Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Туура чечим чыгарып, мурасыңды сакта

Туура чечим чыгарып, мурасыңды сакта

«Жамандыктан жийиркенип, жакшылыкка умтулгула» (РИМ. 12:9).

1, 2. а) Сага Кудайга кызмат кылууну чечүүгө эмне түрткү берди эле? б) Рухий мурасыбызга байланыштуу кандай суроолорду карайбыз?

БИЗ, миллиондоп саналган Жахабанын Күбөлөрү, Жахабага кызмат кылууну жана Иса Машаяктын изи менен так жүрүүнү чечкенбиз. Бул туура чечим болгон (Мт. 16:24; 1 Пет. 2:21). Өмүрүбүздү Кудайга арноону чечкенибиз жеңил ойлуулук болгон эмес. Анткени биз айрым аяттарды үстүртөдөн билип алып эле эмес, Кудайдын Сөзүн кылдат изилдегенден кийин ошондой чечим чыгарганбыз. Аны изилдөөнүн аркасында Жахабанын аны жана ал жиберген Иса Машаякты таанып-билгендерге бере турган мурасы жөнүндө көп нерсе билип, ишенимибиз бекемделген (Жкн. 17:3; Рим. 12:2).

2 Мындан ары да Жахаба менен болгон мамилебизди ысык сактоо үчүн, чыгарган чечимдерибиз анын жүрөгүн кубанткыдай болушу керек. Андыктан бул макалада төмөндөгүдөй суроолор каралат: биздин мурасыбызга эмнелер кирет? Ага кандай карашыбыз керек? Мурасыбызга ээ болуш үчүн эмне кылышыбыз керек? Туура чечим чыгарууга эмне жардам берет?

МУРАСЫБЫЗГА ЭМНЕЛЕР КИРЕТ?

3. а) Майлангандар, б) «башка койлор» кандай мураска ээ болушат?

3 Кудайдын кызматчыларынын айрымдары гана «чирибес, таза, соолгус мураска» — Машаяк менен бирге асманда башкаруу сыймыгына — жетүүгө умтулушат (1 Пет. 1:3, 4). Ал баа жеткис мураска ээ болуу үчүн алар «кайрадан төрөлүшү» керек (Жкн. 3:1—3). Ал эми Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды таратууда майлангандар менен кызматташып жаткан миллиондогон «башка койлор» кандай мураска ээ болушат? (Жкн. 10:16). Алар Адам ата менен Обо эне кол жууп калган мураска ээ болушат, тактап айтканда, азап-кайгы, өлүм болбой турган жер бетиндеги  Бейиште түбөлүк өмүр сүрүшөт (Аян 21:1—4). Ошондуктан Иса Машаяк жанында устунга кадалып турган кылмышкерге: «Сага бүгүн айтамын, сен мени менен Бейиште болосуң»,— деп убада берген (Лк. 23:43).

4. Биз азыртадан эле кандай баталарга ээбиз?

4 Мурасыбызга биз азыр ээ болгон айрым нерселер да кирет. Алсак, биз «Иса Машаяк төлөгөн кунга» ишенгендиктен, жан дүйнөбүз тынч жана Кудай менен ынак мамиледебиз (Рим. 3:23—25). Кудайдын Сөзүндөгү кереметтүү убадаларды айкын түшүнөбүз. Андан сырткары, сүйүүгө чулганган эл аралык бир туугандыктын мүчөсү болуу — биз үчүн эбегейсиз зор кубанычтын булагы. Ошондой эле Жахабанын Күбөсү болуу кандай гана чоң сыймык! Ошондуктан биз мурасыбызды абдан баалайбыз.

5. Шайтан Кудайдын элин эмне кылууга аракет кылып келет жана бизге анын айла-амалдарына каршы турууга эмне жардам берет?

5 Бирок кереметтүү мурасыбыздан айрылып калбаш үчүн Шайтандын тузактарынан сак болушубуз керек. Шайтан дайыма Кудайдын элин мурасынан ажыратууну көздөп, туура эмес чечим чыгарууга азгырып келет (Сан. 25:1—3, 9). Ал өзүнүн жакында жок кылынарын билгендиктен бизди адаштырууга бүт күч-аракетин жумшоодо. (Оку: Аян 12:12, 17.) Анын «айла-амалдарына каршы турууну» кааласак, мындан ары да мурасыбызды жогору баалашыбыз кажет (Эф. 6:11). Бул жагынан уруу башчысы Ыскактын тун уулу Эйсап жөнүндөгү билдирүүдөн көп нерсеге үйрөнө алабыз.

ЭЙСАПТАЙ БОЛБО

6, 7. Эйсап ким болгон жана аны кандай мурас күтүп турган?

