Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба — турак жайыбыз

Жахаба — турак жайыбыз

«Оо, Жахаба, муундан муунга cен биздин турак жайыбызсың» (ЗАБ. 90:1).

1, 2. Кудайдын кызматчылары бул дүйнөдө өздөрүн кандай сезишет жана кандай мааниде алардын үйү бар?

 БУЛ дүйнөдө өзүңдү өз үйүңдө жүргөндөй коопсуз сезесиңби? Эгер андай эмес болсо, сен жалгыз эмессиң. Кылымдардан бери Жахабаны чындап сүйгөндөр бул дүйнө түзүлүшүндө өздөрүн бөтөн жерликтердей, чоочун кишилердей сезип келишет. Алсак, Канаан жеринде көчүп-конуп жүргөн кезинде Кудайдын ишенимдүү кызматчылары «өздөрүнүн ал жерде убактылуу жашаган бөтөн жерликтер экенин ачык айтышкан» (Евр. 11:13).

2 Ошо сыяктуу эле, Машаяктын майланган жолдоочулары «асман жарандары» катары бул дүйнөдө өздөрүн «келгиндер жана убактылуу тургундар» деп эсептешет (Флп. 3:20; 1 Пет. 2:11). Ошондой эле «башка койлор» да, Машаяк «дүйнөгө таандык болбогондой эле, дүйнөгө таандык эмес» (Жкн. 10:16; 17:16). Анткен менен Кудайдын кызматчылары «үйсүз» калышкан жок. Чынында, биздин сүйүү өкүм сүргөн эң коопсуз үйүбүз бар. Аны биз ишенимибиздин аркасында гана көрө алабыз. Ал тууралуу Муса пайгамбар: «Оо, Жахаба, муундан муунга сен биздин турак жайыбызсың»,— деп жазган * (Заб. 90:1). Жахаба кандайча байыркы убактагы ишенимдүү кызматчыларынын «турак жайы» болгон? Ал кандай мааниде бүгүнкү күндөгү элинин да «турак жайы»? Ал кандайча келечекте да жападан жалгыз коопсуз жай болот?

ЖАХАБА БАЙЫРКЫ УБАКТАГЫ КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН «ТУРАК ЖАЙЫ» БОЛГОН

3. Забур 90:1де Жахаба эмнеге салыштырылган жана эмне үчүн?

3 Ыйык Китептеги көптөгөн аяттардай эле, Забур 90:1деги: «Жахаба,.. сен биздин турак жайыбызсың»,— деген сөздөр каймана мааниде айтылган. Ал аятта Жахаба турак жайга, тактап айтканда, үйгө салыштырылган. «Үй» деген сөздү укканда биз сүйүү, тынчтык өкүм сүргөн коопсуз жайды  элестетебиз. Жахаба эмне үчүн үйгө салыштырылган? Ыйык Китепте: «Кудай — сүйүү»,— делет (1 Жкн. 4:8). Ошондой эле анын тынчтыктын Кудайы экени жана ишенимдүү кызматчыларына «коопсуздук берери» да айтылат (Заб. 4:8). Буга мисал катары анын Ыбрайым, Ыскак жана Жакып пайгамбарларга кандай мамиле кылганын карап көрөлү.

4, 5. Кудай кандайча Ыбрайым пайгамбардын «турак жайы» болгон?

4 Жахаба: «Жериңди, туугандарыңды... калтырып, мен көрсөтө турган жерге бар»,— дегенде, Ыбрайым пайгамбардын кандай сезимде болгонун элестетип көрсөң. Эгер ал аябай тынчсызданган болсо, Жахабанын: «Сенден улуу эл чыгарам, сага батамды берип, ысмыңды улуу кылам... Сага бата бергендерге батамды берем, сени каргагандарды каргайм»,— деген сөздөрүн укканда көңүлү тынчып, жеңилдей түшсө керек (Башт. 12:1—3).

