Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын жазалары анын таш боор экенин далилдейби?

Кудайдын жазалары анын таш боор экенин далилдейби?

БУЛ суроого жооп алыш үчүн, келгиле, Кудайдын жазалары жөнүндөгү Ыйык Китептеги эки билдирүүнү — Нух пайгамбардын күндөрүндө болгон Топон суу жөнүндөгү жана Канаан элинин жок кылынганы жөнүндөгү билдирүүлөрдү — карап чыгалы.

НУХ ПАЙГАМБАРДЫН КҮНДӨРҮНДӨ БОЛГОН ТОПОН СУУ

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ? «Кудайдын топон суу каптатып, Нух пайгамбар менен анын үй-бүлөсүнөн башка адамдардын баарын жок кылганы таш боордукка жаткан».

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? Кудай: «Ыймансыздын өлгөнүнө эмес, ыймансыздын өз жолунан кайтып, өмүр сүргөнүнө сүйүнөм»,— деген (Жезекиел 33:11). Демек, ал Нух пайгамбардын убагындагы адамдарды жок кылгандан ыракат алган эмес. Анда эмне үчүн жок кылган?

Ыйык Китепте Кудайдын «ыймансыздарга келечекте эмне болорун көрсөтүш үчүн» ыймансыз адамдарды жазалаганы айтылат (2 Петир 2:5, 6). Мындан эмнени биле алабыз?

Биринчиден, адамдарды жок кылганда жүрөгү ооруса да, Кудай башкаларды азапка салган ырайымсыз адамдардын иштерине көз жумбайт, аларды кылганы үчүн жоопко тартат. Өз убагы келгенде, ал адилетсиздикти жана азап-кайгыны жок кылат.

Экинчиден, Кудайдын байыркы замандагы жазалары анын жазалаардан мурун мээримдүүлүк менен эскертерин көрсөтүп турат. Мисалы, Нух пайгамбар адамдарга эскерткен, бирок анын айткандарына эч ким кулак каккан эмес. Ыйык Китепте: «Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин, алар ойлонушкан эмес»,— делет (Матай 24:39).

Кудай алдын ала кантип эскертип келген? Алсак, ал ысрайыл элине, коңшу элдерди туурап жаман иштерди кылышса, душмандарынын колуна салынып берилерин, Иерусалим шаарынын талкаланарын жана алардын туткундалып кетерин эскерткен. Бирок эл жаман жолго түшүп, балдарын курмандыкка чалганга чейин барган. Ошондо Жахаба Кудай аларды жазалады беле? Ооба, бирок жазалаардан мурда аларга жаман жолунан бурулушу керектигин эскертип, пайгамбарларын кайра-кайра жиберген. Ал: «Эгедер Теңир Жахаба өзүнүн кызматчыларына — пайгамбарларга — купуя сырын ачпай туруп эч нерсе кылбайт»,— деген (Амос 3:7).

МУНУН СИЛЕРГЕ КАНДАЙ ТИЕШЕСИ БАР? Жахаба Кудайдын ыймансыздарды жазалаганы жөнүндөгү билдирүүлөр үмүтүбүздү жандырат. Анын башкаларды азапка салып жаткан кара мүртөз адамдарды жок кыларынан эч шектенбесек болот. Ыйык Китепте: «Жамандык кылгандар кырылат... Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат»,— деп жазылат (Забур 37:9—11). Кандай деп ойлойсуңар, Кудайдын жакшы адамдарды азаптан арылтыш үчүн ыймансыздарды жазалаганы таш боордукка жатабы же камкордуккабы?

КАНААН ЭЛИНИН ЖОК КЫЛЫНЫШЫ

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ? «Канаан элинин жок кылынышы бүгүнкү күндөгү кайсы бир улутту тукум курут кылуу үчүн жүргүзүлгөн, мыкаачылык менен коштолгон согушка барабар болгон».

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «[Кудайдын] жолдорунун баары адилет. Ал — ишенимдүү Кудай, эч качан адилетсиздик кылбайт» (Мыйзам 32:4). Анын адилеттүүлүк менен кылган иш-аракетин адамдардын согушуна салыштырганга болбойт. Эмне үчүн? Анткени, адамдардан айырмаланып, Кудай жүрөктү көрүп турат.

Мисалы, Кудай Содом менен Амор шаарларында жашаган адамдарга өкүм чыгарып, аларды жок кылам дегенде, Ыбрайым пайгамбар Кудайдын чечиминин адилеттүүлүгүнө ынангысы келген. Ал адилеттүү Кудайдын «адил адамдарды ыймансыздар менен кошо жок кылып» салышы мүмкүн эмес деп эсептеген. Кудай ага чыдамдуулук менен мамиле кылып, Содомдон он адил киши табылса, алар үчүн шаарды кыйратпай турганын айткан (Башталыш 18:20—33). Мындан көрүнүп тургандай, Кудай ал шаарда жашагандардын жүрөгүн текшерген жана алардын ыймансыздыкка белчесинен батып, оңолгус болуп калганын көргөн (1 Жылнаама 28:9).

Ошол сыяктуу эле, Кудай Канаан элинин жүрөгү жамандыкка толгонун көргөндүктөн аларды жок кылууну туура көргөн. Ал эл мыкаачылыгы менен белгилүү болчу. Алар балдарын тирүүлөй өрттөп курмандыкка чалышчу * (2 Падышалар 16:3). Канаандыктар Канаан жерин Кудай ысрайыл элине бергенин билишкен. Бирок башка жакка кеткиси келбей, ысрайыл эли менен согушкан. Алар ысрайылдыктарга эле эмес, Жахаба Кудайга да атайылап каршы чыгышкан.

Андан тышкары, Жахаба Кудай жаман жолунан кайткандарга, Анын адеп-ахлактыкка байланыштуу осуяттарына ылайык жашоону чечкендерге ырайым кылган. Алсак, сойку болгон Рахап деген канаандык аял үй-бүлөсү менен аман калган. Ошондой эле Канаан жериндеги Гибон шаарынын тургундары ысрайыл элине келип, ырайым кылышын өтүнгөндө, Кудай ал шаарда жашагандардын баарына ырайым кылган (Жашыя 6:25; 9:3, 24—26).

МУНУН СИЛЕРГЕ КАНДАЙ ТИЕШЕСИ БАР? Кудайдын канаандыктарды жок кылганынан маанилүү нерсени билүүгө болот. Алдын ала айтылган «ыймансыз адамдар жок боло турган сот күнү» абдан тездик менен жакындап келатат (2 Петир 3:7). Эгер Жахаба Кудайды сүйүп, анын көз алдында туура иштерди кылсак, ал анын адилдик менен жүргүзгөн бийлигин четке каккан адамдарды жок кылганда, аман калабыз.

Канаандыктар мыкаачылыгы менен белгилүү болчу. Алар Кудайга да, анын элине да атайылап каршы чыгышкан

Жахаба Кудай ата-энелердин чыгарган чечими балдарына таасир этерин эскерткен. Ыйык Китепте: «Өзүң да, тукумуң да өмүр сүрүшү үчүн, өмүрдү танда. Жахаба Кудайыңды сүй, анын тилин ал, ага ишенимдүү бойдон кал»,— деп жазылган (Мыйзам 30:19, 20). Бул сөздөр Кудайдын таш боор экенин көрсөтүп турабы же анын адамдарды сүйөрүн, алардын туура чечим чыгарышын каалаарын көрсөтүп турабы?

^ 15-абз. Археологдор канаандыктардын ымыркайларды курмандыкка чалганын тастыктаган табылгаларды табышкан.