Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга эч өкүнбөй кызмат кылалы

Кудайга эч өкүнбөй кызмат кылалы

«Арттагыны унутуп, алдыдагыны көздөйм» (ФЛП. 3:13).

1—3. а) Өкүнүү деген эмне жана бизге кандай таасир этиши мүмкүн? б) Өкүнбөй кызмат кылууга байланыштуу Пабылдан эмнеге үйрөнө алабыз?

«„ОШЕНТСЕМ болмок экен!“ деген сөздөр адамдар айткан же жазган сөздөрдүн эң эле кейиштүүсү». Ж. Г. Уиттиер деген акын бул сөздөр менен кылган ишибизге өкүнүп калган учурлар жөнүндө айткан. «Өкүнүү» кылган же кылбай калган кайсы бир ишибизге кайгыруу же кейүү дегенди билдирет, ошондой эле бир сөздүккө ылайык, өткөн ишти ойлоп «кайра-кайра ичтен сызуу» деген маанини туюнтат. Баарыбыз эле убакытты артка түрүп, кайсы бир нерсени башкача кылгыбыз келет. Сен да кайсы бир нерсеге өкүнөсүңбү?

2 Айрымдар жашоосунда чоң жаңылыштык, атүгүл олуттуу күнөөлөрдү кылышкан. Башкалары өтө деле жаман иш кылбаса да, чыгарган чечимдеринин туура болгонуна шектенип, кабатыр болушат. Кээ бирлер өткөндү ойлоп санаа тартпай жашаганга үйрөнүшкөн. Ал эми айрымдар дайым эле өткөн ишти ойлоп, кейий беришет (Заб. 51:3). Сен жөнүндө эмне айтууга болот? Мындан ары Кудайга эч өкүнбөй кызмат кылгың келеби? Ыйык Китепте бизге бул жагынан жардам бере турган адамдын үлгүсү жазылган. Ал — элчи Пабыл.

3 Элчи Пабыл жашоосунда чоң каталарды да кетирген, туура чечимдерди да чыгарган. Ал мурун кылган иштерине аябай өкүнгөн, бирок бүт көңүлүн Кудайга ишенимдүү кызмат кылууга буруп, ийгиликтерди да жасай алган. Кел анда, анын үлгүсүнөн өкүнбөй кызмат кылууга байланыштуу эмнеге үйрөнөрүбүздү карап көрөлү.

ПАБЫЛДЫН МУРУНКУ ИШТЕРИ

4. Элчи Пабыл мурун кандай иштерди кылган?

4 Кийинчерээк Пабыл деген ысым менен белгилүү болгон Шабыл жаш кезинде, фарисей болуп жүргөндө, көп жаман иштерди кылган, бирок кийин өкүнгөн. Алсак, ал Машаяктын шакирттерин  куугунтуктагандардын ана башы болгон. Ыйык Китепте Степан таш бараңга алынып өлтүрүлгөндөн көп өтпөй, анын эмне кылганы мындайча баяндалат: «Шабыл... жыйналышка ырайымсыздык менен кысым көрсөтө баштады. Ал үйлөргө кирип барып, эркек-аял дебей баарын сүйрөп чыгып, түрмөгө каматып жатты» (Элч. 8:3). Альберт Барнз деген окумуштуу «ырайымсыздык менен кысым көрсөтүү» деп берилген грек сөзүнүн «[Шабылдын] жыйналышты жаалданып, катуу каары менен куугунтуктаганын билдирген күчтүү сөз» экенин айткан. Барнз айткандай, «Шабыл чиркөөгө жапайы жырткычтай жаалданган». Ал такыбаа жүйүт болгондуктан Иса пайгамбардын жолдоочуларын түп-тамыры менен жок кылууну Кудай берген милдет катары көргөн. Андыктан аларды ушунчалык мыкаачылык менен куугунтуктап, «аял-эркек дебей баарын» «коркутуп, өлтүргүсү келген» (Элч. 9:1, 2; 22:4) *.

