Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабага жакындай бер

Жахабага жакындай бер

«Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт» (ЖКП. 4:8).

1, 2. а) Шайтан адамдарды адаштырыш үчүн кандай амал колдонот? б) Бизге «Кудайга жакындоого» эмне жардам берет?

ЖАХАБА КУДАЙ адамдарды дайыма аны менен жакын мамиледе болууга муктаж кылып жараткан. Бирок Шайтан биздин да, ага окшоп, Жахабага муктаж эмеспиз деп ойлошубузду каалайт. Ал бул калпты тээ Эйден багында Обо энени азгыргандан баштап эле жайылтып келатат (Башт. 3:4—6). Ошондон тартып адамзаттын басымдуу бөлүгү ошол калпка ишенип келет.

2 Бактыга жараша, биз Шайтандын ал тузагынан кача алабыз. Анткени «анын айла-амалдары бизге белгилүү» (2 Кор. 2:11). Шайтан бизди туура эмес чечим чыгарууга азгыруу менен Жахабадан алыстатканга аракет кылат. Бирок, мурунку макалада айтылгандай, биз жумушка, көңүл ачууга жана үй-бүлөбүз менен болгон мамилебизге байланыштуу туура чечим чыгара алабыз. Бул макалада болсо техникага, ден соолукка, акчага жана сыймыктанууга карата тең салмактуу көз карашта болуу кандайча «Кудайга жакындоого» жардам берерин талкуулайбыз (Жкп. 4:8).

ТЕХНИКА

3. Техника кандайча туура же туура эмес колдонулушу мүмкүн?

3 Дүйнө жүзү боюнча заманбап техникалар барган сайын кеңири колдонулууда. Эгер туура колдонулса, алардын пайдасы чоң. Ал эми туура эмес колдонсок, асмандагы Атабыз менен болгон мамилебизге доо кетиши мүмкүн. Мисалга компьютерди алалы. Колуңдагы журнал компьютердин жардамы менен жазылып, басылып чыккан. Ошондой эле компьютер аркылуу изилдөө жүргүзсө, башкалар менен пикир алышса жана кээде жакшы көңүл ачса болот. Анткен менен абайлабасак, ал эси-дартыбыздын баарын ээлеп алышы мүмкүн. Сатуучулар амалкөйлүк менен адамдарды заманбап техникалардын акыркы үлгүлөрүн сатып алышы керектигине ынандырышат. Бир жигит планшет компьютерлүү болууну ушунчалык эңсегендиктен, аны сатып алыш үчүн өзүнүн бир бөйрөгүн жашыруун сатып жиберген. Бул кандай гана акылсыздык!

4. Бир ишенимдешибиз компьютерди кыянат колдонуу адатын жеңүү үчүн эмне кылган?

 4 Техниканы туура эмес же өтө көп колдонуунун кесепетинде Жахаба менен болгон достугубуздан айрылып калсак, андан да жаман болмок. «Мен Ыйык Китепте рухий иштер үчүн „ылайыктуу убакыт сатып алышыбыз“ керектиги айтыларын билем. Бирок компьютерди колдонууга келгенде, өзүмө өзүм ырайымсыз душманмын»,— дейт жашы 30га чукулдап калган Жон деген ишенимдешибиз *. Ал көп учурда түн бир оокумга чейин Интернетте отура берчү. «Канчалык чарчасам, чат аркылуу сүйлөшкөндү же кыска видеолорду көргөндү токтотуу ошончолук кыйын болчу. Кээде алар жаман болсо деле көрүп отура берчүмүн»,— дейт Жон. Ошол жаман адатын жеңиш үчүн ал компьютерин жата турган убак келгенде өзү жабылып кала тургандай кылып койгон. (Оку: Эфестиктер 5:15, 16.)

Ата-энелер, балдарыңарга техниканы акылдуулук менен колдонууга жардам бергиле

5, 6. а) Ата-энелер балдары үчүн эмнелерди кылышы керек? б) Ата-энелер балдарынын чөйрөсү жакшы болушуна кантип кам көрө алышат?

