Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аксакалдар — кубанышыбызга өбөлгө түзгөн кызматташтар

Аксакалдар — кубанышыбызга өбөлгө түзгөн кызматташтар

«Биз силердин кубанышыңарга өбөлгө түзгөн кызматташтарыңарбыз» (2 КОР. 1:24).

1. Элчи Пабыл эмне себептен Корунттагы бир туугандары үчүн кубанган?

БИЗДИН замандын 55-жылы элчи Пабыл Троас деген порттуу шаарда жүргөн. Ал Корунттагы бир туугандарын ойлоп сарсанаа болуп жаткан. Анткени ошол жылдын башында алардын өз ара араздашып жатканын угуп, абдан капа болгон эле. Ошондуктан, атасы балдары үчүн тынчсыздангандай, алар үчүн тынчсызданып, көз карашын оңдош үчүн аларга кат жөнөткөн (1 Кор. 1:11; 4:15). Ошондой эле аларга өзүнүн кызматташы Титти жиберип, андан Троаска келип, алардын ал-жайы тууралуу айтып беришин суранган. Ошентип, Пабыл Корунттагы ишенимдештери жөнүндө билгиси келип, Троаста Титти күтүп жаткан. Бирок, тилекке каршы, Тит кармалып жаткан. Ошондо Пабыл эмне кылган? Македонияга жөнөгөн жана бактыга жараша, ал жактан Тит менен жолуккан. Тит ага Корунттагы бир туугандардын анын кеңештерин жакшы кабыл алып, аны көрүүгө куштар болуп жатканын айткан. Андай жакшы жаңылыкты укканда Пабыл «ого бетер кубанган» (2 Кор. 2:12, 13; 7:5—9).

2. а) Пабыл корунттук ишенимдештерине ишеним жана кубаныч жөнүндө эмне деп жазган? б) Кайсы суроолорду карайбыз?

2 Ошондон көп өтпөй Пабыл корунттук ишенимдештерине экинчи катын жазган. Ал аларга: «Биз силердин ишенимиңерге үстөмдүк кылып жаткан жокпуз, анткени силер ишенимиңердин аркасында бекем турасыңар; биз силердин кубанышыңарга өбөлгө түзгөн кызматташтарыңарбыз»,— деген (2 Кор. 1:24). Муну менен ал эмнени айткысы келген? Анын сөздөрүнүн азыркы аксакалдарга кандай тиешеси бар?

ИШЕНИМИБИЗ ЖАНА КУБАНЫЧЫБЫЗ

3. а) Элчи Пабыл: «Силер ишенимиңердин аркасында бекем турасыңар»,— деген сөздөр менен эмнени айткысы келген? б) Аксакалдар Пабылды кантип туурай алышат?

3 Элчи Пабыл Кудайдын кызматчыларында болушу керек болгон эки маанилүү сапат: ишеним  менен кубаныч жөнүндө айтып өткөн. Адегенде ишеним тууралуу ал: «Биз силердин ишенимиңерге үстөмдүк кылып жаткан жокпуз, анткени силер ишенимиңердин аркасында бекем турасыңар»,— деп жазган. Бул сөздөр менен элчи Пабыл ишенимдештеринин анын же дагы башка бирөөнүн түрткүсү менен эмес, өздөрүнүн Кудайга болгон күчтүү ишениминин аркасында бекем турганын баса белгилеген. Андыктан ал бир туугандарынын ишенимин тескеп туруунун зарылдыгын көргөн эмес, антүү оюна да келген эмес. Ал алардын туура иш кылууну каалаган ишенимдүү бир туугандар экенине толук ишенген (2 Кор. 2:3). Бүгүнкү күндө аксакалдар, андан үлгү алып, бир туугандардын Кудайга чын жүрөктөн ишенерине жана ага жан-дилден кызмат кыларына шек санашпайт (2 Тес. 3:4). Жыйналыш үчүн кандайдыр бир катуу эрежелерди чыгарбастан алар Ыйык Жазмадагы принциптерге, ошондой эле Жахабанын уюму берген көрсөтмөлөргө карманышат. Анткени, Пабылдай эле, алар да бир туугандарынын ишенимине үстөмдүк кылууга умтулушпайт (1 Пет. 5:2, 3).

