Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Муса пайгамбар Кудайды, жакындарын сүйгөн

Муса пайгамбар Кудайды, жакындарын сүйгөн

СҮЙҮҮ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Сүйүү башкаларга карата жылуу сезимди туюну билдирет. Адам сүйөрүн сөзү менен да, иши менен да көрсөтөт. Атүгүл, ал үчүн курмандыкка барганга даяр болот.

СҮЙӨРҮН КАНТИП ДАЛИЛДЕГЕН?

Муса пайгамбар Кудайды сүйөрүн далилдеген. Кантип далилдеген? Ыйык Китептен: «Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу»,— дегенди окуйбуз (1 Жакан 5:3). Муса пайгамбар Кудайды сүйгөндүктөн анын буйруктарын дайыма аткарып жашаган. Кудай ага каардуу Мисир падышасынан ысрайылдыктарды кулчулуктан бошотушун талап кылышын буйруганда, ал тапшырманы аткаруу оңой эмес болсо да, баш ийип, Мисир падышасынын алдына барган. Ошондой эле Кудай Кызыл деңизди көздөй таягын сунушун буйруганда, ал жөнөкөй эле буйрук болсо да, аны аткарган. Ооба, Муса пайгамбар Кудайдын буйругун аткаруу кыйын болобу, оңой болобу, Кудай кандай буйруса, «так ошондой кылган» (Чыгуу 40:16).

Муса пайгамбар элди да сүйгөн. Ысрайылдыктар Кудай аларды жетектеп жүргөнгө Муса пайгамбарды дайындаганын билгендиктен ага ар кандай көйгөйлөрүн айтып келишчү. Ыйык Китепте: «Эртеден кечке эл биринин артынан бири келип, Мусанын алдында турушту»,— деп жазылат (Чыгуу 18:13—16). Күн сайын элдин көйгөйүн угуп отурган Муса пайгамбардын канчалык чарчаганын элестетсеңер. Бирок ал элди сүйгөндүктөн кабагым-кашым дебей жардам берген.

Ал элдин арыз-муңун угуп эле койбостон, аларга жардам беришин сурап Кудайдан тиленген. Ал тургай, ага жаман мамиле кылгандар үчүн да тиленген. Мисалга эжеси Мириям ага каршы чыгып, аны жамандаганда, Кудай Мириямды пес оорулуу кылып жазалаган. Ошондо Муса пайгамбар аны табалаган эмес, тескерисинче: «Оо, Кудай! Мириямды айыктыра көр!» — деп Кудайга жалынган (Сандар 12:13). Ал жакындарын чындап сүйбөсө, ушинтип тиленет беле?

КАНДАЙ ҮЛГҮ АЛСАК БОЛОТ?

Биз да, Муса пайгамбардай болуп, Кудайды сүйсөк, анын осуяттарын «чын жүрөктөн» аткарабыз (Римдиктер 6:17). Жахаба Кудайга чын жүрөктөн баш ийгенибизде, анын жүрөгү кубанат (Накыл сөздөр 27:11). Өзүбүз да пайда алабыз. Кудайга чын жүрөктөн кызмат кылсак, туура иштерди кылгандан тышкары, ал иштерди кылуудан ырахат алабыз (Забур 100:2).

Муса пайгамбардан үлгү алып, биз да жакындарыбызды сүйүшүбүз керек. Досторубуз же туугандарыбыз бизге кайгы-капасын айтканда, сүйүү 1) көңүл бөлүп, аларды кунт коюп укканга, 2) аларга боор ооруп, аларды түшүнгөнгө аракет кылганга жана 3) алар үчүн тынчсызданып жатканыбызды билдиргенге түрткү берет.

Ошондой эле жакындарыбыз үчүн тиленсек болот. Кээде алардын көйгөйүн укканда эмне кылышты билбей: «Сен үчүн тиленип турам»,— дегенден башка эч нерсе айта албаган учурлар болот. Бирок «адил адамдын жалындуу тиленүүсү зор күчкө ээ» экенин унутпагыла (Жакып 5:16). Биз тиленгенде, Жахаба Кудай ал адам үчүн Өзү ойлобогон нерсени кылып коюшу мүмкүн. Ырас, биз сүйгөн жакындарыбыз үчүн тиленгенден артык эмне кыла алабыз? *

Муса пайгамбардан көп жактан үлгү алсак болоруна кошуласыңарбы? Ал биздей эле пенде болсо да, Кудайга ишенүү, момун болуу, Кудайды жана башкаларды сүйүү жагынан мыкты үлгү калтырган. Анын үлгүсүнө кармансак, жакындарыбыз да, өзүбүз да пайда алабыз (Римдиктер 15:4).

^ абз. 8 Кудай тилегибизди угушу үчүн, анын талаптарын чын жүрөктөн аткарганга умтулушубуз керек. Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 17-бөлүмүн карагыла.