Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Рухий мурасыбызды баалайсыңбы?

Рухий мурасыбызды баалайсыңбы?

«[Кудай] өзүнүн ысмы менен атала турган эл чогултуш үчүн башка элдерге назар салды» (ЭЛЧ. 15:14).

1, 2. а) «Дөөтүнүн... үйү» эмне болгон жана ал кандайча кайрадан курулган? б) Бүгүн кимдер Жахабанын кызматчылары катары биримдикте кызмат кылууда?

ЖЕТЕКТӨӨЧҮ КЕҢЕШТИН б.з. 49-жылы Иерусалимде өткөн тарыхый жолугушуусунда шакирт Жакып мындай деген: «Бир туугандар, мага кулак салгыла. Шымон [Петир] бизге Кудайдын өзүнүн ысмы менен атала турган эл чогултуш үчүн башка элдерге назар сала баштаганын айтып берди. Буга пайгамбарлардын бул сөздөрү дал келет: „Андан кийин кайрылып келип, Дөөтүнүн кулап калган үйүн кайра курам, урандыларын чогултуп, аны кайра калыбына келтирем. Ошондо бул элдин калдыгы бардык элдерден чыккан жана менин ысмым менен аталган адамдар менен бирге Жахабаны тырышчаактык менен издейт,— дейт Жахаба, ушул иштерди, байыртан белгилүү болгон нерселерди жасап келген Кудай“» (Элч. 15:13—18).

2 «Дөөтүнүн... үйү» анын тукумунан чыккан падышаларды билдирет. Ал «үй» Ситкия падыша тактан түшкөндө «кулаган» (Амос 9:11). Бирок ал, Дөөтү падышанын урпагы Иса Машаяк түбөлүккө падыша болуп дайындалганда, кайра курулмак (Жез. 21:27; Элч. 2:29—36). Шакирт Жакып ошол тарыхый жолугушууда Амос пайгамбардын жүйүттөрдөн жана башка улуттагылардан Падышалыктын мураскорлору тандаларын пайгамбарлык кылганын да көрсөткөн. Бүгүнкү күндө Иса пайгамбардын майланган жолдоочуларынын калдыгы жана миллиондогон «башка койлор» Жахабага кызмат кылып, Ыйык Китептеги чындыкты биримдикте жарлап жатышат (Жкн. 10:16).

ЖАХАБАНЫН ЭЛИ ТУТКУНГА КЕТЕТ

3, 4. Кудайдын эли Бабылда жүргөндө ишенимдүүлүгүн кантип сактаган?

3 Жүйүттөр Бабылга туткундалып кеткенде, «Дөөтүнүн... үйү» кулаганы айкын болгон. Бабылда жалган дин терең тамыр алса да, б.з.ч. 607-жылдан тартып б.з.ч. 537-жылга чейин созулган 70 жылдык туткунда Кудайдын эли ишенимдүүлүгүн сактап  кала алган. Биз да, алардай болуп, азыркы Шайтан бийлеген дүйнөдө ишенимдүү бойдон кала алабыз (1 Жкн. 5:19). Анткени биздин баалуу рухий мурасыбыз бар.

4 Ал мурасыбызга Кудайдын Сөзү кирет. Бабылда туткунда жүргөн жүйүттөрдүн колунда Ыйык Жазма толугу менен болгон эмес. Бирок алар Муса пайгамбар жазган Мыйзамды жана анда камтылган Он осуятты, «Сион ырларын», накыл сөздөрдү жакшы билишчү. Ошондой эле аларга Жахабанын аларга чейин жашаган ишенимдүү кызматчылары жөнүндө да маалым болгон. Ооба, алар Сионду эстеп ыйлашкан жана Жахабаны эч качан унутушкан эмес. (Оку: Забур 137:1—6.) Мунун баары аларга жалган окууларга жана ырым-жырымдарга толгон Бабылда жүргөндө Жахабадан алыстабаганга жардам берген.

ТРОИЦАНЫН ТАМЫРЫ ТЕРЕҢ КЕТЕТ

5. Байыркы Бабылда жана Мисирде кандай үч бирдиктүү кудайлар болгон?