4. а) «Биз силердин кубанышыңарга өбөлгө түзгөн кызматташтарыңарбыз» деген сөздөр менен элчи Пабыл эмнени айткысы келген? б) Бүгүнкү күндөгү аксакалдар канткенде элчи Пабылдан үлгү ала алышат?

4 Ошондой эле Пабыл: «Биз силердин кубанышыңарга өбөлгө түзгөн кызматташтарыңарбыз»,— деп жазган. «Кызматташтарыңарбыз» деп Пабыл өзү жана башка жоопкерчиликтүү бир туугандар жөнүндө айткан. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Анткени ал корунттуктарга жазган ошол эле катында: «Мен, Силуан жана Тиметей аркылуу араңарда жарыяланган Кудайдын Уулу Машаяк Иса»,— деп эки жоопкерчиликтүү бир тууган жөнүндө айткан (2 Кор. 1:19). Андан тышкары, ал башка каттарында «кызматташтары» жөнүндө кеп кылганда Аполос, Акила, Приска, Тиметей, Тит жана башка аны менен тыгыз кызматташкан бир туугандар жөнүндө айтчу (Рим. 16:3, 21; 1 Кор. 3:6—9; 2 Кор. 8:23). Демек: «Биз силердин кубанышыңарга өбөлгө түзгөн кызматташтарыңарбыз»,— деп айтуу менен элчи Пабыл корунттуктарды ал жана анын кызматташтары бүткүл жыйналыштын кубанычына салым кошууну каалашарына ынандырган. Бүгүнкү күндө да аксакалдар ошентүүнү каалашат. Алар бир туугандарына «Жахабага кубаныч менен кызмат кылууга» жардам берүү үчүн колунан келгендин баарын кылышат (Заб. 100:2; Флп. 1:25).

5. Кайсы суроонун жоопторун карайбыз жана эмне жөнүндө ойлонуп көрүшүбүз керек?

5 Жакында эле дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган бир канча ынталуу бир тууганга «Аксакалдын сага эмне дегени жана эмне кылганы сени өзгөчө кубандырды эле?» деген суроо берилген. Сен эмне деп жооп берет элең? Алардын айткандарын карап жатканда өзүңдүн жообуң менен салыштырып көр. Ошондой эле ар бирибиз канткенде жыйналыштагылардын кубанышына өбөлгө түзө аларыбыз жөнүндө да ойлонуп көрөлү *.

«СҮЙҮКТҮҮ БИР ТУУГАНЫБЫЗ ПЕРСИСКЕ... САЛАМ АЙТКЫЛА»

6, 7. а) Аксакалдар канткенде Иса пайгамбардан, элчи Пабылдан жана Кудайдын башка кызматчыларынан үлгү ала алышат? б) Эмне үчүн бир туугандарыбызга атынан кайрылуу алардын кубанычына кубаныч кошот?

6 Көптөгөн бир туугандар аксакалдардын аларга жекече көңүл бурганы кубанычына кубаныч кошорун айтышкан. Бул жагынан аксакалдар Дөөтү пайгамбардан, Элийудан жана Иса пайгамбардан үлгү ала алышат. (Оку: 2 Шемуел 9:6; Аюп 33:1; Лука 19:5.) Жахабанын ал кызматчыларынын ар бири башкаларга атынан кайрылуу менен чын дилден кызыгуу көрсөтүшкөн. Элчи Пабыл да ишенимдештеринин ысмын  эстеп калуу жана аларга атынан кайрылуу маанилүү экенин жакшы түшүнгөн. Ал бир катынын соңунда 25тен ашуун бир тууганга атын атап салам жолдогон. Анын ичинде Персистин атын атап: «Сүйүктүү бир тууганыбыз Персиске... салам айткыла»,— деп жазган (Рим. 16:3—15).

7 Айрым аксакалдар үчүн ысымдарды эстеп калуу кыйынга турат. Бирок алардын аракет кылып, башкаларга ысымынан кайрылганы аларга «сен мен үчүн баалуусуң» деп айтканга барабар (Чыг. 33:17, «Үмүт нуру»). Аксакалдар «Күзөт мунарасы» талкууланып жатканда же жыйналыш жолугушууларынын башка бөлүгүндө кол көтөргөн бир туугандарга атынан кайрылышканда, бир туугандар ого бетер кубанышат. (Салыштыр: Жакан 10:3.)

