Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жакшы иштерди кылууга ынталуусуңбу»?

«Жакшы иштерди кылууга ынталуусуңбу»?

«Машаяк бизди... тазалап, жакшы иштерди кылууга ынталуу, өзүнө гана таандык өзгөчө эл кылыш үчүн өз өмүрүн берген» (ТИТ 2:14).

1, 2. Жахабанын Күбөлөрү гана кандай сыймыкка ээ жана сен буга кандай карайсың?

КӨПТӨР кандайдыр бир жетишкендик үчүн сыйлык алганды чоң сыймык катары көрүшөт. Маселен, айрымдар касташкан же бөлүнүп-жарылган тараптарды жараштыруу максатында ынталуу иш-аракет кылганы үчүн Нобель сыйлыгын алышкан. Алардын буга сыймыктанышканы шексиз. Бирок адамдар Жараткан менен жакшы мамиледе болушу үчүн, анын элчилери катары жөнөтүлгөнүбүз андан алда канча чоң сыймык!

2 Мындай сыймык бизге гана, Жахабанын Күбөлөрүнө гана, берилген. Кудайдын жана Машаяктын буйругу менен биз адамдарды «Кудай менен элдешүүгө» чакырабыз (2 Кор. 5:20). Кудай бизди адамдарды өзүнө жакындатуу үчүн колдонот. Ушунун аркасында 235тен ашуун өлкөдө миллиондогондорго Кудай менен ынак мамиледе болуп, түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө ээ болууга жардам берилүүдө (Тит 2:11). Биз күйүп-жанып, каалоочулардын баарын «өмүр суусунан бекер алууга» чакырабыз (Аян 22:17). Баа жеткис кызматыбызды баалап, аны бүт дитибизди коюп аткаргандыктан бизди негиздүү түрдө «жакшы иштерди кылууга ынталуу эл» деп атоого болот (Тит 2:14). Келгиле, жакшы иштерди кылууга ынталуу болгонубуз кандайча адамдарга Жахабага жакындоого жардам берерин карап көрөлү. Адегенде кабар айтуу ишибизге токтололу.

ЖАХАБА МЕНЕН ИСА МАШАЯКТАЙ ЫНТАЛУУ БОЛ

3. Жахабанын ынтасы бизди эмнеге ынандырат?

3 Ышая 9:7де Кудайдын Уулунун башкаруусу эмнелерди ишке ашырары жөнүндө айтылгандан кийин: «Муну асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын ынтасы ишке ашырат»,— делген. Бул сөздөр асмандагы Атабыздын адамдарды куткарууну абдан каалаарын көрсөтүп турат. Жахабанын ынтасынан айкын көрүнүп тургандай, ал тапшырган иш — Падышалык жөнүндө кабар айтуу иши — жан дилибиз, жүрөк жалыныбыз, бүт ынтабыз менен колдоого татыйт.  Башкалардын Кудайды таанып-билишин абдан каалаганыбыз анын ынтасын чагылдырат. Кудайдын кызматташтары катары жакшы кабарды жарыялоого мүмкүн болушунча толук катышууга чечкиндүүбүзбү? (1 Кор. 3:9).

4. Кызматта туруктуу болуу жагынан Иса Машаяк кандай үлгү калтырган?

4 Иса Машаяктын да ынтасын карап көрөлү. Ал кызматта туруктуу болуу жагынан эң сонун үлгү калтырган. Катуу каршылык көрсөтүлгөнүнө карабай, ал азаптуу өлүмгө дуушар болгонго чейин кабар айтуу ишинде ынталуулугунан жазган эмес (Жкн. 18:36, 37). Өмүрүн курмандыкка берер убак жакындаган сайын, адамдарга Жахаба жөнүндө билим берүүгө ого бетер ынтызар болгон.

5. Кандайча Иса пайгамбар анжир дарагы жөнүндөгү мисалына ылайык иш кылган?