5 Троицага, атап айтканда, үч бирдиктүү кудайга сыйынуу байыркы Бабылда кеңири жайылган. Бабылдын кудайларынын бири Синден (ай кудайы), Шамаштан (күн кудайы) жана Иштардан (түшүмдүүлүктүн жана согуштун кудайы) турган үч бирдиктүү кудай болгон. Ал эми байыркы Мисирде атадан, энеден жана уулдан турган үч бирдиктүү кудайларга сыйынышчу. «Уламыштар боюнча жаңы Ларусс энциклопедиясында»: «Алар үч кудайдан турса да, атасы дайыма башчысы боло берген эмес. Кээде ал тек гана бийлик кылган канышанын күйөөсү болгонуна топук кылган. Бийлик, негизинен, аял-кудайдын колунда болчу»,— деп айтылат («New Larousse Encyclopedia of Mythology»). Мисирдин үч бирдиктүү кудайларынын бири Осиристен, анын аялы Исидадан жана алардын уулу Гордон турган.

6. Троица дегенди кантип түшүндүрүп берет элең жана биз эмне үчүн ага ишенбейбиз?

6 Христиан дүйнөсү да Троицага ишенет. Дин кызматчылар Ата, Уул жана ыйык рух — баары биригип бир кудайды түзөт деп ырасташат. Бирок бул окуу Жахабаны үч бирдиктүү кудайдын бир эле бөлүгү катары көрсөткөндүктөн, анын эгедерлигине, кудуреттүүлүгүнө шек келтирет. Жахабанын кызматчылары мындай жалган окууга алданбайт, анткени алар ыйык рухтун жетеги менен жазылган: «Ук, Ысрайыл, Кудайыбыз Жахаба — жалгыз Жахаба»,— деген сөздөргө бекем ишенишет (Мыйз. 6:4). Бул сөздөрдү Иса пайгамбар да кайталаган. Ошон үчүн Кудайдын кызматчылары бул сөздөрдүн калетсиздигине эч шектенишпейт (Мр. 12:29).

7. Үч бирдиктүү кудайга ишенген киши эмне үчүн Жахаба Кудайга өмүрүн арнап, чөмүлө албайт?

7 Үч бирдиктүү кудай жөнүндөгү окуу Иса пайгамбардын өзүнүн жолдоочуларына берген: «Бардык элдерден шакирт даярдагыла. Аларды Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлдүргүлө»,— деген буйругуна да карама-каршы келет (Мт. 28:19). Иса пайгамбардын чыныгы жолдоочусу жана Жахабанын Күбөсү катары чөмүлүш үчүн адам Атанын — Жахабанын — эң жогорку абалды ээлей турганына жана Иса Машаяктын Кудайдын Уулу экенине ишениши керек. Андан тышкары, ал ыйык рухтун үч бирдиктүү кудайдын бир бөлүгү эмес, Кудайдын иш-аракет кылуучу күчү экенине ишениши талап (Башт. 1:2). Үч бирдиктүү кудайга ишенген киши Жахаба Кудайга өмүрүн арнап, чөмүлө албайт. Ырас, рухий мурасыбыздын бизди Кудайга тил тийгизген окуулардан коргоп келатканына кандай гана ыраазыбыз!

ЖИНДЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШУУНУН КҮЧ АЛЫШЫ

8. Бабылдыктар кудайларга жана жиндерге кандай карашкан?

8 Бабылдыктар кудайларга эле эмес, толгон-токой жалган окууларга, жиндерге ишенишчү жана алар менен байланышышчу. «Эл аралык стандарттуу ыйык китептик энциклопедияда» мындай деп айтылат: «Бабылдыктардын дининде кудайлардан кийинки эле орунду  адамдардын денесин жана акылын көптөгөн ооруларга чалдыктырып коё ала турган жиндер ээлечү. Ал динде жиндер менен өлөрчө салгылашууга өзгөчө маани берилчү. Ошондуктан бабылдыктар кайсы жерде болбосун, кудайларына кайрылып, ал жиндерден коргошун суранышкан» («The International Standard Bible Encyclopaedia»).

