Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 БАЛДАРЫҢАРДЫ ҮЙРӨТКҮЛӨ

Петир менен Ананиядан кандай сабак алабыз?

Петир менен Ананиядан кандай сабак алабыз?

Сен жакшы билгендей, чындыкка жатпаган нерсени калп деп айтабыз. Калп айткан учурларың болду беле? ~ * Кудайды жакшы көргөн чоң кишилердин да калп айткан учурлары болгон. Кимдердин ошенткенин Ыйык Китептен окугандырсың. Мисалы, бир жолу Иса пайгамбардын 12 элчисинин бири Петир калп айткан. Кел, анын эмне үчүн калп айтканы жөнүндө окуп көрөбүз.

Иса пайгамбарды кармап, башкы дин кызматчынын үйүнө алып барышат. Түн ортосу болуп калган. Петир башкы дин кызматчынын үйүнүн короосуна жашырынып кирет. Күйүп жаткан оттун жарыгынан бир күң аял аны таанып: «Сен да... Иса менен чогуу жүргөнсүң!» — дейт. Ошондо Петир коркконунан танып коёт.

Ыйык Китепте дагы бир аялдын аны көрүп: «Бул да... Иса менен жүргөн»,— деп айтканы айтылат. Петир ошол жолкусунда да танып коёт. Биртикеден кийин ошол жерде тургандар Петирге келип: «Сен, чын эле, ошолордун бири экенсиң»,— дейт.

Петир коркуп кетип, үчүнчү жолу: «Мен ал кишини тааныбайм!» — деп калп айтат. Ошол замат короз кыйкырат. Иса пайгамбар Петирди караганда, Петир анын бир нече саат мурун эле: «Короз кыйкырганга чейин, сен менден үч жолу баш тартасың»,— деген сөздөрүн эстейт. Анан кылганына аябай өкүнүп, өксөп ыйлайт.

Сен да ушундай жагдайга кабылышың мүмкүнбү? ~ Классташтарыңдын Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө сүйлөшүп жатканын угуп калышың мүмкүн. Бири: «Алар гимн ырдашпайт»,— десе, экинчиси: «Майрамдарды да майрамдашпайт»,— деши мүмкүн. Ал эми башкасы: «Алар башка динге өтүп кеткен»,— дейттир. Анан алардын бири: «Сен да Жахабанын Күбөсүсүң да, ээ?» — деп сурашы ыктымал. Ошондо эмне деп жооп берет элең? ~

 Ушундай жагдайга кабылганда жакшы жооп бере алышың үчүн алдын ала даярданышың керек. Петир даяр болбогондуктан, кысымга алынганда, коркуп кетип, калп айткан. Бирок ал кылганына аябай өкүнгөнү үчүн, Кудай аны кечирген.

Кудайга кызмат кылган Анания деген киши да калп айткан. Бирок Кудай Ананияны да, анын аялы Сафираны да кечирген эмес. Сафира да калп айткан эле. Кел, Кудайдын аларды эмне үчүн кечирбей койгонун окуп көрөлү.

Иса Машаяк асманга кеткенден 10 күн өткөндөн кийин, Иерусалим шаарында 3000 киши чөмүлөт. Алардын көптөрү Элүүнчү күн майрамына алыскы жактардан келген. Иса пайгамбардын жолдоочусу болгондон кийин алар Кудай жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн ал жакта бир нече убакытка калышат. Ошондуктан Иса Машаяктын айрым жолдоочулары аларга кам көрүш үчүн акча-каражатын жумшашат.

Анания аялы экөө жаңы чөмүлгөндөргө жардам бериш үчүн жерин сатышат. Анания түшкөн акчаны шакирттерге алып келип, баарын алып келдим деп айтат. Бирок ал калп болчу. Ал акчанын бир бөлүгүн катып койгон. Кудай Петирге Ананиянын калп айтып жатканын ачып берген. Ошондуктан Петир ага: «Сен адамдарга эмес, Кудайга калп айттың»,— деп айтат. Ошол замат Анания өлүп калат. Үч саат өткөндөн кийин, анын аялы келет. Ал күйөөсүнүн өлгөнүн билген эмес. Калп айтканы үчүн ал да өлөт.

Мындан дайыма чындыкты айтуу маанилүү экенин билдик. Ооба, бул окуядан баарыбыз сабак алышыбыз керек. Бирок биз жаңылбай койбойбуз, өзгөчө, жаш кезде көп жаңылабыз. Ошондой учурларда Жахаба Кудай бизди сүйгөндүктөн, Петирди кечиргендей эле, бизди да кечирери сени кубандырбайбы? ~ Бирок дайыма чындыкты айтышыбыз керектигин эсиңден чыгарба. Эгер калп айтып алсаң, Кудайга жалынып, андан кечирим сура. Петир ушундай кылганы үчүн, Кудай аны кечирген. Эгер калп айтпаганга аракет кылсаң, Кудай сени да кечирет.

ЫЙЫК КИТЕПТЕН БУЛ АЯТТАРДЫ ОКУ:

^ абз. 3 Макаланы балдарыңар менен окусаңар, толкун сызык (~) коюлган жерден тыным жасап, алардын оюн уккула.