Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепти түшүнүү кыйынбы?

Ыйык Китеп — Кудайдын Сөзү. Аны атанын балага жазган катына салыштырса болот (2 Тиметей 3:16). Ыйык Китепте канткенде Кудайды кубанта аларыбыз, анын жамандыкка эмне үчүн жол берип жатканы, келечекте адамзат үчүн эмнелерди кылары жазылган. Бирок диний жетекчилер анда жазылгандарды туура эмес түшүндүргөндүктөн, көптөр Ыйык Китепти түшүнүү мүмкүн эмес деп ойлошот (Элчилер 20:29, 30).

Жахаба Кудай ал жөнүндөгү чындыкты билишибизди каалайт. Ошондуктан ал Ыйык Китепти биз түшүнө алгыдай кылып жаздырган. (Окугула: 1 Тиметей 2:3, 4.)

Канткенде Ыйык Китепти түшүнө аласыңар?

Жахаба Кудай Ыйык Китепти түшүнгөнгө да жардам берет. Кудай Иса Машаякты жерге ал жөнүндөгү чындыкты айтышы үчүн жиберген (Лука 4:16—21). Иса пайгамбар элге Ыйык Китепте жазылгандарды, аяттардын ар бирин түшүндүрүп берген. (Окугула: Лука 24:27, 32, 45.)

Иса пайгамбар өзү баштаган иши улана бериши үчүн, өзүнүн жолдоочуларынан турган жыйналышты уюштурган (Матай 28:19, 20). Бүгүнкү күндө анын жолдоочулары башкаларга Ыйык Китепте Кудай жөнүндө жазылгандарды түшүнгөнгө жардам берип жатышат. Эгер силер да Ыйык Китепти түшүнгүңөр келсе, Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот. (Окугула: Элчилер 8:30, 31.)