«МЫРЗАБЫЗДЫН ЖОЛУНДА КӨП ЭМГЕК КЫЛГАН»

8. Элчи Пабыл кайсы жагынан Жахаба менен Иса Машаяктан үлгү алган?

8 Элчи Пабыл башкаларды чын дилден мактоо менен да аларды баалаарын көрсөткөн. Мактоо — ишенимдештерибиздин кубанычын арттыруунун дагы бир жолу. Корунттуктарга жазган ошол эле катында элчи Пабыл: «Силер менен абдан мактанам»,— деп жазган (2 Кор. 7:4). Анын ошол сөздөрү алардын көңүлүн абдан эле көтөрсө керек. Элчи Пабыл башка жыйналыштарга жолдогон каттарында да ушул сыяктуу сөздөрдү жазган (Рим. 1:8; Флп. 1:3—5; 1 Тес. 1:8). Римдеги жыйналышка жазган катында Персис жөнүндө кеп кылып, анын «Мырзабыздын жолунда көп эмгек кылганын» баса белгилеген (Рим. 16:12). Бул Персиске бир топ эле дем-шык берсе керек! Элчи Пабыл башкаларды мактоо менен Жахабадан жана Иса Машаяктан үлгү алган. (Оку: Марк 1:9—11; Жакан 1:47; Аян 2:2, 13, 19.)

9. Эмне үчүн бири-бирибизди мактаганыбызда кубанычыбыз артат?

9 Бүгүнкү күндө да аксакалдар ишенимдештерин мактап, аларга ыраазычылык билдирүү маанилүү экенин түшүнүшөт (Накыл 3:27; 15:23). Алардын бир туугандарды мактаганы «мен сенин кылып жаткан жакшы иштериңди байкайм, сени аябай баалайм» дегенге тете. Ишенимдештер аксакалдардын бекемдээрлик сөздөрүнө абдан муктаж. Жашы 50дөн өтүп калган бир ишенимдеш эже мындай дейт: «Жумуштан жүрөк жылытарлык сөз дээрлик укпайсың. Жумуштагылар бири-бирине колдоо көрсөтүшпөйт, тескерисинче, бири-бирине атаандашып турушат. Ошондуктан аксакал жыйналыш үчүн кылган кайсы бир ишим үчүн мактаганда, төбөм көккө жете сүйүнүп калам. Ошондо асмандагы Атамдын мени сүйөрүнө ынанам». Эки баланы жалгыз тарбиялап жаткан бир ата да ушундай эле ойду айткан. Бир аксакал аны жакында эле чын жүрөктөн мактаган. Бул ага кандай таасир эткен? Ал: «Аксакалдан ошондой сөздөрдү укканда кадимкидей канат байлап калдым»,— деген. Чынында эле, ишенимдештерибизди чын ыкластан мактоо менен аксакалдар алардын көңүлүн көтөрүп, кубанышына өбөлгө түзүшөт. Бул болсо аларга өмүр жолунда чарчап-чаалыкпай, алга илгерилей берүүгө күч берет (Ыш. 40:31).

«КУДАЙДЫН... ЖЫЙНАЛЫШЫН КАЙТАРГЫЛА»

10, 11. а) Аксакалдар Некемия пайгамбарды кантип туурай алышат? б) Аксакалга кайтаруучулук жолугуу учурунда «рухий белек менен бөлүшүүгө» эмне жардам берет?

