Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакшы пикир алышып, никеңерди чыңдай бергиле

Жакшы пикир алышып, никеңерди чыңдай бергиле

«Өз учурунда айтылган сөз күмүш идиштеги алтын алмадай» (НАКЫЛ 25:11).

1. Жакшы пикир алышуу кандайча жубайларга жардам берип келет?

«МЕН баарынан да аялым менен убакыт өткөргөндү жакшы көрөм,— дейт Канадада жашаган бир ишенимдешибиз.— Аны менен кубанычымды бөлүшкөндө, кубанычым ого бетер артат, ал эми кайгым менен бөлүшкөндө бир топ жеңилдеп калам». Австралиялык бир бир тууган болсо мындай деп ой бөлүшөт: «Баш кошконубузга 11 жылдын жүзү болду. Ошондон бери аялым менен сүйлөшпөй калган бир да күнүм боло элек. Биз никебиздин бекем экенине эч шектенбейбиз. Мунун эң негизги себеби биз бат-баттан жана жакшы пикир алмашып турабыз». Ал эми Коста-Рикадагы бир эже: «Жакшы пикир алышуу нике түйүнүбүздү бекемдегенден тышкары, бизди Жахабага, бири-бирибизге жакындатып, бири-бирибизге болгон сүйүүбүздү арттырып, азгырыктардан коргоп келет»,— дейт.

2. Жакшы пикир алмашууга эмне тоскоолдук кылышы мүмкүн?

2 Жубайың экөөңөр жакшы пикир алышасыңарбы же бул силер үчүн кыйынга турабы? Жубайлар кулк-мүнөзү, сапаттары, маданияты жана тарбиясы бири-бириникинен айырмаланган жеткилең эмес адамдар болгондуктан, кээде казан-аяк кагышышы мүмкүн (Рим. 3:23). Анын үстүнө, алардын кантип сүйлөгөнү да бири-бириникинен айырмаланышы ыктымал. Никеге байланышкан маселелерди изилдеген адистер Жон М. Готман менен Нан Силвер: «Нике түбөлүккө бекем болушу үчүн, кайраттуулук, чечкиндүүлүк жана ийкемдүүлүк талап кылынат»,— деп айтышкан.

3. Жубайларга никесин бекемдөөгө эмне жардам берет?

3 Үй-бүлө бекем болуш үчүн, чынында эле, көп күч-аракет талап кылынат. Бирок мунун аркасында үй-бүлө бактылуу болот. Бири-бирин сүйгөн жубайлар чогуу бактылуу өмүр сүрө алышат (Нас. 9:9). Ыскак менен Ребеканын үлгүсүнө токтолуп көрөлү (Башт. 24:67). Ыйык Китептен белгилүү болгондой, алар бирге узак өмүр сүргөндөн кийин да, бири-бирине болгон сүйүүсү муздаган эмес. Бүгүнкү күндөгү  көптөгөн түгөйлөр тууралуу да ушуну айтууга болот. Мунун сыры эмнеде? Алар бири-бирин түшүнө билүүгө, сүйүүгө, терең урматтап-сыйлоого жана момундук менен мамиле кылууга, ошонун аркасында ой-сезимдерин ачык, бирок жумшак билдирүүгө үйрөнүшкөн. Азыр карай турганыбыздай, жубайлар ушул сапаттарды чагылдырышса, бири-бири менен дайыма жакшы пикир алыша алышат.

БИРИ-БИРИҢЕРДИ ТҮШҮНӨ БИЛГИЛЕ

4, 5. Бири-бирин түшүнө билүү жубайларга кандайча жардам берет? Мисал келтиргиле.

