Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жүйүттүн инжили деген эмне?

Жүйүттүн инжили деген эмне?

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ көптөгөн гезиттерге 2006-жылдын апрель айында көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан макалалар басылып чыккан. Ал макалаларда окумуштуулардын «Жүйүттүн инжили» деп аталган байыркы кол жазманын мазмунун чечмелеп бергени айтылган. Андан сырткары, аларда Иса пайгамбарды сатып кеткен Жүйүткө карата болгон көз карашты түп-тамыры менен өзгөртөт деп ырастаган окумуштуулардын ою да жазылган. Ал окумуштуулар Жүйүттү Иса пайгамбарды баарынан жакшы түшүнгөн, душмандарына анын өтүнүчү боюнча кармап берип, жакшы иш кылган киши катары сүрөттөшкөн.

Ал кол жазмада айтылгандарга ишенсе болобу? Эгер ошондой болсо, ал чын эле Жүйүт Искариот, Иса пайгамбар жана анын 1-кылымдагы жолдоочулары жөнүндөгү жашыруун маалыматтарды ачып береби? Ал Иса пайгамбар жана анын окуулары жөнүндө билгендерибизге таасир этиши керекпи?

«ЖҮЙҮТТҮН ИНЖИЛИНИН» ТАБЫЛЫШЫ

«Жүйүттүн инжилинин» качан табылганы жана аны ким тапканы азыркыга чейин белгисиз. Ал жазманын табылганы археологдор тарабынан тастыкталган эмес, ошондой эле табылганы тууралуу эч кандай иш кагаздары толтурулуп, катталган эмес. Ал 1970-жылдардын аягында же 1980-жылдардын башында байыркы убактагы буюмдар сатылган базарда сатыкка коюлган. Ал жазма, кыязы, 1978-жылы Египеттеги бир үңкүрдүн ичиндеги эски көрүстөндөн табылган. «Жүйүттүн инжили» — төрт бөлүктөн турган копт тилиндеги (байыркы Египеттен тараган тил) байыркы китептин бир бөлүгү.

Кылымдар бою климаты кургак Египетте жаткан, булгаарыга оролгон жазма ал жактан алынып кеткенден кийин бат эле чирий баштаган. Ал жазманы 1983-жылы бир нече эле окумуштуу көргөн. Анын сатыкка коюлган баасы асмандын башы болгондуктан, аны эч ким сатып алган эмес. Кийин ал кол жазма тийиштүү түрдө сакталбагандыктан, ого бетер тамтыгы чыгып калган. 2000-жылы аны байыркы убактагы буюмдарды чогулткан щвейцариялык бир аял сатып алган. Ал аял кийинчерээк ал жазманы байыркы искусствону колдогон бир уюмдун жана Улуттук географиялык коомдун жетекчилиги астында изилдөө жүргүзгөн окумуштуулардын тобуна берген. Ал окумуштууларга чирип, үбөлөнө баштаган жазманы калыбына келтирүү иши тапшырылган. Ошондой эле окумуштуулар анын кайсы убакка таандык экенин аныкташы жана аны которуп, чечмелеп бериши керек болчу.

 Радиоуглероддук ыкма менен жазманын, болжолу, б.з. 3, 4-кылымдарына таандык экени аныкталган. Бирок окумуштуулар «Жүйүттүн инжили» грек тилинде жазылган түп нускадан кийинчерээк копт тилине которулган деп божомолдошот. «Жүйүттүн инжили» качан жана кандай абал өкүм сүрүп турган убакта жазылган?

«ЖҮЙҮТТҮН ИНЖИЛИ» — ГНОСТИКТЕРДИН ИНЖИЛИ

«Жүйүттүн инжили» тууралуу биринчи жолу Ириней Лионский деген диний жетекчинин б.з. 2-кылымынын аягына таандык болгон эмгегинде сөз кылынган. Ириней ал эмгегинде айрым диний топтордун окууларына каршы экенин билдирип, алардын бири жөнүндө мындай деп жазган: «Ал топтогулар башкалар билбеген нерселерди саткын Жүйүт гана билгенин, Иса пайгамбарды душмандарынын колуна салып бергенде маанилүү, жакшы иш кылганын жана анын айынан жердегилердин да, асмандагылардын да башы маң болгонун ырасташат. Ал топтогулар тарыхта болбогон нерсени ойлоп чыгарып жазып, аны „Жүйүттүн инжили“ деп аташкан» («Against Heresies»).

