Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Иса пайгамбардын Матай 19:10—12-аяттардагы сөздөрү бойдок калууну чечкендердин ал белекти керемет жолу менен аларын билдиреби?

Анын бойдоктук жөнүндө кандай жагдайда айтканын карап көрөлү. Фарисейлер ага ажырашуу жөнүндө суроо беришкенде, Иса пайгамбар Жахабанын никеге байланыштуу талаптарын айткан. Эгер адам аялынын «кандайдыр бир жосунсуз жоругун көрсө», Мыйзам боюнча, талак кат жазып, аны кетирип жиберүүгө укугу бар болчу. Бирок Иса пайгамбар эң башында андай болбогонун баса белгилеген (Мыйз. 24:1, 2). Анан: «Аялы менен бузуктуктан башка себеп менен ажырашып, башкага үйлөнгөн киши ойноштук кылган болот»,— деген (Мт. 19:3—9).

Муну укканда шакирттери ага: «Эгер никеге байланыштуу талап ушундай болсо, анда үйлөнбөй эле койгон жакшы эмеспи»,— дешкен. Ал аларга мындай деп жооп берген: «Баары эле ушуга ылайык жашай албайт, Кудайдан белек алгандар гана жашай алат. Айрымдар төрөлгөнүнөн эле үйлөнүүгө жараксыз болот, башкаларын адамдар жараксыз кылып коёт. Ал эми кээ бирөөлөр үйлөнүүдөн өз эрки менен, асман Падышалыгы үчүн баш тартышат. Ким бойдок калгысы келсе, бойдок калсын» (Мт. 19:10—12).

Айрымдар төрөлгөндөн тартып эле же кырсыкка кабылгандыктан же жыныстык мүчөсүнө доо кеткендиктен жыныстык мамиледе болууга жараксыз болуп калышат. Бирок үйлөнүүдөн өз эрки менен баш тарткандар да бар. Алар үй-бүлө курууга жарактуу болсо да, өзүн кармап, «асман Падышалыгы үчүн» бойдок калышат. Башкача айтканда, Иса Машаяктай болуп, алар өзүн Падышалыктын иштерине толугу менен арнаш үчүн бойдок калууну чечишет. Алар бойдоктук белеги менен төрөлгөн эмес жана ал белек аларга берилген эмес. Алар ал белекти өз эрки менен алышат.

Элчи Пабыл Иса Машаяктын сөзүнүн негизинде Кудайдын бардык кызматчылары — бойдоктору да, үй-бүлөлүүлөрү да — ага жаккыдай кызмат кыла аларын, бирок турмуш курганга караганда «бойдок калууну жүрөгүндө чечип» алуу жакшыраак экенин айткан. Эмне үчүн? Алсак, үй-бүлөлүүлөр убактысын жана күчүн Кудайга кызмат кылууга жумшагандан тышкары жубайына жагууга жана кам көрүүгө да жумшашы керек болот. Ал эми бойдок бир туугандар Мырзабызга эч нерсеге алаксыбай кызмат кыла алышат. Алар өздөрүнүн жагдайын Кудайдан алган «белек» катары көрүшөт (1 Кор. 7:7, 32—38).

Ырас, Ыйык Жазмада Кудайдын кызматчысы бойдоктук белегин кандайдыр бир керемет жолу менен алары айтылбайт. Ал Падышалыктын иштерине эч нерсеге алаксыбай катышуу үчүн бойдок калуу менен ал белекке ээ болууга умтулат. Бүгүнкү күндө көптөр жүрөгүндө ошол максатта бойдок калууну чечип алышат жана башкалардын аларды кайраттандырып турганы дурус.