4 «Жагдайды жакшы түшүнгөн ийгиликке жетет»,— делет Накыл сөздөр 16:20да. Бул сөздөрдүн никеге жана үй-бүлөгө түзмө-түз тиешеси бар. (Оку: Накыл сөздөр 24:3.) Кудайдын Сөзү түшүнүктүн жана акылмандыктын булагы болуп эсептелет. Башталыш 2:18де Кудайдын аялды эркектин так өзүндөй кылып эмес, аны толуктап тургудай кылып жаратканы айтылат. Ошол себептен да аялдар пикир алмашуу жагынан эркектерден айырмаланышат. Албетте, ар ким ар кандай болот, бирок аялзаты негизинен өзүлөрүнүн сезимдери, алака-мамилелер, кимдир бирөөлөр жөнүндө сүйлөшкөндү жакшы көрүшөт. Аларга чер жазыша сүйлөшкөн, сырдашкан жагат. Анткени ал муктаждыгы канааттандырылганда, өзүлөрүн сүйүктүү сезишет. Ал эми эркектердин көпчүлүгү сезимдери жөнүндө эмес, көбүнчө иштер, көйгөйлөр жана аларды чечүү жөнүндө сүйлөшүүгө жакын келишет. Ошондой эле башкалардын аларды урматтап турушун каалашат.

5 «Жолдошум мени аягына чейин укпай туруп эле көйгөйдү чечип кирет,— дейт британиялык бир эже.— Мени жөн эле түшүнүү менен угуп коюшун каалаган учурда буга аябай көңүлүм чөгөт». Дагы бир ишенимдешибиз: «Жаңы үйлөнгөнүмдө, аялым кайсы көйгөйүн айтпасын, дароо эле чечип салгым келчү. Бирок көп өтпөй анын тек гана кунт коюп угуп коюшумду каалаарын түшүндүм»,— деген (Накыл 18:13; Жкп. 1:19). Түшүнүктүү күйөө аялынын сезимдерин эске алып, ылайыкташканга умтулат. Ошондой эле анын ой-сезимдери ал үчүн маанилүү экенине ынандырат (1 Пет. 3:7). Ал эми аялы жолдошунун көз карашын түшүнгөнгө аракет кылат. Эгер экөө тең өзүлөрүнүн Ыйык Китепте айтылган милдеттерин жакшы түшүнсө, бааласа жана аткарса, башкалар суктанган бактылуу үй-бүлөлөрдөн болушат. Ошондой эле акылдуу, тең салмактуу чечимдерди чыгара алышат.

6, 7. а) Насаатчы 3:7деги принцип жубайларга бири-бирин түшүнүүгө кандайча жардам берет? б) Зайып кантип кыраакылык көрсөтө алат жана күйөө эмне кылышы керек?

6 Баамчыл түгөйлөр «унчукпай турган убак бар, сүйлөй турган убак бар» экенин жакшы билишет (Нас. 3:1, 7). «Азыр мен кээде кайсы бир суроону көтөрүү ылайыксыз болорун түшүнөм,— дейт турмушка чыкканына 10 жыл болгон бир эже.— Эгер күйөөм жумушу же башка милдеттери жөнүндө ойлонуп жатса, ага кайсы бир нерсени айтпай күтө турам. Натыйжада экөөбүз жылуу-жумшак сүйлөшөбүз». Кыраакы зайыптар кылдат ойлонуштурулган, «өз учурунда айтылган сөз» жагымдуу да, баалуу да болорун билгендиктен оюн сылык-сыпаа билдиришет. (Оку: Накыл сөздөр 25:11.)

Кичинекей эле нерселер никеде чоң пайда алып келет

7 Чындык жолунда жүргөн күйөө аялынын айткандарын уккандан сырткары, өзүнүн сезимдерин да ачык айтууга умтулушу зарыл. Үйлөнгөнүнө 27 жыл болуп калган бир аксакал: «Аялыма жүрөгүмдүн түпкүрүндө жаткан сезимдеримди айтыш үчүн көп күч-аракет жумшайм»,— дейт. Ал эми жубайы менен 24 жылдан бери жашап келаткан бир ишенимдешибиз: «„Эгер бул маселени козгобой койсом, бара-бара унутулат“,— деп ойлоп айтпай жүрө берчүмүн. Бирок сезимдеримди ачык айтуу алсыздыктын белгиси эмес экенин түшүндүм. Оюмду айтуу кыйын болгондо, туура сөздөрдү тандоого жана аларды туура жеткирүүгө жардам сурап тиленем. Анан терең дем алып алам да, оюмду айта баштайм»,— дейт. Көйгөйү тууралуу сүйлөшүү үчүн жубайлардын ылайыктуу жагдайды тандаганы  да маанилүү. Балким, ал тууралуу экөө күндөлүк аятты талкуулаганда же Ыйык Китепти чогуу окуганда сүйлөшөттүр.