«Ал кол жазма Жүйүттүн убагында аны жакшы тааныган замандашы тарабынан да жазылган эмес»

Ириней башкалардан жашырылган билимге ээбиз деп ырастаган гностиктердин * көптөгөн окууларына каршы чыккан. Гностиктер бир нече топко бөлүнгөн жана ар бир топтун өздөрү туура көргөндөй чечмелеп алган окуулары болгон. Алар өздөрүнүн кол жазмаларына негизделип чечмеленген окууларын б.з. 2-кылымында кеңири жайылтышкан.

Гностиктердин андай кол жазмаларында Иса пайгамбардын көрүнүктүү элчилери анын айткандарын туура эмес түшүнгөнү жана анын окууларынын маани-маңызын айрымдары гана аңдай алганы тууралуу жазылгандар көп кездешет *. Гностиктердин айрымдары бул дүйнө адамдардын жанын камап турган «түрмө» дегенге бекем ишенишкен. Андыктан Еврей Жазмаларында айтылган «жараткан кудайды» башка кудайларга каршы чыккан, кичинекей, алсыз кудай деп эсептешкен. Андан тышкары, алар бул «сырды» чыныгы «билими» бар адам гана түшүнөт жана денесинен бошонууга умтулат деп ойлошкон.

Мындай ой-толгоо «Жүйүттүн инжилинде» да чагылдырылган. Ал инжил: «Иса пайгамбар сегиз күн бою Жүйүт Искариот менен сүйлөшүп, бул сырды ага Пасах майрамына үч күн калганда айткан»,— деген сөздөр менен башталат.

Ал кол жазма Ириней Лионский эмгегинде сөз кылган, кылымдар бою табылбай келген кол жазмабы? Бул кол жазманы изилдеп, которуу ишин жүргүзгөн биринчи топтун мүчөсү Марвин Мейер диний жетекчи Ириней кыскача сөз кылган жазма азыркы элди уу-дуу кылып жаткан «Жүйүттүн инжили» экенин айткан.

ЖҮЙҮТКӨ БАЙЛАНЫШТУУ КАЙЧЫ ПИКИРЛЕР

«Жүйүттүн инжилинде» Иса пайгамбар, шакирттери бир нерсени түшүнбөй калганда, аларды түркөйлүгү үчүн шылдыңдап күлгөнү жазылат. 12 шакиртинин ичинен Жүйүт Искариот гана Иса пайгамбарды жакшы түшүнгөнү айтылат. Ошондуктан Иса пайгамбар «падышалыктын сырларын» ага гана айтып берген делет.

Кол жазманы калыбына келтирген окумуштуулардын биринчи тобунун ишине Иринейдин инжил жөнүндө жазгандары таасир эткен. Ал окумуштуулардын котормосунда Жүйүт Иса пайгамбардын жакшы көргөн, сырларды түшүнгөн, «падышалыкка кире турган» шакирти катары сүрөттөлөт. Ал кол жазмада жаңылып калган элчилердин Жүйүттүн ордуна башканы тандашмактыгы, бирок Жүйүт кийинчерээк «он үчүнчү рух» болуп, баарынан [башка шакирттерден] чоңураак сыйлык алмактыгы жазылган. Ошондой эле Иса пайгамбардын ага: «Мага денемден бошонууга жардам бересиң»,— дегени айтылган.

Иса пайгамбардын алгачкы жолдоочуларынын тарыхын жана гностицизмди изилдеген белгилүү окумуштуу, жазуучу Барт Эрман менен Элен Пейжелстер,  «Жүйүт инжили» калыбына келтирилгенден кийин, дароо өздөрүнүн изилдөөсү, жазмага карата болгон көз карашы камтылган макаласын басып чыгарышкан. Бирок ошондон көп өтпөй эле башка окумуштуулар кайчы пикирин билдиришкен. Мисалы, Эйприл Деконик жана Биргер Пирсон деген окумуштуулар Улуттук географиялык коом элди уу-дуу кылган жаңылыкты жарыялагысы келгендиктен эле ал кол жазманы шашылыш түрдө басып чыгарганын айтышкан. Андан сырткары, ал кол жазма чыгарылардан мурун кайра каралбаганын, текшерилбегенин жана сынчылардын сынагынан өтпөгөнүн билдиришкен.