5. Шабыл эмнеден улам Иса пайгамбардын жолдоочуларын куугунтуктаганын токтотуп, ал жөнүндө кабар айта баштаган?

5 Шабыл Дамаскка барып, Иса пайгамбардын шакирттерин үйлөрүнөн сүйрөп чыгып, Иерусалимдеги Синедрионго алып барууну көздөгөн. Анткен менен жыйналыштын Башчысына каршы иш кылып жаткандыктан ойлогон оюн ишке ашыра алган эмес (Эф. 5:23). Ал Дамаскка баратканда, адаттан тыш жарык болуп, көзү көрбөй калат. Ошондо Иса Машаяк асмандан сүйлөп, ага Дамаскка барууну буйрат жана ал жактан ага дагы башка көрсөтмөлөр берилерин айтат. Андан кийин эмне болгону баарыбызга белгилүү (Элч. 9:3—22).

6, 7. Пабыл мурунку жаман иштерин жакшы билген деп эмне үчүн айта алабыз?

6 Элчи Пабыл Иса пайгамбардын жолун жолдой баштары менен эле көз карашын өзгөрткөн. Ошондон тартып ал Иса пайгамбардын жолдоочуларын куугунтуктаганын токтотуп, жакшы кабарды ынталуу жарыялай баштаган. Ошентсе да кийинчерээк ал өзү жөнүндө: «Албетте, силер менин жүйүт динин тутуп жүргөнүмдө Кудайдын жыйналышын катуу куугунтуктап, аны жок кылууга аракеттенгенимди... уккансыңар»,— деп жазган (Гал. 1:13, 14). Кийин корунттуктарга, филипиликтерге жана Тиметейге жазган катында өзүнүн мурун кылган жаман иштери тууралуу айтып өткөн (Оку: 1 Корунттуктар 15:9; Флп. 3:6; 1 Тим. 1:13). Пабыл өзү жөнүндө мындай нерселерди жазганына сыймыктанган эмес. Ошол эле учурда өзүн мындай иштерди эч качан кылбагандай кылып көрсөткөн эмес. Ал чоң каталарды кетиргенин жакшы билген (Элч. 26:9—11).

7 Ыйык Китепти изилдеген окумуштуу Фредерик В. Фаррар Шабылдын «катуу куугунтукка» катышканы тууралуу сөз кылып, анын Машаяктын жолдоочуларын канчалык ырайымсыздык менен куугунтуктаганын ойлогонубузда анын кийин канчалык өкүнгөнүн жана башкалардын аны канчалык жаман көрүшкөнүн түшүнөрүбүздү айткан. Пабыл жыйналыштарды кыдырганда, балким, ага: «Аа, сен Пабылсыңбы? Баягы бизди куугунтуктаган кишисиңби?!» — деген бир туугандар болсо керек (Элч. 9:21).

8. Элчи Пабыл Жахаба менен Иса пайгамбардын көрсөткөн ырайымына, сүйүүсүнө кандай караган жана мындан эмнеге үйрөнөбүз?

8 Бирок Пабыл кызматын Кудайдын ырайымынын аркасында гана аткара алганын түшүнгөн. Ал 14 катында Кудайдын ырайымдуулугу тууралуу 90 жолудай жазган. Ыйык Китепти жазууга катышкан башка бир да киши Кудайдын ырайымдуулугу тууралуу анчалык көп жазган эмес. (Оку: 1 Корунттуктар 15:10.) Пабыл ага ырайым кылынганына абдан ыраазы болгон жана  ага көрсөтүлгөн ырайым текке кетпегенин көрсөткүсү келген. Ал башка элчилердин баарына караганда «көп эмгектенген». Анын үлгүсүнөн эмнени биле алабыз? Эгер күнөөбүздү моюнга алып, жүрүм-турумубузду өзгөртсөк, Жахаба атүгүл олуттуу күнөөлөрүбүздү да Машаяктын курмандыгынын негизинде кечирүүгө даяр. Бул: «Мен аябай чоң күнөөлөрдү кылгам, алар Исанын курмандыгынын негизинде кечирилбейт го»,— деп ойлогондорду кандай гана бекемдейт! (Оку: 1 Тиметей 1:15, 16.) Элчи Пабыл учурунда Машаяктын жолдоочуларын катуу куугунтуктаса да: «Мени сүйүп, мен үчүн өмүрүн берген Кудай Уулу»,— деп жазган (Гал. 2:20; Элч. 9:5). Ооба, элчи Пабыл мурунку иштерин ойлоп өкүнө бербей, Кудайга кубанычтуу кызмат кылууга үйрөнгөн. Сен да ошого үйрөндүңбү?