8. Жубайларга пикир алышуусун жакшыртууга эмне жардам берет?

8 Күйөөсүнүн да, аялынын да пикир алышуусун жакшыртууну чын жүрөктөн каалаганы жана Кудайдан жардам сурап тиленгени маанилүү. Чын-чынына келгенде, эски адаттарды калтыруу оңой эмес. Бирок жубайлар Жахабаны сүйсө, андан ыйык рух сураса жана нике түйүнүн ыйык тутса, бул дүйнөдөгү көптөгөн адамдардан айырмаланып, пикир алмашуусун жакшыртууга умтулушат. Турмушка чыкканына 26 жыл болгон бир ишенимдешибиз: «Күйөөм экөөбүз Жахабанын никеге болгон көз карашына олуттуу карайбыз, андыктан ажырашуу оюбузга да келбейт. Ошондуктан пайда болгон көйгөйлөрдү чогуу талкуулап, аларды чечүүгө бүт күчүбүздү жумшайбыз»,— деп жазган. Кудайга жана бири-бирине берилген жубайлар Кудайдын жүрөгүн кубантып, андан көп бата алышат (Заб. 127:1).

СҮЙҮҮҢӨРДҮ ӨСТҮРӨ БЕРГИЛЕ

9, 10. Жубайлар бири-бирине болгон сүйүүсүн кандай жолдор менен өстүрө алышат?

9 Сүйүү — «биримдиктин жеткилең түйүнү» — никеде эң маанилүү сапат болуп эсептелет (Кол. 3:14). Турмуштун ысык-суугун бирге көтөргөндө жубайлардын ортосунда чыныгы сүйүү өсөт. Алардын достугу ого бетер чыңалып, бирге өткөргөн убакытты ого бетер баалап калышат. Алар никесин маалымдоо каражаттарында сүрөттөлгөндөй чоң иштер менен эмес, майда-чүйдө иштер менен эле, алсак, кучактоо, жылуу сөз айтуу, күтүлбөгөн жагымдуу иштер, жылмаюу же «күнүң кандай өттү?» деп чын жүрөктөн суроо менен бекемдей алышат. Ушул кичинекей эле нерселер никеде чоң пайда алып келет. 19 жылдан бери бактылуу өмүр сүрүп келаткан бир жубайлар күн сайын бир нече жолу жөн эле «иштери кандай болуп жатканын билиш үчүн» бири-бирине телефон чалып же SMS жазып турушат.

10 Бири-бирин сүйгөн жубайлар бири-бирин жакшыраак билүүгө аракет кылышат (Флп. 2:4). Ал эми мунун аркасында, экөөнүн тең кемчиликтери болсо да, ортосундагы сүйүү ого бетер өсө берет. Бактылуу нике бир орунда тура бербейт, тескерисинче, барган сайын бекемделип, жакшыра берет. Ошондуктан эгер никеде турсаң, өзүңө мындай суроолорду берип көр: «Өмүрлүк жарымды канчалык жакшы билем? Анын кайсы бир нерсеге карата ой-сезимдерин түшүнөмбү? Ал жөнүндө, эң башында мага жаккан саппаттары жөнүндө канчалык көп ойлоном?»

 БИРИ-БИРИҢЕРДИ УРМАТТАГЫЛА

11. Жубайлар бактылуу болушу үчүн эмне себептен бири-бирин урматташы керек? Мисал келтиргиле.