5 Ата-энелер, балдарыңардын баскан-турганынын баарын эле көзөмөлдөй берүүнүн зарылдыгы жок болсо да, алардын компьютерди кандай колдонуп жатканын көзөмөлдөгөнүңөр абдан зарыл. Тынчыңарды албай, алаксып отуруп турсун деп эле, аларга Интернеттен адеп-ахлаксыздык, спиритизм камтылган сайттарга кирүүгө, зордук-зомбулук чагылдырылган оюндарды ойноого же жаман адамдар менен пикирлешүүгө жол берип койбогула. Болбосо алар: «Ата-энем унчуккан жок, демек, жакшы эле турбайбы»,— деп ойлоп алышы мүмкүн. Ата-эне катары силер балдарыңарды, анын ичинде өспүрүмдөрүн да Жахабадан алыстата турган нерселердин баарынан коргошуңар керек. Атүгүл жаныбарлар да балдарын башкалардан коргошот. Эгер кимдир бирөө мамалагына тие турган болсо, ургаачы аюу аны эмне кылмактыгын элестетүү кыйын эмес. (Салыштыр: Ошуя 13:8.)

6 Балдарыңарга үлгүлүү бир туугандар менен: жаштар менен да, карылар менен да пикир алышканга шарт түзүп бергиле. Бирок балдарыңар силер менен чогуу убакыт өткөрүүгө муктаж экенин унутпагыла. Андыктан алар менен чогуу күлгүлө, чогуу ойногула, чогуу иштегиле жана чогуу Кудайга жакындагыла *.

ДЕН СООЛУК

7. Эмне үчүн сак-саламатта болгубуз келет?

7 «Ден соолугуң кандай?» Эл оозунда көп айтылган бул сөздөр ачуу чындыкты айгинелеп турат. Түпкү ата-энебиз Шайтандын тилине кирип, Жахабадан алыстап кеткендиктен, баарыбыз ооруйбуз. Оору Шайтандын куралы болуп эсептелет, себеби ооруганыбызда Жахабага кызмат кылуу кыйынга туруп калат. Ал эми өлүп калсак, такыр эле кызмат кыла албай калабыз (Заб. 115:17). Ошондуктан ден соолугубузду чыңдоо үчүн колубуздан келгендин баарын кылгыбыз келет *. Ошону менен бирге, биз ишенимдештерибиздин да ден соолугуна, жыргалчылыгына кызыкдар болушубуз керек.

8, 9. а) Ден соолугубузду ойлоп, ашыкча тынчсызданбоого эмне жардам берет? б) Кубанычыбызды арттыруунун кандай пайдасы бар?

 8 Анткен менен аша чаап кеткенден сак болгонубуз зарыл. Айрымдар кайсы бир мүнөз тамакты, дары-дармектерди же косметикалык каражаттарды атүгүл Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айткандагыдан да ынталуу үгүттөшөт. Муну менен алар башкаларга жардам берип жатабыз деп ойлошу мүмкүн. Бирок андай нерселерди сатуу же жарнама кылуу үчүн Падышалык залында жолугушууга чейин же андан кийин же жыйындарда сүйлөшүү орунсуз болуп калмак. Эмне үчүн?

9 Биз андай жолугушууларга рухий нерселер жөнүндө талкуулоо үчүн жана Кудайдын ыйык рухунун жемиши болгон кубанычыбызды арттыруу үчүн барабыз (Гал. 5:22). Андай жерлерде, атүгүл башкалар сураган күндө да, ден соолукка байланыштуу кеңештерибизди бергенибиз, дары-дармектерди сунуш кылганыбыз туура эмес болуп калмак. Анткени бул максатыбыздан алаксытып, башкалардын кубаныч алышына тоскоолдук кылышы ыктымал (Рим. 14:17). Ден соолугуна кантип кам көрөрүн ар ким өзү чечиши керек. Андан сырткары, эч бир адам бардык дартка даба таба албайт. Атүгүл эң кыйын дарыгерлер да карыйт, ооруйт, акыр-аягы өлүмгө моюн сунат. Ден соолугубузду ойлоп, ашыкча тынчсыздануу менен өмүрүбүздү узарта албайбыз (Лк. 12:25). Ал эми «шайыр жүрөк — дарыдай даба» (Накыл 17:22).

10. а) Кайсы сапаттар бизди Жахабанын көз алдында сулуу кылат? б) Качан бардык оору-кеселдерибизден арылабыз?

