Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өзүбүздү кичүүдөй алып жүрөлү

Өзүбүздү кичүүдөй алып жүрөлү

«Ким араңарда өзүн кичүүдөй алып жүрсө, ошол баарынан чоң» (ЛК. 9:48).

1, 2. Иса Машаяк элчилерин эмнеге чакырган жана эмне үчүн?

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 32-жылы Иса Машаяк Галилеяда жүргөндө, элчилери кимиси чоң экени жөнүндө талаша кетишет. Инжилди жазууга катышкан Лука ал тууралуу мындай деген: «Шакирттери кимиси чоң экени тууралуу өз ара талаша башташты. Иса алардын жүрөгүндөгү ойлорун билип, бир кичинекей баланы жанына тургузду да: „Ким ушул кичинекей баланы менин ысмым үчүн кабыл алса, ал мени кабыл алган болот. Ал эми ким мени кабыл алса, ал мени жибергенди да кабыл алган болот. Ким араңарда өзүн кичүүдөй алып жүрсө, ошол баарынан чоң“,— деди» (Лк. 9:46—48). Иса Машаяк сабырдуулук менен, ошол эле учурда чечкиндүү түрдө аларга момун болуу канчалык маанилүү экенин түшүнүүгө жардам берген.

2 Анын өзүбүздү кичүүдөй алып жүрүүгө байланыштуу берген кеңеши 1-кылымдагы жүйүттөрдүн ой-түшүнүгүнө ылайык келгенби? Же тескерисинче, карама-каршы келгенби? Ошол убактагы элдин көз карашы жөнүндө «Жаңы Келишимдин теологиялык сөздүгүндө»: «Ар бир иште ким чоң экенине байланыштуу суроо көтөрүлчү. Ошондой эле ар бир киши өзүнө тийиштүү түрдө урмат көрсөтүлүшүнө өтө чоң маани бергендиктен дайыма ошого тынчсызданчу»,— делет. Демек, Машаяк элчилерин көпчүлүктөн айырмаланып турууга чакырган.

3. а) Өзүбүздү кичүүдөй алып жүрүү деген эмнени билдирет жана эмне үчүн бул кээде кыйын болушу мүмкүн? б) Өзүбүздү кичүүдөй алып жүрүүгө байланыштуу кандай суроолор туулат?

3 «Кичүү» деп которулган грек тилиндеги сөз жөнөкөй, момун, карапайым, анча бааланбаган, кадыр-баркы төмөн, таасирдүү эмес кишини билдирет. Иса Машаяк кичинекей баланы мисал катары колдонуп, элчилерине момун, жөнөкөй болуу керектигин түшүндүргөн. 1-кылымдагыдай  эле, азыр да анын чыныгы жолдоочулары анын кеңешин колдонушу зарыл. Бирок айрым учурларда өзүбүздү кичүүдөй алып жүрүү кыйын болушу мүмкүн. Табиятыбыздан бой көтөрүүгө жакын болгондуктан көрүнүктүү абалга умтулушубуз ыктымал. Айланабыздагылардын башкалардан ашып түшүүгө умтулганы жана бул дүйнөнүн руху бизди өзүмчүл, кызуу кандуу болууга же башкаларга үстөмдүк кылууга түртүшү мүмкүн. Анда өзүбүздү кичүүдөй алып жүрүүгө эмне жардам берет? Өзүн кичүүдөй алып жүргөн киши кандай мааниде чоң болот? Жашообуздун кайсы тармактарында момун болушубуз керек?

«ОО, КУДАЙДЫН БАЙЛЫГЫ КАНДАЙ ТҮГӨНГҮС, АКЫЛМАНДЫГЫ, БИЛИМИ КАНДАЙ ТЕРЕҢ!»

4, 5. Момун болууга бизге эмне түрткү берет? Мисал менен бышыкта.

4 Өзүбүздү кичүүдөй алып жүрүүгө жардам берген нерселердин бири — Жахабанын бизден канчалык улуу экени жөнүндө ой жүгүртүү. Чынында эле, «анын акылмандыгы изилденгис» (Ыш. 40:28). Элчи Пабыл Жахабанын улуулугунун айрым жактарына көңүл буруп: «Оо, Кудайдын байлыгы кандай түгөнгүс, акылмандыгы, билими кандай терең! Сот өкүмдөрү акыл жеткис, жолдору изилденгис!» — деген (Рим. 11:33). Анын бул сөздөрдү жазганына 2000 жылдай болуп калды. Андан бери адамдар көп нерсени ачып, илим-билим өркүндөп-өссө да, анын сөздөрү дагы деле күчүн жоготкон жок. Канчалык көптү билбейли, Жахаба, анын иштери жана жолдору жөнүндөгү билимдин чеги жок экенин түшүнүү момун болууга түрткү бериши керек.

