Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ата-энелер жана балдар, пикир алышууңардан сүйүүңөр сезилип турсун

Ата-энелер жана балдар, пикир алышууңардан сүйүүңөр сезилип турсун

«Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө, ачууланганга шашпасын» (ЖКП. 1:19).

1, 2. Негизинен ата-энелер менен балдар бири-бирине карата кандай сезимде болушат, бирок кээде аларга эмне кылуу кыйынга турат?

«ЭГЕР ата-энең эртең каза болорун билсең, аларга баарынан да эмнени айткың келет эле?» Кошмо Штаттарда жүздөгөн балдарга ушундай суроо берилген. Алардын 95 пайыздайы жүрөгүн өйүгөн көйгөйү же пикир келишпестиктери жөнүндө эмес, «мени кечирип коюңузчу», «мен сизди аябай жакшы көрөм» деген сөздөрдү айтмактыгын билдиришкен («Ата-энелер үчүн гана», Шаунти Фелдхан, Лиза Райс).

2 Негизинен, ата-энелер менен балдар бири-бирин жакшы көрүшөт. Бул, өзгөчө, Кудайдын кызматчыларынын үй-бүлөсүндө байкалып турат. Ата-энелер менен балдар бири-бирине ынак болууну каалашса да, кээде алар үчүн пикир алышуу кыйынга турат. Атүгүл демейде ачык сүйлөшкөн ата-энелер менен балдар да кээ бир нерселер жөнүндө кеп козгоодон качышат. Эмне үчүн? Жакшы пикир алышканга эмнелер бөгөт болот? Аларды жеңүүгө эмне жардам берет?

Башка нерселерге алаксып же обочолонуп, үй-бүлөңөр менен пикир алышпай койбогула

ПИКИР АЛЫШУУГА УБАКЫТ «САТЫП АЛГЫЛА»

3. а) Эмне себептен көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн жакшы пикир алышуу оңой эмес? б) Эмне үчүн байыркы Ысрайылда ата-энелер менен балдарга чогуу убакыт өткөрүү кыйын болгон эмес?

3 Убактысы аябай тар болгондуктан, көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн жайма-жай, ээн-эркин отуруп сүйлөшүү оңой эмес. Бирок байыркы Ысрайылда жагдай башкача болгон. Муса пайгамбар аталарды: «Мен бүгүн аткарууну буйрук кылган сөздөрдү [Кудайдын сөздөрүн] жүрөгүңө сакта. Аларды балдарыңа үйдө отурганыңда да, жолдо баратканыңда да, жатканыңда да, турганыңда да кайра-кайра айтып үйрөт»,—  деп үндөгөн (Мыйз. 6:6, 7). Балдар эртеден кечке энеси менен үйдө же атасы менен талаада же анын иштеген жеринде боло турган. Андыктан аларда пикир алышууга көп убакыт болчу. Ошонун аркасында ата-энелер балдарынын муктаждыктарын, каалоолорун, кулк-мүнөзүн жакшы биле алган. Ошондой эле балдарда да ата-энесин жакшы билүүгө көп убактысы жана мүмкүнчүлүктөрү болгон.

4. Эмне үчүн көптөгөн үй-бүлөлөрдө пикир алышуу көйгөйгө айланган?

4 Бүгүн жашоо такыр башкача. Айрым өлкөлөрдө балдар тырмактайынан, атүгүл 2 эле жашынан тартып мектепке чейинки билим берүү жайларына бара башташат. Көптөгөн ата-энелер үй бетин көрбөй иштешет. Ал эми үйдө балдары менен чогуу өткөрө турган кенедей убактысын көбүнчө компьютер, телевизор жана башка электрондук шаймандар уурдап алат. Көп учурда балдар менен ата-энелер өздөрү менен өздөрү болуп, бири-бирине чоочун кишидей эле болуп калышкан. Алар дээрлик жайма-жай отуруп сүйлөшүшпөйт.