5 Ошол сөздөрдү айтуу менен Жахаба Ыбрайым пайгамбарга жана анын урпактарына коопсуз жай болуп берерин убада кылган (Башт. 26:1—6). Жахаба убадасына турган. Алсак, ал Мисир фараону менен Герар падышасы Абымелекке Ыбрайым пайгамбарды өлтүрүп, Саараны аялдыкка алышына жол берген эмес. Кийин Ыскак менен Ребеканы да ушундай эле жол менен коргогон (Башт. 12:14—20; 20:1—14; 26:6—11). Ыйык Жазмадан мындай дегенди окуйбуз: «Кудай аларды эч кимге алдаткан эмес, аларга болушуп, падышаларды ашкерелеген. „Менин майлангандарыма тийбегиле, пайгамбарларыма жамандык кылбагыла“,— деген» (Заб. 105:14, 15).

«Сени таштабайм»

6. Ыскак уулу Жакыпка эмне деген жана Жакып өзүн кандай сезиши мүмкүн эле?

6 Ал пайгамбарларга Ыбрайым пайгамбардын небереси Жакып да кирген. Жакып үйлөнө турган убак келгенде, атасы Ыскак ага: «Канаандык кыздардан аял алба. Падан-Арамга, Бетуел таятаңдын үйүнө барып, ошол жактан Лабан таякеңдин кыздарынан ал»,— деген (Башт. 28:1, 2). Ал атасы айткандай кылган. Ал Канаан жериндеги үй-бүлөсүн калтырып, өзү жалгыз жүздөгөн чакырым алыстыктагы Харанды көздөй жөнөгөн (Башт. 28:10). Балким, ал: «Үйгө кайра качан келет болдум экен? Таякем мени жакшы тосуп алабы? Кудайдан корккон аял табат болдум бекен?» — деп сарсанаа болсо керек. Эгер ошондой болсо, Беир-Шебадан 100 кмдей ыраак жайгашкан Лузга жеткенде, тынчын алган ойлорунун баары буудай тарап кеткени шексиз. Ал жакка барганда эмне болгон?

7. Жахаба Жакыптын түшүндө аны эмнеге ынандырган?

7 Луздан Жахаба ага түшүндө мындай деген: «Мен сени менен болом. Кайда барба, бардык жерде сени сактап жүрөм, бул жерге кайра алып келем.  Сени таштабайм, сага айткандарымдын баарын орундатам» (Башт. 28:15). Ошол жылуу сөздөрдү укканда Жакып санаасы тынчып, өзүн ишенимдүү сезип калганы бышык. Анын Кудайдын өз убадасын кантип аткарарын көрүүнү эңсеп, андан ары жолун улаганын элестетсең. Эгер сен да башка жакта кызмат кылыш үчүн үйүңдү калтырып кеткен болсоң, Жакыптын кандай сезимде болгонун жакшы түшүнөт болушуң керек. Ошондой эле Жахабанын сага кам көрүп жатканына далай жолу ынангандырсың.

8, 9. Жахаба кандайча Жакып пайгамбардын турак жайы болгон жана мындан эмнени биле алабыз?

8 Жакып Харанга жеткенде, таякеси Лабан аны кучак жайып тосуп алган жана кийинчерээк ага кыздары Лия менен Рахилди аялдыкка берген. Бирок убакыттын өтүшү менен Лабан аны өз кызыкчылыгына колдонгусу келип, эмгек акысын он жолу өзгөрткөн (Башт. 31:41, 42). Ошентсе да Жакып анын адилетсиз мамилесине чыдаган, анткени Жахабанын ага андан ары да кам көрөрүнө эч шектенген эмес. Ал ишенгендей эле, Жахаба ага дайыма кам көргөн. Ооба, Кудай Жакыпка Канаанга кайтып барууну буйрук кылган убакта, анын «малы, күңдөрү, кулдары, төөлөрү, эшектери» аябай көп болчу (Башт. 30:43). Жакып Кудайга ушунчалык ыраазы болуп: «Мен сенин кулуңа көрсөткөн мээримдүүлүгүң менен ишенимдүүлүгүңө татыксызмын. Иордандан өткөнүмдө таягымдан башка эч нерсем жок эле, азыр болсо эки кошуунум бар»,— деген (Башт. 32:10).

