Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бизге берилген рухий мурас

Бизге берилген рухий мурас

«Бул — Жахабанын кызматчыларына берилген мурас» (ЫШ. 54:17).

1. Жахаба адамзаттын жыргалчылыгы үчүн эмнени сактап келген?

ЖАХАБА — «тирүү жана түбөлүк Кудай». Ал өмүр берүүчү сөздөрүн адамзат үчүн ушул убакка чейин сактап келди. Ыйык Китепте айтылгандай, «Жахабанын сөзү түбөлүккө калат» (1 Пет. 1:23—25). Өзүнүн Сөзүнө биз үчүн абдан маанилүү маалыматты жаздырып, сактап койгону үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз!

2. Кудай өзүнүн Сөзүндө биз үчүн эмнени сактап келген?

2 Жахаба баарыбыздын анын ысымын билишибизди каалайт. Ыйык Жазмада «Жахаба» деген ысым биринчи жолу «асман менен жер жаратылгандагы» убак жөнүндөгү билдирүүдө айтылат (Башт. 2:4). Кудай Мусага Он осуятты бергенде таш лоокторго өзүнүн ысмын кереметтүү түрдө бир нече ирет жазган. Алсак, биринчи осуят: «Мен Жахабамын,.. Кудайыңмын»,— деген сөздөр менен башталат (Чыг. 20:1—17). Тарых бою Шайтан, Кудайдын ысмын адамдар билбеши үчүн, Ыйык Китепти жок кылууга далай жолу аракет кылып келген. Бирок Эгедер Теңир Жахаба буга жол берген эмес (Заб. 73:28).

3. Диний жалган түшүнүктөр аябай көп болсо да, Кудай эмнени сактап келген?

3 Жахаба өзүнүн Сөзүндөгү чындыкты да сактап келген. Диний жалган түшүнүктөр кеңири жайылып жаткан учурда Кудай бизге рухий жарыгын чачып, чындыкты ачып берип жатканына кандай гана ыраазыбыз! (Оку: Забур 43:3, 4.) Адамзаттын басымдуу бөлүгү чылк караңгылыкта жүрсө, биз Кудай берген рухий жарыктан ырахат алып жатабыз (1 Жкн. 1:6, 7).

КӨЗДҮН КАРЕГИНДЕЙ САКТАШ КЕРЕК БОЛГОН МУРАСКА ЭЭБИЗ

4, 5. 1931-жылдан бери биз кандай сыймыкка ээбиз?

4 Кудайдын кызматчылары катары биз баа жеткис мураска ээбиз. Бир түшүндүрмө сөздүктө: «Кайсы бир өлкөнүн мурасы болуп тургундарынын көп жылдардан бери калыптанып, муундан муунга өтүп келаткан сапаттары, каада-салттары,  жашоо мүнөзү саналат»,— делет («Collins Cobuild English Dictionary»). Биздин рухий мурасыбызга Кудайдын Сөзүн так билгенибиз, ал жана анын ой-ниети жөнүндөгү чындыкты айкын түшүнгөнүбүз кирет. Ошондой эле Кудайдын ысмы менен аталганыбыз да биздин мурасыбыз болуп эсептелет.

1931-жылы жыйында Жахабанын Күбөлөрү деген атты кабыл алганда абдан кубанганбыз

5 Кудайдын ысмы менен атала турганыбыз 1931-жылы Колумбуста (АКШ, Огайо) өткөн жыйында жарыяланган. Жыйындын программасында «JW» деген тамгалар жазылган эле. Ал тамгалардын эмнени билдирерин билбегендиктен бир туугандардын бүйүрү кызып, аларды ар кандай жорушкан. Чынында, ал эки тамга биздин жаңы аталышыбыздын баш тамгалары болгон. Мурда Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр деп аталып келсек, 1931-жылдын 26-июлунда, жыйындын ишемби күнкү бөлүгүндө эми Жахабанын Күбөлөрү (англисче «Jehovah’s Witnesses») деп аталарыбыз тууралуу резолюция кабыл алынган. Ыйык Китепке негизделген ал ысым менен аталарыбызды билүү ушунчалык жүрөк толкутарлык болгон. (Оку: Ышая 43:12.) «Ошондо кол чабуулар менен кыйкырыктардан улам жыйын өткөн жер солкулдай түшкөн»,— деп эскерет бир бир тууган. Бизден башка эч ким ал ысым менен аталууну каалаган эмес. Бирок Жахаба ал ысымды алып жүрүшүбүзгө 80 жылдан ашуун убакыттан бери жол берип келе жатат. Жахабанын Күбөлөрү болуу кандай зор сыймык!