5, 6. Айрым ата-энелер балдары менен көбүрөөк убакыт өткөрүш үчүн кантип убакыт «сатып алышат»?

5 Үй-бүлөңөр менен көбүрөөк убакыт өткөрүш үчүн башка нерселердин эсебинен убакыт «сатып ала» аласыңарбы? (Оку: Эфестиктер 5:15, 16.) Айрым үй-бүлөлөр телевизор көрүүгө же компьютер колдонууга кандайдыр бир чек коюуну туура көрүшөт. Башкалары күн сайын, жок дегенде, бир жолу чогуу тамактанууга аракет кылышат. Андан тышкары, үй-бүлө менен сыйынуу кечинде ата-энелер менен балдарга бири-бири менен ынак мамиледе болууга жана Кудайдын Сөзүн жайбаракат отуруп изилдөөгө эң сонун шарт түзүлөт. Буга жумасына бир саат же андан көп убакыт бөлүп туруу жакшы, бирок ушуну менен эле чектелбеш керек. Үй-бүлөдөгүлөр бири-бирине жүрөгүндөгүсүн төгүп, чечилип сырдаша алышы үчүн, бат-баттан пикир алышып турушу зарыл. Балаңар мектепке кеткенге чейин, ага жылуу сөзүңөрдү айткыла, күндөлүк аятты талкуулагыла же аны менен чогуу тиленгиле. Ошентсеңер, балаңардын күнү такыр башкача өтүшү мүмкүн.

 6 Кээ бир ата-энелер балдары менен көбүрөөк убакыт өткөрүш үчүн жашоосун өзгөртө алышкан. Алсак, эки баланын энеси Лора * ошол максатта толук убакыттагы жумушунан чыккан. Ал мындай дейт: «Эртең менен баарыбыз шашып-бушуп жумушка, мектепке жөнөп кетчүбүз. Жумуштан келгенимде, балдарымды бала караган эже уктатып койгон болор эле. Жумуштан чыгып кеткенден бери, азыраак акчага жашап калдык. Бирок мен азыр балдарымдын ойлорун, көйгөйлөрүн жакшыраак түшүнө алам. Алардын тиленгенде эмнелерди айтканын угам, кеңеш берем, жакшы нерселерге үндөйм жана окутуп-тарбиялайм».

«УККАНГА ДАЯР БОЛГУЛА»

7. Балдар да, ата-энелер да эмнеге нааразы болушат?

7 «Ата-энелер үчүн гана» деген китептин авторлору көп балдарды сурамжылагандан кийин пикир алышууга дагы эмне тоскоол болорун байкашкан. Алар: «Балдар ата-энелерине көбүнчө: „Алар мени укпайт“,— деп нааразы болушат»,— дешет. Бирок кептин баары эле ата-энелерде деп айтууга болбойт. Анткени ата-энелер да балдарына ошентип нааразы болушат. Ооба, жакшы пикир алышуу үчүн алар бири-бирин угушу, бүт дитин коюп угушу талап. (Оку: Жакып 1:19.)

8. Канткенде ата-энелер балдарын бүт дитин коюп уга алышат?

8 Ата-энелер, балдарыңарды бүт дитиңерди коюп угасыңарбы? Чарчап турганыңарда же балдарыңар анча деле маанилүү эмес нерселер жөнүндө айтып жаткандай сезилгенде, бул кыйынга турушу мүмкүн. Бирок силер үчүн анча маанилүү эмес сезилген нерсе балаңар үчүн абдан маанилүү болушу ыктымал. «Укканга даяр болуу» деген балаңардын эмнени айтып жатканын эле эмес, кантип айтып жатканына да көңүл буруу керектигин билдирет. Үнүнүн тону, жаңсоолору анын кандай сезимде болуп жатканынан кабар берет. Суроолорду берүү да маанилүү. «Адамдын жүрөгүндөгү ойлор — терең суулар, кыраакы киши аларды сузуп алат»,— делет Ыйык Китепте (Накыл 20:5). Айрыкча, балдарыңар менен алар сүйлөшкөндөн уялган нерселер жөнүндө талкуулашып жатканда кыраакы болгонуңар маанилүү.