Элчи Пабыл өкүнбөй кызмат кылууга үйрөнгөн

КАЙСЫ БИР НЕРСЕГЕ ӨКҮНӨСҮҢБҮ?

9, 10. а) Жахабанын айрым кызматчылары эмне себептен өкүнүшөт? б) Өткөн ишти ойлоп, тынчсыздана берүү эмне үчүн туура эмес?

9 Сен мурун кылган кайсы бир ишиңе өкүнөсүңбү? Туура эмес нерселерге умтулуп, баалуу убактыңды, күчүңдү коротконсуңбу? Башкаларга залал келтирген иштерди кылдың беле? Же дагы башка себептерден улам өкүнөсүңбү? Анда эмне кылсаң болот?

10 Көптөр дайым эле тынчсыздана беришет. Кылган күнөөсүн кайра-кайра ойлоп, өздөрүн жеп, кайгыга батышат. Муну менен кандайдыр бир көйгөйдү чечүүгө болобу? Жок. Термелген отургучка отуруп, бир нече саат бою алдыга жылууга умтулуп жатканыңды элестетсең. Канчалык күч жумшаба, такыр алдыга жыла албайсың. Анын сыңарындай, тынчсыздана бергендин ордуна, жакшы иштерди кылганың жакшы натыйжа берет. Мисалы, кимди капа кылсаң, ошол адамдан кечирим сурап, аны менен болгон мамилеңди калыбына келтирүүгө аракет кылаттырсың. Ошондой эле катаңды кайталабаш үчүн, ал ишке эмне алып барганын ойлонуп, андан качууга умтул. Кээде кылган ишиңдин кесепетин тартууга туура келиши мүмкүн. Бирок тынчсыздана берсең, каймана мааниде  колу-бутуң байланып, Кудайга толук кандуу кызмат кыла албай каласың. Ооба, тынчсыздануунун эч пайдасы жок!

11. а) Жахаба бизге ырайымын, мээримдүүлүгүн көрсөтүшү үчүн, эмне кылышыбыз зарыл? б) Жан дүйнө тынчтыгына ээ болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?

11 Айрымдар мурунку иштеринин айынан ушунчалык көңүлү чөккөндүктөн өздөрүн Кудайдын ырайым кылышына татыксыз көрүшөт. Алар аябай көп же чоң күнөө кылгандыктан Кудай мага эч качан ырайым кылбайт деп ойлошу мүмкүн. Бирок мурун кандай күнөө кылбасын, алар өкүнүп, өзгөрүп, Кудайдан кечирим сурай алышат (Элч. 3:19). Ошондо Жахаба, көптөргө ырайымын, мээримдүүлүгүн көрсөтүп келгендей эле, аларга да көрсөтөт. Ал момун, чынчыл жана өкүнгөн адамдарды айкөлдүк менен кечирет. Мисалы, Кудай: «Топурак менен күлгө отуруп өкүнөм»,— деп айткан Аюп пайгамбарга ырайым кылган (Аюп 42:6). Ыйык Китепте жан дүйнө тынчтыгына ээ болуш үчүн эмне кылышыбыз керектиги айтылат. Анда: «Кылмыштарын жашырган киши ийгиликке жетпейт, ал эми мойнуна алып, аларды таштаганга ырайым кылынат»,— делет (Накыл 28:13; Жкп. 5:14—16). Андыктан Кудайдын алдында күнөөбүздү моюнга алып, андан кечирим сурап, оңолгонго аракет кылышыбыз зарыл (2 Кор. 7:10, 11). Ошентсек, «айкөлдүк менен кечирген» Кудайдын ырайымына ээ боло алабыз (Ыш. 55:7).

