Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕП АЙТЫЛАТ?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Иса эмне үчүн Кудайдын Уулу деп айтылат?

Кудайдын аялга үйлөнүп балалуу болушу акылга сыйбаган нерсе. Ал — баарын жараткан Кудай. Адамдар Кудайдын сапаттарын чагылдыра алгыдай болуп жаратылган. Адам атаны Кудай жараткандыктан, ал «Кудайдын уулу» деп айтылган. Ошо сыяктуу эле, Кудай Иса Машаякты өзүнүкүндөй сапаттарга ээ кылып жараткандыктан, ал «Кудайдын Уулу» деп айтылат. (Окугула: Лука 3:38; Жакан 1:14, 49.)

Кудай Исаны качан жараткан?

Кудай Исаны Адам атага чейин эле жараткан. Кудай бардык нерсени, анын ичинде периштелерди жаратып жатканда, ал анын жардамчысы болгон. Ошондуктан Иса Машаяк «бардык жаратылгандардын туңгучу» деп аталат. (Окугула: Колосалыктар 1:15, 16.)

Иса Машаяк Бетлехемде төрөлгөнгө чейин периште болгон. Адам болуп төрөлүшү үчүн, Кудай анын өмүрүн Мариям деген кыздын боюна көчүргөн. (Окугула: Лука 1:30—32; Жакан 6:38; 8:23.)

Иса эмне үчүн адам болуп төрөлгөн? Ал кандай маанилүү иш аткарган? Бул суроолордун жообун Ыйык Китептен окуй аласыңар. Бул Кудайдын жана Иса Машаяктын силер үчүн курмандыкка барганына болгон ыраазычылыгыңарды арттырат.