10 Өңү-түсүбүзгө кам көргөнүбүз да табигый нерсе. Бирок карылыктын бардык белгилеринен арылууга далалат кылуунун кажети жок. Андай белгилер адамдын жетилгендигинен, кадыр-баркка ээ экенинен, ички дүйнөсүнүн сулуулугунан кабар бериши мүмкүн. Алсак, Ыйык Китепте: «Адилдик жолунда жүргөн ак чач — сулуулук таажысы»,— деп айтылат (Накыл 16:31). Жахаба бизге так ушундай карайт, биз да өзүбүзгө ошондой көз карашта болушубуз керек. (Оку: 1 Петир 3:3, 4.) Андыктан сулуураак көрүнүш үчүн эле зарылдыгы жок жана кооптуу хирургиялык операцияларды кылдырганыбыз же дары-дармектерди колдонгонубуз акылдуулукка жатабы? Курагыбызга, ден соолугубузга карабай, ар бирибиз «Жахаба берген кубанычтын» аркасында жүзүбүздөн нур жанып, сулуу боло алабыз (Нек. 8:10). Ошондой эле жаңы дүйнөдө гана бардык оору-кеселдерибизден арылып, кайрадан жашарабыз (Аюп 33:25; Ыш. 33:24). Ал эми ошол убак келгенге чейин, акылдуулук менен иш кылсак жана Жахабага бекем ишенсек, ден соолугубузга кам көрүүдө тең салмактуу болуп, Жахабадан алыстабайбыз (1 Тим. 4:8).

АКЧА

11. Кандайча акча тузакка түшүрүшү мүмкүн?

11 Акчанын өзү жаман эмес, ошондой эле акча табуу үчүн чынчылдык менен иш жүргүзүүнүн да эч жаман жери жок (Нас. 7:12; Лк. 19:12, 13). Бирок «акчага болгон сүйүү» бизди Жахабадан алыстатары шексиз (1 Тим. 6:9, 10). «Бул дүйнөнүн түйшүгү» — жашоого зарыл нерселерге ээ болууну ойлоп сары санаа болуу — рухийлигибизге терс таасир этет. Ошондой эле «алдама байлык», башкача айтканда, бай болсоң, бактылуу, коопсуз жашайсың дегенге ишенүү да Жахаба менен болгон мамилебизге доо кетирет (Мт. 13:22). Иса пайгамбар «эч ким» бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кызмат кыла албай турганын айткан (Мт. 6:24).

12. Бүгүнкү күндө көптөр көп акча табам деп кандай тузактарга түшүп калышат жана алардан кантип кача алабыз?

12 Акчага карата туура эмес көз карашта болуу туура эмес иштерге түртөт (Накыл 28:20). Оңой, бат акча табууга байланышкан убадаларга ишенип, айрымдар лотерея билеттерин сатып алышкан же көп кардар табуу менен кирешесин көбөйтүүгө багытталган тармактык маркетингге кирип кетишкен, жадагалса ага жыйналыштын башка мүчөлөрүн да тартышкан. Дагы бирөөлөр кайсы бир ишке акча салса, укмуштуудай чоң киреше табарын убада кылгандарга алданып калышкан. Андыктан ач көздүктөн улам сызга отуруп калба. Акыл менен иш кыл. Кайсы бир сунуш өтө эле жакшыдай сезилип  жатса, анда анын чындап эле жакшы экени күмөн.

13. Жахабанын акчага карата көз карашы бул дүйнөдөгүлөрдүкүнөн кандай айырмаланат?

13 Эгер «Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин» биринчи орунга койсок, Жахаба жашоого зарыл нерселерди табууга кылган аракетибизге батасын берет (Мт. 6:33; Эф. 4:28). Ал биздин көп иштегендиктен жолугушуу учурунда үргүлөп отурушубузду же акчаны ойлоп санаа тартып отурушубузду каалабайт. Бул дүйнөдө көптөр азыр акчаны жыйып койсоң гана келечекте эч кыйналбай, жыргап жашайсың дегенге ишенишет. Алар адатта балдарын да ошентүүгө үндөшөт. Бирок Иса Машаяк мындай ой жүгүртүү акылсыздыкка жатарын көрсөткөн. (Оку: Лука 12:15—21.) Бул ач көз болсо деле, Жахаба менен жакшы мамиледе боло берем деп ойлогон Гехазини эсибизге салат (2 Пад. 5:20—27).