12. а) Дөөтү падышанын үлгүсү абийирибиз кыйнаганда эмне кылганыбыз туура болорун билүүгө кандайча жардам берет? б) Жахаба кандай мааниде өкүнгөн жана муну билүү бизге кандайча жардам берет? (Кутучаны кара.)

12 Тиленүү аркылуу Кудайдан чоң жардам ала алабыз. Дөөтү пайгамбар Кудайга бекем ишеним менен кайрылып, жүрөгүнүн түпкүрүндөгү ой-сезимдери менен бөлүшкөн. Анын сезимдери Забур китебинде ушунчалык көркөм берилген. (Оку: Забур 32:1—5.) Анын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, күнөөсүн мойнуна албай жүрө бергенде, абийири жемелеп, абдан кыйналган. Кыязы, ал айласы кетип бушайман болгон, жаны кыйналган, көңүлү чөккөн. Дөөтү пайгамбар күнөөсүн мойнуна алгандан кийин гана, Кудай аны кечирген, ошондо ал жеңилдеп калган. Жахаба анын тиленүүсүнө жооп берген жана алга илгерилеп, жакшы иштерди кылууга күч берген. Ошо сыяктуу эле, чын жүрөктөн тиленсең, Жахабанын сенин жалынычыңды кунт коюп угарына эч шектенбесең болот. Эгер мурунку каталарыңды ойлоп кыйналып жатсаң, зарыл өзгөрүүлөрдү жасоого колуңан келишинче аракет кылып, Жахабанын сени кечиргенине бекем ишен (Заб. 86:5).

КӨЗҮҢДҮ КЕЛЕЧЕККЕ БАГЫТТА

13, 14. а) Эмнеге көңүл топтошубуз зарыл? б) Кайсы суроолор азыркы жагдай-шартыбызды таразалап көрүүгө түрткү берет?

13 Ооба, өткөндөн сабак алуу пайдалуу, бирок өткөн ишти ойлоп ашыкча тынчсыздана бербешибиз керек. Андан  көрө, бүгүнкү күнгө жана келечекке көңүл топтошубуз зарыл. Андыктан өзүңөн: «Азыр чыгарган чечимдерим үчүн келечекте бармагымды тиштеп калбаймынбы? Кийин баарын кайра өзгөрткүм келбейби? Кудайга кийин өкүнүп калбагыдай ишенимдүү кызмат кылып жатамбы?» — деп сурап көр.

14 Улуу алаамат жакындап келаткандыктан: «Кудайга көбүрөөк кызмат кылсам болмок беле? Эмнеге мүмкүнчүлүгүм болуп турганда пионер болуп кызмат кылган жокмун? Кызмат жардамчысы болууга мага эмне тоскоолдук кылды? Жаңы табиятты кийүүгө бүт күчүмдү жумшадымбы? Мен Жахаба жаңы заманда жашашын каалаган адаммынбы?» — деп санаа тарткыбыз келбейт. Тескерисинче, ушу сыяктуу суроолордун жардамы менен азыр эмнелерди кылып жатканыбызды жана Жахабага бүт күчүбүздү жумшап кызмат кылыш үчүн эмнелерди кылсак болорун ойлонгонубуз оң. Болбосо кийин ого бетер өкүнүп калышыбыз мүмкүн (2 Тим. 2:15).

