Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жүрөгүңдөгү ниеттерди баамдай бил

Жүрөгүңдөгү ниеттерди баамдай бил

Ыйык Китепте: «Жүрөк эң эле митаам, өтө бузулган»,— делет (Жер. 17:9). Жүрөгүң кайсы бир нерсени аябай каалаганда, аны ишке ашырууга шылтоо издеген учурларың болду беле?

Ыйык Китепте: «Жүрөктөн жаман ойлор, киши өлтүрүүчүлүк, ойноштук, бузуктук, уурулук, жалган жалаа, акарат сөздөр чыгат»,— деген эскертүү берилет (Мт. 15:19). Каймана жүрөгүбүз бизди алдап, Кудайдын эркине каршы иш кылганга түртүшү мүмкүн. Биз муну туура эмес иш кылып алганга чейин аңдабашыбыз ыктымал. Анда туура эмес иш кылып алганга чейин жүрөгүбүздөгү ниеттердин кандай экенин баамдаганга эмне жардам берет?

НИЕТТЕРИҢДИ КАНТИП БИЛСЕҢ БОЛОТ?

Ыйык Китепти күндө окуу жүрөгүбүздөгү ниеттерди текшерүүгө кандай жардам берет?

Ыйык Китепти күнүгө окуп, окугандарыңдын үстүнөн ой жүгүрт.

«Кудайдын сөзү тирүү жана күчтүү, кош миздүү ар кандай кылычтан курч. Ал ичибизге терең кирип, жан менен рухту ажыратат»,— деп жазган элчи Пабыл. Кудайдын Сөзү «жүрөктөгү ойлорду, ниеттерди айкын кылат» (Евр. 4:12). Ыйык Китепти изилдеп, ойлорубузду, иштерибизди текшергенибиз жүрөгүбүздөгү ниеттерибиздин кандай экенин баамдоого жардам берет. Андыктан Кудайдын Сөзүн күнүгө окуганыбыз жана анда жазылгандардын үстүнөн ой жүгүрткөнүбүз кандай гана маанилүү. Мунун аркасында Жахабанын ой жүгүртүүсүн, көз карашын өздөштүрө алабыз.

Ыйык Китептеги кеңештерди кабыл алуу жана андагы принциптерди колдонуу абийирибизге, башкача айтканда, ак менен караны айырмалай билүүгө жардам берген ички туюмубузга таасир этет (Рим. 9:1). Абийирибиз туура эмес иштерибизди актоодон сактайт. Анын үстүнө, Ыйык Китепте  бизге сабак болушу үчүн «эскертүү иретинде жазылган» окуялар камтылган (1 Кор. 10:11). Алардан сабак алсак, туура эмес иш кылбайбыз. Ниеттерибизди текшерүү үчүн дагы эмне кылсак болот?

Тиленүүлөрүбүз ички дүйнөбүздүн кандай экенин билүүгө жардам берет

Кудайдан жүрөгүңдөгү ниеттерди билүүгө жардам беришин сура.

Жахаба — «жүрөктү сынаган» Кудай (1 Жылн. 29:17). Ал «жүрөгүбүздөн чоң жана баарын билет (1 Жкн. 3:20). Кудайды алдоого мүмкүн эмес. Эгер тиленгенде тынчсызданууларыбызды, сезимдерибизди, каалоолорубузду ачык айтсак, ал бизге жүрөгүбүздөгү ниеттерди көрүүгө жардам берет. Кудайдан атүгүл «таза жүрөк салышын» сурансак болот (Заб. 51:10). Андыктан жүрөгүбүздүн эмнеге тартылып турарын билүү үчүн тиленгенибиз абдан маанилүү.

Жолугушуулар аркылуу жүрөгүбүздөгү ниеттерди аныктай алабыз

Жыйналыш жолугушууларында айтылгандарды кунт коюп ук.

Бул ички дүйнөбүздү — каймана жүрөгүбүздү — чынчылдык менен текшерүүгө көмөк кылат. Ар бир жолугушуудан жаңы ой укпасак да, аларга катышуунун аркасында Ыйык Китептеги принциптерди жакшы түшүнө алабыз жана жүрөгүбүздү текшерүүгө жардам бере турган баалуу кеңештерди угабыз. Ички дүйнөбүздү жаңыртууда бир туугандардын берген жоопторунун да ролу чоң (Накыл 27:17). Ал эми дайыма жыйналыш жолугушууларына барып, бир туугандар менен пикир алышпасак, обочолонуп кетишибиз, ошонун аркасында зыян тартып калышыбыз мүмкүн. Натыйжада «өзүмчүл каалоолорубузга» жетектеле баштайбыз (Накыл 18:1). Ошондуктан өзүбүздөн: «Мен жыйналыш жолугушууларынын баарына калтырбай барып турамбы жана алардан пайда алып жатамбы?» — деп сурап көрүшүбүз керек (Евр. 10:24, 25).