11 Атүгүл бири-бирин жанынан артык көргөн бактылуу жубайлардын да кандайдыр бир кемчиликтери болот жана дайыма эле ойлору бирдей чыга бербейт. Мисалы, Ыбрайым пайгамбар менен жубайы Сааранын деле көз карашы айырмаланган учурлары болгон (Башт. 21:9—11). Бирок ошонун айынан алардын мамилеси солгундап калган эмес. Эмне себептен? Алар бири-бирин кадырлап-сыйлашкан. Алсак, Ыбрайым пайгамбар жубайына жылуу-жумшак, сылык кайрылчу (Башт. 12:11, 13). Ал эми Саара күйөөсүнө баш ийген жана аны «мырзам» деп эсептеген (Башт. 18:12). Жубайлар бири-бирин урматтабаса, бул алардын сөздөрүнөн, үнүнүн тонунан байкалат (Накыл 12:18). Эгер алар буга көз жумуп коюшса, никесине доо кетиши мүмкүн. (Оку: Жакып 3:7—10, 17, 18.)

12. Эмне үчүн жаңы баш кошкон жубайлар урмат-сый менен сүйлөөгө өзгөчө күч-аракет жумшашы керек?

12 Жаңы баш кошкон жубайлар ээн-эркин, ачык-айрым пикир алмашышы үчүн бири-бирине жылуу-жумшак, урмат-сый менен сүйлөөгө өзгөчө аракет кылышы керек. «Үйлөнгөндөн кийинки биринчи жыл кубанычтуу болсо да, ал убакта кээде жагымсыз учурлар болот,— деп эскерет бир ишенимдешибиз.— Жубайың экөөң бири-бириңердин сезимдериңерди, адаттарыңарды, муктаждыктарыңарды билип, аларга ылайыкташып жаткан учурда түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн. Анткен менен акыл-эстүү, тамашакөй, момун, чыдамдуу болсоң жана Жахабага таянсаң, мамилеңер бекем болот». Кандай гана туура айтылган сөздөр!

МОМУН БОЛГУЛА

13. Жубайлар бактылуу болушу үчүн эмне себептен момун болушу маанилүү?

13 Жакшы пикир алмашууну бакчаны аралай жай аккан сууга салыштырууга болот. Бирок ал суу тынбай агып турушу үчүн, жубайлар бири-бирине момундук менен мамиле кылышы зарыл (1 Пет. 3:8). «Келишпестиктерди тез арада чечүүнүн жолу — момун болуу. Себеби момун болсоң: „Кечирип койчу“,— деп айтуу кыйынга турбайт»,— дейт 11 жыл мурун үйлөнгөн бир ишенимдешибиз. Өмүрлүк жары менен 20 жылдан  бери бактылуу өмүр сүрүп келаткан бир аксакал: «Кээде „кечирип койчу“ деген сөздөр „мен сени сүйөм“ деген сөздөрдөн да маанилүү болот»,— дейт. Анан: «Момундук көрсөтүүгө көмөк кылган „тез жардам“ — тиленүү. Аялым экөөбүз Жахабага кайрылганда жеткилең эмес экенибиз жана анын бизге ырайым кылып жатканы эсибизге түшөт. Бул мага жагдайга туура караганга жардам берет»,— деп кошумчалайт.

Бири-бириңер менен дайыма жакшы пикир алышкыла

14. Текебердик никеге кандай таасир этет?

14 Ал эми текебердик ортодогу мамилеге доо кетирет. Анткени ал адамдын кечирим суроого болгон каалоосун да, эркин да басып салып, жакшы пикир алмашууга тоскоолдук кылат. Текебер адам кемчиликтерин мойнуна алып, кечирим сурагандын ордуна өзүн актап, башкаларды күнөөлөйт. Эгер кимдир бирөө көңүлүн оорутса, элдешүүгө умтулбастан, таарынып, адамдын шагын сындырган сөздөрдү айтат же такыр сүйлөбөй коёт (Нас. 7:9). Ооба, текебердик никени бузушу мүмкүн. Андыктан Кудайдын «бой көтөргөндөргө каршы, ал эми момундарга ырайым кыларын» эстен чыгарбаганыбыз дурус (Жкп. 4:6).