6. Рухий мурасыбызга кайсы маалыматтар кирет?

6 Рухий мурасыбызга Кудайдын байыркы учурдагы кызматчылары жөнүндөгү маалыматтар да кирет. Маселен, Ыбрайымды, Ыскакты жана Жакыпты алалы. Ал уруу башчылары Жахабага жагуу үчүн эмне кылуу керектигин үй-бүлөсү менен талкуулап турушса керек. Ошондуктан Жусуптун «Кудайга каршы күнөө кылбаш» үчүн жыныстык адеп-ахлаксыздыкты четке какканы таң калыштуу эмес (Башт. 39:7—9). Биринчи кылымда Машаяктын жолдоочулары да Кудай жөнүндө бири-бири менен маектешишчү. Алсак, элчи Пабыл жыйналыштагыларга Машаяктын өзүнүн өлүмүн эскерүүгө байланыштуу эмне дегенин айткан (1 Кор. 11:2, 23). Бүгүнкү күндө биз да Кудайга «ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйынышыбыз» үчүн эмне кылышыбыз керектигин Ыйык Китептен биле алабыз. (Оку: Жакан 4:23, 24.) Ыйык Китеп бардык адамзат үчүн рухий жарыктын булагы болуп эсептелсе да, биз, Жахабанын кызматчылары, аны өзгөчө баалайбыз.

7. Биздин мурасыбыз жүрөк козгоорлук кайсы убаданы камтыйт?

7 Жахабанын биз тарапта экенин көрсөткөн, биздин адабияттарга чыккан билдирүүлөр да рухий мурасыбыздын бир бөлүгү болуп эсептелет (Заб. 118:7). Муну билүү бизге атүгүл куугунтукталганыбызда да өзүбүздү коопсуз сезгенге жардам берет. Барган сайын көбөйүп бараткан рухий мурасыбыз өз ичине төмөнкү жүрөк козгоорлук убаданы да камтыйт: «„Сага каршы жасалган бир да курал натыйжалуу болбойт, сен сотто өзүңө каршы чыккан ар бир тилди  айыпка жыгасың. Бул — Жахабанын кызматчыларына берилген мурас. Алардын адилдиги менден“,— дейт Жахаба» (Ыш. 54:17). Ырас, Шайтандын бир да куралы бизге түбөлүккө зыян алып келе албайт.

8. Ушул жана кийинки макалаларда эмнени карайбыз?

8 Шайтан Кудайдын Сөзүн жок кылууга, анын ысмын өчүрүүгө жана чындыкты жаап-жашырууга аракет кылып келет. Бирок анын аракеттеринен эч майнап чыккан жок, себеби Жахаба буга эч качан жол бербейт. Ушул жана кийинки макалада 1) Жахабанын өзүнүн Сөзүн, 2) ысмын жана 3) чындыкты кантип сактап келгенин жана аны кантип ачып берип жатканын карайбыз.

ЖАХАБА ӨЗҮНҮН СӨЗҮН САКТАП КЕЛЕТ

9—11. Ыйык Китептин ар кандай каршылыктарга карабай сакталып калганын кайсы мисалдар бышыктап турат?