6 Мындан 4000 жылдай мурун Ыскак менен Ребека Эйсап жана Жакып деген эгиз балалуу болушкан. Эгиздер чоңойгондо, кулк-мүнөзү, кылган жумушу бири-бириникинен кыйла айырмаланган. «Эйсап мыкты аңчы болуп, көбүнчө талаада жүрчү». «Жакып болсо көп убактысын чатырларда өткөрчү. Ал адил киши болгон» (Башт. 25:27). Ыйык Китепти которгон Роберт Алтер деген котормочу бул аятта «адил» деп берилген еврей тилиндеги сөз «кынтыксыз же айыпсыз» дегенди билдирерин белгилеп өткөн.

7 Эйсап менен Жакып 15ке чыкканда, чоң атасы Ыбрайым көз жумган. Бирок Кудайдын ага берген убадасы күчүн жоготкон эмес. Кийинчерээк Жахаба ал убадасын Ыскакка да кайталап, жер жүзүндөгү бардык элдер Ыбрайымдын тукуму аркылуу бата аларын баса белгилеген. (Оку: Башталыш 26:3—5.) Анын убадасынан Машаяктын — Башталыш 3:15те айтылган «тукумдун» — Ыбрайым пайгамбардын урпактарынан чыгары айкын болгон. Эйсап Ыскактын тун уулу болгондуктан, ошол тукум анын урпактарынан чыкмак. Эйсапты кандай гана баа жеткис мурас күтүп турган! Ал аны баалаганбы?

Рухий мурасыңды тобокелге салба

8, 9. а) Эйсап мурасына байланыштуу кандай чечим чыгарган? б) Кийинчерээк Эйсап эмнени түшүнгөн жана эмне кылган?

8 Күндөрдүн биринде Эйсап талаадан келип, Жакыптын «жасмыктан тамак бышырып жатканын» көрөт. Анан ага: «Мага батыраак кызылдан, тетиги кызылдан жегенге бере салчы, аябай чарчадым!» — дейт. Бирок Жакып: «Адегенде мага туңгучтук укугуңду сат»,— дейт. Эйсап эмне кылат? Таң калыштуусу, ал: «Туңгучтуктан мага эмне пайда?» — дейт. Ооба, ал бир табак жасмыкты туңгучтук укугунан артык көргөн. Жакып анын туңгучтук укугун чындап эле берип жатканына ынаныш үчүн ага: «Адегенде мага ант бер»,— деп шарт коёт. Эйсап эч ойлонбостон ант берип, ал укугунан баш тартат. Ыйык Китепте: «Ошондо Жакып ага нан, жасмыктан жасалган тамак берди. Эйсап жеп-ичти да, ордунан туруп кетти. Ошентип, ал өзүнүн туңгучтук укугун баалаган жок»,— делет (Башт. 25:29—34).

 9 Жылдар оошуп, Ыскактын көз жумарына аз калганда, аялы Ребека уулу Жакыптын Эйсап сатып жиберген туңгучтук укугунун үзүрүн көрүшүнө чара көргөн. Эйсап акылсыздык кылганын түшүнгөндө атасынан: «Мага батаңызды бериңиз, ата, мага да бериңиз!.. Кантип эле мага бергенге батаңыз калган жок?» — деп жалынып-жалбарган. Ыскак Жакыпка берген батасын өзгөртө албай турганын айтканда, Эйсап «өксөп ыйлаган» (Башт. 27:30—38).

10. Жахаба Эйсап менен Жакыпка кандай караган жана эмне үчүн?

10 Ыйык Жазмадагы бул билдирүүдөн Эйсаптын маанайы жөнүндө эмнени билүүгө болот? Эйсап мурасынын аркасында алчу келечектеги баталарына караганда денесинин каалоосун канааттандырууну жогору койгон. Ал туңгучтук укугун баалаган эмес жана сыягы, Кудайды сүйгөн эмес. Ошондой эле анын кылган иши урпактарына кандай таасир этерин ойлобогону да айкын. Андан айырмаланып, Жакып мурасын жогору баалаган. Мисалы, ал жар тандоодо ата-энесинин кеңешине ылайык иш кылган (Башт. 27:46—28:3). Чыдамдуу болуп, өз кызыкчылыктарынан баш тартканынын аркасында ал Кудайдан бата алып, Машаяктын чоң аталарынан болгон. Жахаба Эйсап менен Жакыпка кандай караган? Ал Малаки пайгамбар аркылуу: «Мен Жакыпты жакшы көрүп, Эйсапты жек көрдүм»,— деген (Мал. 1:2, 3).

11. а) Эйсап жөнүндөгү билдирүүнүн бизге кандай тиешеси бар? б) Эмне үчүн Пабыл бузуктукту Эйсаптын иши менен байланыштырган?

