Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Алсырабайлы!

Алсырабайлы!

«Жакшылык кылып жатып багынбайлы» (ГАЛ. 6:9).

1, 2. Жахабанын бүт ааламды кучагына алган уюму жөнүндө ой жүгүртүү кандайча ал уюмга болгон ишенимибизди арттырат?

КЕҢ ааламды кучагына алган уюмдун мүчөсү экенибизди ойлогонубузда жүрөгүбүздү кастарлоо сезими чулгабай койбойт. Жезекиел китебинин 1-бөлүмүндө жана Даниел китебинин 7-бөлүмүндө жазылган аяндарда Жахабанын өз ой-ниетин кандайча ишке ашырып жатканы көркөм сүрөттөлгөн. Иса Машаяктын жетекчилиги астында Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгү жакшы кабардын таратылышына, ал ишти аткарып жаткандарга рухий жактан кам көрүлүшүнө жана таза сыйынуунун өркүндөшүнө чара көрүүдө. Бул бизге Жахабанын уюмуна толук ишенүүгө түрткү берет! (Мт. 24:45).

2 Жеке ар бирибиз Жахабанын ошол кереметтүү уюмунан артта калган жокпузбу? Чындыкка болгон ынтабыз барган сайын жалындап баратабы же тескерисинче, сууп баратабы? Бул суроолордун үстүнөн ой жүгүртүп жатканда, балким, алсырай баштаганыбызды же мурдагыдай ынталуу болбой калганыбызды байкашыбыз мүмкүн. 1-кылымда элчи Пабыл ишенимдештерин Иса Машаяктын ынталуулугу жөнүндө ой жүгүртүүгө үндөп, бул аларга «чарчап, алдан тайып калбаганга» жардам берерин айткан (Евр. 12:3). Ошо сыяктуу эле, мурунку макаланы кылдат изилдеп, Жахабанын уюмунун эмнелерди кылып келатканы жөнүндө ой жүгүртүү бизге ынтабызды суутпай, туруктуу кызмат кыла берүүгө көмөк кылат.

3. Алсырабаш үчүн эмне кылышыбыз зарыл жана бул макалада эмнени карап чыгабыз?

3 Бирок алсырабаш үчүн Кудайдын уюму жөнүндө ой жүгүрткөндөн сырткары, дагы бир нерсе кылышыбыз талап. Пабыл «жакшылык кыла» беришибиз керектигин айткан (Гал. 6:9). Келгиле, бекем болууга жана Жахабанын уюмунан артта калбаганга жардам бере турган беш нерсеге токтололу. Аларды талкуулап жатканда ар бирибиз өзүбүз же үй-бүлөбүз көбүрөөк көңүл бурушу керек болгон жактар бар-жогун аныктасак болот.

 ЖОЛУГУШУУЛАРДАН БИРИ-БИРИБИЗДИ БЕКЕМДЕП, КУДАЙГА ЧОГУУ СЫЙЫНАЛЫ

4. Чогулуп туруу чыныгы сыйынуунун ажырагыс бөлүгү деп эмне үчүн айтууга болот?

4 Чогулуп туруу Жахабанын кызматчылары үчүн тээ илгертен эле эң негизги иштердин бири болуп келген. Алсак, көзгө көрүнбөгөн чөйрөдө Жахабанын рухий жаратуулары белгиленген убакта анын алдына келип турушкан (1 Пад. 22:19; Аюп 1:6; 2:1; Дан. 7:10). Ошондой эле байыркы ысрайыл элинен Кудайдын мыйзамдарын угуп, үйрөнүү үчүн чогулуп туруу талап кылынган (Мыйз. 31:10—12). 1-кылымда да жүйүттөр Ыйык Жазманы окуш үчүн синагогаларга барып турушкан (Лк. 4:16; Элч. 15:21). Мындан Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышы уюшулган убакта да чогулуп туруу Кудайга сыйынуунун маанилүү бөлүгү болгону көрүнүп турат. Ал азыр да Жахабага сыйынуубуздун ажырагыс бөлүгү. Жахабанын кызматчылары катары биз «сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлүшүбүз» зарыл. Ошондой эле Жахабанын күнүнүн «жакындап келатканын көрүп тургандыктан бири-бирибизди ого бетер бекемдөөгө» умтула беришибиз кажет (Евр. 10:24, 25).

5. Жолугушууларыбызда бири-бирибизди кантип бекемдей алабыз?

