Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын улуу ысмын урматта

Жахабанын улуу ысмын урматта

«Ысмыңды түбөлүккө даңктайм» (ЗАБ. 86:12).

1, 2. Христиан чиркөөлөрүнөн айырмаланып, Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын ысмына кандай карашат?

ЖАЛПЫ ЖОНУНАН христиан чиркөөлөрү Кудайдын ысмын колдонуудан качышат. Алсак, Ыйык Китептин бир котормосунун кириш сөзүндө чиркөөнүн Кудайды кайсы бир ысым менен атаганы «такыр туура эмес» деп айтылган.

2 Алардан айырмаланып, Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын ысмын алып жүрүшкөнүнө жана аны даңазалап жатышканына сыймыктанышат. (Оку: Забур 86:12; Ышая 43:10.) Ошондой эле биз ал ысымдын маанисин жана анын ыйыкталышына байланышкан талаш маселени түшүнгөнүбүздү сыймык катары көрөбүз (Мт. 6:9). Бул, чынында эле, абдан чоң сыймык. Андыктан, келгиле, төмөнкү үч маанилүү суроону талкуулайлы: Кудайдын ысмын билүү эмнени билдирет? Жахаба кандайча улуу ысмынын маанисине ылайык иш кылат жана ысмын даңазалайт? Жахабанын ысмы менен аталыш үчүн эмне кылышыбыз керек?

КУДАЙДЫН ЫСМЫН БИЛҮҮ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

3. Кудайдын ысымын билүү деген эмнени билдирет?

3 Кудайдын ысмын билүү «Жахаба» деген сөздү билип коюуну эле билдирбейт. Ал Жахабанын кандай Кудай экенин, анын ичинде анын Ыйык Китепте айтылган сапаттарын, ой-ниетин, иштерин жана кызматчыларына кандай мамиле кыларын билүүнү билдирет. Албетте, Жахаба өзү жөнүндө акырындык менен, ой-ниетинин ишке ашышына жараша, ачып берүүдө (Накыл 4:18). Жахаба ысмын биринчи түгөйгө ачып берген. Ошондуктан Обо эне тун уулу Кабылды төрөгөндө Кудайды ысмынан атаган (Башт. 4:1). Кудайдын байыркы убактагы ишенимдүү пайгамбарлары Нух, Ыбрайым, Ыскак жана Жакыптар анын ысмын билишкен. Ошондой эле Жахаба аларга батасын бергенде, кам көргөндө жана өзүнүн ой-ниетин ачып бергенде, алар ал ысымдын маанисин ого бетер терең түшүнүшкөн. Кийинчерээк Кудай Муса пайгамбарга ысмынын маанисине байланыштуу өзгөчө бир нерсени ачып берген.

Кудайдын ысмынын маанисин түшүнгөндө Муса пайгамбардын ишеними бекемделген

4. Муса пайгамбар эмне үчүн Кудайдан анын ысмы тууралуу сураган жана анын тынчсызданганы эмне үчүн жөндүү болгон?

 4 Оку: Чыгуу 3:10—15. Муса пайгамбар 80 жашка чыкканда, Кудай ага: «Сен менин элимди, Ысрайыл уулдарын, Мисирден алып чыгасың» — деп, жооптуу иш тапшырган. Ошондо Муса пайгамбар ага чоң мааниге ээ суроо берген. Бир сөз менен айтканда, ал Кудайдан: «Сенин атың ким?» — деп сураган. Кудайдын ысмы байыртан эле белгилүү болгонун эске алганда, анын суроосунун мааниси эмнеде эле? Чынында, ал ошол ысымды алып жүргөн Кудай жөнүндө көбүрөөк билгиси келген. Ал ысрайылдыктарды Кудайдын аларды сөзсүз куткарарына ынандыргысы келген. Мусанын тынчсызданып жатканы жөндүү болгон. Себеби ысрайылдыктар бир канча убакыттан бери кул болуп жүрүшкөн. Ошондуктан алар ата-бабаларынын Кудайы аларды куткара аларына шектенишсе керек. Атүгүл айрымдары мисирликтердин кудайларына сыйынып калышкан (Жез. 20:7, 8).