11 Ыйык Китептеги Эйсап жөнүндөгү билдирүүнүн Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчыларына тиешеси барбы? Албетте. Элчи Пабыл ишенимдештерин сак болууга үндөп: «Араңарда бузуктук кылып жүргөндөр да, бир табак тамак үчүн туңгучтугунан баш тарткан Эйсап сыяктуу ыйык нерселерди баалабагандар да болбосун»,— деген (Евр. 12:16). Бул эскертүү бизге да тиешелүү. Денебиздин каалоолоруна жетеленип, рухий мурасыбыздан кол жууп калбаш үчүн ыйык нерселерди дайыма баалаганыбыз маанилүү. Бирок эмне үчүн Пабыл бузуктукту Эйсаптын кылган иши менен байланыштырган? Анткени Эйсапка окшоп денесинин каалоосун биринчи орунга койгон киши бузуктук сыяктуу иштерге барып, дене кумарын кандырыш үчүн ыйык нерселерден кечип коюшу мүмкүн.

ЖҮРӨГҮҢДҮ АЗЫР ДАЯРДА

12. а) Шайтан бизди кантип азгырат? б) Азгырыкка кабылганыбызда туура иш кылууга Ыйык Китептеги кайсы окуялар жардам берет?

12 Жахабанын кызматчысы болгондуктан биз, албетте, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка алып бара турган жагдайларды издебейбиз. Анын ордуна,  кимдир бирөө бизди туура эмес иш кылууга азгырганда, Жахаба Кудайдан азгырыкка алдырып коюшубузга жол бербешин суранабыз (Мт. 6:13). Биз азыркы бузулган дүйнөдө кынтыксыз болууга бүт күчүбүздү жумшайбыз, бирок Шайтан Жахаба менен болгон мамилебизди бузууга тынымсыз аракет кылып келет (Эф. 6:12). Ал бул дүйнөнүн кудайы болгондуктан бизди тузакка түшүрүү үчүн жеткилең эмес денебиздин каалоолорун кантип колдонсо болорун жакшы билет (1 Кор. 10:8, 13). Мисалы, кайсы бир каалооңду Кудайга жакпаган жол менен канааттандырууга шарт түзгөн жагдайга кабылганыңды элестетсең. Андайда эмне кылат элең? Эйсапка окшоп: «Мага батыраак бере салчы!» — дейсиңби? Же Потипардын аялынын кайырмагына илинбеген Жакыптын уулу Жусупка окшоп, азгырыкты четке кагып, андан качасыңбы? (Оку: Башталыш 39:10—12.)

13. а) Бүгүнкү күндө кантип көптөр Жусупка окшоп, ал эми айрымдар Эйсапка окшоп иш кылышат? б) Эйсапка окшоп иш кылгандардын окуясынан көрүнүп тургандай, эмне кылганыбыз абдан маанилүү?

13 Көптөгөн ишенимдештерибиз же Эйсаптай, же Жусуптай иш кылууну тандоого туура келген жагдайларга туш болуп келишет. Алардын көбү туура иш кылып, Жахабанын жүрөгүн кубантып жатышат (Накыл 27:11). Бирок, өкүнүчтүүсү, айрымдары азгырыкка кабылганда рухий мурасын тобокелге салып, Эйсапка окшоп иш кылышат. Ошондон улам жыл сайын канчалагандар жыныстык адеп-ахлаксыздык кылганы үчүн эскертүү алат же жыйналыштан чыгарылат. Андыктан жүрөгүбүздү азыр, кынтыксыздыгыбыз сынала турган жагдайга кабыла электе, даярдаганыбыз абдан маанилүү! (Заб. 78:8). Анда азгырыктарга каршы туруп, туура чечим чыгарышыбыз үчүн, бери дегенде, кайсы эки кадамды жасасак болорун карап көрөлү.

