Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса Машаяк момундугу менен үлгү калтырган

Иса Машаяк момундугу менен үлгү калтырган

«Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылышыңар үчүн, силерге үлгү калтырдым» (ЖКН. 13:15).

1, 2. Иса Машаяк жердеги жашоосунун акыркы түнү элчилерин эмнеге үйрөткөн?

ИСА МАШАЯКТЫН жердеги жашоосунун акыркы түнү. Ал Иерусалимдеги бир үйдүн үстүнкү бөлмөсүндө элчилери менен тамактанып отурат. Бир маалда ордунан туруп, сырт кийимин чечип, белине сүлгү байланат да, чылапчынга суу куюп алып, шакирттеринин бутун жууп, белиндеги сүлгү менен аарчыйт. Андан соң сырт кийимин кайра киет. Ал эмне үчүн ошондой кылган? (Жкн. 13:3—5).

2 Анын себебин ал өзү мындай деп түшүндүргөн: «Силерге эмне кылганымды түшүндүңөрбү?.. Эгер мен Мырза, Устат болуп туруп бутуңарды жуусам, анда силер да бири-бириңердин бутуңарды жуушуңар керек. Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылышыңар үчүн, силерге үлгү калтырдым» (Жкн. 13:12—15). Ушундай төмөн деп эсептелген ишти кылуу менен ал элчилеринин жүрөгүнө терең таасир этип, аларды момун болууга үйрөткөн.

3. а) Иса Машаяк момундуктун маанилүүлүгүн эки жолу кантип баса белгилеген? б) Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

3 Иса Машаяк элчилеринин бутун жууганга чейин да бир нече жолу момундуктун маанилүүлүгүн баса белгилеген. Бир жолу элчилеринин айрымдары кимиси чоң экени тууралуу өз ара талаша башташканда, ал бир кичинекей баланы жанына тургузуп, аларга мындай деген: «Ким ушул кичинекей баланы менин ысмым үчүн кабыл алса, ал мени кабыл алган болот. Ал эми ким мени кабыл алса, ал мени жибергенди да кабыл алган болот. Ким араңарда өзүн кичүүдөй алып жүрсө, ошол баарынан чоң» (Лк. 9:46—48). Дагы бир жолу ал фарисейлердин атак-даңкка умтулганын билгендиктен: «Ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат; ким өзүн төмөн койсо, ал көтөрүлөт»,— деген (Лк. 14:11). Ырас, Машаяк жолдоочуларынын  момун болушун, башкача айтканда, өзү жөнүндө жогору ойдо болбой, текебердиктен, менменсинүүчүлүктөн алыс болушун каалаган. Анда эмесе келгиле, андан үлгү алуу үчүн анын кантип момундук көрсөткөнүн кылдат карап чыгалы. Ошондой эле анын момун болгону кандайча өзүнө да, башкаларга да пайда алып келгенин карап көрөлү.

«ТЕСКЕРИ БУРУЛУП КЕТКЕН ЖОКМУН»

4. Кудайдын жалгыз Уулу жерге келгенге чейин эле момун болгон деп эмне үчүн айта алабыз?

4 Кудайдын жалгыз Уулу жерге келгенге чейин эле момун болгон. Ал асманда сан жеткис жылдар бою Атасы менен чогуу болгон. Ыйык Жазманын Ышая китебинде анын Атасы менен ынак мамиледе болгону жөнүндө мындай делет: «Эгедер Теңир Жахаба мага чарчаганды кандай сөздөр менен кубаттандырууга болорун үйрөттү. Ал мени күнүгө эртең менен ойготот, угушум үчүн, насаат айтат. Эгедер Теңир Жахаба кулагымды ачты, мен каршылык көрсөткөн жокмун, тескери бурулуп кеткен жокмун» (Ыш. 50:4, 5). Кудайдын Уулу момун болуп, Атасынын айткандарын бүт дитин коюп уккан жана андан билим алууга дилгир болгон. Ал Жахабанын күнөөлүү адамзатка момундук менен мамиле кылганын өз көзү менен көргөн!

5. Башкы периште Микеил Ибилиске мамиле кылууда кантип момундук көрсөткөн?