5. Жахаба Муса пайгамбарга жооп бергенде кандайча ысмынын маанисин тереңирээк ачып берген?

5 Жахаба Муса пайгамбардын суроосуна эмне деп жооп берген? Ал ага: «Ысрайыл уулдарына: „Мени силерге ОШОЛ БОЛОМ жиберди“,— деп айт»,— деген *. Андан соң: «„Мени силерге ата-бабаларыңардын Кудайы... Жахаба жиберди“,— деп айт»,— деп кошумчалаган. Кудай ага ой-ниетин ишке ашыруу үчүн ким болушу керек болсо, ошол боло аларын жана ар дайым сөзүнө турарын ачып берген. 15-аяттан Жахабанын: «Бул — менин түбөлүккө калчу ысмым, муундан муунга ушул ысмым менен эсте калам»,— деген сөздөрүн окуйбуз. Муну укканда Муса пайгамбардын абдан бекемделгени жана анда Кудайга болгон кастарлоо сезими пайда болгону шексиз!

ЖАХАБА ЫСМЫНА ЫЛАЙЫК ИШ КЫЛАТ

6, 7. Жахаба кандайча улуу ысмына ылайык иш кылган?

6 Муса пайгамбарга тапшырма бергенден көп өтпөй, Жахаба өз ысмына ылайык иш кылып, Ысрайылдын Куткаруучусу болгон. Ал мисирликтерди он жаза менен жазалап, Мисирдин кудайларынын, анын ичинде фараондун канчалык алсыз экенин көрсөткөн (Чыг. 12:12). Андан кийин Кызыл деңизди экиге бөлүп, ысрайыл элин алып өткөн, ал эми фараонду аскерлери менен кошо деңизге чөктүргөн (Заб. 136:13—15). «Эбегейсиз чоң, коркунучтуу чөлдө» Жахаба эки-үч миллион же андан да көп элин тамак-аш, суу менен камсыз кылып, өмүрдү сактай турган Кудай экенин далилдеген. Ал атүгүл алардын  кийимдери менен сандалдарынын жыртылбашына да кам көргөн (Мыйз. 1:19; 29:5). Ооба, Жахабага теңдешсиз ысмына ылайык иш кылууга эч нерсе тоскоолдук боло албайт. Ал кийинчерээк Ышаяга: «Мен, мен Жахабамын, менден башка куткаруучу жок»,— деген (Ыш. 43:11).

7 Ысрайыл элинин Муса пайгамбардан кийинки жол башчысы Жашыя да Жахабанын Мисирдеги жана чөлдөгү улуу иштерине күбө болгон. Ошондуктан ал өлөрүнө аз калганда ысрайылдыктарга: «Силер Жахаба Кудайыңардын силерге берген убадаларынын бири да аткарылбай калбаганын жакшы билесиңер. Алардын баары аткарылды, бири да аткарылбай калган жок»,— деп чын жүрөктөн айта алган (Жаш. 23:14). Ооба, Жахаба сөзүнө туруп, ким болушу керек болсо, «ошол болгон».

8. Жахаба бүгүнкү күндө кандайча өз ысмына ылайык иш кылууда?

8 Бүгүн да Жахаба ким болгусу келсе, «ошол болууда». Ал Уулу аркылуу акыркы күндөрдө Падышалык жөнүндөгү жакшы кабардын «дүйнө жүзү боюнча» таратыларын алдын ала айткан (Мт. 24:14). Кудурети күчтүү Кудайдан башка ким ушундай ишти алдын ала айтып, анын аткарылышына көптөгөн «билими жок карапайым кишилерди» колдоно алат эле? (Элч. 4:13). Демек, биз бул ишке катышканда ыйык китептик пайгамбарлыктын аткарылышына салым кошкон болобуз. Биз асмандагы Атабызды урматтайбыз жана: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын. Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деп тиленгенде ошону айгинелейбиз (Мт. 6:9, 10).