9. Балдар эмне үчүн ата-энелерин угушу керек?

9 Балдар, ата-энеңердин тилин аласыңарбы? Кудайдын Сөзүндө: «Уулум, атаң берген акыл-насаатка кулак сал, энең үйрөткөн мыйзамды четке какпа»,— делет (Накыл 1:8). Ата-энеңердин силерди жакшы көрөрүн жана чын жүрөктөн силердин жыргалчылыгыңарды көздөөрүн, андыктан алардын айткандарын угуп, тилин алганыңар маанилүү экенин эсиңерден чыгарбагыла (Эф. 6:1). Алар менен жакшы пикир алышсаңар жана алардын силерди жакшы көрөрүн билсеңер, алардын тилин алуу оңой болот. Ата-энеңерге кандай сезимде болуп жатканыңарды ачык айткыла. Бул аларга силерди түшүнүүгө жардам берет. Албетте, силер да аларды түшүнүүгө аракет кылышыңар керек.

10. Рехабам жөнүндөгү билдирүүдөн эмнеге үйрөнө алабыз?

10 Курдаштарыңардын кеңеши боюнча иш кылган учуруңар болду беле? Мындан этият болгула. Алар уккуңар келген нерселерди айтышы мүмкүн, бирок алардын кеңеши силерге пайда алып келбей эле, зыян алып келиши мүмкүн. Жаштардын көбүндө чоңдордукундай акылмандык жана тажрыйба жок болгондуктан, алар кайсы бир иштин кесепети кандай болорун аңдабашы мүмкүн. Сулайман падышанын уулу Рехабам менен болгон окуяны эстесеңер. Ал Ысрайылга падыша болуп дайындалганда, аксакалдардын кеңешин укканы акылдуулукка жатмак. Бирок ал өзү менен чогуу өскөн жаштардын туура эмес кеңешин уккан. Ошонун айынан падышалыгындагы элдин көбүнүн колдоосунан айрылып калган (1 Пад. 12:1—17). Рехабамга окшоп акылсыз иш кылбай, ата-энеңер менен ачык пикир алышууга аракет кылгыла. Аларга ой-сезимдериңерди  айткыла. Берген кеңештерин колдонгула жана акылмандыгынан үйрөнгүлө (Накыл 13:20).

11. Ата-энелер балдары оңой кайрыла алгыдай болбосо, натыйжасы кандай болушу мүмкүн?

11 Ата-энелер, эгер балдарыңардын теңтуштарынан кеңеш сурашын каалабасаңар, алар силерге оңой кайрыла алгыдай болгула. Бир ишенимдеш өспүрүм кыз мындай деп ой бөлүшөт: «Бир баланын атын айттым дегиче эле, ата-энемдин өңү бузула түшөт. Муну көргөндө мен да жаман болуп, эч нерсе айткым келбей калат». Дагы бир жаш ишенимдешибиз: «Көптөгөн өспүрүмдөр ата-энелеринен кеңеш уккусу келет, бирок ата-энелери алардын айткандарына көп маани бербесе, алар маани берген башка бирөөлөргө, атүгүл өздөрүнөн тажрыйбасыздарга барышат»,— деп айткан. Эмне жөнүндө сүйлөшсөңөр да, балдарыңарды түшүнүү менен уксаңар, алардын силерге ачылып сүйлөөрүн жана берген кеңешиңерди жакшы кабыл аларын байкайсыңар.

«СҮЙЛӨГӨНГӨ... ШАШПАГЫЛА»

12. Ата-энелердин сезимге алдырганы балдары менен пикир алышуусуна кандайча тоскоолдук кылышы мүмкүн?