Деконик менен Пирсон көз карандысыз изилдөө жүргүзүп, биринчи топтогу окумуштуулардын жазманын айрым маанилүү жерлерин туура эмес которуп коюшканын аныкташкан. Деконик кайра иштеп чыккан «Жүйүттүн инжилинде» Иса пайгамбардын Жүйүттү «он үчүнчү рух» эмес, «он үчүнчү Жин-пери» деп атаганы жазылган *. Ошондой эле Иса пайгамбардын Жүйүткө «падышалыкка» кирбей турганын ачык айтканы берилген. Андан тышкары, Иса пайгамбардын Жүйүткө башка элчилерге караганда «чоңураак сыйлык» аласың деген сөзү эмес: «Бул денени өлтүрүп, баарынан жаман иш кыласың»,— дегени жазылган. Деконик «Жүйүттүн инжилин» байыркы гностиктердин элчилерди шылдыңдап жазган чыгармасы деп эсептейт. Деконик менен Пирсон ал кол жазманын түп нускасында Жүйүт Искариот оң каарман катары сүрөттөлгөн эмес деген жыйынтыкка келишкен.

«ЖҮЙҮТ ИНЖИЛИ» ЭМНЕНИ ТАСТЫКТАП ТУРАТ?

Ал кол жазмада Жүйүт оң каарман болгон деп ырасташабы же жин-пери болгон деп ырасташабы, аны изилдеген окумуштуулардын эч кимиси анда так маалымат камтылган деп айта албайт. Барт Эрман мындай дейт: «Ал инжилди Жүйүт жазган эмес. Аны, атүгүл өзүн Жүйүтмүн деп ырастаган киши да жазган эмес... Ал кол жазма Жүйүттүн убагында аны жакшы тааныган замандашы тарабынан да жазылган эмес... Андыктан аны Иса пайгамбардын убагында чынында кандай окуялардын болгонун билгенге жардам бере турган кошумча маалымат камтылган китеп деп айтууга болбойт».

«Жүйүттүн инжили» деп аталган, кыязы, б.з. 2-кылымына таандык болгон гностиктердин ал кол жазмасы башында грек тилинде жазылган. Ал Ириней Лионскийдин эмгегинде сөз кылынган инжилби же башкабы, азырынча окумуштуулар буга байланыштуу бир пикирге келе элек. Бирок «Жүйүттүн инжили» бир кездерде Иса пайгамбардын жолдоочуларынын окуулары бурмаланып, жолдоочуларынын бири-бирине атаандашкан бир нече топторго бөлүнүп кеткенин далилдеп турат. «Жүйүттүн инжили» Ыйык Китептин тууралыгына шек туудурбастан, тескерисинче, андагы: «Мен кеткенден кийин,.. шакирттерди ээрчитип кетиш үчүн өзүңөрдүн эле араңардан чындыкты бурмалап сүйлөгөн адамдар чыгат»,— деген сөздөрдүн калетсиз экендигин тастыктап турат (Элчилер 20:29, 30).

^ абз. 10 Гностиктер — гностицизм деп аталган диний-философиялык агымдын мүчөлөрү. Гностицизм христиан, иудаизм теологиясынан, грек философиясынан, байыркы чыгыштын диндеринен, мистикалык көз караштардын курандысынан келип чыккан.

^ абз. 11 Бул инжилдер көбүнчө Иса пайгамбардын айткандарын жакшы түшүнгөн деп эсептелгендердин атынан аталган. Алсак, «Томастын Инжили», «Магдалалык Мариямдын Инжили» деген кол жазмалар бар. Байыркы убакка таандык ушундай кол жазмалардын саны, баш аягы, 30дай болот.

^ абз. 18 Бул кол жазмада Жүйүттүн башка шакирттерге караганда Исанын чынында ким экенин жакшы билген жин-пери болгон дегенге ишенген окумуштуулар өздөрүнүн ырастоосун Исанын ким экенин айтып, катуу кыйкырган жиндер жөнүндөгү Ыйык Китептеги билдирүүгө дал келерин айтышат (Марк 3:11; 5:7).

Окумуштуулардын эч кимиси анда так маалымат камтылган деп айта албайт