5 Бири-бирибизди бекемдөөнүн бир маанилүү жолу — жолугушууларыбызда жооп берүү. Талкууланып жаткан абзацтын суроосуна жооп берип, келтирилген аяттагы ойлорду кантип колдонсо болорун түшүндүрүп же ыйык китептик принциптерге кармануунун акылдуулукка жатарын көрсөткөн кыскача окуя айтып берип же дагы башка жолдор менен ишенимибизди эл алдында билдире алабыз (Заб. 22:22; 40:9). Жолугушууларга катышып жатканыңарга канча жыл болбосун, кары бир туугандардын да, жаш бир туугандардын да чын жүрөктөн берген жооптору абдан бекемдээрине кошулат чыгарсыңар.

6. Жолугушууларыбыз дайыма рухий жактан жигердүү болууга кандайча жардам берет?

6 Дагы кайсы себептерден улам Кудай биздин чогулуп турушубузду абдан маанилүү деп эсептейт? Жыйналыш жолугушуулары менен жыйындар бизди аймагыбыздагы адамдардын каршылыгына, көңүл коштугуна карабай кайраттуулук менен кабар айтууга үйрөтөт (Элч. 4:23, 31). Ал жактан Ыйык Жазмадагы ойлорду талкуулаганыбыз ишенимибизди бекемдеп, дем-күч берет (Элч. 15:32; Рим. 1:11, 12). Кудайга сыйынуу үчүн чогулуп, бири-бирибизге акыл-насаат айтып, кайраттандырганыбыз бизге бактылуу болууга көмөк кылып, «алаамат күндөрүндө тынчтык берет» (Заб. 94:12, 13). Жетектөөчү Кеңештин Окутуу комитети дүйнө жүзүндөгү Жахабанын элине арналган бардык рухий программаларды даярдоону көзөмөлдөйт. Жума сайын жолугушууларыбыздан алып жаткан эң сонун акыл-насааттар үчүн кандай гана ыраазыбыз!

7, 8. а) Чогулуп турганыбыздын эң негизги максаты эмне? б) Жолугушуулар сага кандай жардам берет?

7 Бирок биз жолугушууларга пайда алыш үчүн эле эмес, андан да маанилүү себептен улам барабыз. Чогулуп турганыбыздын эң негизги максаты — Жахабага сыйынуу. (Оку: Забур 95:6.) Кереметтүү Кудайыбызды даңктоо кандай гана зор сыймык! (Кол. 3:16). Жахаба жолугушууларыбызды калтырбай барып, аны даңкташыбызга татыктуу (Аян 4:11). Ошондуктан Ыйык Китепте «кээ бирөөлөр адатка айлантып алгандай, жолугушууларыбызды калтырбашыбыз» керектиги айтылганы таң калыштуу эмес (Евр. 10:25).

8 Жыйналыш жолугушууларын Жахабанын бул каардуу дүйнөнү жок кылганга чейин туруктуу кызмат кылууга жардам берген белеги катары көрөбүзбү? Ошондой болсо, алардын «маанилүү» экенин баамдап, азыркы түйшүгү түгөнбөгөн заманда да калтырбай барып турабыз (Флп. 1:10). Аябай эле орчундуу  себеп болуп калбаса, бир туугандарыбыз менен биримдикте Жахабага сыйынуу мүмкүнчүлүгүн эч качан коё бербешибиз керек.

ЖҮРӨГҮ ТАЗА КИШИЛЕРДИ ИЗДЕЙЛИ

9. Кабар айтуу ишинин абдан маанилүү экенин кайдан билебиз?

9 Кабар айтуу ишине толук кандуу катышуу да бизге Жахабанын уюмунан артта калбоого жардам берет. Иса Машаяк ал ишке жерде жүргөндө чыйыр салган (Мт. 28:19, 20). Ошондон тартып Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо иши Жахабанын бүтүндөй уюмунда эң негизги иш болуп эсептелет. Көптөгөн окуялар тастыктап тургандай, бул ишти аткарууда периштелер бизди колдоп, «түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондорго» багыттайт (Элч. 13:48; Аян 14:6, 7). Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгүнүн да башкы максаты — ошол эң маанилүү ишти уюштуруп, алга илгерилетүү. Ал иш силердин жашооңордо да башкы орунда турабы?

10. а) Чындыкка болгон ынтабызды кантип ысык сактай алабыз? Мисал келтир. б) Кызмат сага алсырабаганга кандай жардам берип келет?