9. а) Бабылда жүргөндө көптөгөн жүйүттөр кандайча жалган диний түшүнүктөрдүн тузагына түшүп калышкан? б) Бизди жиндер менен байланышуудан эмне коргойт?

9 Бабылда кулчулукта жүргөндө көптөгөн жүйүттөр Ыйык Жазмага дал келбеген окууларга ишенип калышкан. Ал эми гректердин ой-түшүнүктөрү деңиз толкунундай каптаганда, көптөгөн жүйүттөр жиндер же жаман, же жакшы болот деген ойго ишене башташкан. Ошондуктан жиндердин оңой олжосуна айланышкан. Рухий мурасыбыз бизди жиндер менен байланышып, тузакка түшүп калуудан коргойт. Себеби биз Кудайдын бабылдыктардын жиндер менен байланышканын айыптаганын билебиз (Ыш. 47:1, 12—15). Мындан сырткары, Кудайдын айткандарына ылайык иш кылып, жиндер менен байланышуунун бардык түрүн четке какканыбыз да бизди коргойт. (Оку: Мыйзам 18:10—12; Аян 21:8.)

10. Улуу Бабылдын иштери менен окуулары жөнүндө эмне айтууга болот?

10 Бүгүнкү күндө Улуу Бабылга, жалган диндин дүйнөлүк империясына, таандык болгондор да, байыркы бабылдыктардай болуп, ар кандай жолдор менен жиндер менен байланышып келишет (Аян 18:21—24). Бир сөздүктө: «[Улуу] Бабыл көптөгөн империяларды жана маданияттарды кучагына алат. Бирок ал канча аймакты камтыганы же канча мезгил доорон сүргөнү менен эмес, бурканга табынуучулугу жетер чегине жеткени менен өзгөчөлөнөт»,— делет («Interpreter’s Dictionary of the Bible», Vol. 1, p. 338). Улуу Бабыл жиндер менен байланышканы, буркандарга сыйынганы жана башка күнөөлөрдү кылганы үчүн жакында жок кылынат. (Оку: Аян 18:1—5.)

11. Биздин адабияттарда кандай эскертүүлөр берилип келет?

11 Жахаба: «Сыйкырдуу күчтү колдоносуңар; мен буга чыдап тура албайм»,— деген (Ыш. 1:13). 19-кылымда да көптөгөн адамдар жиндер менен байланышчу. 1885-жылдын май айындагы «Сион күзөт мунарасында»: «Өлгөн киши башка дүйнөдө жашай берет деген түшүнүк жаңы түшүнүк эмес. Ал байыркы учурдагы диндерден жана уламыштардан тамыр алган»,— деп жазылган. Ал макалада кошумчалангандай, өздөрүн өлгөн адамдардын арбагындай кылып көрсөткөн жиндер өлгөндөр тирүүлөр менен сүйлөшө алат деген Ыйык Жазмага карама-каршы келген жалган түшүнүктү жамынып, көптөрдү адаштырышат. Мунун аркасында алар чыныгы жүзүн жашырып, кылымдар бою адамдардын ой жүгүртүүсүн бурмалап, жашоосун бийлеп келишет. «Ыйык Жазмада жиндер менен байланышуу жөнүндө эмне делет?» (англ.) деген мурун чыккан басылмада да ушундай эскертүүлөр берилген. Азыркы учурдагы адабияттар аркылуу да берилип келет.

АДАМДЫН ЖАНЫ ТИГИ ДҮЙНӨДӨ КЫЙНАЛАБЫ?

12. Ыйык рухтун жетеги менен Сулайман пайгамбар өлгөндөрдүн абалы жөнүндө эмне деген?

12 «Чындыкты таанып-билгендердин баары» жогорудагы суроонун жообун билишет (2 Жкн. 1). Биз Сулайман пайгамбардын төмөндөгү сөздөрүнө толук кошулабыз. Ал мындай деген: «Өлгөн арстанга караганда тирүү ит артык. Тирүүлөр өлөрүн билет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билбейт... Колуңан келген иштин баарын алыңдын жетишинче жасай бер. Анткени сен бара турган жайда — көрдө [адамзаттын жалпы мүрзөсүндө] — жумуш да, ой жүгүртүү да, билим да, акылмандык да жок» (Нас. 9:4, 5, 10).