ОЙ ЖҮГҮРТ, ДАЯРДАН

Жахабанын акылмандыгын издөө менен азгырыктарга каршы тура алабыз

14 Биринчи кадам — кылган ишибиздин кесепети кандай болору тууралуу ой жүгүртүү. Рухий мурасыбызды берген Жахаба Кудайга болгон сүйүүбүз канчалык күчтүү болсо, ал мурасыбызды ошончолук жогору баалайбыз. Анткени кимдир бирөөнү жакшы көрсөк, анын жүрөгүн ооруткубуз келбейт. Кайра ага жаккыбыз келет. Ошондуктан туура эмес каалоолорубузга алдырып койсок, бул өзүбүзгө жана башкаларга кандай зыян алып келмектиги жөнүндө ой жүгүртүүгө убакыт бөлгөнүбүз жакшы. Маселен, өзүбүзгө төмөнкүдөй суроолорду берип көргөнүбүз абзел: «Эгер ошол ишке барсам, бул Жахаба менен болгон мамилеме кандай таасир этет? Үй-бүлөмөчү? Жыйналыштагы бир туугандарымачы? Башкаларды мүдүрүлтүшүм мүмкүнбү?» (Флп. 1:10). Ошондой эле өзүбүздөн: «Кудайга жакпаган жол менен көз ирмемге эле ыракат алып, кийин жүрөгүмдүн сыздашын каалаймынбы? Акылсыздык кылганымды түшүнгөндө өксөп ыйлап, Эйсапка окшоп калгым келет беле?» — деп да сурап көрсөк болот (Евр. 12:17). Ушундай суроолордун үстүнөн ой жүгүрткөнүбүз «жамандыктан жийиркенип, жакшылыкка умтулууга» жардам берет (Рим. 12:9). Мурасыбызды көзүбүздүн карегиндей сактоого баарынан да Жахабага болгон сүйүүбүз түрткү берет (Заб. 73:28).

15. Рухийлигибизге доо кетире турган нерселерге каршы турууга даярданууга эмнелер жардам берет?

15 Экинчи кадам — азгырыктарга каршы турууга даярдануу. Жахаба бизге рухийлигибизге доо кетире турган нерселерге каршы турууга даярданууга көп жолдор менен жардам берүүдө. Аларга Ыйык Китепти изилдөө, жыйналыш жолугушуулары, кабар айтуу кызматы, тиленүү кирет (1 Кор. 15:58). Жахабадан тиленип, ага  жүрөгүбүздөгүнү төккөн сайын жана кабар айтуу кызматына жигердүү катышкан сайын биз, мындайча айтканда, азгырыктардан коргой турган чебибизди чыңдаган болобуз. (Оку: 1 Тиметей 6:12, 19.) Негизи, азгырыктарга канчалык ийгиликтүү каршы тура аларыбыз көбүнесе өзүбүздөн көз каранды (Гал. 6:7). Бул Накыл сөздөр китебинин 2-бөлүмүндө баса белгиленет.

«ИЗДЕЙ БЕР»

16, 17. Канткенде туура чечим чыгара алабыз?

16 Накыл сөздөр китебинин 2-бөлүмүндө акылмандыкка жана ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ болууга чакырылабыз. Ал сапаттар бизге жакшы менен жаманды айырмалап билүүгө жана каалоолорубузду туура эмес жол менен канааттандыргандын ордуна аларды ооздуктай билүүгө жардам берет. Бирок ийгиликке жетер-жетпесибиз канчалык күч-аракет жумшаарыбыздан көз каранды. Ыйык Китепте бул талашсыз чындык мындайча баса белгиленет: «Уулум, эгер менин айткандарымды кабыл алсаң, осуяттарымды сактасаң, кулагыңды акылмандыкка төшөсөң, жүрөгүңдү кыраакылыкка бурсаң, түшүнүк тилесең, кыраакылык сурасаң, аларды күмүштү издегендей, катылган кенчти издегендей издей берсең, Жахабадан коркуу деген эмне экенин түшүнөсүң, Кудай жөнүндөгү билимди табасың. Анткени акылмандыкты Жахаба берет, анын оозунан билим менен кыраакылык чыгат» (Накыл 2:1—6).

17 Мындан айкын көрүнүп тургандай, дайыма туура чечим чыгарышыбыз үчүн жогорудагы аяттарда айтылган шарттарды аткарганыбыз талап. Ооба, ички дүйнөбүздү Жахабанын сөздөрүнө ылайык калыптасак, дайыма Кудайдан бизди жетектешин сурасак жана Кудай жөнүндөгү билимди катылган кенчти издегендей издей берсек, азгырыктарга каршы тура алабыз.

18. Эмне кыла берүүгө чечкиндүүсүң жана эмне үчүн?

18 Жахаба билимди, түшүнүктү, кыраакылыкты жана акылмандыкты аларга ээ болууга бүт күчүн жумшагандарга берет. Биз аларга жетүүгө канчалык умтулсак жана аларды колдонсок, ал белектерди берген Жахаба Кудайга ошончолук жакындайбыз. Ал эми Жахаба менен ынак мамиледе болгонубуз азгырыктарга кабылганыбызда бизди коргойт. Ырас, Жахабага жакындай берсек жана андан корксок, жаман ишке барбайбыз (Заб. 25:14; Жкп. 4:8). Жахаба менен болгон достугубуз жана ал берген акылмандыкты жашоодо колдонгонубуз баарыбызга ар дайым Жахабанын жүрөгүн кубанта турган жана мурасыбызды сактап кала турган чечим чыгарууга түрткү бере берсин!