14, 15. Эмне үчүн акча, байлык коопсуздукка кепил боло алат деп ойлобошубуз керек? Мисал келтир.

14 Айрым маалыматтарга ылайык, кээ бир бүркүттөр өтө чоң балыкты кармап алып, чеңгелинен чыгаргысы келбегендиктен чөгүп кеткен учурлар болгон. Кудайдын кызматчысы менен да ошондой болушу мүмкүнбү? Алекс деген аксакал: «Мен негизи үнөмчүлмүн. Мисалы, шампунду кичине көбүрөөк куюп алсам, ашыкчасын кайра бөтөлкөгө куюп коём»,— дейт. Ошентсе да ал көбүрөөк акча топтосом, көп өтпөй жумушуман бошоп, пионердик кызматты баштайм деген ойдо баалуу кагаздарды алып-сатуу ишине кызыга баштаган. Анан баалуу кагаздардын баалары жана аларга байланышкан ар кандай сунуштар жөнүндө көбүрөөк изилдеп, ага баш-оту менен кирип кеткен. Ошентип, ал топтоп жүргөн акчасын жана ортомчулардан карызга алган акчасын кошуп, серепчилер жакында баасы көтөрүлөт деген баалуу кагаздарды сатып алган. Бирок күтүлбөгөн жерден ал баалуу кагаздардын баасы түшүп кеткен. «Мен акчамды кайра кайрып алам деп ойлогом. Ошондуктан кичине күтө турсам, баалуу кагаздардын баасы кайра көтөрүлөт деп ишенгем»,— дейт Алекс.

15 Бир нече ай бою ал ошондон башка эч нерсе жөнүндө ойлоно албай калган. Ошондуктан рухий иштерге көңүл топтой албай, атүгүл уйкудан да кала баштаган. Бирок баалуу кагаздардын баасы эч качан кайра көтөрүлгөн эмес. Ошентип, Алекс топтоп койгон акчасынан кол жууп, үйүн сатууга аргасыз болгон. Ал: «Мен үй-бүлөмдү азапка салдым»,— деп мойнуна алат. Бирок мындан өзүнө чоң сабак алган. «Мен Шайтандын дүйнөсүнө ишеним арткандардын баары чоң көңүл кайттыкка учурарын түшүндүм»,— дейт ал (Накыл 11:28). Чынында, топтогон акчабызга, мүлкүбүзгө же акча табууга болгон жөндөмүбүзгө таянуу «бул дүйнөнүн кудайына» — Шайтанга — таянганга тете (2 Кор. 4:4; 1 Тим. 6:17). Алекс ошондон кийин «жакшы кабар үчүн» жөнөкөй жашоону чечкен. Мунун аркасында өзү да, үй-бүлөсү да бактылуу болуп, Жахабага мурдагыдан да көбүрөөк жакындашкан. (Оку: Марк 10:29, 30.)

СЫЙМЫКТАНУУ

16. Орундуу сыймыктануу менен орунсуз сыймыктануунун кандай айырмасы бар?

16 Орундуу сыймыктануунун эч жаман жери жок. Мисалга биз Жахабанын Күбөсү экенибизге ар дайым сыймыктанышыбыз керек (Жер. 9:24). Өзүбүздү кандайдыр бир деңгээлде сыйлап, сыймыктанганыбыз дайыма туура чечим чыгарууга жана Кудайдын бийик нормаларына ылайык жашоого жардам берет. Бирок өзүбүз жөнүндө жогору ойлоп, жеке көз карашыбызга же ээлеген абалыбызга өзгөчө маани бере берсек, Жахабадан алыстап кетишибиз мүмкүн (Заб. 138:6; Рим. 12:3).

Жыйналышта көрүнүктүү абалга жетүүнү эңсегенден көрө, кызматтан кубаныч алууга умтул

17, 18. а) Ыйык Китептеги момун жана текебер кишилер жөнүндө айтып бер. б) Бир ишенимдешибиз текебердиктин айынан Жахабадан алыстап кетпеш үчүн эмне кылган?