13. Гректердин дини менен маданияты жүйүттөргө кандай таасир эткен?

13 Жүйүттөр өлгөндөрдүн абалы жөнүндөгү чындыкты жакшы билишкен. Бирок Грецияны Искендер Зулкарнайндын төрт аскер башчысы бөлүп алганда,  грек дини жана маданияты аркылуу Жүйүт менен Сирияны бириктирүүгө аракеттер жасалган. Натыйжада жүйүттөр адамдын жаны өлбөйт жана жамандык кылгандар тозокто жазаланат деген жалган окууларга ишенип калышкан. Тиги дүйнөдө адамдын жаны кыйналат деген түшүнүктү гректер ойлоп тапкан эмес, себеби, бир эмгекте айтылгандай, ага чейин эле бабылдыктар «тиги дүйнөнү кубаттуу жана мыкаачы кудайлар менен жиндер бийлеген, үрөйдү учурган нерселерге толгон жай» деп эсептешкен («The Religion of Babylonia and Assyria»). Ооба, бабылдыктар жандын өлбөстүгүнө ишенишкен.

14. Аюп жана Ыбрайым пайгамбарлар өлүм менен тирилүү жөнүндө эмнени билишкен?

14 Аюп пайгамбарда Ыйык Жазма жок болсо да, ал өлүм жөнүндөгү чындыкты билген. Ошондой эле Жахабанын, эгер ал өлүп кала турган болсо, аны тирилтүүгө куштар болгон мээримдүү Кудай экенин түшүнгөн (Аюп 14:13—15). Ыбрайым пайгамбар да тирилүүгө ишенген. (Оку: Еврейлер 11:17—19.) Ырас, алар жандын өлбөстүгүнө ишенишчү эмес, анткени өлбөй турган адамды тирилтүү мүмкүн эмес болмок. Кудай ыйык руху аркылуу Аюп пайгамбар менен Ыбрайым пайгамбарга өлгөндөрдүн кандай абалда болорун түшүнүүгө жана тирилүүгө ишенүүгө жардам бергени шексиз. Бул чындыктар да рухий мурасыбызга кирет.

«КУНДУН НЕГИЗИНДЕ ЭРКИНДИККЕ ЧЫГАБЫЗ»

15, 16. Биз күнөө менен өлүмдөн кантип куткарылганбыз?

15 Бизди Адам атадан тукум кууп өткөн күнөө менен өлүмдөн кантип куткарары жөнүндө чындыкты ачып бергени үчүн Кудайга абдан ыраазыбыз (Рим. 5:12). Иса Машаяк «өзүнө кызмат кылдырыш үчүн эмес, тескерисинче, өзү кызмат кылып, көптөр үчүн жанын кун катары бериш үчүн келген» (Мр. 10:45). «Иса Машаяк төлөгөн кундун негизинде эркиндикке чыкканыбызды» билүү кандай гана жүрөк жылытарлык! (Рим. 3:22—24).

 16 1-кылымда жашаган жүйүттөр жана башка улуттагы адамдар күнөөлөрү үчүн өкүнүп, Иса Машаяктын куткаруу курмандыгына ишеним артышы керек болчу. Болбосо алардын күнөөлөрү кечирилмек эмес. Бүгүнкү күн жөнүндө да ушуну айтууга болот (Жкн. 3:16, 36). Эгер адам үч бирдиктүү кудай, жандын өлбөстүгү сыяктуу жалган окууларга ишене турган болсо, ал кундан пайда ала албайт. Бирок биз пайда ала алабыз, анткени «[Кудайдын] сүйүктүү Уулу» жөнүндөгү чындыкты билебиз. Ал аркылуу «биз кундун негизинде боштондукка чыктык, күнөөлөрүбүз кечирилди» (Кол. 1:13, 14).

ЖАХАБАНЫН ЫСМЫ МЕНЕН АТАЛГАН ЭЛ КАТАРЫ АЛГА ИЛГЕРИЛЕЙ БЕРЕЛИ!

