Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жаш балдардын» «оозунан» чыккан жылуу сөз

«Жаш балдардын» «оозунан» чыккан жылуу сөз

Орусиянын жогорку сотунун 2009-жылы декабрда чыгарган чечиминин негизинде Жахабанын Күбөлөрүнүн Таганрогдогу диний борбору жоюлган, Падышалык залы тартылып алынган жана 34 адабиятыбыз экстремисттик деп табылган. Бул таң калыштуу окуя тууралуу Жахабанын Күбөлөрүнүн веб-сайтына маалымат жазылып, ошол чечимдин айынан жабыр тарткандардын, анын ичинде балдардын сүрөттөрү коюлган.

Бир нече айдан кийин соттун ошол чечими тууралуу окуган Квинсленддеги (Австралия) бир үй-бүлө Жахабанын Күбөлөрүнүн Орусиядагы административдик борборуна белек-бечкек салынган куту жана кат берип жиберген. Ал катта мындай деп жазылган: «Кымбаттуу бир туугандар, балдарыбыз Коди менен Ларисаны Орусиядагы досторунун ишеними жана кандай сыноолорго дуушар болуп жатканы аябай таасирлентти. Алар жазган открытка, каттарды, ошондой эле чакан белектерибизди Таганрогдогу балдарга берип жибергибиз келет. Биз алардын алыс жакта да Жахабага ишенимдүү кызмат кылып жаткан жана аларды ойлогон балдар бар экенин билишин каалайбыз. Балдарыбыз аларды бек кучактап, жакшы көрөрүнө ынандыргысы келет».

Белек алган балдар Австралиядагы үй-бүлөгө сүрөт тартылган ыраазычылык кат жазып жиберишкен. Орусиядагы филиалда кызмат кылган бир ишенимдешибиз «жаш балдардын», Коди менен Ларисанын, «оозунан» чыккан жылуу сөздөргө таасирленгендиктен аларга мындай деп кат жазган: «Балдарга да, чоңдорго да алар кылбаган иш үчүн жазаланганы канчалык жагымсыз болгонун элестетсеңер. Таганрогдогу бир туугандарыбыз эч кандай жаман иш кылбаса да, алардын Падышалык залын тартып алышты. Буга бир туугандарыбыздын көңүлү чөкпөй койгон жок. Бирок дүйнөнүн башка тарабында да аларды ойлогон бирөөлөр бар экенин билгенде алардын аябай бекемделери шексиз. Жылуу сөздөрүңөргө, марттыгыңарга чоң рахмат!» (Заб. 8:2).

Биз, чынында эле, бүткүл дүйнөлүк бир туугандыктын мүчөсүбүз жана бири-бирибизге болгон сүйүүбүз жашоодогу кыйынчылык-сыноолор менен күрөшүүгө жардам берет. Сот залдарында Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттары жек көрүүчүлүккө үгүттөйбү, жокпу деп талашып жатышса, балдарыбыз улуттук, маданий чек араларды «аттап өтүп», бири-биринин жыргалчылыгына кызыкдар экенин үнсүз эле көрсөтүшүүдө. Муну менен алар Иса пайгамбардын: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кыларын далилдеп жатышат (Жкн. 13:35).