5 Б.з. 32-жылы күзүндө Иса пайгамбар жүзүмдүгүндө өскөн анжир дарагы үч жылдан бери түшүм бербеген киши жөнүндө мисал айткан. Ал киши жүзүмчүсүнө даракты кыйып салуу керектигин айтканда, жүзүмчү аны кыйбай коё туруп, түбүн жумшартып, кык төгүүнү сунуш кылат. (Оку: Лука 13:6—9.) Иса пайгамбар ошол мисалды айткан кезде, аз эле киши анын шакирти болгон болчу. Бирок мисалдан көрүнүп тургандай, ал калган кыска убакыттын, тактап айтканда, алты айдай убакыттын ичинде кабар айтууга көбүрөөк күч жумшагысы келген. Ошондуктан Жүйүт жеринде жана Переяда мурдагыдан да жигердүү кабар айткан. Өлөрүнө бир нече күн калганда, ал жакшы кабарды угуп, «бирок жооп бербеген» жердештери үчүн каңырыгы түтөп, ыйлаган (Мт. 13:15; Лк. 19:41).

6. Эмне үчүн жакшы кабар айтууга көбүрөөк күч жумшашыбыз керек?

6 Бул дүйнөнүн акырына аябай аз калгандыктан, кабар айтууга дагы көбүрөөк күч жумшаганыбыз маанилүү. (Оку: Даниел 2:41—45). Жахабанын Күбөсү болуу — чоң сыймык. Биз башкаларга адамзаттын көйгөйлөрү толук чечилерине үмүттөнүүгө жардам берген жападан жалгыз элдин мүчөсүбүз. Бир гезиттин кабарчысы жакында эле «Эмне үчүн жакшы кишилер жамандыкка кабылат?» деген суроонун жообу жок экенин жазган. Каалагандардын баарына ушу сыяктуу суроолоруна Ыйык Китептен жооп алууга жардам берүү — биздин парызыбыз жана биз үчүн чоң сыймык. Ооба, Кудай тапшырган ишти аткарууда «ыйык рух менен жалындашыбызга» толук негиз бар (Рим. 12:11). Кудайдын батасы менен жакшы кабарды ынталуу жарыялап, башкаларга аны таанып-билүүгө жана сүйүүгө жардам бере алабыз.

ЖАН АЯБАС БОЛСОК, ЖАХАБА ДАҢКТАЛАТ

7, 8. Жан аябас болсок, кандайча Жахаба даңкталат?

7 Элчи Пабылдын тажрыйбасынан көрүнүп тургандай, биздин кызматыбыз «уйкусуз түндөр», «тамак-ашсыз» калган учурлар менен коштолушу мүмкүн (2 Кор. 6:5). Жан аябастыкты эң сонун сүрөттөп турган бул сөздөр өздөрүн камсыз кылуу менен бирге Кудайга кызмат кылууну биринчи орунга койгон пионерлерди эсибизге салышы ыктымал. Бөтөн эл, бөтөн жерде башкаларга кызмат кылуу үчүн каймана мааниде «суюк тартуу катары курмандыкка куюлган» жан аябас миссионерлер жөнүндө да ойлонуп көрсөңөр (Флп. 2:17). Кээде тамак ичпей же уктабай Жахабанын койлоруна кам көргөн мээнеткеч аксакалдар жөнүндө эмне айтууга болот? Ал эми жыйналыш жолугушууларына, кабар айтуу кызматына катышуу үчүн колунан келгендин баарын кылып жаткан улгайган жана ден соолугу начар бир туугандарыбыз жөнүндөчү? Кудайга жан үрөп кызмат кылган андай бир туугандарыбыз жөнүндө ойлонгонубузда жүрөгүбүз ыраазычылыкка толот. Жан аябастан кылган иш-аракеттерибиз башкалардын кызматыбызга болгон көз карашына таасир этпей койбойт.