ЖҮРӨГҮБҮЗ БИЗДИ КАНТИП АЛДАП КОЮШУ МҮМКҮН?

Митаам жүрөгүбүз бизди жашообуздун көп тармагында алдап коюшу мүмкүн. Келгиле, алардын төртөөнө: дүнүйө-мүлк топтоого, ичимдик ичүүгө, чөйрө тандоого жана эс алууга токтолуп көрөлү.

Дүнүйө-мүлк топтоого умтулуу.

Өзүбүздү зарыл нерселер менен камсыз кылгыбыз келгени табигый нерсе. Анткен менен Иса пайгамбар материалдык нерселерге өтө көп маани берүү кооптуу экенин көрсөткөн мисал айткан. Ошол мисалында ал кампалары толуп калган бай киши жөнүндө айтат. Анын кампалары толуп калгандыктан, түшүмүн жыйнаганга жери калбай калат. Ошондуктан кампаларын бузуп, чоңураак кампаларды курууну чечет. Ал: «Эгинимдин баарын, бүт мүлкүмдү ошол жерге жыйнайын. Анан өзүмө: „Жаным, сенде көп жылдарга жете турган байлык бар. Ошондуктан эс ал, ичип-же, көңүл ач“,— деп айтам»,— деп ойлойт. Бирок ал киши маанилүү бир чындыкты эстен чыгарып койгон: эгер ал ошол эле түнү өлүп калса, анын бүт эмгеги текке кетмек (Лк. 12:16—20).

Жашыбыз өткөн сайын, карыганда кимдир бирөөгө көз каранды болуп калбайын деп тынчсыздангандыктан жыйналыш болгон күндөрү да кошумча иштешибиз же кызматка аз чыгышыбыз же Кудайдын кызматчылары катары аткарган башка милдеттерибизге кош көңүл карай башташыбыз мүмкүн. Эгер өзүбүздөн ушу сыяктуу нерселерди байкап жатсак, өзгөрүүгө аракет кылышыбыз керек. Же жаш болуп туруп жана толук убакыт кызмат кылуудан өтөрү жок экенин түшүнүп туруп, адегенде бутума туруп алайын деген ойдо пионердик кызматты баштоону кийинкиге калтыра беришибиз ыктымал. Эгер ошондой болсо, азыр  Кудайдын көз алдында бай болууга бүт күчүбүздү жумшай турган убак экенин унутпашыбыз зарыл. Эртең тирүү болобузбу, жокпу, эч кимибиз билбейбиз.

Ичимдик ичүү.

Ыйык Китепте: «Шарапка мас болгондордун... арасында болбо»,— деп айтылат (Накыл 23:20). Эгер адам спирт ичимдиктерине жакын болсо, дайыма иче берсем деле эчтеке болбойт деп ойлошу мүмкүн. Ал мас болуш үчүн эмес, жөн эле эс алыш үчүн ичип жатам деши ыктымал. Эгер эс алыш үчүн бизге сөзсүз эле ичимдик керек болсо, жүрөгүбүздү калыстык менен текшерип көрүшүбүз керек.

Кимдер менен пикир алышарыбызды тандоо.

Албетте, айрым учурларда, мисалы, мектепте, жумушта, кабарда жүргөндө ишенимдешибиз болбогон кишилер менен такыр пикир алышпай коё албайбыз. Бирок алар менен жакын пикир алмашуу же достошуу туура эмес болуп калмак. Алардын көп жакшы сапаттары бар деп актанабызбы? «Алданбагыла. Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат»,— делет Ыйык Китепте (1 Кор. 15:33). Кичинекей эле кир таза сууну булгагандай эле, Кудайга жакпаган иштерди кылгандар менен дос болсок, Кудай менен болгон мамилебизге доо кетиши мүмкүн. Натыйжада дүйнөдөгү адамдардай ой жүгүртүп, алардын кийген кийимин, сүйлөгөн сөзүн, жүрүм-турумун туурай башташыбыз ыктымал.