9 Бул окуядан Муса пайгамбардын: «Оо, Жахаба, муундан муунга сен биздин турак жайыбызсың»,— деген сөздөрү кандай гана калетсиз болгону көрүнүп турат (Заб. 90:1). Анын сөздөрү бүгүнкү күндө да аткарылып жатат, анткени «көлөкө өзгөргөндөй өзгөрө бербеген» Жахаба өзүнүн ишенимдүү кызматчылары үчүн жылуу, коопсуз жай болуп келет (Жкп. 1:17). Кандайча экенин карап көрөлү.

ЖАХАБА БИЗДИН ДА «ТУРАК ЖАЙЫБЫЗ»

Кудайдын периштелери анын кызматчыларын коргоп-колдошот

10. Жахабанын дагы деле кызматчыларынын коопсуз турак жайы болуп келатканына эмне үчүн шектенбесек болот?

10 Өзүңдүн сотто дүйнөнү титиреткен кылмыштуу уюмга каршы күбөгө өтүп жатканыңды элестетсең. Анын жетекчиси аябай айлакер, күчтүү, жалганчы жана канкор. Ошол күнү сот залынан чыкканда, өзүңдү кандай сезет элең? Коопсузбу? Кайдан! Тескерисинче, сенин коопсуздугуңа кам көрүлүшүн суранмактырсың. Бул мисал Жахаба жөнүндө кайраттуулук менен күбөлөндүрүп, анын ырайымсыз башкы душманы Шайтанды ашкерелеп жаткандардын жагдайын жакшы сүрөттөп турат. (Оку: Аян 12:17.) Бирок Шайтан Кудайдын элинин оозун баса алдыбы? Жок! Тескерисинче, биз рухий жактан гүлдөп-өсүүдөбүз. Мунун бир эле себеби бар: Жахаба дайыма, өзгөчө, азыркы акыркы күндөрдө биздин «турак жайыбыз» болуп келүүдө. (Оку: Ышая 54:14, 17.) Бирок эгер Шайтанга алданып, турак жайыбыздан алыстап кетсек, Жахаба биздин коопсуз жайыбыз болбой калат.

11. Ыбрайым, Ыскак жана Жакып пайгамбарлардан эмнеге үйрөнө алабыз?

11 Ыбрайым, Ыскак жана Жакып пайгамбарлардан дагы эмнеге үйрөнсөк болорун карап көрөлү. Алар Канаанда жашашса да, ал жердин тургундары менен камыр-жумур болуп кетишкен эмес, тескерисинче, алардын жаман, ыпылас иштерин жек көрүшкөн (Башт. 27:46). Ал пайгамбарларга эмне туура, эмне туура эмес экенин чечүүдө эрежелердин узун тизмеси зарыл болгон эмес. Алар Жахабага эмне жагарын, эмне жакпасын жакшы билишкен. Жахаба алардын турак жайы болгондуктан, алар бул дүйнөгө таандык болгусу келишкен эмес, тескерисинче, андан мүмкүн болушунча алыс  болууну каалашкан. Бул биз үчүн кандай сонун үлгү! Кимдер менен мамилелешүүнү жана кантип көңүл ачууну чечүүдө алардан үлгү алууга умтуласыңбы? Өкүнүчтүүсү, Кудайдын айрым кызматчыларынын Шайтандын дүйнөсүндө өздөрүн кандайдыр бир деңгээлде жакшы сезери байкалган. Эгер сен да, атүгүл кичине болсо да, өзүңдү ошондой сезсең, Жахабадан жардам сура. Бул дүйнөнүн кайрымсыз, өзүмчүл Шайтанга таандык экенин унутпа (2 Кор. 4:4; Эф. 2:1, 2).