12 Балдары бир нерсе айтканда, ата-энелердин сезимдерге алдырып, терс кабыл алганы да жакшы пикир алышууга бөгөт болот. Албетте, чындык жолундагы ата-энелер балдарын ар кандай жамандыктан коргоону каалашат. Анын үстүнө, азыркы «акыркы күндөрдө» балдарга рухий жана башка жактардан терс таасир эте турган нерселер көп (2 Тим. 3:1—5). Анткен менен балдардын ою дайыма эле ата-энесиникине төп келе бербейт. Аларга ата-энелери эркиндик бербей жаткандай туюлушу мүмкүн.

13. Эмне үчүн ата-энелер дароо оюн айтып кирбеши керек?

13 Ата-энелердин шак эле оюн айтып кирбегени акылдуулукка жатат. Ооба, балдарыңар силерди тынчсыздандыра турган нерсе айтканда, унчукпай коё туруу оңой эмес. Бирок бир нерсе айтардан мурун кылдат ойлонуу маанилүү. Даанышман падыша Сулайман: «Ким аягына чейин укпай туруп жооп берсе, акылсыздыгын көрсөтөт жана өзүн басынтат»,— деп жазган (Накыл 18:13). Эгер унчукпай коё турсаңар, балдарыңар силерге көбүрөөк нерсе айтып берет. Аларга жардам берүү үчүн адегенде иштин чоо-жайын толук түшүнүшүңөр кажет. Балким, жүрөгү уйгу-туйгу болгондуктан балаңардын сөздөрү «токтолбостон куюлуп» жаткандыр (Аюп 6:1—3, «Үмүт нуру» котормосу). Мээримдүү ата-эне катары аны түшүнүүгө аракет кылып, кунт коюп уккула жана анын көңүл жарасын айыктыра турган сөздөрдү айткыла.

14. Эмне үчүн балдар сүйлөгөнгө шашпашы керек?

14 Балдар, силер да сүйлөгөнгө шашпашыңар, ата-энеңердин айткандарын дароо четке какпашыңар керек, себеби Кудай аларга силерди тарбиялоо милдетин берген (Накыл 22:6). Балким, мурун алар да силер кабылып жаткандай жагдайларга туш болгондур. Ошондой эле алар жаш кезде кетирген каталарына өкүнүшөт жана силерди ошондой каталарды кетирип алуудан коргоого умтулушат. Андыктан ата-энеңерди силерге жамандык каалаган душман эмес, жакшылык каалаган дос катары көргүлө. (Оку: Накыл сөздөр 1:5.) Ата-энеңерди сыйлагыла жана алар силерди жакшы көргөндөй, силер да аларды жакшы көрөрүңөргө ынандыргыла. Ошондо аларга силерди «Жахаба үйрөткөндөй акыл айтып,.. анын акыл-насааты менен тарбиялоого» оңой болот (Эф. 6:2, 4).

«АЧУУЛАНГАНГА ШАШПАГЫЛА»

15. Сабырдуу болуп, жакшы көргөн адамдарыбызга ачууланбаганга эмне жардам берет?

15 Кээде бизге чыдамдуулук жетишпей, жакшы көргөн адамдарыбыздын көңүлүн оорутуп алабыз. «Машаяк менен биримдикте болгон, Колосада жашаган ыйыктарга жана ишенимдүү бир туугандарга» элчи Пабыл: «Күйөөлөр, аялыңарга болгон сүйүүңөрдү муздатпагыла, аларга каарданбагыла... Аталар, балдарыңардын көңүлү чөкпөшү үчүн, аларды кыжырдантпагыла»,— деп жазган (Кол. 1:1, 2; 3:19, 21). Ал эми эфестик ишенимдештерине: «Ар кандай жаалдан, ачуудан,  каардан, кыйкырыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн... арылгыла»,— деген (Эф. 4:31). Кудайдын рухунун жемишине кирген чыдамкайлык, жумшактык, өзүн өзү кармай билүү сапаттарын өрчүтүү бизге оор жагдайга кабылганда сабырдуу болууга жардам берет (Гал. 5:22, 23).

