Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жашоонун маңызы жөнүндө ал эмне деген?

Жашоонун маңызы жөнүндө ал эмне деген?

«Иса кандай жашаса, ошондой жашагыла» (1 Жакан 2:6).

БУГА чейинки макалада Иса пайгамбардын жашоосу маңыздуу болгону айтылган. Жашообуздун маңыздуу болушун кааласак, андан үлгү алып, кеңештерине кулак кагышыбыз керек.

Жогорудагы аятта айтылгандай, Жахаба Кудай Иса пайгамбардай болуп жашашыбызды каалайт. Бул жашообуздун бардык тармактарында анын үлгүсүнө карманып, айткандарына ылайык иш кылууну билдирет. Ошентсек, Кудайга жагабыз, жашообуз да маңызга толот.

Иса пайгамбар андан үлгү алып жашаганга жардам берген принциптерди айткан. Ал бир жолу элди окутуп жатканда ошол принциптердин бир нечесин санап өткөн. Келгиле анда, алардын айрымдарын жана аларды жашообузда кантип колдонсок болорун карап көрөлү.

ПРИНЦИП: «Кудай жөнүндөгү билимге суусагандар бактылуу» (Матай 5:3, шилтеме).

БУЛ КАНДАЙЧА ЖАРДАМ БЕРЕТ?

Иса пайгамбар адамдардын Кудай жөнүндө билгенге муктаж болуп жаралганын айткан. Биз: «Эмне үчүн жаралганбыз? Азап-кайгы эмне үчүн мынчалык көп? Кудай бизге кам көрөбү? Адам өлгөндөн кийин жашоосун улантабы?» — деген суроолорго жооп алгыбыз келет. Жашообуз маңыздуу болушу үчүн ушул сыяктуу суроолорго жооп алганыбыз маанилүү. Иса пайгамбар бул суроолордун жообу Ыйык Китепте гана камтыларын билген. Бир жолу Кудайдан тиленип жатып: «Сенин сөзүң — чындык»,— деген (Жакан 17:17). Ыйык Китеп Кудай жөнүндө билим алганга, бактылуу болгонго жардам береби?

ЖАШООДОН АЛЫНГАН МИСАЛ:

Еса белгилүү рок-группанын ырчысы болчу жана рок-жылдызы катары таанымал болуп бараткан. Бирок ошого карабай өзүн бактылуу сезчү эмес. «Ырдаганды аябай жакшы көрсөм да, жашоонун маңызын издей берчүмүн»,— дейт Еса. Бир күнү ал Жахабанын Күбөсү менен сүйлөшүп калган. «Ага суроолорду жаадырдым,— дейт Еса.— Ал Ыйык Китепке негизделген, жүйөлүү жоопторду бергендиктен, аябай кызыгып, аны менен Ыйык Китепти изилдегенге макул болдум». Ыйык Китептен билгендери Есанын жүрөгүн козгогондуктан, ал өзүн Жахаба Кудайга арнаган. Еса мындай дейт: «Мурун ызы-чууга аралашып, кыйынчылыктан башым чыкпай эле жүрчүмүн. Азыр болсо жашоом маңыздуу өтүп жатат» *.

ПРИНЦИП: «Кайрымдуулар бактылуу» (Матай 5:7).

БУЛ КАНДАЙЧА ЖАРДАМ БЕРЕТ?

Кайрымдуу болуу башкаларга боорукердик менен мамиле кылууну билдирет. Иса пайгамбар кайрымдуу, боорукер болгондуктан муктаж болгондорго жардам берип, аларды азап-кайгыдан арылткан (Матай 14:14; 20:30—34). Ага окшоп, боорукер болсок, жашообуз маңызга толот. Анткени кайрымдуу болгондор өздөрүн бактылуу сезишет (Элчилер 20:35). Муктаж болуп тургандарга жылуу сөзүбүздү айтып, иш жүзүндө жардам берсек, кайрымдуулук кылган болобуз. Бул бизди чын эле бактылуу кылабы?

