейтелдик кызматтан кубаныч алып, Жахабанын бардыгын эң жакшы билерине толук ынанышкан. Мындан көрүнүп тургандай, өз каалообузга жетектелгенден көрө, Жахабанын жетекчилигине баш ийгенибиз акылдуулукка жатат. Муну жакшы түшүнгөн киши кайсы жерде болбосун, кандай кызматка дайындалбасын, Жахабага кубанычтуу кызмат кыла берет.

ФЕРБОТЕН!

Германиядагы Бейтел үй-бүлөсүндөгүлөрдүн көбү аларга жаңы кошулган америкалык бир туугандар менен сүйлөшүп, англисче үйрөнөбүз деп сүйүнүп жатышкан. Бирок бир күнү алардын үмүтү таш капкан. Ашканада отурушканда, Фрост бир тууган немис тилинде адаттагысындай эле шыктануу менен кандайдыр бир олуттуу нерсе тууралуу айтып жаткан. Үй-бүлөдөгүлөрдүн көбү тарелкасын тиктеген бойдон үн катпай отурушкан. Жаңы дайындалган бир туугандар анын айткандарын түшүнүшпөсө да, өздөрү жөнүндө сөз жүрүп жатканын акырындап баамдай башташкан. Бир маалда Фрост бир тууган үнүн бийик чыгарып: «ФЕРБОТЕН!» («Болбойт!») — деп айтып, катуураак үн менен аны дагы бир жолу баса белгилегенде, баары ыңгайсыздана түшкөн. Ал күйүп-бышкыдай, алар эмне кылышты эле?

Тамак ичип бүтүшкөндөн кийин баары шаша-буша бөлмөлөрүнө тарап кетишкен. Кийинчерээк бир бир тууган: «Бизге жардам бере алышыңар үчүн силер немисче сүйлөгөндү билишиңер керек. Ошондуктан Фрост бир тууган, немисче үйрөнгөнүңөрчө, силер менен англисче сүйлөшкөнгө БОЛБОЙТ деп айтты»,— деп түшүндүргөн.

Бейтел үй-бүлөсүндөгүлөр дароо эле ал айткандай кылышкан. Бул жаңы келгендерге немисче үйрөнүүгө эле эмес, кайсы бир мээримдүү бир тууган кеңеш бергенде, адегенде кыйын сезилсе да, аны колдонуу өздөрүнө эле пайда алып келерин түшүнүүгө да жардам берген. Фрост бир туугандын кеңешинен анын Жахабанын уюмунун жыргалчылыгына кызыкдар экени жана бир туугандарды сүйөрү көрүнүп турган *. Андыктан төртөөнүн аны жакшы көрүп калганы таң калыштуу эмес!

ДОСТОРУБУЗДАН КӨП НЕРСЕГЕ ҮЙРӨНӨБҮЗ

Кудайдан корккон досторубуздан маанилүү нерселерге үйрөнө алабыз. Бул болсо Кудай менен болгон достугубузду чыңдоого жардам берет. Алсак, төртөө Германиядагы көптөгөн ишенимдүү бир туугандардан, ошондой эле бири-биринен көп нерсеге үйрөнүшкөн. Ричард мындай дейт: «Немис тили боюнча анча-мынча билими бар болгондуктан, Лоуэл ал тилди жакшы өздөштүрүп кетти. Ал эми калганыбыз бир топ эле кыйналдык. Ал үчөөбүздөн улуу болгондуктан, тилге байланыштуу кандайдыр бир суроо туулганда же кеңешке муктаж болгондо ага кайрылар элек». Рэймон мындай деп эскерет: «Германияда бир жыл кызмат кылгандан кийин биринчи жолу өргүүгө чыгарда, щвейцариялык бир ишенимдешибиз бизге Швейцариядагы дачасында эс алууну сунуш кылды. Бул жүрөгүмдү ушунчалык козгоду! Өргүү убагында эки жума немисчеден эс алып, ой да бир жыргайбыз деп ойлогом. Бирок Лоуэлди эске албай калыптырмын. Ал күндөлүк аятты немисче окуп, немисче талкуулашыбызды талап кылды. Тилекке каршы, ал ошол чечимин эч өзгөрткөн жок. Анткен менен мындан баалуу нерсеге үйрөндүк. Кээде анча кошула албасаң да, чын жүрөктөн сага жакшылык каалагандардын айтканына кулак какканың дурус. Ушундай көз карашта болгонубуз бизге көп жылдардан бери пайда алып келүүдө жана теократиялык жетекчиликке баш ийүүгө көмөк кылууда».

Филипиликтер 2:3тө: «Момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору көргүлө»,— деп айтылгандай, төрт дос бири-биринин күчтүү жактарын баалаганга да үйрөнүшкөн. Мисалы, үчөө бизге караганда Билл жакшыраак аткарат деп, айрым иштерди ага тапшырышчу. «Кайсы бир көйгөйдү чечиш үчүн абдан маанилүү же анча жагымдуу эмес иш-аракеттерди кылыш керек болгондо, Биллге тапшырчубуз,— деп эскерет Лоуэл.— Ал жагымсыз жагдайларды баарыбыз туура көргөн жол менен чечип койчу. Ал эми биз ошондой кылыш керек экенин билсек да, же эркибиз жетчү эмес, же колубуздан келчү эмес».