5 Мисалы, Кудайдын жолдорун эч качан изилдеп бүтө албай турганын түшүнгөнү Леого * момун болууга жардам берген. Ал жаш кезинде илимге кызыкчу. Аалам жөнүндө мүмкүн болушунча көптү билгиси келгендиктен ал астрофизиканы изилдеген жана ошонун аркасында маанилүү бир нерсени түшүнгөн. «Изилдеп билгендерим мага ааламды толугу менен түшүнүүгө азыркы илимий теориялар жетишсиз экенин аңдоого жардам берди. Ошондуктан мыйзамды изилдөөгө өттүм»,— дейт ал. Убакыттын өтүшү менен Лео облустук прокурор, анан сот болгон. Кийин жубайы экөө Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, чындыкты кабыл алышкан жана өздөрүн Кудайга арнап, ага кызмат кыла башташкан. Илим-билимдүү болгонуна карабай, өзүн кичүүдөй алып жүрүүгө ага эмне жардам берет? Лео ишенимдүү түрдө: «Жахаба жана аалам жөнүндө канчалык көп билбейли, баары бир деле билгенибизден билбегенибиз көп экенин моюнга алуу момун болууга жардам берет»,— деп айткан.

Жахаба бизге жакшы кабар таратуу ишин ыраа көргөн

6, 7. а) Жахаба момундугу менен кандай зор үлгү калтырган? б) Адам кандайча Жахабанын момундугунун аркасында «чоң» болот?

 6 Жахабанын момун экенин билүү да бизге момун болууга жардам берет. «Биз Кудайдын кызматташтарыбыз»,— деген сөздөрдүн үстүнөн ой жүгүртүп көрсөң (1 Кор. 3:9). Элестетсең, Жахаба — эбегейсиз улуу Кудай — бизге өзүнүн Сөзүн, Ыйык Китепти, колдонуп кабар айтууну ыраа көргөн. Жахаба биз сепкен жана сугарган үрөндү өзү өстүрсө да, бизге аны менен кызматташуу сыймыгын ыйгарган (1 Кор. 3:6, 7). Бул Жахабанын канчалык момун экенин көрсөтүп турган жокпу? Арийне, анын момундугу ар бирибизге өзүбүздү кичүүдөй алып жүрүүгө зор түрткү бериши керек.

7 Кудайдын момундугу забурчу Дөөтүнүн жүрөгүн козгогон. Ал Жахабаны даңктап: «Сен мага куткаруучу калканыңды бересиң, сенин момундугуң зоболомду көтөрөт»,— деп ырдаган (2 Шем. 22:36). Дөөтү падыша Ысрайылда кандай атак-даңкка ээ болбосун, баарына Жахабанын момундугунун — ага көңүл буруш үчүн эңкейгенинин, башкача айтканда, өзүн төмөн койгонунун — аркасында ээ болгонун түшүнгөн (Заб. 113:5—7). Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Кандай сапаттарга, шык-жөндөмдүүлүктөргө жана сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болбойлу, анын «баарын Кудайдан алган жокпузбу? (1 Кор. 4:7). Өзүбүздү кичүүдөй алып жүрсөк, «чоң» болобуз, башкача айтканда, Жахабанын кызматчысы катары анын көз алдында мурункудан да баалуу болобуз (Лк. 9:48). Анда эмесе, ушул тууралуу ой жүгүртүп көрөлү.

«ӨЗҮН КИЧҮҮДӨЙ АЛЫП ЖҮРГӨН» «БААРЫНАН ЧОҢ»

8. Момундук Жахабанын уюмуна болгон көз карашыбызга кандай таасир этет?

8 Кудайдын уюмуна ыраазы болуу үчүн жана жыйналыштагы тартипти колдоо үчүн момун болуу зарыл. Мисалга Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөсүндө чоңойгон Петра деген кызды алалы. Ал өзү каалагандай жашагысы келгендиктен жыйналыштан алыстап кеткен. Бирок кийинчерээк кайрадан жыйналышка келе баштаган. Азыр ал Жахабанын уюмунун мүчөсү экенине абдан сүйүнөт жана жыйналыштагы тартипти чын көңүлдөн колдойт. Анын көз карашы эмнеден улам өзгөргөн? Ал: «Кудайдын уюмунда өз үйүмдө жүргөндөй сезишим үчүн эки сапаттын: момундук менен жөнөкөйлүктүн абдан маанилүү экенин түшүнүшүм жана аларды өрчүтүшүм керек болду»,— деп жазган.

