Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса пайгамбардын жашоосу эмне үчүн маңыздуу болгон?

Иса пайгамбардын жашоосу эмне үчүн маңыздуу болгон?

ИСА ПАЙГАМБАРДЫН жашоосу чынында эле маңыздуу болду беле? Ал орто жашаган үй-бүлөдө чоңойсо керек. Анын байлыгы болмок түгүл, «баш калкалаар жайы» болгон эмес (Лука 9:57, 58). Андан тышкары, ал элге жек көрүндү болгон, ага жалаа жабылган, акыры, душмандарынын колунан өлгөн.

Силер: «Ушундай жашоону маңыздуу деп ким айтат?» — деп ойлойттурсуңар. Келгиле анда, Иса пайгамбардын жашоосун маңыздуу кылган төрт нерсеге токтололу.

1. КУДАЙДЫН ЭРКИН АТКАРГАН.

«Менин тамагым — мени жибергендин эркин аткаруу» (Жакан 4:34).

Иса пайгамбар Жахаба * Кудайга жаккан сөздөрдү сүйлөп, анын эркине ылайык келген иштерди кылганга умтулган. Кудайдын эркин аткаруу ага чоң кубаныч тартуулаган. Жогорудагы аяттан көрүнүп тургандай, ал Кудайдын эркин аткарууну тамакка салыштырган. Эмесе, Иса пайгамбардын ошол сөздөрдү качан айтканын карап көрөлү.

Ошондо чак түш болуп калган эле (Жакан 4:6). Самариянын тоолуу аймагын аралап, эртеден бери жөө жүргөндүктөн, курсагы ачкан. Шакирттери андан: «Устат, тамактанып ал»,— деп өтүнүшкөн (Жакан 4:31). Ошондо Иса пайгамбар жогорудагы сөздөрдү айтып, Кудайдын ишин аткаруу ага азыктай экенин жана дем-шык берерин көрсөткөн. Бул анын жашоосунун маңыздуу болгонун далилдеп турган жокпу?!

2. ЖАХАБА КУДАЙДЫ СҮЙГӨН.

«Атамды жакшы көрөм» (Жакан 14:31).

Иса пайгамбар асмандагы Атасы менен ынак мамиледе болгон. Аны абдан сүйгөндүктөн ал жөнүндө, анын ой-ниети, сапаттары жөнүндө башкаларга айткан. Анын сүйлөгөн сөздөрү, кылган иштери, сапаттары Кудайдын кандай экенин көрсөткөндүктөн, ал тууралуу окуганда Кудайды көргөндөй эле болобуз. Ошон үчүн Филип деген шакирти андан: «Атаңды көрсөтчү»,— деп сураганда, ал: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деп жооп берген (Жакан 14:8, 9).

Иса пайгамбар Атасын абдан жакшы көргөндүктөн өлгөнгө чейин тил алчаак болгон (Филипиликтер 2:7, 8; 1 Жакан 5:3). Атасына болгон ушундай күчтүү сүйүү анын жашоосун маңыздуу кылган.

 3. АДАМДАРДЫ СҮЙГӨН.

«Ким достору үчүн өз жанын берсе, аныкынан өткөн сүйүү жок» (Жакан 15:13).

Күнөөлүү болгондуктан адамзаттын келечеги жок болмок. Ыйык Китепте: «Бир киши [Адам ата] аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кылган»,— делет (Римдиктер 5:12). Күнөөнүн кесепетин — өлүмдү — эч кимибиз жок кыла албайбыз (Римдиктер 6:23).

Бактыга жараша, Жахаба Кудай адамзатты сүйгөндүктөн, мээримдүү, ырайымдуу болгондуктан аларды куткарууга чара көргөн. Адамдарды өлүм менен күнөөнүн кулчулугунан бошотуш үчүн күнөөсүз Уулунун — Иса Машаяктын — азап чегип, өлүшүнө жол берген. Иса Машаяк Атасын да, адамдарды да сүйгөндүктөн Кудайдын эркине баш ийип, адам баласы үчүн өмүрүн даярдуулук менен берген (Римдиктер 5:6—8). Ошондуктан да анын жашоосу маңызга толгон *.

4. АТАСЫНЫН СҮЙӨРҮН, КОЛДООРУН БИЛГЕН.

«Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулумду колдойм» (Матай 3:17).

Жахаба Кудай асмандан бул сөздөрдү Иса Машаяк сууга чөмүлгөндө айткан. Ушундайча ал Уулун жакшы көрөрүн, колдой турганын ачык билдирген. Ошондуктан Иса Машаяктын: «Атам мени жакшы көрөт»,— деп айтканы таң калыштуу эмес (Жакан 10:17). Атасынын аны жакшы көрөрүн, колдой турганын билгендиктен ал кайраттуу болуп, каршылыктарга чыдаган жана элдин жаман сөзүнө көңүл бурган эмес. Өлүмгө да тике караган (Жакан 10:18). Кудайдын сүйөрүн, колдоорун билгендиктен, анын жашоосу маңыздуу болгон.

Ооба, Иса пайгамбардын жашоосу маңыздуу өткөн. Ал тууралуу жазылгандардан жашообуздун канткенде маңыздуу болорун билебиз. Кийинки макаладан Иса пайгамбардын кантип жашаш керектигине байланыштуу берген кеңештеринин айрымдарына токтолобуз.

^ абз. 6 Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.

^ абз. 15 Иса Машаяктын курмандыгынын канчалык балуу экени жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 5-бөлүмүн карагыла.