Maria and Carlos

ЖАШООДОН АЛЫНГАН МИСАЛ:

Мариянын апасы каза болуп калган, атасы болсо бир нече жылдан бери төшөктөн турбайт. Ошон үчүн Мария жолдошу Карлос менен атасын үйүнө көчүрүп келишкен. Алар аны карап, кирпик какпай нечендеген түндөрдү өткөрүшкөн, атасы катуу ооруп калганда, аны ооруканага түндөп жеткирген учурлары да болгон. Кээде алар аябай чарчай турганын ачык айтышат. Бирок оорукчан  атасына кам көрүп жаткандыктан, Иса пайгамбар айткандай, бактылуу адамдар.

ПРИНЦИП: «Тынчтыкка умтулгандар бактылуу» (Матай 5:9).

БУЛ КАНДАЙЧА ЖАРДАМ БЕРЕТ?

«Тынчтыкка умтулгандар» деп берилген грек сөзүн түзмө-түз которгондо «тынчтык жаратуучулар» дегенди билдирет. Тынчтыкка умтулуу кандайча жашообузду маңыздуу кылат? Мисалы, башкалар менен жакшы мамиледе болобуз. Ыйык Китептеги: «Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула»,— деген кеңешти колдонсок, туура кылабыз (Римдиктер 12:18). «Бардык адамдарга» үй-бүлөбүздөгүлөр жана Жахаба Кудайга ишенбеген кишилер кирет. «Бардык адамдар менен тынчтыкта болсок», жашообуз маңыздуу болобу?

Nair

ЖАШООДОН АЛЫНГАН МИСАЛ

: Келгиле, Наирдин мисалына токтолуп көрөлү. Анын Иса пайгамбардын ушул кеңешине ылайык иш кылар-кылбасы көп жылдан бери, өзгөчө, үй-бүлөсү тарабынан сыналып келет. Аны 15 жыл мурун күйөөсү таштап кеткен. Ошондон бери балдарын өзү жалгыз чоңойтуп келет. Балдарынын бири баңгизат колдончу. Баласы кээде ээ-жаа бербей кетчү, аны да, анын кызын да коркуткан учурлар көп болгон. Наир ошол сыяктуу оор кыйынчылыктарга чыдаганга, тынчтыкты сактаганга Ыйык Китептен билгендери күч берерин түшүнөт. Ал урушуп-талашпаганга, боорукер, сезимтал болгонго, түшүнө билгенге аракет кылат (Эфестиктер 4:31, 32). Ал тынчтыкка умтулганы үйүндөгүлөрү жана башкалар менен жакшы мамиледе болгонго жардам берип жатат деп эсептейт.

КЕЛЕЧЕКТЕ ЭМНЕ БОЛОРУН ЭСКЕ АЛУУ

Эгер Иса пайгамбар айткан кеңештерди жашообузда колдонсок, бактылуу болобуз жана жашообуз маңызга толот. Жашообуз чындап маңыздуу болушу үчүн, келечегибиз кандай болорун да билишибиз керек. Бирок акыры карып, ооруп, өлө турганыбызды билгенибиз кантип жашообузду маңыздуу кылсын? Тилекке каршы, азыр жашоо ушундай болуп жатат.

Бирок Ыйык Китепте эң сонун кабар камтылган. Иса пайгамбар «кандай жашаса, ошондой жашаганга» аракет кылгандарга Жахаба Кудай батасын мол берет. Анын ой-ниети боюнча, жакында адилдик өкүм сүргөн заман орнойт, ошондо адамдар чың ден соолукта түбөлүк жашашат. Ыйык Китепте мындай делет: «Мына, Кудайдын чатыры адамдардын арасында болот. Кудай алар менен жашайт, алар анын эли болушат. Кудай өзү алар менен болот. Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти» (Аян 21:3, 4).

Бул катар макалалардын биринчисинде айтылган 84 жаштагы Мариянын жашоосу маңыздуу өтүп жатат, анткени ал келечекте ушул сөздөрдүн аткарыларын билет. Кудай жер жүзүн башкарган учурда орной турган заман жөнүндө көбүрөөк билгиңер келеби? (1 Тиметей 6:19). Анда силер жакта жашаган Жахабанын Күбөлөрүнүн бирине кайрылсаңар болот же бул журналды басып чыгаргандарга кат жазсаңар болот *.

^ абз. 8 Есанын өмүр баянын бул журналдын 8, 9-беттериндеги «Жүрүм-турумум жаман болчу» деген макаладан окуй аласыңар.

^ абз. 18 Көптөр Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинен ар кандай темаларга байланыштуу Ыйык Китепте эмне делерин биле алышты.