9. Момун киши рухий тамакка кандай карайт жана бул аны кандайча баалуу кылат?

9 Момун киши Жахабанын чаралары, анын ичинде рухий тамак үчүн чын жүрөктөн ыраазы болот. Ошондуктан ал Ыйык Китепти бүт ынтасын коюп изилдейт, ошондой эле «Күзөт мунарасы», «Ойгонгула!» журналдарын ынтызарлык менен окуйт. Жахабанын башка ишенимдүү кызматчыларындай эле, ал ар бир жаңы адабиятты өздүк китепканасынын текчесине коёрдон мурун окуп чыгат. Ыйык Китепке негизделген адабияттарыбызды момундук менен окуп-изилдеп, алар үчүн ыраазы экенибизди көрсөтсөк, рухий жактан ийгилик кылабыз жана мунун аркасында Жахаба бизди кызматта көбүрөөк колдонот (Евр. 5:13, 14).

10. Жыйналышта кантип өзүбүздү кичүүдөй алып жүрөбүз?

10 Өзүн кичүүдөй алып жүргөн киши дагы бир мааниде «чоң» болот. Ар бир жыйналышта ыйык рухтун жетеги менен дайындалган аксакалдар бар. Алар жыйналыш жолугушууларын, кабар айтуу кызматын жана кайтаруучулук жолугууларды уюштурууга чара көрүшөт. Эгер ал иш-чараларды чын дилден колдоп, өзүбүздү кичүүдөй алып жүрсөк,  жыйналышта кубаныч, тынчтык, биримдик болушуна салым кошобуз. (Оку: Еврейлер 13:7, 17.) Эгер аксакал же кызмат жардамчысы болуп кызмат кылсаң, момун болуп, Жахабага сага ушундай сыймыктуу кызматты ишенип тапшырганы үчүн ыраазычылык билдиресиңби?

11, 12. Канткенде Жахабанын уюмунда абдан баалуу болобуз жана эмне үчүн?

11 Өзүн кичүүдөй алып жүргөн киши момун болгондуктан Кудайдын жемиштүү, жакшы кызматчысы болот. Ошондуктан ал «чоң» болот, башкача айтканда, Жахабанын уюмунда абдан баалуу болот. Иса пайгамбар шакирттерин өздөрүн кичүүдөй алып жүрүүгө чакырган, анткени алардын айрымдарына ошол учурда кеңири жайылган көз караш таасир эткен. Лука 9:46да: «Шакирттери кимиси чоң экени тууралуу өз ара талаша башташты»,— деп айтылат. Биз да өзүбүздү кайсы бир жагынан ишенимдештерибизге караганда кыйыныраакпыз же дегеле башка адамдардан жогору турабыз деп ойлоп алышыбыз мүмкүнбү? Бул дүйнөдөгүлөрдүн көбү текебер, өзүмчүл келишет. Бирок биз момун болуп, текебердиктен качышыбыз керек. Ошентсек жана Жахабанын эркин биринчи орунга койсок, бир туугандарыбызды көбүрөөк сергитебиз.

12 Ырас, Иса Машаяктын өзүбүздү кичүүдөй алып жүрүүгө байланыштуу берген кеңеши ойлондурбай койбойт. Андыктан жашообуздун бардык тармагында өзүбүздү кичүүдөй алып жүрүүгө аракет кылышыбыз керек эмеспи? Анда эмесе, жашообуздун үч тармагына токтололу.

ӨЗҮҢДҮ КИЧҮҮДӨЙ АЛЫП ЖҮРҮҮГӨ УМТУЛ

13, 14. Күйөөсү же аялы кантип өзүн кичүүдөй алып жүрө алат жана бул алардын никесине кандай таасир этет?

13 Үй-бүлөдө. Бүгүнкү күндө көптөр өздөрүнүн укугун биринчи орунга коюшат, атүгүл башкалардын укугун тебелегенге чейин барышат. Бирок өзүн кичүүдөй алып жүргөн киши Пабылдын римдиктерге жазган катындагы кеңешке ылайык иш кылат. Ал: «Тынчтыкка, бири-бирибизди бекемдөөгө умтулалы»,— деген (Рим. 14:19). Өзүн кичүүдөй алып жүргөн киши баары менен, айрыкча, сүйүктүү жары менен тынчтыкта болууга умтулат.