5 Асманда баары эле Кудайдын жалгыз Уулундай момун болгон эмес. Шайтан Ибилис болуп калган бир периште Жахабадан үйрөнгөндүн ордуна, момундуктун карама-каршысы болуп эсептелген бой көтөрүүчүлүк, текебердик сыяктуу сапаттарды көрсөтүп, ага каршы чыккан. Ал эми Иса Машаяк ээлеген абалына нааразы болгон эмес, бийлигин да кыянат колдонгон эмес. Ал — башкы периште Микеил — Муса пайгамбардын сөөгүнө байланыштуу Ибилистин оюна кошулбаганда да бийлигин кыянат колдонгон эмес. Кудайдын Уулу момун болгон. Ал Жахабанын, ааламдагы эң жогорку Соттун, көтөрүлгөн маселени өзү туура көргөн жол менен, өзү каалаган убакта чечишин каалаган. (Оку: Жүйүт 9.)

6. Жерде Машаяк катары кызмат кылууга даяр болуу менен Иса кандайча момундук көрсөткөн?

6 Кудайдын Уулу жерге келгенге чейин эле келечекте Машаяк катары кандай пайгамбарлыктарды аткарарын да билгени шексиз. Ошондуктан ал аны алдыда жагымсыз нерселер күтүп турганын билсе керек. Ошентсе да Машаяк катары жерде жашап, өлүүгө даяр болгон. Эмне үчүн? Кудайдын жалгыз Уулунун момундугун баса белгилеп, элчи Пабыл: «Анын бейнеси Кудайдыкындай болсо да, Кудайдын абалын ээлеп алуу, атап айтканда, аны менен тең болуу оюна да келген эмес. Тескерисинче, ал бардык нерсесин калтырып келген жана адамдарга окшош болуп, кулдун кейпин кийген»,— деген (Флп. 2:6, 7).

«АДАМ БОЛУП КЕЛИП, ӨЗҮН БАСЫНТКАН»

Машаяктын момун болгону бизге кандай пайда алып келет?

7, 8. Иса пайгамбар кичинекей кезинде жана кызмат кылып жүргөндө кантип момундук көрсөткөн?

7 «[Иса] адам болуп келип, өзүн басынткан жана өлгөнгө чейин, жаза устунунда өлгөнгө чейин тил алчаак болгон»,— деп жазган Пабыл (Флп. 2:8). Ооба, ал кичинекей кезинен тартып эле момун болуу жагынан үлгү көрсөткөн. Ата-энеси Жусуп менен Мариям жеткилеңсиз болсо да, аларга «баш ийип, дайыма тил алчаак болгон» (Лк. 2:51). Бул жаштар үчүн кандай сонун үлгү! Эгер алар, ага окшоп, ата-энесине баш ийишсе, Кудайдан бата алышат.

8 Ал эми чоңойгондо Иса пайгамбар  өзүнүн эмес, Жахабанын эркин биринчи орунга коюп, момундук көрсөткөн (Жкн. 4:34). Кызмат кылып жүргөндө ал анын ысмын колдонгон жана жүрөгү таза адамдарга анын сапаттарын, адамзатка карата ой-ниетин билүүгө жардам берген. Ошондой эле өзү да Жахаба жөнүндө окуткандарына ылайык жашаган. Мисалы, үлгү иретинде айткан тиленүүсүнүн башында: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын»,— деген (Мт. 6:9). Ошентип, жолдоочуларын биринчи кезекте Кудайдын ысмынын ыйыкталышына кызыкдар болууга үйрөткөн. Өзү да ошого кызыкдар болгон. Өмүрүнүн аягында ал Жахабага кайрылып: «Атыңды аларга [элчилерге] ачып бердим, дагы да ачып берем»,— деп айта алган (Жкн. 17:26). Андан тышкары, кызмат кылып жүргөндө дайыма кылган иштери үчүн даңкты Жахабага ыйгарган (Жкн. 5:19).

9. Закарыя пайгамбар Машаяк жөнүндө алдын ала эмне деген жана Иса аны кантип аткарган?

9 Машаяк жөнүндө Закарыя пайгамбар алдын ала: «Кубанып-шаттан, Сион кызы! Салтанат кур, кыйкыр, Иерусалим кызы! Мына, сага падышаң келатат. Ал адил, ал куткарылды. Ал момун; эшек минип, кодик минип келатат»,— деп жазган (Зак. 9:9). Бул пайгамбарлык Иса Машаяк б.з. 33-жылы пасах майрамынын алдында Иерусалимге киргенде аткарылган. Ошондо эл сырт кийимин жана бутактарды жолго төшөгөн. Ал кирип келгенде, бүт шаар толкуп, эл аны Падыша катары тосуп алып, даңазалаган. Бирок ал ошондо да момундугунан жазган эмес (Мт. 21:4—11).