10 Дагы кайсы өзгөчө маанилүү жол менен аксакалдар бир туугандарга көңүл бөлүп, жыйналыштын кубанычына салым кошушат? Демилгени колго алып, алсырагандарды кайраттандыруу менен. (Оку: Элчилер 20:28.) Алар ошентүү менен байыркы учурдагы кайтаруучулардан үлгү алган болушат. Мисалы, Некемия пайгамбар айрым жүйүт бир туугандарынын рухий жактан алсырап калганын көргөндө эмне кылган? Ыйык Китепте анын дароо «туруп», аларды кайраттандырганы айтылат  (Нек. 4:14). Бүгүн да аксакалдар ошентүүгө умтулушат. Алар бир туугандарынын ишенимин бекемдөө үчүн «турушат», башкача айтканда, демилгени колго алышат. Жагдай-шарт жол берсе, аксакалдар алардын үйлөрүнө барып, «рухий белек менен бөлүшүүгө» аракет кылышат (Рим. 1:11). Аларга бул жагынан эмне жардам берет?

11 Кайсы бир бир тууганды бекемдегени барганга чейин аксакал ал жөнүндө ойлонууга убакыт бөлүшү керек. Ал бир тууган кандай кыйынчылыктар менен күрөшүп жатат? Кайсы ойлор ага дем-шык бериши мүмкүн? Кайсы аятты окуп берсе же Ыйык Китептеги кайсы каарман жөнүндө айтып берсе болот? Эгер аксакал ушулар тууралуу алдын ала ой жүгүртсө, көнүмүш сөздөрдү эле айтпастан, ал бир тууган менен маңыздуу пикир алышып, ага чындап жардам бере алат. Бир туугандардын ал-жайын сураганы барганда аксакал аларга да сөз берип, айткандарын кунт коюп угат (Жкп. 1:19). Бир ишенимдеш эже: «Аксакал дитин коюп укканда, кадимкидей жеңилдеп каласың»,— деген (Лк. 8:18).

Жакшы даярдануу аксакалдарга кайтаруучулук жолугууга барганда «рухий белек менен бөлүшүүгө» жардам берет

12. Жыйналышта кимдер бекемдөөгө муктаж жана эмне үчүн?

12 Кайтаруучулук жолугуудан кимдер пайда алышат? Элчи Пабыл аксакалдарга: «Бүт оторго сак болгула»,— деп кеңеш берген. Ооба, жыйналыштын бардык мүчөлөрү, анын ичинде көп жылдардан бери ишенимдүү кызмат кылып келаткан жарчылар менен пионерлер да аксакалдардын колдоосуна муктаж. Эмне үчүн? Анткени рухий жактан бекем бир туугандарга да бул дүйнөнүн кысымына туруштук берүү кыйынга турган учурлар болот. Эмне үчүн кээде атүгүл Кудайдын ишенимдүү кызматчысы да жардамга муктаж болорун айкыныраак түшүнүү үчүн Дөөтү падыша менен болгон окуяны карап көрөлү.

«АБЫШАЙ ДӨӨТҮГӨ ЖАРДАМГА КЕЛДИ»

13. а) Ишпибеноп Дөөтүгө качан кол салган? б) Абышай кандайча өз убагында Дөөтү падышага жардам берген?

13 Падыша болуп майлангандан көп өтпөй жаш Дөөтү репаимдерден, алптардын тукумунан, чыккан Голиатка жекеме-жеке  чыгат. Жолборс жүрөк Дөөтү ал алпты сулатат (1 Шем. 17:4, 48—51; 1 Жылн. 20:5, 8). Арадан жылдар өткөндөн кийин, пелиштиликтер менен болгон салгылашта Дөөтү Ишпибеноп деген дагы бир алп менен беттешет. Ал да репаимдердин тукумунан чыккан алп болгон (2 Шем. 21:16). Бирок ал жолкусунда тиги киши Дөөтүнү аз жерден өлтүрүп коё жаздайт. Эмне үчүн? Буга Дөөтү падышанын корккондугу эмес, анын алдан-күчтөн тайып калганы себеп болгон. Ыйык Китепте: «Дөөтү чарчады»,— деп айтылат. Ишпибеноп Дөөтүнүн чарчаганын байкаар замат «аны өлтүрөйүн дейт». Ал найзасы менен Дөөтүнү саяйын дегенде, «Зеруянын уулу Абышай Дөөтүгө жардамга келип, анын өзүн өлтүрүп» салат (2 Шем. 21:15—17). Ооба, Дөөтү падыша аз жерден өмүрү менен кош айтышып кала жаздаган. Ал Абышайдын ага көз салып турганына жана өмүрү кылычтын мизинде турганда жардамга келгенине кандай гана ыраазы болгон. Мындан кандай сабак алсак болот?