10 Кабар айтуу ишине жигердүү катышуу чындыкка болгон ынтабызды ысык сактоого көмөк кылат. Көптөн бери аксакал жана үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылып келаткан Митчел деген бир туугандын эмне дегенине көңүл бурсаңар. Ал мындай дейт: «Мен башкаларга чындык жөнүндө айтканды жакшы көрөм. „Күзөт мунарасы“ жана „Ойгонгула!“ журналдарынын жаңы санына чыккан кайсы бир макала жөнүндө  ой жүгүртүп, алардын ар бир санында кандай зор акылмандык, терең билим камтылганына таң калам. Алардагы макалаларды адамдар кандай кабыл аларын көрүү үчүн жана алардын кызыгуусун туудуруу үчүн кабарга чыккым келет. Кызматым мага туруктуу болууга жардам берип келет. Кандай иш болбосун, аны кызматка бөлүп койгон убакытка чейин же андан кийин бүтүрүүгө аракет кылам». Ооба, ыйык кызматка жигердүү катышсак, азыркы акыркы күндөрдө туруктуу боло алабыз. (Оку: 1 Корунттуктар 15:58.)

РУХИЙ ЖАКТАН ДАЙЫМА ТАМАКТАН

11. Эмне үчүн Жахаба берип жаткан рухий тамактан толук пайда алышыбыз керек?

11 Жахаба бизге күч-кубат берүү үчүн рухий тамакты мол берип келет. Кайсы бир адабиятты окугандан кийин: «Мага так ушул керек болчу. Жахаба муну мен үчүн жаздыргандай экен!» — деп ойлонгон учурларың болгон чыгар. Бирок бул кокусунан эле болгон жок. Ушундай чаралар аркылуу Жахаба бизди үйрөтүп, жетектеп турат. Ал: «Сага түшүнүк берем, сени жүрүшүң керек болгон жолго салам»,— деген (Заб. 32:8). Берилип жаткан адабияттардын баарын окуп, окугандарыбыз жөнүндө ой жүгүртүүгө бүт күчүбүздү жумшайбызбы? Бул бизге дайыма жемиш берүүгө жана азыркы акыркы оор күндөрдө соолуп калбаганга жардам берет. (Оку: Забур 1:1—3; 35:28; 119:97.)

12. Рухий тамакты боло жүргөн нерседей көрбөгөнгө эмне жардам берет?

12 Дайыма рухий жактан жакшы тамактанышыбыз үчүн кандай мээнет жумшалары жөнүндө ой жүгүртүп турганыбыз дурус. Жетектөөчү Кеңештин Жазуу комитети биздин адабияттарга жана веб-сайтыбызга чыга турган маалыматтарды изилдөөнү, жазууну, текшерүүнү, сүрөттөрүн жайгаштырууну жана которууну көзөмөлдөйт. Ал эми адабият басуучу филиалдар аларды жакынкы жана алыскы жыйналыштарга жеткиришет. Мунун баары эмне үчүн жасалат? Жахабанын эли рухий жактан дайыма ток болушу үчүн (Ыш. 65:13). Келгиле, Жахабанын уюму аркылуу берилип жаткан рухий тамактын баарынан пайда алууга бел байлайлы (Заб. 119:27).

УЮМДАГЫ ТАРТИПКЕ БАШ ИЕЛИ

13, 14. Жахабанын иш-чараларын асманда кимдер колдоп жатат жана алардан кандай үлгү ала алабыз?

13 Элчи Жакан аян аркылуу Иса Машаяктын ак боз ат минип, Жахабанын душмандарын жеңиш үчүн чыкканын көргөн (Аян 19:11—15). Аны менен бирге ишенимдүү периштелердин жана тирилип, асмандагы сыйлыгын алган майлангандардын да чыкканы ишенимибизди бекемдейт (Аян 2:26, 27). Алар Жахабанын чараларын колдоо жагынан кандай сонун үлгү көрсөтүшөт!

14 Ошо сыяктуу эле, эбегейсиз көп адамдар Машаяктын жердеги майланган бир туугандары жетектеп жаткан ишти колдоп жатышат. (Оку: Закарыя 8:23.) Жахабанын иш-чараларын жеке ар бирибиз кантип колдой алабыз? Мунун бир жолу — жетекчиликти колго алгандарга баш ийүү (Евр. 13:7, 17). Бул өзүбүздүн эле жыйналыштан башталат. Аксакалдар жөнүндө айткандарыбыз башкаларга аларды урматтаганга жана алардын ишин баалаганга жардам береби? Балдарыбызды аларды сыйлаганга жана алардан кеңеш сураганга үндөйбүзбү? Андан тышкары, үй-бүлөбүз менен ыктыярдуу тартууларыбыз аркылуу бүткүл дүйнөлүк ишти материалдык жактан кантип колдосок болорун талкуулайбызбы? (Накыл 3:9; 1 Кор. 16:2; 2 Кор. 8:12). Падышалык залын тазалоого, оңдоп-түзөөгө катышууну сыймык катары көрөбүзбү? Жетекчиликти колго алгандарды урматтасак жана эриш-аркак кызмат кылсак, Жахаба бизге ыйык рухун төгөт. Ал эми ыйык рух бизге азыркы акыркы күндөрдө алсырабаганга жардам берет (Ыш. 40:29—31).

