Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА: ИСА ПАЙГАМБАРДЫН ТИРИЛГЕНИ КАНДАЙ МААНИГЕ ЭЭ?

Иса пайгамбар чын эле тирилди беле?

Иса пайгамбар чын эле тирилди беле?

МЫНДАН 2500 жыл мурда жашаган грек философу Геродот өзүнүн күндөрүндөгү мисирликтер жөнүндө мындай деп жазган: «Бай адамдардын шаан-шөкөтүнүн соңунда кызматчылардын бири өлгөн адамдын кейпине окшоштурулуп жасалып, абдан кооздолгон, узундугу 0,5—1 метрдей болгон табытка салынган сөлөкөттү конокторго көрсөтүп чыкчу. Ар бирине көрсөтүп жатып: „Өлгөн соң ушуга эле окшоп каласың, андыктан ичип-жеп, ойноп-күл“,— деп айтчу».

Жашоого, өлүмгө карата болгон ошондой көз караш мисирликтерге гана мүнөздүү болгон деп айтууга болбойт. Бүгүнкү күндө да көптөр «ичип-жеп, көңүл ачалы» деп жашашат. «Өлүм менен баары бүтүп кала турган болсо, жыргап-куунап гана күн өткөрүш керек эмеспи? Туура иш кылуунун эмне кереги бар?» деген көз караштагы адамдарга жалаң гана жашоонун ырахатын көрүп жашоо туурадай сезилиши мүмкүн. Элчи Пабыл өлгөндөрдүн тирилерине ишенбегендер жөнүндө сөз кылып: «Эгер өлгөндөр тирилбесе, анда ичип-жейли, анткени эртең өлөбүз»,— деп айткан (1 Корунттуктар 15:32).

Албетте, ал өлүм менен баары бүтүп калат дегенге ишенген эмес, өлгөндөрдүн тирилип, түбөлүк жашаарына бекем ишенген. Анткени Иса пайгамбардын тирилгенин * төгүндөлгүс, эч ким тана албаган чындык деп эсептеген. Иса пайгамбардын тирилгени анын 1-кылымдагы жолдоочуларынын ишенимин бекемдеген, зор мааниге ээ кайталангыс окуя болгон.

Иса пайгамбардын тирилгени биз үчүн кандай мааниге ээ? Анын чын эле тирилгенин кайдан билүүгө болот? Келгиле эмесе, элчи Пабылдын буга байланыштуу Иса пайгамбардын Корунттагы жолдоочуларына эмне деп жазганына токтололу.

 ИСА ПАЙГАМБАР ТИРИЛБЕГЕН БОЛСО...

Иса Машаяктын байыркы Корунттагы жолдоочуларынын айрымдары анын тирилгенине ишениш керектигин же ишенбеш керектигин билбей башы катса, кээ бирлери өлгөндөр тирилбейт дешкен. Элчи Пабыл аларга жолдогон биринчи катында тирилүү болбосо, кандай болмоктугу жөнүндө мындай деп жазган: «Эгерде өлгөндөр тирилбесе, анда Машаяк да тирилген эмес. Ал эми Машаяк тирилбеген болсо, анда, албетте, кабар айтканыбыздын да, ишенгенибиздин да пайдасы жок. Андан тышкары, Кудай жөнүндө жалган күбөлөндүргөн да болобуз... Анда ишенгениңер да куру бекер, күнөөлөрүңөр да кечирилген жок... Машаяктын шакирттери катары өлүм уйкусуна кеткендер да биротоло жок болушту» (1 Корунттуктар 15:13—18).

«Бир эле учурда 500дөн ашык бир тууганыбызга көрүнгөн... Андан кийин Жакыпка, анан элчилердин баарына көрүнгөн. Эң акырында болсо... мага да көрүнгөн» (1 Корунттуктар 15:6—8).

Ал сөзүнүн башында: «Эгер өлгөндөр тирилбесе, Иса Машаяк да тирилген эмес»,— деген. Иса пайгамбардын тирилгенин эч ким тана алмак эмес. Эгер ал тирилбеген болсо, кандай болмок? Анда алардын жакшы кабар айтканы бекер болмок, алдамчылыкка да жатмак. Чынында, Иса пайгамбардын тирилгени жөнүндө айтылгандар Кудайдын эгедерлиги, ысымы, өкмөтү жана адамдардын куткарылышы жөнүндөгү Ыйык Китептеги негизги окуулар менен тыгыз байланышта. Эгер ал тирилбеген болсо, элчи Пабылдын жана башка шакирттердин айткандары куру сөз болуп калмак.