10. Машаяктын өлгөнгө чейин тил алчаак болгонунун аркасында эмнелер далилденген?

10 Иса Машаяк жаза устунунда өлгөнгө чейин тил алчаак жана момун болгон. Ошентип, ал адам баласынын атүгүл оор сыноого карабай Жахабага берилген бойдон кала аларын далилдеген. Ошондой эле Шайтандын адамдар Жахабага өз кызыкчылыгын көздөгөндүктөн гана кызмат кылат деген сөздөрүнүн карандай калп экенин тастыктаган (Аюп 1:9—11; 2:4). Машаяктын кынтыксыз бойдон  калганы Жахабанын ааламды башкарууга толук укуктуу жана адилеттүү Эгедер экенин да далилдеген. Момун Уулунун ага бүт жүрөгү менен берилгенин көргөндө Жахабанын абдан кубанганы шексиз. (Оку: Накыл сөздөр 27:11.)

11. Иса Машаяктын куткаруу курмандыгы Кудайга ишенгендерге эмнеге жол ачкан?

11 Ошондой эле Иса пайгамбар жаза устунунда өлүү менен адамзат үчүн кун төлөгөн (Мт. 20:28). Мунун аркасында Жахаба өзүнүн адил талаптарына ылайык күнөөлөрүбүздү кечирип, түбөлүк өмүр сүрүшүбүзгө жол ачкан. «Акталууга жол ачкан бир иштин натыйжасында бардык адамдар өмүргө ээ болуу үчүн адил деп жарыяланышат»,— деп жазган Пабыл (Рим. 5:18). Ооба, Иса пайгамбардын өлүмү анын майланган жолдоочуларына асманда өлбөстүккө ээ болууга, ал эми «башка койлорго» жерде түбөлүк жашоого жол ачкан (Жкн. 10:16; Рим. 8:16, 17).

«ЖҮРӨГҮМ МОМУН»

12. Иса Машаяктын жумшак, момун экени жеткилең эмес адамдарга жасаган мамилесинен кандайча көрүнгөн?

12 Иса Машаяк: «Мээнеттенгендер жана түйшүк тарткандар, баарыңар мага келгиле»,— деп чакырган. Анан: «Менин моюнтуругумду алып, менден үйрөнгүлө, анткени мүнөзүм жумшак, жүрөгүм момун. Ошондо жаныңар сергийт»,— деген (Мт. 11:28, 29). Момун, жумшак болгондуктан ал жеткилең эмес адамдарга боор ооруй билген жана баарына бирдей мамиле кылган. Ал шакирттеринен өтө көптү талап кылган эмес. Кайра аларды мактап, дем-шык берген. Алар анын жанында өздөрүн татыксыз, колунан эч нерсе келбегендей сезчү эмес. Ал катаал, ырайымсыз болгон эмес. Тескерисинче, моюнтуругу ыңгайлуу, жүгү жеңил экенин айтып, жолдоочуларын ага жакындоо менен жана анын окууларына ылайык жашоо менен өздөрүн сергите турганына ынандырган. Анын жанында аялдар да, эркектер да, жаштар да, карылар да өздөрүн эркин сезишкен (Мт. 11:30).

Машаяк боорукердиги менен бизге үлгү калтырган

13. Башкалардын аянычтуу абалын көргөндө Иса Машаяктын боору ачыган деп эмне үчүн айтууга болот?

13 Иса Машаяк карапайым ысрайылдыктардын аянычтуу абалын көрүп боору ачыган жана аларга кам көргөн. Алсак, Жерихонун жанынан ал Бартимей деген сокур кайырчы менен анын аты аталбаган шеригин жолуктурат. Алар Иса пайгамбардан жардам сурап кайра-кайра жалбарышат. Бирок эл аларды тыят. Иса Машаяк ал сокур кишилердин жалынычын кулагынан кыя өткөрүп коё алмак. Бирок ал аларды ага алып келүүнү суранат, анан боору ооруп, экөөнү тең сакайтат. Ооба, Иса Атасын туурап, күнөөкөр кишилерге момундук жана ырайымдуулук менен мамиле кылган (Мт. 20:29—34; Мр. 10:46—52).