БАКТЫЛУУ ҮЙ-БҮЛӨЛӨР

Убакыттын өтүшү менен төртөө тең биринин артынан бири үйлөнүүнү чечишкен. Алардын достугу Жахабага жана толук убакыттагы кызматка болгон сүйүүгө негизделгендиктен, өздөрүнө окшоп, жашоосунда Жахабаны биринчи орунга койгон жубай табууну көздөшкөн. Толук убакыт кызмат кылуунун аркасында алар алганга караганда берген жакшы экенин, өз кызыкчылыктары Падышалыктын иштеринен төмөн турушу керектигин түшүнүшкөн. Ошондуктан Жахабага өз каалоосу менен толук убакыт кызмат кылып келаткан бир туугандарга үйлөнүшкөн. Ошентип, төртөө тең бекем, бактылуу үй-бүлө курушкан.

Достугубуз же үй-бүлөбүз бекем болушу үчүн, Жахаба менен ынак мамиледе болушубуз керек (Нас. 4:12). Кийинчерээк Билл да, Рэймон да өмүрлүк жарынан айрылып калган. Бирок жубайлары өмүрүнүн акырына чейин аларга берилгендик менен колдоо көрсөтүшкөн. Лоуэл менен Ричардга жубайлары азыркыга чейин колдоо көрсөтүп келишет. Билл кийинчерээк кайра үйлөнгөн. Толук убакыт кызматын уланта алышы үчүн ал бул жолкусунда да өмүрлүк жарды акылдуулук менен тандаган.

Андан кийинки жылдарда төртөө ар кайсы өлкөгө, негизинен, Германияга, Австрияга, Люксембургга, Канадага, Кошмо Штаттарга дайындалышкан. Ошондон улам төрт дос бири-бири менен ойдогудай көп убакыт өткөрө албай калышкан. Бирок аралыктын алыстыгына карабай, алар дайыма кабарлашып, бири-биринин кубанычын, кайгысын тең бөлүшүп турушкан (Рим. 12:15). Мындай досторду дайыма баалап-баркташыбыз керек. Алар — Жахабанын баа жеткис белеги (Накыл 17:17). Бул дүйнөдө чыныгы достор абдан сейрек кездешет. Бирок Кудайдын ар бир кызматчысы көптөгөн досторго ээ. Жахабанын Күбөлөрү катары биз дүйнө жүзүндөгү ишенимдештерибиз менен, баарынан мурда Жахаба Кудай жана Иса Машаяк менен доспуз.

Баарыбыздай эле, ал төрт доско да турмуштун эчен белин ашып өтүүгө туура келген. Маселен, өмүрлүк жарынан айрылып, күйүт тартышкан, катуу оорудан кыйналышкан, карыган ата-энесине кам көрүшкөн, толук убакыт кызмат кылып жүрүп бала тарбиялоонун оор түйшүгүн көтөрүшкөн, кайсы бир кызматка дайындалганда тынчсызданышкан, азыр болсо карылыктын күндөн күнгө көбөйгөн кыйынчылыктары менен күрөшүп жатышат. Бирок алар Жахабаны сүйгөндөргө достору — жанында жүргөндөрү да, алыстагылары да — бардык кыйынчылыктарды жеңгенге жардам берерине өз тажрыйбасынан ынанышкан.

ТҮБӨЛҮККӨ ДОС БОЛУУНУ КӨЗДӨӨ

Лоуэлдин, Рэймондун, Биллдин, Ричарддын 18, 12, 11 жана 10 жаштарында өздөрүн Жахабага арнаганы, ошондой эле 17—21 жаштарында толук убакыт кызматты башташканы кандай жакшы болгон. Алар Насаатчы 12:1деги: «Жаш кезиңде Улуу Жаратканыңды эсиңден чыгарба»,— деген чакырыкка ылайык иш кылышкан.

Эгер Кудайга кызмат кылган жаш жигит болсоң, жагдай-шартың жол берсе, Жахабанын чакырыгын кабыл алып, толук убакыт кызмат кыла башта. Ошондо анын ырайымы менен, төрт доско окшоп, сен да ага кызмат кылуудан: райондук, облустук же зоналык көзөмөлчү болуудан, Бейтелде, анын ичинде Филиал комитетинде кызмат кылуудан, Падышалык кызмат мектебинде жана Пионердик кызмат мектебинде сабак берүүдөн, чакан же чоң жыйындарда сөз сүйлөөдөн кубаныч ала аласың. Ал төртөө кылган кызматы он миңдеген адамдарга пайда алып келгенине кандай сүйүнүшкөн! Алар Жахабанын ага жан-дилден кызмат кылууга байланышкан чакырыгын кабыл алгандыктан ушунун баарын аткара алышкан (Кол. 3:23).

Бүгүнкү күндө Лоуэл, Ричард жана Рэймон кайрадан чогуу Германиянын Зельтерс шаарындагы филиалда кызмат кылып жатышат. Ал эми Билл 2010-жылы Кошмо Штаттарда атайын пионер болуп кызмат кылып жүргөндө каза болуп калды. Ошентип, шум ажал төрт достун дээрлик 60 жылга созулган достугуна сокку урду. Анткен менен Кудайыбыз Жахаба өзүнүн досторун эч качан унутпайт. Биз анын Падышалыгы башкарган убакта ар бир ишенимдешибиздин өлүмдүн айынан убактылуу үзүлгөн достугу сөзсүз калыбына келерине эч шектенбейбиз.

«60 жылдан бери дос болуп келатсак да, бир да жагымсыз учурду эстей албайм»

Өмүрүнүн акырында Билл: «60 жылдан бери дос болуп келатсак да, бир да жагымсыз учурду эстей албайм. Биздин достугубуз мен үчүн дайыма өзгөчө болчу»,— деп жазган. Жаңы дүйнөдө достугу уланарына бекем ишенгендиктен анын үч досу: «Бул башталышы гана»,— деп айтышкан.

^ 17-абз. Фрост бир туугандын жүрөк толкутарлык өмүр баяны 1961-жылдын 15-апрелиндеги «Күзөт мунарасынын» (англ.) 244—249-беттерине чыккан.