16. Иса Машаяк шакирттеринин оюн кантип тууралаган жана эмне үчүн бул көңүлгө аларлык?

16 Ата-энелер Иса Машаяктан кандай үлгү ала аларын карап көрөлү. Акыркы жолу элчилери менен кечки тамакты ичип жатканда анын жүрөгү канчалык түпөйүлдөнгөнүн элестетсеңер. Ал бир нече сааттан кийин узак убакыт кыйналып өлөрүн билген. Анын ишенимдүүлүгүн сактаганынан Атасынын ысмынын ыйыкталышы жана адамзаттын куткарылышы көз каранды болгон. Бирок так ошол кечте элчилери «кимиси баарынан чоң экени тууралуу катуу талашып киришкен». Иса Машаяк аларга кыйкырып, каарын чачкан эмес. Алар менен жайма-жай сүйлөшүп, оор учурларда аны менен чогуу болушканын эсине салган. Шайтан аларды калбырдан буудай сыяктуу өткөрүүнү талап кылса да, ал шакирттеринин ишенимдүү бойдон каларына шектенген эмес. Атүгүл алар менен келишим түзгөн (Лк. 22:24—32).

Балдарыңарды кунт коюп угасыңарбы?

17. Балдарга сабырдуу болууга эмне жардам берет?

17 Балдар да сабырдуу болууга үйрөнүшү зарыл. Өзгөчө, алар өспүрүм курагында ата-энесинен кеңеш укканда «алар мага ишенбей жатат» деп, алардын кеңештерин көп жактыра бербеши мүмкүн. Кээде ошондой сезилсе да, ата-энеңер силерди жакшы көргөндүктөн силер үчүн тынчсызданарын унутпагыла. Алардын сөзүн бөлбөй чын ыкластан уксаңар жана айткандарына ылайык иш кылсаңар, алар силерди көбүрөөк сыйлап, көбүрөөк ишеним артып калышат. Ошонун аркасында силерге көбүрөөк эркиндик бериши мүмкүн. Ырас, өзүн өзү кармай билүү акылдуулукка жатат. Бир накыл сөздө: «Акылсыз бүт ачуусун чыгарат, ал эми акылдуу акырына чейин карманат»,— делет (Накыл 29:11).

18. Сүйүү кандайча жакшы пикир алышууга шарт түзөт?

18 Демек, кымбаттуу ата-энелер жана балдар, эгер ойдогудай ачык пикир алыша албай жатсаңар, кабатыр болбогула. Бул жагынан иштей бергиле жана дайыма чындык жолунда жүргүлө (3 Жкн. 4). Жаңы дүйнөдө адамдар жеткилең болушат. Ошондо ортодо түшүнбөстүк, талаш-тартыш болбойт, баары бири-бирине эң сонун мамиле кылышат. Ал эми азыр баарыбыздын эле ката кетирип, кийин өкүнүп калган учурларыбыз көп болот. Ошондуктан кечирим сурагандан тартынбагыла. Бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле. «Сүйүү аркылуу шайкештикте бириккиле» (Кол. 2:2). Сүйүү зор күчкө ээ. «Сүйүү чыдамкай, боорукер,.. кыжырданбайт,.. таарынычын эсептей бербейт... Сүйүү баарын көтөрөт, баарына ишенет, баарына үмүттөнөт, баарына чыдайт» (1 Кор. 13:4—7). Ал сапатты өрчүтө бергиле, ошондо пикир алышууңар жакшырып, кубаныч аласыңар жана Жахабаны даңктайсыңар.

^ абз. 6 Ысмы өзгөртүлдү.