Кызматка катышканыңдын өзү эле сени байкап тургандарга чоң күбөлөндүрүү болот

8 Алсак, Жахабанын Күбөсү эмес бир окурман Улуу Британиядагы Линкольншир графтыгынын «Бостон таргет» деген гезитине жазган катында мындай деген: «Адамдар динге ишенбей калды... Чиркөө кызматкерлери эртеден кечке  эмне кылышат? Алар Машаякка окшоп, адамдарды жолуктуруу үчүн ар кайсы жерлерди кыдырышпайт... Кыязы, муну бир эле дин — Жахабанын Күбөлөрү гана — кылат. Алар бардык жерде адамдарга чындыкты жарыялоого чын дилден умтулушат». Мындан көрүнүп тургандай, ар ким өз көмөчүнө күл тарткан дүйнөдө жан аябас болсок, Жахаба даңкталат (Рим. 12:1).

9. Кызматыбызда жакшылык кылууга ынталуу болууга эмне түрткү берет?

9 Бирок кызмат кылууга болгон ынтабыздын сууп баратканын сезсек, эмне кылсак болот? Жахабанын кабар айтуу иши аркылуу эмнелерди ишке ашырып жатканы жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз жакшы жардам берет. (Оку: Римдиктер 10:13—15.) Куткарылуу үчүн Жахабанын ысмын ишеним менен чакыруу зарыл. Бирок кабар айтпасак, адамдар муну кыла алышпайт. Муну түшүнүү бизге жакшылык кылууга ынталуу болууга жана Падышалык жөнүндө жакшы кабарды жигердүү таратууга түрткү бериши керек.

ЖАКШЫ ЖҮРҮМ-ТУРУМУБУЗ АДАМДАРДЫ КУДАЙГА ТАРТАТ

Чынчылдыгың жана мээнеткечтигиң көз жаздымында калбайт

10. Үлгүлүү жүрүм-турумубуз адамдарды Кудайга тартат деп эмне үчүн айтууга болот?

10 Адамдар Кудайга тартылышы үчүн, кызматыбызда ынталуу болгонубуз эле жетиштүү эмес. Аларга Кудайга жакындоого жардам берүү үчүн жүрүм-турумубуздун үлгүлүү болгону да маанилүү. Элчи Пабыл муну баса белгилеп: «Кызматыбыз кынтыксыз болушу үчүн, башкалардын мүдүрүлүшүнө эч бир жагынан себепкер болбойбуз»,— деп жазган (2 Кор. 6:3). Жакшы сөздөрүбүз жана жүрүм-турумубуз Кудайдын окууларын көркүнө чыгарып, башкаларды таза сыйынууга тартат (Тит 2:10). Ырас, көптөгөн окуялар далилдеп тургандай, үлгүлүү жүрүм-турумубуз жүрөгү таза кишилерге жакшы таасир этет.

11. Эмне үчүн жүрүм-турумубуз башкаларга кандай таасир этип жатканы жөнүндө терең ой жүгүртүп көрүшүбүз керек?

11 Бирок жүрүм-турумубуз адамдарга терс таасир этиши да мүмкүн. Ошондуктан каякта жүрбөйлү, жумуштабы, үйдөбү  же мектептеби, кызматыбыз жана жүрүм-турумубуз сөзгө калбагыдай болушу керек. Эгер билип туруп күнөө кыла берсек, өтө кесепеттүү болушу мүмкүн (Евр. 10:26, 27). Бул бизге кылып жаткан иштерибизди жана жашообузду көрүп башкалар кандай ойдо калып жатканы жөнүндө терең ой жүгүртүп көрүүгө түрткү бериши керек. Бул дүйнөнүн адеп-ахлак нормалары төмөндөгөндөн төмөндөп бараткандыктан, жүрөгү таза кишилер «Кудайга кызмат кылган адам менен кызмат кылбаган адамдын ортосундагы айырманы» барган сайын айкын көрө беришет (Мал. 3:18). Ооба, адамдарды Кудай менен элдештирүүдө жакшы жүрүм-турумубуз маанилүү роль ойнойт.

12—14. Сыноолордо туруктуу болгонубуз башкалардын биздин кызматыбызга болгон көз карашына кандай таасир этет? Мисал келтир.