14. а) Голиаттай кыйынчылыктарды кантип жеңе алабыз? б) Аксакалдар башкаларга кайрадан кубанычка ээ болуп, күчкө толууга кантип жардам бере алышат? Мисал келтир.

14 Биз, Жахабанын Күбөлөрү, дүйнөнүн чар тарабында Шайтан менен анын таламдаштарынын ар кандай тоскоолдуктарына карабай Кудайга кызмат кылып жатабыз. Айрымдарыбыз Голиаттай кыйынчылыктар менен күрөшүп келебиз, бирок Жахабага толук таянуу менен аларды жеңип жатабыз. Бирок кээде бул дүйнөнүн кысымына каршы күрөшө берип чарчап-чаалыгабыз. Ошондой учурларда демейде моюн бербеген кыйынчылыктарга жеңдирип коюшубуз мүмкүн. Андайда аксакалдын өз убагында берген жардамынын аркасында кайрадан кубанычка ээ болуп, күчкө толобуз. 60тан ашып калган бир пионер эже: «Бир нече убакыт мурун өзүмдү жаман сезип жүргөм. Кызматтан да аябай чарчаган болчумун. Аксакал менин чарчап жүргөнүмдү байкап, жаныма басып келди. Экөөбүз Ыйык Китептин негизинде жакшы сүйлөштүк. Анын берген кеңештерин колдонуп, көп пайда алдым»,— деген. Анан: «Ошол аксакалдын чарчап жүргөнүмдү байкап, жардам бергенине терең ыраазымын»,— деген. Бизге көз салып, Абышайдай болуп жардамга келүүгө даяр аксакалдарыбыз бар экенине кандай гана кубанабыз!

«СИЛЕРДИ АЯБАЙ ЖАКШЫ КӨРӨРҮМДҮ БИЛГИЛЕ»

15, 16. а) Эмне үчүн Пабылды ишенимдештери аябай жакшы көрүшкөн? б) Жыйналыштагы камкор аксакалдарды эмне себептен жакшы көрөбүз?

15 Кудайдын оторун кайтаруу оор эмгекти талап кылат. Кээде аксакалдар Кудайдын оторунун жыргалчылыгы үчүн тиленип же ишенимдештерине рухий жактан колдоо көрсөтүп, уйкусуз түндөрдү өткөрүшөт (2 Кор. 11:27, 28). Ошентсе да алар, Пабылдай болуп, өз милдеттерин кубаныч менен, жан-дилден аткарышат. Ал Корунттагы ишенимдештерине: «Силердин жаныңар үчүн өзүмдө болгондун баарын жан-дилим менен сарптайм, өзүмдү да аябайм»,— деп жазган (2 Кор. 12:15). Чынында эле, Пабыл бир туугандарын сүйгөндүктөн аларды кайраттандырыш үчүн өзүн эч аяган эмес (Оку: 2 Корунттуктар 2:4; Флп. 2:17; 1 Тес. 2:8). Ошондуктан бир туугандардын аны аябай жакшы көргөнү таң калыштуу эмес (Элч. 20:31—38).

16 Бүгүн биз да жыйналыштагы камкор аксакалдарды жакшы көрөбүз жана Жахабага тиленүү менен кайрылганда алар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Алар бизге жекече көңүл бөлүү менен кубанычыбызга кубаныч кошушат. Алар кайтаруучулар катары бизге келип кеткенде, аябай сергип калабыз. Бул дүйнөнүн кыйынчылык-кысымына дуушар болгонубузда, бизге жардам берүүгө даяр болушканына да терең ыраазыбыз. Ооба, мындай мээрман аксакалдар — кубанышыбызга өбөлгө түзгөн кызматташтар.

^ абз. 5 Ошол эле бир туугандарга: «Сага аксакалдын өзгөчө кайсы сапатты чагылдырганы жагат?» — деген суроо берилген. Алардын көбү аксакалдын «кайрылганга оңой адам болгону» жагарын айтышкан. Бул сапат бул журналдын кийинки санында каралат.