Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Мага эркиңди аткарууну үйрөт»

«Мага эркиңди аткарууну үйрөт»

«Мага эркиңди аткарууну үйрөт, анткени сен менин Кудайымсың» (ЗАБ. 143:10).

1, 2. Кудайдын эркине ылайык иш кылуу бизге кандай пайда алып келет жана Дөөтү падышадан бул жагынан эмнеге үйрөнсөк болот?

ТОО арасында баратканыңды элестетсең. Бир жерге жеткенде жол эки ача болуп бөлүнүп кетет. Кайсынысына түшкөнүң туура болорун кантип билсең болот? Ан үчүн бийик жерге чыгып, кайсы жол каякка алып барарын карап көрүшүң керек. Жашоодо маанилүү чечимдерди чыгарып жатканда да ушул эле принципти колдонгонубуз оң. Бардык нерсеге жогору жактан кароо, тактап айтканда, Жараткандын көз карашы менен кароо ага жаккандай «жол менен жүрүүгө» жардам берет (Ыш. 30:21).

2 Байыркы Ысрайылдын падышасы Дөөтү бүт өмүр жолунда Кудайдын эркине ылайык иш кылуу менен бизге эң сонун үлгү калтырган. Келгиле, бүт жүрөгү менен Жахабага берилген ал падышанын жашоосунда болгон айрым окуяларга токтолуп, андан эмнеге үйрөнө аларыбызды карап көрөлү (1 Пад. 11:4).

ЖАХАБАНЫН ЫСМЫН ЫЙЫК ТУТКАН

3, 4. а) Дөөтүгө Голиат менен беттешүүгө эмне түрткү берген? б) Дөөтү Кудайдын ысмына кандай караган?

3 Жаш Дөөтүнүн пелиштилик балбан Голиат менен беттешкенине токтолуп көрөлү. Ага мыкты куралданган, бою болжол менен 2,9 м болгон алпка каршы чыгууга эмне түрткү берген? (1 Шем. 17:4, шилт.). Кайраттуу болгонубу же Кудайга бекем ишенгениби? Албетте, анын эрдик көрсөтүшүндө ал эки сапат тең маанилүү роль ойногон. Бирок ага, негизинен, Жахабаны жана анын ысмын ыйык тутканы түрткү берген. Ошондуктан ал туталана: «Тирүү Кудайдын аскерлерин мазактагыдай сүннөткө отургузулбаган бул пелиштилик ким экен?» — деген (1 Шем. 17:26).

4 Голиат менен беттешкенде Дөөтү ага: «Сен мага каршы эки найза, кылыч менен келатасың, мен  болсо сен мазактаган Кудайдын, Ысрайыл аскерлеринин, асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын ысмы менен баратам»,— деп айткан (1 Шем. 17:45). Чыныгы Кудайга таянгандыктан Дөөтү салмоор ташы менен эле пелиштиликтердин балбанын жерге сулаткан. Ал ошондо эле эмес, жашоосунун бардык учурунда Жахабага таянып, анын ысмын ыйык туткан. Ал ысрайылдыктарды Жахабанын «ыйык ысмы менен мактанууга» үндөгөн. (Оку: 1 Жылнаама 16:8—10.)

5. Голиаттын ысрайылдыктарды шылдыңдаганына окшогон кандай жагдайга туш болушуң мүмкүн?

5 Сен Жахаба Кудайга кызмат кылганыңа сыймыктанасыңбы? (Жер. 9:24). Кошуналарың, чогуу иштешкендериң, чогуу окугандарың же туугандарың Жахаба жөнүндө жаман сөздөрдү айтып, Жахабанын Күбөлөрүн шылдыңдаганда, эмне кыласың? Кудайдын ысмына сөз тийип жатканда, анын колдоо көрсөтөрүнө ишенип, аны коргойсуңбу? Ырас, «унчукпай турган убак» болот, бирок биз Жахабанын Күбөсү жана Иса Машаяктын жолдоочусу экенибизди айтуудан уялбашыбыз керек (Нас. 3:1, 7; Мр. 8:38). Кабарыбызды жактырбагандар менен сүйлөшкөндө сылык-сыпаа болушубуз керек болсо да, Голиаттын мазактаганынан жүрөгү түшкөн ысрайылдыктардай болбойлу (1 Шем. 17:11). Тескерисинче, Жахаба Кудайдын ысмын ыйыкташ үчүн чечкиндүү иш-аракет кылалы. Биз башкаларга Жахабанын кандай Кудай экенин ачып бергибиз келет. Ошондуктан аларга Кудайга жакындоо канчалык маанилүү экенин түшүнүүгө жардам берүү үчүн анын Сөзүн колдонобуз (Жкп. 4:8).

