Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕП АЙТЫЛАТ?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Кудайдын ысмы ким?

Ар бирибиздин атыбыз бар. Ал тургай үй жаныбарларына да ат коёбуз. Анда Кудайдын да аты болушу керек эмеспи?! Ыйык Китепте Кудайдын Кудурети Күчтүү, Эгедер Теңир, Жараткан деген сыяктуу наамдары бар экени айтылат. Анда Кудайдын ысмы да жазылган. (Окугула: Ышая 42:8.)

Кудайдын ысмы Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунда Забур 83:18де кездешет. Мисалы, Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунда»: «Сенин ысмың Жахаба экенин, жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди баары билсин»,— делет.

Эмне үчүн Кудайга ысмынан кайрылышыбыз керек?

Кудай ага ысмынан кайрылышыбызды каалайт. Жакын адамыбызга, мисалы, досубузга атынан кайрылабыз. Анда Кудайга кайрылып тиленгенде да ага ысмынан кайрылышыбыз керек эмеспи?! Иса пайгамбар да Кудайдын ысмын айтып тиленгенге үндөгөн. (Окугула: Матай 6:9; Жакан 17:26.)

Бирок Кудайга жагып, аны менен ынак мамиледе болуш үчүн анын ысмын билип коюу эле жетишсиз. Биз ал жөнүндө көбүрөөк билишибиз керек. Мисалы: «Ал кандай Кудай? Аны менен ынак мамиледе боло алабызбы?» — деген суроолорго жооп алганыбыз маанилүү. Бул суроолордун жообун Ыйык Китептен таба аласыңар.