 АЙТКАН КАБАРЫБЫЗГА ЫЛАЙЫК ЖАШАЙЛЫ

15. Эмне үчүн Жахабанын ой-ниетине ылайык жашаш үчүн ар дайым күч жумшашыбыз керек?

15 Туруктуу болуп, Жахабанын уюмунан артта калбашыбыз үчүн «Теңирге эмне жагарын баамдап билип», жарыялап жаткан кабарыбызга ылайык жашашыбыз керек (Эф. 5:10, 11). Жеткилең эмес табиятыбыздан, Шайтан менен анын бузулган дүйнөсүнүн таасиринен улам биз терс таасирлер менен тынымсыз күрөшүп келебиз. Сүйүктүү бир туугандар, айрымдарыңарга Жахаба менен болгон мамилеңерди сактоо үчүн күн сайын күрөшүүгө туура келет. Жахаба жумшаган күч-аракетиңерди жогору баалайт жана силерди аябай жакшы көрөт. Андыктан эч качан багынбагыла! Жахабанын ой-ниетине ылайык жашасак, чоң канааттануу алабыз жана сыйынуубуз Жахабага жагат (1 Кор. 9:24—27).

Башкаларга Жахабанын абдан чоң уюмунун мүчөсү боло аларын түшүнүүгө жардам берүүгө дилгир бол

16, 17. а) Эгер олуттуу күнөө кылган болсок, эмне кылышыбыз керек? б) Энн менен болгон окуядан кандай сабак алсак болот?

16 Эгер олуттуу күнөө кылган болсок, эмне кылышыбыз керек? Мүмкүн болушунча эртерээк жардам алгыла. Күнөөңөрдү жашырып жүрө берсеңер, жагдайыңар ого бетер оордоп кетет. Дөөтүнүн күнөөсүн жашырып жүргөнү жөнүндө: «Унчукпай жүргөнүмдө, эртеден кечке онтогонуман сөөктөрүм кургап кетти»,— дегенин эстесеңер (Заб. 32:3). Ооба, күнөөлөрүбүздү жашыруу бизди эмоциялык жана рухий жактан чарчатат, ал эми кылмышын «мойнуна алып, аларды таштаганга ырайым кылынат» (Накыл 28:13).

17 Мисалга Эннди * алалы. Ал өспүрүм курагында үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылган. Бирок эки түрлүү жашоо өткөрө баштаган. Ушунун айынан аябай кыйналган. Ал: «Абийирим кыйнап, өзүмдү бактысыз сезип, дайыма көңүлүм чөгүп жүрдү»,— дейт. Ал эмне кылган? Бир күнү жыйналыш жолугушуусунан Жакып 5:14, 15 талкууланганда, ал жардамга муктаж экенин түшүнүп, аксакалдарга кайрылган. Ошол кезди эскерип, ал: «Ошол аяттар рухий жактан айыгышым үчүн Жахаба жазып берген дарыдай эле болду. Дарыны ичүү оңой эмес, бирок ал сакайтат. Мен ал аяттардагы кеңешке ылайык иш кылдым жана бул мага жардам берди»,— дейт. Андан бери бир нече жыл өттү. Азыр Энн кайрадан күчкө толуп, Жахабага таза абийир менен ынталуу кызмат кылып жатат.

18. Эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

18 Азыркы акыркы күндөрдө Жахабанын кереметтүү уюмунун мүчөсү болуу кандай чоң сыймык! Эч качан муну боло жүргөн нерсе катары көрбөйлү. Үй-бүлөбүз менен бирге жолугушууларга дайыма барып, Кудайга жыйналышыбыз менен чогуу сыйыналы, аймагыбыздан жүрөгү таза кишилерди талыкпай издейли жана бизге берилип жаткан рухий тамакты жогору баалайлы. Ошондой эле жетекчиликти колго алгандарды колдоп, айткан кабарыбызга ылайык жашайлы. Ошондо эч качан Жахабанын уюмунан артта калбайбыз жана жакшылык кылып жатып алсырабайбыз!

^ абз. 17 Ысмы өзгөртүлдү