Кудайдын периштелери анын кызматчыларын коргоп-колдошот

12. а) Жахаба рухий үй-бүлөсүнө кантип кам көрөт? б) Жахабанын рухий чараларына кандай карайсың?

12 Шайтандын айла-амалдарына каршы туруу үчүн биз Жахабанын аны турак жайы катары көргөн ишенимдүү кызматчылары үчүн караштырган рухий чараларынан толук пайда алышыбыз керек. Аларга жыйналыш жолугушуулары, үй-бүлө менен сыйынуу жана «адам түрүндөгү белектер», башкача айтканда, Жахаба бизди кыйын учурларда сооротуп, колдош үчүн дайындаган койчулар кирет (Эф. 4:8—12). Бир канча жыл бою Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болгон Жорж Гангас бир тууган: «Кудайдын элинин арасында жүргөндө өзүмдү үй-бүлөм менен үйүмдө, рухий бейиште жүргөндөй сезем»,— деген. Сен да өзүңдү ошондой сезесиңби?

13. Еврейлер 11:13төн кандай маанилүү нерсеге үйрөнсөк болот?

13 Ыбрайым, Ыскак жана Жакып пайгамбарлардан дагы бир маанилүү нерсеге үйрөнсөк болот. Алар айланасындагы адамдардан айырмалануудан коркушкан эмес.  1-абзацта айтылгандай, алар «өздөрүнүн ал жерде убактылуу жашаган бөтөн жерликтер экенин ачык айтышкан» (Евр. 11:13). Сен да бул дүйнөдөгүлөрдөн айырмаланып турууга чечкиндүүсүңбү? Албетте, бул дайыма эле оңойго тура бербейт. Бирок Кудайдын жардамы жана бир туугандардын колдоосу менен ийгиликке жете аласың. Өзүңдүн жалгыз эмес экениңди унутпа. Жахабага кызмат кылгандардын баары каймана мааниде согушка катышууда! (Эф. 6:12). Эгер Жахабага таянсак жана аны коопсуз турак жайыбыз катары көрсөк, сөзсүз жеңишке жетебиз.

14. Жахабанын кызматчылары кайсы «шаарды» күтүшкөн?

14 Ыбрайым пайгамбардай болуп, сыйлыктан көзүбүздү албаганыбыз да абдан маанилүү (2 Кор. 4:18). Элчи Пабыл анын «пайдубалы бекем, куруучусу жана жаратуучусу Кудай болгон шаарды күтүп жүргөнүн» жазган (Евр. 11:10). Ал «шаар» Машаяк башкарган Падышалыкты билдирет. Ыбрайым пайгамбар ошол «шаарды» күтүп жүргөн. Ал эми бизге аны күтүүнүн зарылдыгы жок, анткени ал азыр асманда  бийлик жүргүзүүдө. Андан сырткары, көптөгөн окуялар жакында анын бүт жер жүзүн башкарарын көрсөтүп турат. Сен ал Падышалыкка ишенесиңби? Ал сенин бул дүйнөгө жана жашоого болгон көз карашыңа, эмнени биринчи орунга коёруңа таасир этип жатабы? (Оку: 2 Петир 3:11, 12.)

ЖАХАБА КЕЛЕЧЕКТЕ ДА «ТУРАК ЖАЙЫБЫЗ» БОЛОТ

15. Бул дүйнөгө таянгандарды эмне күтүп турат?

15 Шайтандын дүйнөсү жок боло турган күн жакындаган сайын, азап-кайгы көбөйө берет (Мт. 24:7, 8). Ал эми улуу алааматтын убагында жагдай ого берет оорлойт. Дүйнөдөгү бардык нерсенин таш-талканы чыгып, баш аламандык болгондуктан, адамдардын үрөйү учат (Хаб. 3:16, 17). Айласы кеткенде алар, мындайча айтканда, «үңкүрлөргө, тоолордогу аскаларга жашынышат» (Аян 6:15—17). Бирок аларды үңкүрлөр да, тоого салыштырылган саясий жана коммерциялык уюмдар да коргой албайт.