17 Ыйык Китепте момун кишилер жөнүндө да, текебер кишилер жөнүндө да баяндалат. Алсак, Дөөтү падыша момун болгондуктан дайыма Жахабадан жетекчилик кылышын суранган жана андан мол бата алган (Заб. 131:1—3). Ал эми Жахаба Небухаданасар жана Белшатсар деген текебер падышаларды басынткан (Дан. 4:30—37; 5:22—30). Бүгүнкү күндө да биз момундугубуз сынала турган жагдайларга туш болобуз. Мисалы, 32 жаштагы  Райен деген кызмат жардамчысы башка жыйналышка которулат. Ал: «Көп өтпөй эле аксакал болуп дайындалам го деп ойлогом, бирок бир жыл өтсө деле, дайындалган жокмун»,— дейт. Ошондо Райен ачууланып, аксакалдар мени көзгө илбей жатышат деп ойлогонбу? Жыйналыш жолугушууларына барбай, текебердиктин айынан Жахабадан алыстап кеткенби? Сен анын ордунда болсоң, эмне кылат элең?

18 «Мен биздин адабияттарда көпкө чейин ишке ашпаган үмүт жөнүндө эмне айтылса, баарын окуп чыктым»,— дейт Райен (Накыл 13:12). Анан: «Ошентип, чыдамкай, момун болууга үйрөнүшүм керектигин түшүнө баштадым. Жахабанын мени тарбиялашына жол беришим зарыл болду»,— деп кошумчалайт. Ал өзү жөнүндө эмес, жыйналыштагыларга жана кабарда жолуктургандарга жардам берүү жөнүндө көбүрөөк ойлоно баштаган. Көп өтпөй бир нече киши менен изилдөө өткөрүп, алар жакшы ийгилик кыла баштаган. «Бир жарым жылдан кийин күтүлбөгөн жерден аксакал болуп дайындалып калдым. Кызматымдан аябай көп кубаныч алып жаткандыктан, мен ал жөнүндө ойлобой деле калган болчумун»,— дейт Райен (Оку: Забур 37:3, 4.)

ЖАХАБАДАН АЛЫСТАБА!

19, 20. а) Ушу жана мурунку макалада талкуулаган нерселер бизди Жахабадан алыстатып кетпеши үчүн, эмне кылышыбыз керек? б) Жахабадан алыстабаган кайсы кызматчылардан үлгү алсак болот?

19 Ушу жана мурунку макалада талкууланган нерселердин баары жашообузда кандайдыр бир орунду ээлейт. Алсак, биз Жахабанын кызматчысы экенибизге сыймыктанабыз. Бактылуу үй-бүлө, чың ден соолук Жахаба берген белектерге кирет. Жумуш жана акча өзүбүзгө, үй-бүлөбүзгө кам көрүүгө шарт түзөрүн, ошондой эле көңүл ачуу сергитерин жана техниканын пайдасы чоң экенин түшүнөбүз. Бирок ушул нерселердин бирин эле туура эмес убакта кылсак же ага өтө көп убактыбызды коротсок, же Ыйык Китепке каршы келген жол менен кылсак, Жахабадан алыстап кетебиз.

Сени эч нерсе Жахабадан алыстатпасын!

20 Шайтан так ушуну каалайт. Бирок сен өзүңдү да, үй-бүлөңдү да андай каргашадан коргой аласың (Накыл 22:3). Жахабага жакындап, андан эч качан алыстаба. Бул жагынан Ыйык Китепте жазылган көп кишилердин үлгүсү жардам берет. Мисалы, Энох менен Нух пайгамбар «чыныгы Кудайдын жолунда жүргөн» (Башт. 5:22; 6:9). Муса пайгамбар «Көрүнбөгөндү көрүп тургандай туруктуу болгон» (Евр. 11:27). Иса Машаяк ар дайым Кудайга жакканды кылгандыктан, Кудай аны дайыма колдоп турган (Жкн. 8:29). Алардан үлгү ал. «Дайыма кубан», «үзгүлтүксүз тилен» жана «бардык нерсе үчүн ыраазычылык билдир» (1 Тес. 5:16—18). Сени эч нерсе Жахабадан алыстатпасын!

^ абз. 4 Ысымдар өзгөртүлдү.

^ абз. 6 «Ойгонгула!» журналынын 2011-жылдын октябрь—декабрындагы «Балдарга канткенде жакшы тарбия бере алабыз?» деген санын карагыла.

^ абз. 7 «Ойгонгула!» журналынын 2011-жылдын апрель—июнундагы «Ден соолукту чыңдоонун беш ачкычы» деген санын карагыла.