 «КИМ ӨЗҮН ТӨМӨН КОЙСО, АЛ КӨТӨРҮЛӨТ»

14. Иса Машаяктын момун болгону кандай пайда алып келүүдө?

14 Иса Машаяктын момун болгону башкаларга кубаныч тартуулаган жана көп пайда алып келген. Алсак, Жахаба сүйүктүү Уулунун анын эркин момундук менен аткарганын көрүп кубанган. Машаяктын жумшактыгы, момундугу анын элчилери менен шакирттерин сергиткен. Анын үлгүсү, окутуулары, жылуу сөздөрү аларга рухий жактан ийгилик кылууга түрткү берген. Иса пайгамбардын момун болгону карапайым адамдарга да пайда алып келген, себеби ал аларга жардам берген, окуткан жана кайраттандырган. Андан тышкары, келечекте куткарыла турган адамдардын баары анын куткаруу курмандыгынан түбөлүк пайда алышат.

15. Иса Машаяктын момун болгонунун натыйжасы кандай болгон?

15 Иса Машаяктын өзү жөнүндө эмне айтууга болот? Момун болгону өзүнө пайда алып келгенби? Ооба, себеби ал шакирттерине: «Ким өзүн төмөн койсо, ал көтөрүлөт»,— деген (Мт. 23:12). Бул сөздөрдүн калетсиздигин анын жашоосу далилдеп турат. Пабыл муну мындайча түшүндүргөн: «Кудай аны ого бетер жогорулатып, ага бардык ысымдардан жогору турган ысым берди. Исанын ысмынын алдында асмандагылардын, жердегилердин жана жер астындагылардын баары тизе бүгүшү үчүн, ар бир тил Иса Машаяктын Мырзабыз экенин ачык таанып, Кудай Атабыз даңкталышы үчүн ошентти». Иса Машаяк жерде жүргөндө момун, ишенимдүү болгондуктан, Жахаба Кудай аны жогору көтөрүп, ага асмандагы жана жердеги жаратууларынын үстүнөн бийлик берген (Флп. 2:9—11).

МАШАЯК «ЧЫНДЫК, МОМУНДУК, АДИЛДИК ҮЧҮН АТТАНЫП ЧЫГАТ»

16. Кудайдын Уулунун мындан ары да момундук менен иш кыла берерин эмне көрсөтүп турат?

16 Кудайдын Уулу мындан ары да момундук менен иш кыла берет. Анын асмандагы Падыша катары душмандарына каршы кандай иш-аракет кылары жөнүндө забурчу алдын ала: «Даңкың менен жеңишке жет, чындык, момундук, адилдик үчүн аттанып чык»,— деген (Заб. 45:4). Ырас, Иса Машаяк Армагедондо чындык, адилдик, ошондой эле момундук үчүн аттанып чыгат. Миң жылдык башкаруусунун аягында Кудайдын Падышалыгынын Падышасы «бардык өкмөттөрдү, бийликтерди жана күчтөрдү жок кылгандан» кийин эмне болот? Ал момундук көрсөтөбү? Ооба, анткени ал «Падышалыкты өзүнүн Кудайына жана Атасына өткөрүп берет». (Оку: 1 Корунттуктар 15:24—28.)

17, 18. а) Жахабанын кызматчыларынын Машаяктан үлгү алып, момун болгону эмне үчүн маанилүү? б) Эмки макалада эмне каралат?

17 Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Жол башчыбыз Иса Машаяктан үлгү алып, момундук көрсөтөбүзбү? Ал Падыша катары Армагедондо Кудайдын өкүмүн ишке ашыруу үчүн келгенде, аман калабызбы? Анын эмне үчүн аттанып чыкканынан момун жана адил адамдарды гана куткарып каларын көрүүгө болот. Андыктан момундук өрчүткөнүбүз куткарылышыбыз үчүн абдан маанилүү. Андан тышкары, Иса Машаяктын дайыма момун болгону өзүнө да, башкаларга да пайда алып келгендей эле, биздин да момун болгонубуздун көп пайдасы бар.

18 Машаяктан үлгү алып, момун болууга бизге эмне жардам берет? Канткенде кыйынчылыктарга карабай момун боло алабыз? Бул суроолор эмки макалада каралат.