6. Дөөтү Голиат менен беттешкенде эмнени көздөгөн жана биздин негизги максатыбыз эмне болушу керек?

6 Дөөтүнүн Голиат менен беттешкенинен дагы бир маанилүү нерсеге үйрөнө алабыз. Ал майданга чуркап барып, жоокерлерден: «Бул пелиштиликти өлтүрүп, Ысрайылды шылдыңдан арылта турган кишиге кандай сыйлык берилет экен?» — деп сураган. Алар: «[Голиатты] өлтүргөн кишиге падыша көп байлык тартуулап, өзүнүн кызын аялдыкка берет» — деп, ага чейин айткан сөздөрүн кайталашкан (1 Шем. 17:25—27). Бирок Дөөтү байлыкка ээ болууну эмес, андан алда канча маанилүү максатты көздөгөн: ал чыныгы Кудайды даңктагысы келген. (Оку: 1 Шемуел 17:46, 47.) Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Атыбызды чыгаруу үчүн байлык топтоого, бул дүйнөдө көрүнүктүү абалга жетүүгө аракет кылабызбы? Арийне, биз: «Жахабаны мени менен даңазалагыла, анын ысмын чогуу даңктайлы»,— деп ырдаган Дөөтү падышадан үлгү алгыбыз келет (Заб. 34:3). Андыктан, келгиле, Кудайга таянып, ар дайым анын ысмын өзүбүздүкүнөн жогору коёлу (Мт. 6:9).

7. Кабарыбызга кулак какпаган кишилерди жолуктурганда зарыл болгон бекем ишенимди кантип өстүрө алабыз?

7 Жаш Дөөтүнүн тайманбастан Голиатка каршы чыкканы Жахабага бүт жүрөгү менен таянганын айгинелеп турат. Анын ишеними бекем болгон. Буга анын кой кайтарып жүргөндө Кудайга таянганы да өбөлгө түзгөн (1 Шем. 17:34—37). Ар кандай жагдайларда, айрыкча, кабарыбызга кулак какпаган кишилерди жолуктурганда кызматыбызды уланта берүү үчүн бизге да күчтүү ишеним керек. Күнүмдүк иштерибиз менен жүргөндө да Кудайга таянуу менен ошондой ишеним өстүрө алабыз. Мисалы, коомдук унаада баратканда жаныбызда отурган кишиге Ыйык Китептеги чындыкты айтабызбы? Ошондой эле үймө-үй кабар айтып жүргөндө көчөдөн жолуктурган адамдарга да кабар айтууга аракет кылабызбы? (Элч. 20:20, 21).

ЖАХАБАНЫ КҮТКӨН

Эмне үчүн Дөөтү падыша, мүмкүнчүлүк пайда болгондо да, Шабулдун өмүрүн кыйган эмес?

8, 9. Шабулга жасаган мамилесинде Дөөтү Кудайдын эркине ылайык иш кылууну каалаарын кантип көрсөткөн?

8 Дөөтүнүн дайыма Жахабага таянганы  анын Шабулга — Ысрайылдын биринчи падышасына — кылган мамилесинен да көрүнүп турган. Көрө албас Шабул үч жолу аны найза менен дубалга кадап салууга аракет кылган, бирок ал үч жолкусунда тең буйтап кеткен жана андан өч алууга умтулган эмес. Акыры, андан качып кеткен (1 Шем. 18:7—11; 19:10). Андан кийин Шабул 3000 тандамал жоокери менен чөлгө аны издеп жөнөйт (1 Шем. 24:2). Анан ал байкабай Дөөтү жоокерлери менен жашынып отурган үңкүргө кирип калат. Дөөтү ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, анын көзүн тазалагысы келип жүргөн ал падышаны өлтүрүп коё алмак. Анын үстүнө, Кудайдын эркине ылайык, Шабулдун ордуна ал падыша болушу керек болчу (1 Шем. 16:1, 13). Эгер ал жоокерлеринин кеңешин укса, падыша өмүрүнөн ажырамак. Бирок Дөөтү: «Мырзама, Жахабанын майланганына, кантип кол көтөрмөк элем? Жахаба анын бетин ары кылсын»,— деген. (Оку: 1 Шемуел 24:4—7.) Ошол учурда Шабул дагы деле Ысрайылдын падышасы болчу. Жахаба аны тактан түшүрө элек болгондуктан, Дөөтү андан такты тартып алууну каалаган эмес. Ал тек гана Шабулдун сырт кийиминин этегинен кесип алуу менен ага карата эч кандай жаман ою жок экенин далилдеген (1 Шем. 24:11).