АНЫН ЫСМЫ УЛУУ

Фараон Жахабаны Кудай катары кабыл алган эмес

9, 10. Ысрайыл элине жасаган мамилеси аркылуу Жахаба ысмынын маанисин кантип ачып бере берген жана анын жыйынтыгы кандай болгон?

9 Ысрайыл эли Мисирден чыккандан көп өтпөй, Жахаба аларга өзү жөнүндө дагы бир нерсени ачып берген. Мыйзам келишиминин негизинде Кудай аларга «күйөө», «кожоюн» болуп, ага байланыштуу бардык милдеттерди өзүнө алган (Жер. 3:14). Ысрайылдыктар анын каймана маанидеги аялы, анын ысмы менен аталган эли болуп калган (Ыш. 54:5, 6). Алар ага өз эрки менен баш ийип, мыйзамдарын аткарышканда, ал аларга жеткилең «күйөө» болуп берген: аларга батасын төккөн, коргогон жана аларды тынчтыкка бөлөгөн (Сан. 6:22—27). Ошентип, Жахабанын улуу ысмы элдер арасында даңкталган. (Оку: Мыйзам 4:5—8; Забур 86:7—10.) Ооба, Ысрайылдын тарыхында көптөгөн башка улуттагы адамдар чыныгы сыйынууга кошулушкан. Алар, мындайча айтканда, мааптык Руттун Наамиге айткан: «Сиздин элиңиз менин элим болот, сиздин Кудайыңыз менин Кудайым болот»,— деген сыяктуу сөздөрдү айтышкан (Рут 1:16).

 10 Жахабанын 1500 жылдай ысрайыл элине кылган мамилесинен анын сапаттары жөнүндө дагы көптөгөн нерселерди билүүгө болот. Элдин тоң моюндугуна карабастан Жахаба өзүнүн «кайрымдуу», «ачууланганга шашпаган» Кудай экенин кайра-кайра далилдей берген. Ал аларга зор чыдамдуулук менен мамиле кылган (Чыг. 34:5—7). Анткен менен Жахабанын чыдамдуулугунун чеги болгон жана жүйүт эли анын Уулун кабыл албай, өлтүрүп салышканда, анын чыдамдуулугу жетер чегине жеткен (Мт. 23:37, 38). Ысрайылдан тарагандар Кудайдын эли болбой калган. Алар куураган бактай болуп, рухий жактан өлүмгө учурашкан (Лк. 23:31). Бул алардын Кудайдын ысмына болгон көз карашына кандай таасир эткен?

11. Жүйүт эли эмнеден улам Кудайдын ысмын колдонбой калган?

11 Тарых көрсөтүп тургандай, убакыттын өтүшү менен жүйүттөр ырым-жырымга ишенип, Кудайдын ысмын оозанганга болбой турган ыйык нерсе катары көрө башташкан (Чыг. 20:7). Кудайдын ысмы бара-бара иудаизм дининен биротоло сүрүлүп чыгып калган. Албетте, Жахаба өзүнүн ысмына ошондой мамиле жасалып жатканына кайгырбай койгон эмес (Заб. 78:40, 41). Ал «өзүнө толук берилгендик көрсөтүүнү талап кылган Кудай» болгондуктан аны урматтабаган элге өзүнүн ысмы менен аталууга түбөлүк жол бере бермек эмес (Чыг. 34:14). Мындан Жаратканыбыздын ысмын терең урматтоо абдан маанилүү экени айдан ачык көрүнүп турат.

КУДАЙДЫН ЫСМЫ МЕНЕН АТАЛГАН ЖАҢЫ ЭЛ

12. Жахаба кандайча өз ысмы менен аталган эл жараткан?

