Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА: ЖАШООНУН МАҢЫЗДУУ БОЛУШУ МҮМКҮНБҮ?

Жашоонун маңыздуу болушу мүмкүнбү?

Жашоонун маңыздуу болушу мүмкүнбү?

«Өмүрүбүздүн узактыгы жетимиш жыл, адаттагыдан күүлүү-күчтүү болсок, сексен жыл, бирок ал жылдар түйшүк менен кайгы-капага толгон» (Забур 90:10).

БУЛ сөздөрдө калет жок. Жашообуз чынында эле «кайгы-капага толгон». Балким, силер: «Жашоонун маңыздуу болушу мүмкүнбү?» — деп ойлонгондурсуңар.

Мария деген аял күүлүү-күчтүү кезинде такыр жаны тынчу эмес. Азыр ал 84 жашка келип калды. Акыл-эси тунук болгону менен, буту-колу жакшы кыймылдабай калгандыктан, үйдөн чыга албайт. Бир караганда, мындай жашоону маңыздуу деп айтыш кыйын.

Кээде: «Жашоом маңыздуубу?» — деп ойлонот чыгарсыңар. Жумушуңар кызыксыз, оор же тажата тургандайдыр. Мүмкүн эмгегиңер көз жаздымда калып жаткандыр. Же баары ойдогудай болсо да, келечекти ойлоп тынчсызданаттырсыңар. Кээде жалгызсырайттырсыңар же көңүлүңөр чөгөттүр. Же болбосо үйүңөрдө уруш-талаш, чыр-чатак болуп жаткандыр. Балким, жакын адамыңардан айрылгандырсыңар. Алсак, Андре деген бир кишинин атасы күтүлбөгөн жерден ооруга чалдыгып, каза болуп калган. Андре атасына аябай жакын болчу. Аска-зоодой атасынан ажыраганда күйүттү көтөрө албайм деп ойлогон.

Башыбызга кандай кыйынчылык түшпөсүн: «Жашоонун маңыздуу болушу мүмкүнбү?» — деген суроого жооп алганыбыз маанилүү. Ал үчүн, келгиле, мындан 2000 жылдай мурун жашаган Иса пайгамбардын жашоосун карап чыгалы. Көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болсо да, анын жашоосу маңыздуу болгон. Андан үлгү алсак, биздин да жашообуз маңызга толот.