9 Дөөтү Шабул падышаны акыркы жолу көргөндө да аны сыйлаарын көрсөткөн. Ал Абышай менен Шабулдун кошуунуна барганда, Шабул уктап жаткан болот. Ошондо Абышай Кудай аны Дөөтүнүн колуна салып берди деп ойлоп, найза менен жерге кадап салууну сунуш кылат. Бирок Дөөтү буга жол бербей коёт (1 Шем. 26:8—11). Ал дайым Кудайдын жетеги менен жүргөндүктөн, Абышайдын айткандарына карабай, Кудайдын эркине ылайык иш кылууга чечкиндүү болгон.

10. Кандай кыйынчылыкка туш болушубуз мүмкүн жана бекем турууга эмне жардам берет?

10 Бүгүнкү күндө да кимдир бирөө бизге Кудайдын эркин аткарууга колдоо көрсөткөндүн ордуна, өзүнүн жеке оюн таңуулап, туура эмес иш кылууга үндөшү мүмкүн. Абышайдай болуп, айрымдар атүгүл кайсы бир маселеге карата Кудайдын эркин эске албай иш кылууга түртүшү мүмкүн. Андайда бекем туруш үчүн биз ал маселеге карата Жахабанын көз карашын эсибизде бек сактап, ага ылайык иш кылууга чечкиндүү болушубуз керек.

11. Дөөтү пайгамбардан Кудайдын эркин эске бек тутуу жагынан эмнеге үйрөндүң?

11 Дөөтү пайгамбар Кудайдан: «Мага эркиңди аткарууну үйрөт»,— деп тиленген. (Оку: Забур 143:5, 8, 10.) Ал өз акылына таянбастан жана башкалардын тилине кирбестен, Жахабадан  үйрөнүүгө дилгир болгон. Ал Жахабанын бардык иштери жөнүндө ынтызарлык менен ой жүгүрткөн. Биз да Ыйык Китепти казып изилдеп, Кудайдын адамдарга кылган мамилеси жөнүндөгү билдирүүлөрдүн үстүнөн ой жүгүртүү менен анын эркин айкын түшүнө алабыз.

МЫЙЗАМДЫН НЕГИЗИНДЕ ЖАТКАН ПРИНЦИПТЕРДИ ТҮШҮНГӨН

12, 13. Дөөтү падыша үч кишиси алып келген сууну эмне үчүн жерге төгүп салган?

12 Дөөтү падышадан Мыйзамдын негизинде жаткан принциптерди түшүнүү жана аларга кармануу жагынан да үлгү алсак болот. Ал «Бетлехемдин дарбазасынын жанындагы суу сакталуучу чуңкурдагы суудан ичкиси» келгенде эмне болгонун карап көрөлү. Анын үч кишиси пелиштиликтер басып алган ал шаарга барып, суу алып келишет. Бирок ал сууну ичпей, «Жахабанын алдында жерге төгүп салат». Эмне үчүн? Мунун себебин түшүндүрүп, ал: «Өз өмүрүн тобокелге салган кишилердин канын кантип ичмек элем? Мен Кудайды урматтайм, эч качан антпейм! Булар бул сууну өз өмүрүн тобокелге салып алып келишти»,— деген (1 Жылн. 11:15—19).

Дөөтү падышанын кишилери алып келип берген сууну ичпей койгонунан эмнени биле алабыз?

13 Дөөтү падыша Мыйзамда канды жегенге тыюу салынганын, аны Жахабанын алдында жерге төгүү талап кылынганын билген. Ошондой эле анын себебин, башкача айтканда, «тирүү жандыктардын өмүрү канда» экенин түшүнгөн. Бирок ал төгүп салган нерсе кан эмес, суу болчу да. Анда эмне үчүн аны ичкен эмес? Дөөтү падыша мыйзамдын негизинде кандай принцип жатканын түшүнгөн. Ал үчүн үч кишиси алып келген суу алардын канындай эле баалуу болгон. Ошондуктан ал суудан ичүүгө даабай, аны жерге төгүп салууну оң көргөн (Леб. 17:11; Мыйз. 12:23, 24).

14. Дөөтү падышага бардык нерсеге Жахабаныкындай көз карашта болууга эмне жардам берген?

