Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Ысрайылдыктар кылмышкерлерди устунга кадап өлтүрүшчү беле?

Байыркы убакта көптөгөн элдер айрым кылмышкерлерди жазалаш үчүн устунга же мамыга кадап өлтүрүшкөн. Алсак, римдиктер кылмыш кылган кишини устунга мык менен кадап же байлап коюшчу. Ал бир нече күн бою чаңкап, ачка болуп жана аба ырайынын катаал шарттарында жаны кыйналып жатып өлчү. Римдиктер устунга кадоону кылмыш кылган эң төмөнкү даражадагы адамдарды маскаралап жазалоо чарасы катары көрүшкөн.

Байыркы ысрайыл эли жөнүндө эмне айтууга болот? Алар да кылмышкерлерди устунга кадап өлтүрүшчү беле? Аларга берилген Мыйзамда: «Эгер кимдир бирөө өлүм жазасына тартылгыдай күнөө кылып, өлтүрүлгөндөн кийин устунга кадалса, өлүгү түнү бою устунда калбашы керек. Анын сөөгүн ошол эле күнү кой»,— деп айтылган (Мыйз. 21:22, 23). Мындан көрүнүп тургандай, байыркы убакта өлүм жазасына тартылган киши адегенде өлтүрүлүп, андан кийин сөөгү устунга же даракка кадалчу.

Өлүм жазасына байланыштуу Лебилер 20:2де: «Ысрайыл уулдарынын, Ысрайылда жашаган келгиндердин ичинен ким өзүнүн балдарынын бирин Молекке берсе, өлүм жазасына тартылсын. Эл аны таш бараңга алып өлтүрсүн»,— делет. «Өлгөндөрдү чакыргандар» же «келечекти алдын ала айткандар» да өлүм жазасына тартылчу. Алар кантип өлтүрүлчү? «Аларды таш бараңга алышчу» (Леб. 20:27).

Мыйзам 22:23, 24төн мындай дегенди окуйбуз: «Эгер кайсы бир эркек шаардан жигити менен убадалашып койгон кызды жолуктуруп, аны менен жатса, анда экөөнү тең шаардын дарбазасынын алдына алып барып, таш бараңга алгыла. Экөө тең өлүшү керек: кыз шаарда жардамга чакырып кыйкырбаганы үчүн, ал эми эркек башка бирөөнүн аялын булгагандыгы үчүн өлүшү керек. Ошентип, араңардан жамандыкты жок кылгыла». Демек, байыркы ысрайыл элинде оор кылмыш кылгандарды жазалоонун негизги жолу таш бараңга алуу болгон *.

Байыркы убакта өлүм жазасына тартылган киши адегенде өлтүрүлүп, андан кийин сөөгү устунга же даракка кадалчу

Мыйзам 21:23тө: «Устунга кадалган ар бир адам — Кудайдын каргышына калган адам»,— деп айтылат. «Кудайдын каргышына калган адамдын» сөөгүн баары көргүдөй кылып устунга же даракка асып коюу элге эскертүү болгон.

^ абз. 6 Көптөгөн окумуштуулар, Мыйзамга ылайык, кылмышкерлер адегенде өлтүрүлүп, анан сөөгү устунга кадалчу дегенге кошулушат. Бирок, айрым далилдерден айкын болгондой, 1-кылымда жүйүттөр үчүн кээ бир кылмышкерлерди устунга тирүүлөй кадоо кадимки нерсе болуп калган.