Эс алуу.

Заманбап технология көңүл ачуунун көптөгөн түрлөрүнө эшикти кенен ачууда. Бирок алардын көбү Кудайдын кызматчылары үчүн ылайык келбейт. Элчи Пабыл: «Араңарда... ар кандай ыпыластык... жөнүндө сөз да болбосун»,— деп жазган (Эф. 5:3). Эгер жүрөгүбүздө ыпыластыкка жаткан нерселерди көрүүнү же угууну каалап жатсакчы? Андайда: «Баарыбыз эле бир аз эс алып, көңүл ачууга муктажпыз. Кандай көңүл ачарымды өзүм чечем»,— деп ойлошубуз мүмкүн. Эгер ошентип жатсак, анда элчи Пабылдын кеңешине кулак кагып, ыпыластыкка жаткан эч нерсени көрбөөгө жана укпоого бүт күч-аракетибизди жумшайлы.

ӨЗГӨРӨ АЛАБЫЗ

Эгер митаам жүрөгүбүзгө алданып, туура эмес иштерибизди актап жүргөн болсок, анда туура эмес жолдон бурулуп, өзгөрүлүүгө кеч эмес (Эф. 4:22—24). Келгиле, эки бир тууганыбыздын башынан өткөн окуяларды карап чыгалы.

Мигелге * материалдык нерселерге карата көз карашын өзгөртүүгө туура келген. Ал мындай дейт: «Мен аялым, уулум менен акыркы үлгүдөгү, эң мыкты деп эсептелген техникага ээ болууга жана ыңгайлуу шарттарда жашоого өтө көп маани берилген өлкөдө жашачумун. Дүнүйөкор болбой туруп эле, дүйнө сунуштаган нерселердин баарына ээ боло алам деп ойлоп, байлыкка берилип кеткен учурум болгон. Көп өтпөй дүйнө сунуштаган нерселердин аягы болбой турганын түшүндүм. Ошондо Жахабага кайрылып, жүрөгүмдөгү ниеттерди, көз карашымды өзгөртүшүн сурап тилендим. Ошондой эле үй-бүлөм менен ага көбүрөөк кызмат кылгым келерин айттым. Ошентип, жашообузду жөнөкөйлөтүп, жарчыларга муктаждык көбүрөөк жерге көчүп барууну чечтик. Көп өтпөй пионердик кызматты баштадык. Жашоого ыраазы болуп, бактылуу болуш үчүн сөзсүз эле көп дүнүйө-мүлккө ээ болуунун зарылдыгы жок экенин түшүндүк».

Ли жүрөгүндөгү каалоо-ниеттерин текшерүүнүн аркасында жаман чөйрөгө аралашпай калган. Ал мындай дейт: «Жумушума байланыштуу чет өлкөлүк ишкерлер менен көп убакыт өткөрүүгө туура келчү. Алар менен жолугушууда ичимдик көп ичилерин билсем да, андай жолугушуулар мага аябай жакчу. Ал жактан ашыкча ичип алып, эртеси абийирим кыйнаган учурларым көп болгон. Андыктан жүрөгүмдү текшеришим керек болду. Кудайдын Сөзүндөгү кеңештер, аксакалдардын насааттары мага чынында мен жүрөгүмдө Жахабаны жакшы көрбөгөн адамдар менен болууну каалаарымды аныктоого жардам берди. Азыр мен ал ишкерлер менен азыраак жолугушуш үчүн жумуштарымды мүмкүн болушунча телефон аркылуу бүтүрөм».

Биз өзүбүздү эч качан алдабашыбыз, жүрөгүбүздөгү ниеттерди аныктай билишибиз керек. Ан үчүн «жүрөктөгү сырларды билген» Жахабага кайрылып, жардам сурашыбыз зарыл (Заб. 44:21). Андан тышкары, күзгүгө салыштырылган Кудайдын Сөзүн окушубуз кажет (Жкп. 1:22—25). Ошондой эле биздин адабияттарга чыккан жана жыйналыш жолугушууларында айтылган кеп-кеңештерге да кулак какканыбыз маанилүү. Ушул чаралар бизге жүрөгүбүздү сактоого жана адилдик жолунан чыкпоого жардам берет.

^ абз. 18 Ысымдар өзгөртүлдү.