Андан сырткары, Иса пайгамбардын жолдоочуларынын ага ишенгени бекер болуп калмак жана жалган нерсеге ишенген болмок. Ошондой эле элчи Пабыл жана башкалар Иса пайгамбардын тирилгени жөнүндө эле эмес, аны тирилткен Жахаба Кудай жөнүндө да калп айткан болуп калышмак. Эң маанилүүсү, Иса пайгамбардын «биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлгөнү» да калп болмок. Иса пайгамбар өз өмүрүн сактай албаса, башкалардын өмүрүн сактай алат беле? (1 Корунттуктар 15:3). Ал тирилбеген болсо, Кудайдын аларды тирилтерине бекем ишенген, берилгендигин сакташ үчүн өмүрүнөн айрылган жолдоочулары жалган нерсеге ишенген болушмак.

Элчи Пабыл сөзүнүн аягында: «Эгер биз Машаякка бул жашоодо гана үмүттөнсөк, анда биз баарынан шордуубуз»,— деген (1 Корунттуктар 15:19). Ал өлгөндөрдүн тирилерине бекем ишенгендиктен, Иса пайгамбардын башка жолдоочуларындай эле, көп нерседен айрылган, куугунтукталган, көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөн жана өмүрүнөн ажыраган. Өлгөндөр тирилбей турган болсо, ушунун баары куру бекер болуп калмак.

ЭМНЕ ҮЧҮН ИШЕНСЕ БОЛОТ?

Элчи Пабыл Иса пайгамбардын жолдоочулары ишенген нерселердин чындык экенинен күмөн санаган эмес. Ал Иса пайгамбардын тирилгенине бекем ишенген. Ошондуктан буга кандай далилдер бар экени жөнүндө корунттуктарга мындай деп жазган: «Ыйык Жазмага ылайык, Машаяк биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлүп, көргө коюлган жана Ыйык Жазмага ылайык, үчүнчү күнү тирилген, анан Кейфага, кийин он эки элчиге * көрүнгөн. Андан соң бир эле учурда 500дөн ашык бир тууганыбызга көрүнгөн. Алардын көбү азыр деле арабызда жүрөт, кээ бирлери өлүм уйкусуна кеткен. Андан кийин Жакыпка, анан элчилердин баарына көрүнгөн. Эң акырында... мага да көрүнгөн» (1 Корунттуктар 15:3—8).

Элчи Пабыл сөзүнүн башында Иса Машаяктын биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлүп, көргө коюлганын жана тирилгенин айткан. Ал буга эмне үчүн бекем ишенген? Мунун бир себеби анын тирилгенине көптөр күбө болгон. Ал тирилгенден кийин жолдоочуларына (анын ичинде элчи Пабылга) алар жалгыз болгондо да, топ болуп турганда  да көрүнгөн. Атүгүл анын тирилгенине 500 киши күбө болгон. Алардын көбү башында Иса пайгамбардын тирилгенине ишенишкен эмес (Лука 24:1—11). Элчи Пабылдын убагында ошол адамдардын көбүнүн көзү тирүү болчу жана алар көргөндөрүн ырастап бере алышмак (1 Корунттуктар 15:6). Иса пайгамбардын тирилгенин бир-эки эле киши көрсө, аларга ишенбей деле койсо болмок. Бирок анын тирилгенине 500дөн ашык киши күбө болгон.

Белгилей кетчү нерсе, элчи Пабыл Иса пайгамбардын өлүп, көргө коюлганы, тирилгени жөнүндө эки жолу сөз кылганда экөөндө тең «Ыйык Жазмага ылайык» деп айткан. Бул байыркы убакта жашаган пайгамбарлардын Иса Машаяк жөнүндө айткандарынын так аткарылганын жана анын чынында эле Машаяк болгонун тастыктап турат.