16. Жыйналыш жолугушууларына кандай карашыбыз керек жана эмне үчүн?

16 Ал эми Жахабанын кызматчыларын алардын «турак жайы» болгон Жахаба Кудай коргойт. Алар, Хабакук пайгамбардай болуп, «Жахабаны ойлоп кубанышат», аларды «куткарган Кудайды ойлоп шаттанышат» (Хаб. 3:18). Ошол коогалаңдуу убакта Жахаба кандайча эли үчүн «турак жай» болуп берет? Аны убакыт көрсөтөт. Бирок бир нерседен шектенбесек болот: Мисирдеги кулчулуктан бошонуп чыккан ысрайылдыктардай болуп, «эбегейсиз көп адамдар» Кудайдын көрсөтмөлөрүнө баш ийип, уюшкандыкта иш-аракет кылышат. (Аян 7:9; оку: Чыгуу 13:18.) Кудай андай көрсөтмөлөрдү теократиялык жол менен, сыягы, жыйналыш аркылуу берет. Ышая 26:20да Кудайдын эли коргоно турган «төркү бөлмөлөр» жөнүндө алдын ала айтылган. Алар дүйнө жүзүндөгү миңдеген жыйналыштарды билдириши мүмкүн. (Аятты оку.) Сен жыйналыш жолугушууларын баалайсыңбы? Жахабанын жыйналыш аркылуу берген кеңештерин дароо колдоносуңбу? (Евр. 13:17).

17. Кандайча Жахаба көз жумган ишенимдүү кызматчыларынын да «турак жайы»?

17 Жахаба атүгүл улуу алааматка чейин көз жумган ишенимдүү кызматчыларынын да коопсуз «турак жайы». Кандайча? Ыбрайым, Ыскак жана Жакып пайгамбарлар көз жумгандан көп жыл өткөндөн кийин, Жахаба Муса пайгамбарга: «Мен... Ыбрайымдын Кудайымын, Ыскактын Кудайымын, Жакыптын Кудайымын»,— деп айткан (Чыг. 3:6). Иса Машаяк анын ошол сөздөрүн цитата кылгандан кийин: «Ал — өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы. Анткени ал үчүн бардыгы тирүү»,— деген (Лк. 20:38). Ооба, Жахаба үчүн көзү өтүп кеткен ишенимдүү кызматчылары дагы эле тирүү бойдон; алар келечекте сөзсүз тирилет (Нас. 7:1).

18. Жаңы дүйнөдө Жахаба кандайча өзүнүн эли үчүн өзгөчө мааниде «турак жай» болот?

18 Жаңы дүйнөдө Жахаба өзүнүн эли үчүн өзгөчө мааниде «турак жай» болот. Аян 21:3тө: «Мына, Кудайдын чатыры адамдардын арасында болот. Кудай алар менен жашайт»,— деп айтылган. Алгач Жахаба жердеги кызматчыларын өзүнүн өкүлү Иса Машаяк аркылуу жетектейт. Ал эми Миң жылдыктын соңунда Иса Машаяк Кудайдын жерге карата болгон ой-ниетин толугу менен ишке ашырып бүтүп, Падышалыкты Атасына өткөрүп берет (1 Кор. 15:28). Ал убакта бүт адамдар жеткилең болгондуктан Машаяктын арачылык кылышына муктаж болбой калышат; Жахаба аларды түзмө-түз жетектейт. Бизди кандай сонун келечек күтүп турат! Ал убак келгиче, Жахабанын байыркы убактагы ишенимдүү кызматчыларынан үлгү алып, Жахабаны «турак жайыбыз» кылганга бүт күчүбүздү жумшай берели!

^ абз. 2 «Азыркы англис котормосунда» Забур 90:1-аят: «Теңирибиз, бардык муундарда сен биздин үйүбүзсүң»,— деп берилген.