12 Жахаба Жеремия пайгамбар аркылуу жаңы эл менен, башкача айтканда, рухий Ысрайыл менен «жаңы келишим» түзөрүнө байланыштуу ой-ниетин ачып берген. Анын бардык мүчөлөрү, «кичинесинен чоңуна чейин», Жеремия пайгамбар алдын ала айткандай, Жахабаны «таанып-билишмек» (Жер. 31:31, 33, 34). Ал пайгамбарлык б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Кудай жаңы келишим түзгөндөн тартып аткарыла баштаган. Жүйүттөрдөн жана башка улуттагы адамдардан турган жаңы эл — «Кудайдын Ысрайылы» — «Кудайдын... ысмы менен атала турган эл» болгон. Жахаба аларды «менин ысмым менен аталган адамдар» деп атаган (Гал. 6:16; оку: Элчилер 15:14—17; Мт. 21:43).

13. а) Исанын алгачкы жолдоочулары Кудайдын ысмын колдонушканбы? Түшүндүр. б) Жахабанын ысмын кызматта колдонуу артыкчылыгына кандай карайсың?

13 Кудайдын ысмы менен «аталган адамдар», рухий элдин мүчөлөрү, анын ысмын колдонушкан. Алсак, алар Еврей Жазмаларынан цитата келтиришкенде ал ысымды колдонушкан *. Элчи Петир б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында жүйүттөргө жана алардын динин кабыл алгандарга кайрылганда бир нече жолу Кудайдын ысмын колдонгон (Элч. 2:14, 20, 21, 25, 34). Исанын алгачкы жолдоочулары Жахабаны урматташкан. Андыктан Жахаба алардын кабар айтуу ишине батасын берген. Бүгүнкү күндө да биз Жахабанын ысмын сыймыктануу менен жарыялап, аны башкаларга, мүмкүн болсо, өздөрүнүн Ыйык Китебинен көрсөтүүгө умтулабыз. Ошондуктан Жахаба кызматыбызга батасын берүүдө. Ошентип биз аларды чыныгы Кудай менен тааныштырган болобуз. Бул алар үчүн да, биз үчүн да кандай зор сыймык! Кудайдын ысмын ачып бергенибиз айрымдарга аны менен түбөлүккө дос болууга шарт түзүшү мүмкүн.

14, 15. Кеңири жайылган чындыктан четтөөчүлүккө карабай Жахаба түбөлүктүү ысмына байланыштуу эмнелерди кылып келди?

14 Убакыттын өтүшү менен, айрыкча, элчилердин көзү өткөндөн кийин, чындыктан четтөөчүлүк Исанын алгачкы жолдоочуларынын жыйналышына таасир эте баштаган (2 Тес. 2:3—7).  Жалган окутуучулар атүгүл жүйүттөрдүн Кудайдын ысмын колдонбош керек деген көз карашына кармана башташкан. Бирок Жахаба түбөлүктүү ысмынын жок болуп кетишине жол берет беле? Эч качан! Албетте, анын ысмынын так айтылышы кандай болгону белгисиз. Бирок ал ысым канчалаган кылымдардан бери колдонулуп келет. Ал Ыйык Китептин ар кандай котормолорунда жана Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулардын эмгектеринде кездешип келген. Алсак, 1757-жылы Чарлз Питер «Жахаба» деген ысымдын, Кудайдын көптөгөн наамдарынан айырмаланып, анын табиятын абдан айкын ачып берерин жазган. 1797-жылы Хоптон Хейнс Кудайга сыйынуу жөнүндө жазган китебинин 7-бөлүмүн: «ЖАХАБА деген ысымды жүйүттөр КУДАЙГА карата колдонушкан. Алар да, Машаяк жана анын элчилери да ага гана сыйынышкан»,— деген сөздөр менен баштаган. Генри Гру да (1781—1862) Кудайдын ысмын колдонгон, ошондой эле анын караланып келгенин жана ыйыкталышы керектигин жакшы түшүнгөн. Чарлз Тейз Рассел менен кызматташкан Жорж Сторрз да (1796—1879) Рассел сыяктуу эле Кудайдын ысмын колдонгон.