Иса пайгамбардын тирилгенине көптөр күбө болсо да жана анын тирилгенин Ыйык Китепте жазылгандар тастыктап турса да, көптөр азыркы күнгө чейин анын тирилгенинен шек санап келишет. Айрымдар анын сөөгүн шакирттери уурдап кетип, тирилди деп айтып коюшкан деп ырасташат. Бирок көпчүлүгү карапайым калктан чыккан шакирттери, Иса пайгамбардын сөөгүн уурдап кеткиси келген күндө да, мүрзөнүн оозун кайтарып турган алибеттүү Рим аскерлерине каршы турганга күчү жетмек эмес, аларга сөзү да өтмөк эмес. Башкалар болсо шакирттерге Иса пайгамбар эмес, жөн гана элес көрүнгөн деген ойдо. Бирок анын тирилгенден кийин көп адамдарга ар кайсы учурда көрүнгөнү жөнүндөгү билдирүүлөр бул ырастоону жокко чыгарат. Ошондой эле Ыйык Китепте анын тирилгенден кийин Галилея деңизинин жээгинде шакирттерине балык бышырып бергени айтылат. Элестин балык бышырганына ишенүү акылсыздыкка жатып калмак (Жакан 21:9—14). Андан сырткары, элести кармап көрүү мүмкүн эмес, ал эми Ыйык Китепте Иса пайгамбардын шакирттерине денесин кармап көрүүнү айтканы жазылат (Лука 24:36—39).

 Ошондой болсо да айрымдар Иса пайгамбардын тирилгенин анын шакирттери ойдон чыгарып коюшкан дешет. Бирок алар ошентип калп айтуудан эмне пайда тапмак эле? Иса пайгамбардын тирилгени жөнүндө кабар айтканы үчүн, аларды шылдыңдашкан, куугунтукташкан, атүгүл өлтүрүшкөн. Алар жалган нерсе үчүн ушунчалык азап тартып, өмүрүн тобокелге салат беле? Анын үстүнө, алар Иса пайгамбардын тирилгенин көргөнүн айтууга тыюу салган Иерусалимдеги айыгышкан каршылаштарынын алдында ырасташкан.

Иса пайгамбардын тирилгени анын шакирттерине каршылыктарга, атүгүл мыкаачылык менен коштолгон куугунтуктарга карабай, Иса Машаяк жөнүндө жарыялоого кайрат берген. Иса пайгамбардын тирилгени анын жолдоочулары ишенген нерселердин өзөгүнө айланган. Алар өлүм жазасына тартылган акылдуу устаты жөнүндө жар салуу үчүн эле башын өлүмгө байлашкан эмес. Иса пайгамбардын тирилгени анын Машаяк болгонун, Кудайдын Уулу экенин жана аларды колдоп, жетектеп жаткан кубаттуу рухий жаратуу экенин далилдеп тургандыктан, ал шакирттер анын тирилгени жөнүндө жар салуу үчүн өмүрүнөн айрылганга да даяр болушкан. Ошондой эле анын тирилгени жолдоочуларынын көзү өтүп кетсе, алардын да тирилерин көрсөтүп турган. Ырас, эгер Иса пайгамбар тирилбесе, анын жолдоочулары болмок эмес. Биз да ал жөнүндө такыр укмак эмеспиз.

Анын тирилгени биз үчүн кандай мааниге ээ?

^ абз. 5 Ыйык Китептеги «тирилүү» деп берилген грек сөзүн түзмө-түз которгондо «кайра туруу» деген маанини туюнтат. Бул болсо адам тирүү кезинде кулк-мүнөзү кандай болсо, ошондой болуп тирилерин, тирилгенде өзүнүн ким экени жана эс тутумунда болгон нерселердин баары эсинде болорун көрсөтүп турат.

^ абз. 13 Жүйүт Искариот өлгөндөн кийин 12 эмес, 11 элчи болсо да, 12 элчиге көрүнгөн деп айтылган. Иса пайгамбар бир жолу элчилерине көрүнгөндө, арасында Томас болгон эмес. Ошондо 10 эле элчи болсо да, 12 элчиге көрүндү деп жазылган. Анткени 12 деген сөз элчилерге карата айтылган (Жакан 20:24).