14 Мисалга көңүл ачууну алалы. Бул жагынан жубайлардын жактырган нерселери ар башка болушу мүмкүн. Алсак, күйөөсү бош убактысында үйүндө болуп, китеп окуганды жакшы көрсө, зайыбы конокко, досторунукуна барганды жакшы көрүшү ыктымал. Күйөөсү момундук көрсөтүп, өз кызыкчылыгын эле ойлобостон, аялынын эмнени жактырып, эмнени жактырбасын эске алса, аялына аны урматтоо оңоюраак болбойбу? Ошондой эле аялы өзүнүкүн көздөбөй, күйөөсүнүн каалоолорун да эске алса, күйөөсү аны ого бетер жакшы көрүп, ага ого бетер ыраазы болбойбу? Ооба, эгер жубайлардын экөө тең өзүн кичүүдөй алып жүрсө, алардын нике түйүнү бекемделет. (Оку: Филипиликтер 2:1—4.)

15, 16. Дөөтү пайгамбар 131-забурда эмнеге үндөгөн жана бул кызматыбызга кандай таасир этиши керек?

15 Жыйналышта. Бул дүйнөдө көптөр каалоолорун дароо канааттандырууга умтулушат. Чыдамы жок болгондуктан, алар үчүн бир нерсени күтүү өзүнчө эле сыноо. Өзүбүздү кичүүдөй алып жүрүүгө үйрөнсөк, бул бизге Жахабаны күтүүгө жардам берет. (Оку: Забур 131:1—3.) Эгер момун болуп, Жахабаны күтө билсек, андан бата алабыз, жан дүйнөбүз тынч болот, санаа тартпайбыз, жашоодон канааттануу алабыз. Андыктан Дөөтү пайгамбардын ысрайылдыктарды өздөрүнүн Кудайын чыдамдуулук менен күтүүгө үндөгөнү таң калыштуу эмес.

 16 Момун болуп, Жахабаны күтсөң, сенин да жан дүйнөң тынч болот (Заб. 42:5). Балким, «жакшы ишти каалап», «көзөмөлчү болуп кызмат кылууга умтулуп жаткандырсың» (1 Тим. 3:1—7). Эгер ошондой болсо, ыйык рух сенде көзөмөлчүгө керектүү сапаттарды өрчүтүшү үчүн, колуңан келгендин баарын кылышың керек. Бирок ал кызматка башкалар сенчелик күтпөй, бат эле дайындалып жаткандай сезилсечи? Өзүн кичүүдөй алып жүргөн киши Кудайдын аны кайсы бир кызматка дайындашын чыдамдуулук менен күтөт жана кандай иш тапшырылбасын, ыраазы болуп, кубанычтуу кызмат кыла берет.

17, 18. а) Кечирим суроонун жана кечире билүүнүн кандай пайдасы бар? б) Накыл сөздөр 6:1—5-аяттарда эмне кылууга чакырылабыз?

17 Башкалар менен мамилелешүүдө. Көптөр үчүн кечирим суроо кыйынга турат. Бирок Кудайдын кызматчылары катасын моюнга алып, кечирим суроо менен өздөрүн кичүүдөй алып жүрүүгө умтулушат. Ошондой эле алар башкалардын кемчилик-каталарын айкөлдүк менен кечиришет. Текебердик бөлүнүп-жарылууга, чыр-чатакка алып келсе, кечиримдүүлүк жыйналыштын тынчтыгына өбөлгө түзөт.

18 Жагдай-шартыбыздан улам айткан сөзүбүздү аткара албай калганда момундук көрсөтүп, чын жүрөктөн кечирим сурайбыз. Экинчи тараптын да күнөөлүү экенине далилдер бар болсо да, Кудайдын момун кызматчысы анын эмес, өзүнүн каталарына көңүл буруп, аларды даярдуулук менен мойнуна алат. (Оку: Накыл сөздөр 6:1—5.)

Канткенде өзүңдү кичүүдөй алып жүргөн болосуң?

19 Ыйык Китептеги өзүбүздү кичүүдөй алып жүрүүгө байланыштуу кеңеш үчүн эмне себептен ыраазы болушубуз керек?

19 Ыйык Китепке өзүбүздү кичүүдөй алып жүрүүгө байланыштуу кеңеш жаздырганы үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз! Кээде ал кеңешти колдонуу кыйын болсо да, Жаратканыбыздын алдында канчалык төмөн турарыбызды жана анын канчалык момун экенин түшүнгөнүбүз өзүбүздү кичүүдөй алып жүрүүгө түрткү берет. Ал сапатты чагылдырсак, Жахабанын абдан баалуу кызматчысы болобуз. Андыктан ар бирибиз дайыма өзүбүздү кичүүдөй алып жүрөлү!

^ абз. 5 Ысымдар өзгөртүлдү.