9 Жахаба бардык тоскоолдуктарга карабай өзүнүн Сөзүн сактап келген. «Католик энциклопедиясында» мындай делет: «Альбигойлуктар менен вальдесчилерге каршы күрөш жүргүзүү максатында 1229-жылы Тулуза чогулушу чиркөөгө келгендерге [алардын тилиндеги Ыйык Китептерди] колдонууга тыюу салган... 1234-жылы Таррагонада (Испания) Жеймс Iнин жетеги менен өткөн жыйында да ошо сыяктуу тыюу салынган... 1559-жылы Павел IV Ыйык Палатанын уруксатысыз эне тилдеги Ы[йык Китептерди] басып чыгарууга жана аларга ээ болууга тыюу салганда, Римдеги чиркөө жетекчилиги ал ишке биринчи жолу кийлигишкен».

10 Ыйык Китепти жок кылууга канчалаган аракеттер жасалса да, Жахаба аны коргоп келген. Болжолу, 1382-жылы Жон Уиклиф менен анын шериктештери тарабынан которулган англис тилиндеги биринчи Ыйык Китеп жарык көргөн. Уильям Тиндаль да Ыйык Китепти англис тилине которгон. Ошондуктан аны 1536-жылы өлүм жазасына тартышкан. Ал устунга байланып турганда: «Теңир, Англия падышасынын көзүн ача көр»,— деп кыйкырган. Андан соң аны муунтуп өлтүрүп, өрттөп салышкан.

11 Ооба, Ыйык Китеп каршылыктарга карабай ушул убакка чейин сакталып келди. Мисалы, 1535-жылы Майлс Ковердейл которгон англис тилиндеги Ыйык Китеп жарык көргөн. Ковердейл Тиндаль которгон «Жаңы Келишимди» жана «Байыркы Келишимдин» Башталыштан Жылнаамаларга чейинки китептерин колдонгон. Ал Жазманын башка бөлүктөрүн латын тилинен жана Мартин Лютердин немис тилиндеги Ыйык Китебинен которгон. Азыр Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» айкын-так жана кызматта колдонууга оңой котормо катары жогору бааланат. Ооба, Жахабанын Сөзүн Шайтан да, адамдар да эч качан жок кыла албайт.

ЖАХАБА ЫСМЫН КОРГОП КЕЛГЕН

Тиндаль сыяктуу кишилер Кудайдын Сөзү үчүн өмүрүн беришкен

12. Жахабанын ысмынын сакталышында «Жаңы дүйнө котормосу» кандай роль ойноп келет?

12 Жахаба ысмынын өзүнүн Сөзүнө жазылып, сакталышына кам көргөн.  Бул жагынан «Жаңы дүйнө котормосу» чоң роль ойноп келет. Анын баш сөзүндө ишенимдүү котормочулардан турган комитет мындай деп жазган: «Бул котормо Кудайдын ысмы Ыйык Жазманын кайсы жеринде турушу керек болсо, ошол жерлердин баарында калыбына келтирилгени менен өзгөчөлөнөт. Кудайдын ысмы...— „Жахаба“. Еврей Жазмаларында бул ысым 6973 жолу, ал эми Грек Жазмаларында 237 жолу кездешет». Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» толугу менен же анын айрым бөлүктөрү 116дан ашуун тилге которулган жана 178545862 ашуун нускада басылган.

13. Кудайдын ысмы адамдарга адам баласы жаратылгандан тартып эле белгилүү деп эмне үчүн айта алабыз?

13 Кудайдын ысмы адамдарга адам баласы жаратылгандан тартып эле белгилүү. Алсак, Адам ата менен Обо эне ал ысымды билишкен жана колдонушкан. Нух пайгамбар да Кудайдын ысмын колдонгон. Мисалы, ал: «Жахабага, Шемдин Кудайына, алкыш»,— деген (Башт. 4:1; 9:26). Жахаба өзү да элине кайрылганда: «Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым. Өзүмө таандык даңкты башка эч кимге, мактоону оюп жасалган буркандарга бербейм»,— деген. Ошондой эле: «Мен Жахабамын, менден башка эч ким жок, башка Кудай жок»,— деп айткан (Ыш. 42:8; 45:5). Жахаба өзүнүн ысмынын сакталып калышына жана жер жүзүндөгү бардык адамдарга белгилүү болушуна кам көрүп келет. Жахабанын ысмын колдонуу жана анын Күбөлөрү катары кызмат кылуу кандай зор сыймык! Каймана мааниде айтканда, биз: «Кудайыбыздын ысмы менен тууларыбызды көтөрөбүз»,— деп кыйкыруудабыз (Заб. 20:5).