17, 18. Уюмдун тарыхы жөнүндө пайдалуу маалыматты кайдан таба алабыз жана аны изилдөөдөн кандай пайда алабыз?

17 Башка да көптөгөн окуулар, Кудайдын кызматчылары катары башыбыздан өткөн окуялар, рухий ийгиликтерибиз жана колубузда болгон материалдык нерселер биздин рухий мурасыбыз болуп эсептелет. Ондогон жылдардан бери «Жылдык китебибизге» дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан кабар айтуу ишибиз тууралуу көңүл толкутарлык билдирүүлөр чыгып келет. Биздин тарыхыбыз «Ишенимин иш жүзүндө көрсөткөндөр» (ор.) деген тасманын 1, 2-бөлүктөрүндө жана «Жахабанын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары» (ор.) деген сыяктуу китептерде чагылдырылган. Ошондой эле журналдарыбызга сүйүктүү ишенимдештерибиз айтып берген жүрөк козгоорлук окуялар чыгып турат.

18 Байыркы ысрайыл эли Кудайдын аларды Мисир кулчулугунан кантип куткарганы жөнүндө ой жүгүртүүдөн пайда алгандай эле, биз Жахабанын уюмунун тарыхын карап чыгуудан көп пайда алабыз (Чыг. 12:26, 27). Кудайдын кереметтүү иштерине күбө болгон карыя катары Муса пайгамбар: «Байыркы күндөрдү эсте, мурунку муундардын күндөрү жөнүндө ойлонгула. Атаңдан сура, ал сага айтып берет, карыялардан сура, алар сага айтып беришет»,— деген (Мыйз. 32:7). Жахабанын эли, жайытындагы койлору катары баарыбыз анын даңкын жар салып, кереметтүү иштерин жарыялай алабыз (Заб. 79:13). Ошондой эле тарыхыбызды изилдеп, сабак алып, келечекке максат коюшубуз керек.

19. Рухий жарыктан ырахат алып жаткандыктан биз эмне кылышыбыз керек?

19 Караңгылыкта адашып жүрбөгөнүбүзгө, тескерисинче, Кудай берген рухий жарыктан ырахат алып жатканыбызга кандай гана ыраазыбыз! (Накыл 4:18, 19). Эмесе, келгиле, Кудайдын сөзүн кылдат изилдейли жана Эгедер Теңир Жахабаны даңазалаган забурчудай болуп, чындык тууралуу башкаларга ынталуу жарыялайлы. Ал мындай деген: «Сенин, бир гана сенин адилдигиңди жар салам. Оо, Кудай, мени жаш кезимен бери үйрөтүп келатасың, мен азыркыга чейин сенин ажайып иштериң жөнүндө айтып жүрөм. Мени карыганымда да, чачым агарганда да таштаба, оо, Кудай, билегиңдин күчүн келерки муунга, кудуретиңди болочок урпактарга жарыя кылайын» (Заб. 71:16—18).

20. Бири-бирине байланышкан кандай талаш маселелер бар жана алар жөнүндө сен кандай ойдосуң?

20 Биз, Кудайдын ишенимдүү кызматчылары, анын эгедерлигине жана адамдардын кынтыксыздыгына байланыштуу талаш маселени билебиз. Биз Жахабанын Ааламдын Эгедери экени жана ал гана толук берилип кызмат кылышыбызга татыктуу экени жөнүндөгү төгүндөлгүс чындыкты жарыялайбыз (Аян 4:11). Анын рухунун жардамы менен момун адамдарга жакшы кабарды жарыялайбыз, кайгыргандарды жубатабыз (Ыш. 61:1, 2). Шайтан Кудайдын элинин жана бүт адамзаттын үстүнөн башкарууга аракет кылып келсе да, биз рухий мурасыбызды баалайбыз жана Ааламдын Эгедери Жахаба Кудайдын алдында кынтыксыздыгыбызды сактоого, аны түбөлүккө даңктоого чечкиндүүбүз. (Оку: Забур 26:11; 86:12.)