ЫЙЫК КЫЗМАТ КЫЛГАНЫҢА ЭЧ КАЧАН ӨКҮНБӨ

15, 16. а) Көптөр Кудайга кызмат кылууну жашоосунда биринчи орунга коюу үчүн кандай курмандыктарга барышкан? б) Падышалыктын ишин биринчи орунга коюу үчүн эмнеден баш тартпайлы, эмне үчүн өкүнбөшүбүз керек?

15 Жахабага толук убакыт кызмат кылуу үчүн курмандыктарга барган бир туугандар жөнүндө эмне айтууга болот? Балким, жашооңду жөнөкөйлөтүп, Падышалыктын ишине көбүрөөк убакыт бөлүү үчүн мансаптан же кирешелүү иштен баш тарткандырсың. Же толук убактагы кызматтын өзгөчө түрүнө, мисалы, бейтелдик кызматка, эл аралык курулуш ишине, кыдыруучулук ишке же миссионердик кызматка катышуу үчүн бойдок калууну же үй-бүлөлүү болсоң, балалуу болбой эле коюуну чечкендирсиң. Азыр жашың өтүп бараткан кезде мурун ошондой чечим чыгарганыңа өкүнүшүң керекпи? Бекер эле ошентиптирмин же коё турсам болмок экен деп ойлогонуң туура болот беле? Албетте, жок.

16 Сен Жахабаны абдан жакшы көргөндүктөн жана ага кызмат кылууну каалагандарга жардам бергиң келгендиктен ошондой чечим чыгаргансың. Андыктан жашооңду башкача өткөрсөң жакшыраак болмок деп ойлобо. Тескерисинче, эң туура чечим чыгарганыңа, ошондой эле Жахабага кызмат кылууда колуңдан келгендин баарын кылып келгениңе кубансаң болот. Жахаба сенин ал үчүн өз кызыкчылыктарыңан баш тартканыңды эч качан унутпайт. Ал жакында боло турган чыныгы жашоодо сага сен элестеткенден да сонун сыйлык берет (Заб. 145:16; 1 Тим. 6:19).

КАНТКЕНДЕ ӨТКӨН ИШКЕ ӨКҮНБӨЙ КЫЗМАТ КЫЛА АЛАБЫЗ?

17, 18. а) Элчи Пабылга өткөн ишке өкүнбөй кызмат кылууга эмне жардам берген? б) Мурунку, азыркы жана келечектеги кызматыңа байланыштуу эмне кылууга чечкиндүүсүң?

17 Элчи Пабылга өткөн ишке өкүнбөй кызмат кылууга эмне жардам берген? Ал: «Арттагыны унутуп, алдыдагыны көздөө менен... максатыма умтулуп жатам»,— деп жазган. (Оку: Филипиликтер 3:13, 14.) Элчи Пабыл жүйүттөрдүн динин тутуп жүргөн кезинде кылган туура эмес иштерин эле ойлой берген эмес. Анын ордуна, келечекте түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн ишенимдүү бойдон калууга бүт күчүн жумшаган.

18 Биз да Пабылдын айткандарына ылайык иш кылганыбыз дурус. Өткөн ишти, өзгөртүүгө мүмкүн эмес нерсени ойлоп, кайгыра бергендин ордуна алдыдагы нерселерге умтулушубуз зарыл. Албетте, өткөн каталарыбызды сөздүн түз маанисинде унутпашыбыз мүмкүн, бирок аларды ойлоп өзүбүздү жей бербешибиз керек. Өткөн ишке көңүл топтобой, Кудайга кызмат кылууда колубуздан келгендин баарын кылып, кереметтүү келечекке умтулалы!

^ абз. 4 Ыйык Китепте Пабыл куугунтуктаган адамдардын арасында аялдардын да болгону көп жолу баса белгиленет. Мындан жакшы кабардын таралышында, биздин күндөрдөгүдөй эле, 1-кылымда да аялдардын ролу чоң болгонун көрүүгө болот (Заб. 68:11).