15 1931-жыл өзгөчө жыл болгон. Анткени ошол жылы Эл аралык Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр (Кудайдын эли мурун ошентип аталчу) Жахабанын Күбөлөрү деген наамды кабыл алышкан (Ыш. 43:10—12). Алар ошентип Кудайдын ысмын даңктап, жападан жалгыз чыныгы Кудайдын кызматчылары экенине, анын «ысмы менен атала турган эл» экенине сыймыктанарын бүт дүйнөгө жарыялашкан (Элч. 15:14). Мындай өзгөрүүлөр Жахабанын Малаки 1:11деги: «Күн чыгыштан батышка чейин менин ысмым элдердин арасында улуу болот»,— деген сөздөрүн эсибизге салат.

ЖАХАБАНЫН ЫСМЫ МЕНЕН АТАЛУУГА ЧЕЧКИНДҮҮ БОЛ

16. Жахабанын ысмы менен аталууну эмне үчүн сыймык катары көрүшүбүз керек?

16 Микей пайгамбар: «Бардык элдер, ар бири өз кудайынын ысмы менен аталат, биз болсо кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө Жахаба Кудайыбыздын ысмы менен аталабыз»,— деп жазган (Мик. 4:5). Жахабанын Ыйык Китеп Изилдөөчүлөргө өзүнүн ысмы менен аталууга жол бергени абдан чоң сыймык болгондон тышкары, анын жактыруусуна ээ экенибизди көрсөтүп турган. (Оку: Малаки 3:16—18.) Сен жөнүндө эмне айтууга болот? «Жахаба Кудайыбыздын ысмы менен аталууга» бүт күчүңдү жумшап жатасыңбы? Бул эмнени билдирерин түшүнөсүңбү?

17. Кудайдын ысмы менен аталуу өз ичине эмнелерди камтыйт?

17 Кудайдын ысмы менен аталуу өз ичине, бери дегенде, үч нерсени камтыйт. Биринчиден, «Жахабанын ысмын чакыргандар» гана куткарыларын эске алып, ал ысымды башкаларга жарыялашыбыз керек (Рим. 10:13). Экинчиден, Жахабанын сапаттарын, өзгөчө, сүйүүсүн чагылдырышыбыз талап (1 Жкн. 4:8). Үчүнчүдөн, анын ыйык ысмына тил тийгизбөө үчүн адил талаптарына чын жүрөктөн баш ийишибиз зарыл (1 Жкн. 5:3). Сен «түбөлүктөн түбөлүккө Жахаба Кудайыбыздын ысмы менен аталууга» чечкиндүүсүңбү?

18. Эмне үчүн Жахабанын улуу ысмын урматтагандар келечекке ишенимдүү карашат?

18 Жахабаны баркка албагандар же ага каршы чыккандар жакында анын ким экенин билүүгө мажбур болушат (Жез. 38:23). Аларга фараондой болуп: «Мен анын айтканын у[ккудай]... Жахаба ким экен»,— деген адамдар кирет. Фараон көп өтпөй эле Кудайдын ким экенин билген (Чыг. 5:1, 2; 9:16; 12:29). Бирок биз Жахабаны өз эркибиз менен таанып-билдик. Биз анын ысмын алып жүргөн жана ага баш ийген эл экенибизге сыймыктанабыз. Андыктан Кудайдын Забур 9:10до жазылган: «Сенин ысмыңды билгендер сага таянышат, анткени сен, Жахаба, өзүңдү издегендерди таштабайсың»,— деген убадасына бекем ишенебиз жана келечекке ишенимдүү карайбыз.

^ абз. 5 Кудайдын ысмы еврей тилиндеги «болуу» деген маанини туюнткан этиштен алынган. Андыктан «Жахаба» деген сөз «болтурат» дегенди билдирет (Башт. 2:4, шилт.).

^ абз. 13 Исанын алгачкы жолдоочулары колдонгон еврей текстинде Жахабанын ысмы кездешкен. Жахабанын ысмы, сыягы, Септуагинтанын, тактап айтканда, Еврей Жазмаларынын грек тилиндеги котормосунун алгачкы кол жазмаларында да кездешкен.