14 Дөөтү падыша Кудайдын мыйзамын кан-жанына сиңирип алгысы келген. Ал: «Оо, Кудайым, сенин эркиңди аткаруудан ырахат алам, мыйзамың менин жүрөгүмдө»,— деген ыр саптарын жазган (Заб. 40:8). Дөөтү падыша Кудайдын мыйзамын изилдеп, анын үстүнөн терең ой жүгүрткөн. Ал  Жахабанын буйруктарына баш ийүү акылдуулук болорун жакшы түшүнгөн. Андыктан ысрайыл элине берилген Мыйзамдагы талаптарды аткарууну эле эмес, алардын маңызын түшүнүп, ошого ылайык иш кылууну каалаган. Биз да Ыйык Китепти изилдеп жатканда окугандарыбыздын үстүнөн ой жүгүртүп, аларды жүрөгүбүзгө түйүп алганыбыз дурус. Бул бизге тигил же бул жагдайга кабылганда Жахабага жаккандай иш кылууга жардам берет.

15. Сулайман падыша кандайча Кудайдын Мыйзамын баркка алган эмес?

15 Жахаба Кудай Дөөтү падышанын уулу Сулайманды абдан жакшы көрчү. Бирок убакыттын өтүшү менен Сулайман падыша Кудайдын Мыйзамын баркка албай калган. Ал Жахабанын Ысрайылдын падышаларына берген «көп аял албоого» байланыштуу көрсөтмөсүнө кулак каккан эмес (Мыйз. 17:17). Тескерисинче, бөтөн элдерден көп аял алган. Улгайып калганда, «аялдары анын жүрөгүн башка кудайларга буруп кетишкен». Сулайман падыша кылган ишин эмне деп актабасын, Ыйык Китепте: «Ал Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылып, Жахабага атасы Дөөтүдөй болуп толугу менен баш ийген жок»,— деп айтылат (1 Пад. 11:1—6). Андыктан Кудайдын Сөзүндөгү мыйзам-принциптерге ылайык иш кылганыбыз кандай гана маанилүү. Бул үй-бүлө курууда да абдан зарыл.

16. «Мырзабыздын жолдоочусу» менен гана баш кошууга байланыштуу буйруктун маанисин түшүнүү турмуш кургусу келгендерге кандай таасир этет?

16 Эгер Жахабага кызмат кылбаган бирөө сени жактырып калып, көңүл бура баштаса, Дөөтү пайгамбардай иш кыласыңбы же Сулайман падышадайбы? Ыйык Китепте Кудайдын кызматчыларынын «Мырзабыздын жолдоочусу» менен гана турмуш курушу керектиги айтылган (1 Кор. 7:39). Эгер Кудайдын кызматчысы турмуш курууну чечсе, анда ишенимдеши менен гана баш кошушу керек. Ыйык Китептеги ал талаптын маңызын түшүнсөк, ишенимдешибиз болбогон адам менен турмуш курмак түгүл, анын бизге көңүл бура беришине да жол бербейбиз.

17. Порнографиянын торуна түшүп калбоого эмне жардам берет?

17 Дөөтү пайгамбардын Кудайдын жетекчилигин тырышчаактык менен издегени порнография көрүү азгырыгына каршы турууга кандайча жардам берерин да карап көрөлү. Төмөндөгү аяттарды окуп, аларда камтылган принциптер жөнүндө ой жүгүртүп, Жахабанын буга байланыштуу эркин түшүнгөнгө аракет кылып көр. (Оку: Забур 119:37; Матай 5:28, 29; Колосалыктар 3:5.) Кудайдын бийик нормалары тууралуу ой жүгүртүү порнографиянын торуна түшпөөгө жардам берет.

ДАЙЫМА КУДАЙДЫН КӨЗ КАРАШЫН ЭСКЕ АЛ

18, 19. а) Дөөтү пайгамбар жеткилең эмес болсо да, ага Кудайдын ырайымынан айрылбоого эмне жардам берген? б) Сен эмне кылууга чечкиндүүсүң?

18 Дөөтү пайгамбар бизге көп жагынан үлгү калтырса да, олуттуу күнөө кетирген учурлары болгон (2 Шем. 11:2—4, 14, 15, 22—27; 1 Жылн. 21:1, 7). Бирок ал күнөөсү үчүн дайыма өкүнгөн. Ал Кудайдын алдында «таза жүрөк менен жүргөн» (1 Пад. 9:4). Эмне үчүн минтип айтууга болот? Анткени Дөөтү пайгамбар Жахабанын эркине ылайык жашоого аракет кылган.

19 Жеткилең эмес болсок да, биз Кудайдын ырайымына ээ боло алабыз. Ан үчүн, келгиле, Кудайдын Сөзүн тырышчаактык менен изилдейли, окугандарыбыз тууралуу терең ой жүгүртүп, жүрөгүбүзгө түйүп алалы жана аларга ылайык иш кылалы. Ошондо: «Мага эркиңди аткарууну үйрөт»,— деп тиленген Дөөтү пайгамбардан үлгү алган болобуз.