Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай Иса Машаякты жерге эмне үчүн жиберген?

Кудай Иса Машаякты жерге эмне үчүн жиберген?

Кудай Сөзүнөн билим алгыла

Кудай Иса Машаякты жерге эмне үчүн жиберген?

Балким, бул макаладагы суроолор силерди да ойлондургандыр. Төмөндө алардын жообун Ыйык Китептин кайсы жеринен тапса болору көрсөтүлдү. Бул жагынан Жахабанын Күбөлөрү силерге жардам берүүгө даяр.

1. Иса Машаяк жерге келгенге чейин каякта болгон?

Иса Машаяк Бетлехемде төрөлгөнгө чейин асманда периште болгон. Ал — Кудайдын эң биринчи жаратуусу. Аны Кудай жалгыз өзү жараткан. Мына ошондуктан Иса Машаяк Кудайдын жалгыз Уулу деп аталат. Ал асманда Кудайдын өкүлү катары кызмат кылган, ошон үчүн анын Сөз деген да наамга ээ болгону орундуу. Ошондой эле Кудай бардыгын ал аркылуу жараткандыктан, Кудайдын жардамчысы деп да аталат (Жакан 1:2, 3, 14). Иса Машаяк адам баласы жаралганга чейин миллиарддаган жылдар бою Кудай менен асманда жашаган (Окугула: Микей 5:2; Жакан 17:5).

2. Кудай Иса Машаякты жерге кантип жиберген?

Жахаба Кудай Иса Машаяктын өмүрүн ыйык руху менен Мариям деген кыздын жатынына көчүргөн. Анын боюна бүтүшүнө эркектин катыштыгы болгон эмес. Периштелер түнүчүндө талаадагы койчуларга Иса Машаяктын төрөлгөнүн жарыялашкан (Лука 2:8—12). Мындан анын кыштын чилдесинде эмес, суук түшө элек маалда, октябрдын башында, төрөлгөнүн билүүгө болот. Андан бир аз убакыт өткөндөн кийин Мариям менен күйөөсү Жусуп, Исаны алып Назаретке барышкан. Иса ошол жактан чоңоюп эр жеткен. Жусуп аны өз баласындай багып чоңойткон (Окугула: Матай 1:18—23).

Иса Машаяк 30га чыкканда чөмүлгөн, ошондо Кудай асмандан: «Бул — менин сүйүктүү уулум», деп айткан. Ошондон тартып Иса Машаяк өзүнө тапшырылган ишти аткара баштаган (Окугула: Матай 3:16, 17).

3. Кудай Иса Машаякты жерге эмне үчүн жиберген?

Кудай Иса Машаякты адамдарга чындыкты жарыялашы үчүн жиберген. Ал жер жүзүнө тынчтык орното турган, асмандагы Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жарыялаган. Ошондой эле адамдарга түбөлүк жашоо тууралуу айткан (Жакан 4:14; 18:36, 37). Андан тышкары, ал адамдарды эмне чындап бактылуу кылары жөнүндө айтып берген (Матай 5:3; 6:19—21). Ал адамзатка эң сонун үлгү калтырган. Мисалы, өтө кыйын учурларда да Кудайдын эркин кантип аткарса болорун көрсөткөн. Ага жаман мамиле кылышканда, эч кимден өч алган эмес (Окугула: 1 Петир 2:21—24).

Иса Машаяк жолдоочуларын башкаларды жан аябастык менен сүйүүгө үйрөткөн. Ал асмандагы жогорку даражасын таштап, Кудайдын эркин аткарыш үчүн жерге даярдуулук менен келген. Иса Машаяк башкаларды сүйүүгө байланыштуу мыкты үлгү калтырган (Окугула: Жакан 15:12, 13; Филипиликтер 2:5—8).

4. Иса Машаяктын өлүмүнүн аркасында эмнелер мүмкүн болгон?

Кудай Иса Машаякты жерге бизди күнөөдөн арылтыш үчүн да жиберген (Жакан 3:16). Биз баарыбыз күнөөлүү пендебиз. Бул биздин жеткилеңсиз жана күнөөлүү экенибизди билдирет. Ошо себептен адам баласы ооруйт жана өлөт. Адам ата жеткилең болгондуктан күнөөсүз болгон жана эч качан оорумак да, өлмөк да эмес. Бирок ал Кудайга баш ийбей койгондуктан жеткилеңдигинен айрылып калган. Адам атадан бизге күнөө жана анын кесепети болгон өлүм тукум кууп өткөн (Окугула: Римдиктер 5:12; 6:23).

Жеткилең болуп төрөлгөн Иса Машаяк өзүнүн күнөөлөрү үчүн өлгөн эмес. Ал биздин күнөөлөрүбүз үчүн өмүрүн берген. Иса Машаяктын өлүмүнүн аркасында бизде түбөлүк жашоого жана Кудайдын батасын алууга жол ачылган (Окугула: 1 Петир 3:18).

Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган бул (Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?) китептин 4 жана 5-бөлүмдөрүн карагыла.