15. Эфестиктер 4:26, 27деги принципти колдонуу жубайларга келишпестиктерди чечүүгө кандай жардам берерин түшүндүргүлө.

15 Албетте, жубайлардын биз эч качан текеберденип, анын айынан көйгөй пайда кылбайбыз деп ойлогону жаңылыштык болуп калмак. Текебердикти аңдай билип, аны жеңүү үчүн тезинен иш-аракет кылуу керек. Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Ачууңарды күн батканча баскыла, Ибилиске орун бербегиле»,— деген (Эф. 4:26, 27). Кудайдын Сөзүнө кулак какпагандын айынан жок жерден көйгөй пайда болушу мүмкүн. «Кээ бир учурларда мен да, күйөөм да Эфестиктер 4:26, 27де жазылгандарды колдонбой калабыз,— деп кейийт бир эже.— Натыйжада түнү бою кыйналып, уктабай чыгам». Андыктан пайда болгон көйгөй тууралуу дароо сүйлөшүп, чечишип алуу алда канча жакшы! Албетте, жубайларга бири-биринин көңүлү тынчыганга чейин күтө турууга туура келиши мүмкүн. Ошондой эле алардын Жахабадан туура маанайда болууга, момун болууга жардам сураганы маанилүү. Момундук өзүңө эмес, көйгөйдү чечүүгө көңүл топтоого жардам берет. (Оку: Колосалыктар 3:12, 13.)

16. Момундук жубайларга бири-биринин жакшы жактарына туура көз карашта болгонго кандайча жардам берет?

16 Момундук жубайларга бири-биринин жакшы жактарына көңүл бурууга көмөк кылат. Мисалы, аялы өзгөчө бир жөндөмдүүлүккө ээ деп коёлу. Ал аны үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгы үчүн колдонот. Эгер күйөөсү момун болсо, аялын атаандашы катары көрбөй, аны колдойт. Ошонусу менен аны баалаарын, ардактаарын көрсөтөт (Накыл 31:10, 28; Эф. 5:28, 29). Ошол эле учурда момун аял жөндөмдүүлүктөрүнө мактанбайт жана күйөөсүн басынтпайт. Анткени алар «бир дене» болгондуктан, биринин текебер болгону экөөнө тең зыян алып келет (Мт. 19:4, 5).

17. Жубайларга бактылуу болууга жана Жахабаны даңктоого эмне жардам берет?

17 Үй-бүлөңөрдүн Ыбрайым пайгамбар менен Саараныкындай же Ыскак менен Ребеканыкындай бактылуу, бекем, Жахабаны даңктагыдай болушун каалаарыңар бышык. Эгер ошондой болсо, Кудайдын никеге болгон көз карашына кармангыла. Түшүнүккө жана акылмандыкка ээ болуу үчүн анын Сөзүнө кайрылгыла. Жарыңар тууралуу ыраазычылык менен ой жүгүртүп, «Жахтын жалынын» — чыныгы сүйүү — өрчүткүлө (Ыр 8:6). Момун болууга бүт күчүңөрдү жумшагыла. Өмүрлүк жарыңарга урмат-сый менен мамиле кылгыла. Эгер ушуларды кылсаңар, үй-бүлөлүк турмушуңар өзүңөргө да, асмандагы Атаңарга да кубаныч тартуулайт (Накыл 27:11). Ошондо силер да жубайы менен 27 жылдан бери өмүр сүрүп келаткан бир туугандыкындай сезимде болосуңар. Ал мындай деп жазган: «Жубайымсыз жашоомду элестете албайм. Биздин никебиз күндөн күнгө бекемделүүдө. Анткени биз Жахабаны сүйөбүз жана бири-бирибиз менен дайыма пикир алышып турабыз».