12 Корунттуктарга жазган катында Пабыл ар кыл кыйынчылыктарга дуушар болгону, сабалганы, камалганы жөнүндө сөз кылган. (Оку: 2 Корунттуктар 6:4, 5.) Ишенимибиз сыналганда, туруктуу болсок, башкалар чындыкты кабыл алууга түрткү алышы ыктымал. Мисалы, мындан бир нече жыл мурун Анголада Жахабанын Күбөлөрүн жок кылууга аракет жасалган. Жыйналыш жолугушуусуна келген эки Күбө жана 30 кызыгуучу сүрмө топтун курчоосуна алынган. Анан жергиликтүү тургундар да чогулуп, каршылаштардын эч жазыгы жок ал кишилерди кан жалата сабашканына күбө болушкан. Каршылаштар жадагалса аялдар менен кичинекей балдарды да аяшкан эмес. Алар, эч ким Жахабанын Күбөлөрүн укпашы үчүн, элди коркутууну көздөшкөн. Анткен менен бир туугандар ур-токмокко алынгандан кийин, көптөгөн жергиликтүү тургундар аларга кайрылып, Ыйык Китепти изилдегиси келерин айтышкан. Ошондон кийин Падышалык жөнүндө кабар айтуу иши алдыга жылып, чоң өсүш болгон жана бир туугандар мол бата алышкан.

13 Бул мисалдан көрүнүп тургандай, Ыйык Китептеги принциптерге бекем карманганыбыз башкаларга зор таасир этиши мүмкүн. Мисалы, элчи Петир менен башка элчилердин кайраттуулугу канчалагандарга Кудайга жакындоого жардам бергенин ойлоп көрсөңөр (Элч. 5:17—29). Биз да туура иштерди кыла берсек, классташтарыбыз, бирге иштешкендерибиз же үйдөгүлөрүбүз муну көрүп, чындыкты кабыл алышы ыктымал.

14 Айрым бир туугандарыбыз куугунтукка дуушар болуп келишет. Айталы, Арменияда бейтараптуулукту сактаганы үчүн 40ка жакын бир тууган абакта отурат, дагы канчалагандары жакынкы айларда кесилгени турат. Ал эми Эритреяда 55 бир тууган камакка алынган, алардын айрымдарынын жашы 60тан ашып калган. Түштүк Кореяда болсо 700гө жакын Күбө ишеними үчүн эркинен ажыратылган. Мындай жагдай 60 жылдан бери өзгөрбөй келет. Келгиле, дүйнөнүн чар тарабындагы куугунтукка дуушар болуп жаткан бир туугандарыбыздын ишенимдүүлүгүн сактап, Кудайды даңкташын жана адилдикти сүйгөндөргө таза сыйынууга кошулууга жардам беришин сурап тилене берели (Заб. 76:8—10).

15. Чынчыл болгонубуз кандайча башкаларды чындыкка тартышы мүмкүн экенин мисал менен бышыкта.

15 Чынчыл болгонубуз да башкаларга чындыкка келүүгө түрткү бериши мүмкүн. (Оку: 2 Корунттуктар 6: 4, 7.) Маселен, төмөндөгү окуяны карап көрөлү. Бир эже автобустан билет алган аппаратка акча салып жатканда, бир таанышы: «Карыш турган жерге билет албай эле койбойсуңбу»,— дейт. Ишенимдешибиз ага бир аялдама үчүн да билет алган туура болорун айтат. Таанышы автобустан түшүп кеткенден кийин, айдоочу ага кайрылып: «Сиз Жахабанын Күбөсү эмессизби?» — деп сурайт. Бир тууганыбыз: «Ооба. Эмне үчүн минтип сурап калдыңыз?» — дейт. Айдоочу: «Билет алуу жөнүндө сүйлөшүп жатканыңарды кулагым чалып калды. Мен Жахабанын Күбөлөрү дайыма билет аларын жана бардык жагынан чынчыл келерин билем. Алардай адамдар чанда эле кезигет»,— деп жооп берет. Бир нече айдан кийин жыйналыш жолугушуусунан ошол эжеге бир киши келип: «Мени таанып жатасызбы? Мен баягы сиз менен  билет алуу туурасында сүйлөшкөн айдоочумун. Сиздин жүрүм-турумуңузду көрүп, Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдөөнү чечтим»,— деген. Арийне, чынчыл болгонубуздун аркасында биз башкаларга ишенүүгө татыктуу кызматчылар катары белгилүүбүз.