14. Кудайдын ысмы Ыйык Китептен башка дагы каякта кездешет?

14 Кудайдын ысмы Ыйык Китепте эле жазылган эмес. Мисалы, Дхибандан (Дибон), Жансыз деңизден чыгышка карай 21 км алыс жерден, табылган Маап ташын алалы. Ал ташта Ысрайыл падышасы Омри тууралуу жана Маап падышасы Мешанын Ысрайылга каршы жүргүзгөн жортуулу жөнүндө айткан сөздөрү жазылган (1 Пад. 16:28; 2 Пад. 1:1; 3:4, 5). Бирок бизди өзгөчө кызыктырган нерсе Маап ташында Тетраграмматон, тактап айтканда, Кудайдын ысмынын ЙХВХ деген еврей тамгалары менен берилген формасы кездешет. Ошондой эле Кудайдын ысмы Лакиш каттарында, Израилден табылган чопо буюмдардагы жазууларда, көп кездешет.

15. Септуагинта деген эмне жана ал кандайча пайда болгон?

15 Кудайдын ысмынын сакталып калышына Ыйык Китепти биринчилерден болуп которгон кишилердин кошкон салымы чоң. Б.з.ч. 607-жылдан б.з.ч. 537-жылга чейин созулган Бабыл туткунунан кийин айрым жүйүттөр Жүйүт жерине жана Ысрайылга кайтып барышкан эмес. Бирок убакыттын өтүшү менен алардын көбү Александрияга (Мисир) көчүп барышкан. Алар Еврей Жазмаларынын ошол учурда эл аралык тил болгон грек тилиндеги котормосуна муктаж болушкан. Б.з.ч. 2-кылымга чейин бүткөн ал котормо «Септуагинта» деп аталат. Анын айрым көчүрмөлөрүндө «Жахаба» деген ысымдын еврейче формасы кездешет.

16. 1640-жылы чыккан китепте Кудайдын ысмы колдонулганына мисал келтиргиле.

16 Англиянын Америкадагы колонияларында жарык көргөн биринчи китеп «Бей сам бук» («Bay Psalm Book») деп аталган китеп болгон. Анын алгачкы басылышында (1640-ж.) еврей тилинен англисчеге которулган Забур китеби камтылган. Ал котормонун бир канча жеринде Кудайдын ысмы кездешет. Алсак, Забур 1:1, 2де «баталуу кишинин» «ыймансыздардын кеңеши боюнча жүрбөй турганы», «бирок Жахабанын мыйзамынан ырахат алары» айтылган. Кудайдын ысмы тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Кудайдын ысмы түбөлүк турат» (ор.) деген китепчени карагыла.

ЖАХАБА РУХИЙ ЧЫНДЫКТЫ САКТАП КЕЛЕТ

17, 18. а) «Чындык» деген сөзгө кандай аныктама берет элең? б) «Жакшы кабарда камтылган чындыкка» эмнелер кирет?

17 Биз «чындыктын Кудайына» кубаныч  менен кызмат кылабыз (Заб. 31:5). Макаланын баш жагында айтылган сөздүктө: «Кайсы бир нерсе жөнүндөгү чындык ал жөнүндөгү божомолдонгон же ойдон чыгарылган нерселерди эмес, ал тууралуу бардык фактыларды билдирет»,— деп айтылган. Ыйык Китеп жазылган байыркы еврей жана грек тилдеринде «чындык» деген сөз так, туура, ишеничтүү, анык нерсеге карата айтылган.