ЖАКШЫ САПАТТАРДЫ ЧАГЫЛДЫРЫП, КУДАЙДЫ ДАҢКТА

16. Чыдамдуулук, сүйүү, боорукердик сыяктуу сапаттарыбыз башкаларга кандай таасир этет? Айрым диний жетекчилердин иштери жөнүндө айтып бер.

16 Биз чыдамдуулук, сүйүү, боорукердик сыяктуу сапаттарды чагылдыруу менен да башкаларды Жахабага тартабыз. Бизди байкагандар Жахаба жөнүндө, анын ой-ниети жана эли тууралуу билгиси келиши мүмкүн. Кудайдын кызматчыларынын көз карашы, жүрүм-туруму сыртынан эле Кудайга берилгендей болуп көрүнгөн эки жүздүү кишилердикинен кандай гана айырмаланат. Айрым диний жетекчилер оторундагыларын алдоонун аркасында байып, акчасынын көбүнө кымбат үйлөрдү, машинелерди алышат, атүгүл бир диний төбөл итинин уясына да кондиционер орноткон. Ооба, өздөрүн Машаяктын жолдоочусубуз деп атагандардын көбү «бекер берүүнү» каалабайт (Мт. 10:8). Алар, байыркы Ысрайылдагы өзүмчүл, ишенимсиз дин кызматчылардай эле, «акы алып окутушат». Ал эми алардын окуткандарынын басымдуу бөлүгү Ыйык Жазмага карама-каршы келет (Мик. 3:11). Мындай эки жүздүүлүк эч кимди Кудайга жакындатпайт.

17, 18. а) Жашообузда Жахабанын сапаттарын чагылдырсак, ал кандайча даңкталат? б) Сага жакшы иштерди кыла берүүгө эмне түрткү берет?

17 Андан тышкары, Машаяктын чыныгы жолдоочуларынын окуулары жана адамдарга кылган жакшылыктары да көптөрдүн жүрөгүн козгойт. Мисалы, бир пионер үймө-үй кабар айтып жүргөндө, бир үйдөн улгайып калган жесир аял чыгып, аны жакшы кабыл албай коёт. Ал ага эшиктин коңгуроосун басканда, ашканасында шатыга чыгып алып, лампочкасын алмаштырайын деп жатканын айтат. Ошондо бир тууганыбыз: «Аны өзүңүз жалгыз кылганыңыз кооптуу эмеспи?» — дейт. Ошентип, ал пионер анын лампочкасын алмаштырып берип, кетип калат. Ошол аялдын уулу бул тууралуу билгенде аябай таасирленип, ыраазычылыгын билдириш үчүн ал бир тууганды издейт. Бара-бара ал Ыйык Китепти изилдөөгө макул болот.

18 Эмне үчүн жакшы иштерди кыла берүүгө чечкиндүүсүң? Балким, кызматта ынталуу болгондо жана Кудайдын эркине ылайык иш кылганда аны даңктап, башкаларга да куткарылууга жардам бере аларыбызды билгендиктен чечкиндүүдүрсүң. (Оку: 1 Корунттуктар 10:31—33.) Жакшы кабар таратууда жакшы иштерге ынталуу болууга жана өзүбүздү Кудайга жаккыдай алып жүрүүгө ага жана адамдарга болгон сүйүү түрткү берет (Мт. 22:37—39). Жакшы иштерди кылууга ынталуу болсок, зор кубанычка бөлөнүп, жашоодон канааттануу алабыз. Анын үстүнө, биз бардык адамдар чыныгы сыйынуу үчүн ынталуу боло турган жана Жаратканыбыз Жахабаны даңктай турган учурду чыдамсыздык менен күтүүдөбүз.