18 Жахаба рухий чындыкты сактап келген жана бизге аны барган сайын кеңири ачып берүүдө (2 Жкн. 1, 2). Ырас, биз чындыкты уламдан-улам айкын түшүнүүдөбүз, себеби «адилдердин жолу күндүн жарыгындай; ал чак түш болгонго чейин уламдан-улам жарык боло берет» (Накыл 4:18). Иса Машаяк Кудайдан тиленгенде: «Сенин сөзүң — чындык»,— деп айткан. Биз анын сөздөрүнө толук кошулабыз (Жкн. 17:17). Кудайдын Сөзүндө «жакшы кабарда камтылган чындык» жазылган. Ал Машаяктын жолдоочулары катары ишенген бардык окууларыбызды билдирет (Гал. 2:14). Аларга Кудайдын ысмы, анын эгедерлиги, Иса Машаяктын куткаруу курмандыгы, тирилүү жана Падышалык жөнүндөгү фактылар кирет. Анда, келгиле, Шайтандын чындыкты жок кылууга жасаган аракеттерине карабай Кудай аны кантип сактап келгенин карап көрөлү.

ЖАХАБА ЧЫНДЫКТЫ ЖАШЫРУУГА ЖОЛ БЕРБЕЙТ

19, 20. Нимрот деген ким болгон? Анын башкаруусунун тушунда адамдар эмне кылууга аракет кылышкан?

19 Топон суудан кийин: «Жахабага каршы чыккан күчтүү аңчы Нимроттой»,— деген сөздөр айтылып калган (Башт. 10:9). Кудайга каршы чыгуу менен ал, чынында, Иса Машаяктын каршылаштарындай болуп, Шайтанга кызмат кылган. Алар жөнүндө Иса Машаяк: «Силердин атаңар — Ибилис. Силер атаңардын каалоосун аткаргыңар келет. Ал... чындыктан четтеп кеткен»,— деп айткан (Жкн. 8:44).

20 Нимрот Бабылга жана Тигр менен Эфрат дарыясынын ортосунда жайгашкан башка шаарларга бийлик кылган (Башт. 10:10). Бабыл шаары жана анын мунарасы б.з.ч. 2269-жылы анын жетекчилиги менен курулган деп божомолдоого болот. Жахабанын адамдардын бүт жер жүзүнө тарашына байланыштуу эркине каршы иш кылып, мунаранын куруучулары: «Келгиле, бүт жер жүзүнө тарап кетпешибиз үчүн, өзүбүзгө шаар менен асман тиреген мунара куралы да, атыбызды чыгаралы»,— дешкен. Бирок алардын ою ишке ашкан эмес. Себеби Жахаба «ошол жерде бүт жер жүзүндөгүлөр сүйлөгөн тилди аралаштырып», куруучуларды чачыратып жиберген (Башт. 11:1—4, 8, 9). Эгер Шайтан ошондой жол менен адамдардын баары ага сыйынышы үчүн, бир динди негиздөөнү каалаган болсо, анын ал тилеги таш капкан. Жахаба дайыма таза сыйынууну коргоп келген жана азыркы учурда ага сыйынгандардын саны күн сайын өсүүдө.

21, 22. а) Эмне үчүн жалган дин эч качан чыныгы сыйынууга олуттуу коркунуч туудура алган эмес деп айтууга болот? б) Эмки макалада эмнени карайбыз?

21 Жалган дин эч качан чыныгы сыйынууга олуттуу коркунуч туудура алган эмес. Эмне үчүн? Анткени Улуу Насаатчыбыз өзүнүн Сөзүнүн сакталып калышына, ысмынын адамдарга белгилүү болушуна жана рухий чындыктын адамдарга ачылып берилишине кам көрүп келген (Ыш. 30:20, 21). Кудайга чындыкка ылайык сыйынуу бизге кубаныч тартуулайт, бирок ан үчүн биз Жахабага толугу менен таянып, анын ыйык рухунун жетекчилигине баш ийүү менен дайыма рухий жактан сергек болушубуз керек.

22 Эмки макалада биз айрым жалган окуулардын кантип пайда болгонуна токтолобуз жана аларды Ыйык Жазманын негизинде талдап, алардын чындыкка төп келбей турганын карайбыз. Ошондой эле Жахабанын чындыктарды ачып берүү менен бизге батасын мол төгүп жатканын көрөбүз. Ал чындыктар — биздин баа жеткис рухий мурасыбыз.