Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨМҮР БАЯН

Жашообуз маңыздуу өтүүдө

Жашообуз маңыздуу өтүүдө

958-ЖЫЛЫ уулум Гари төрөлгөндөн көп өтпөй, анын бир жери ооруй турганын сездим. Бирок доктурлар анын оорусун аныктагыча 10 ай, ал эми Лондондогу адистер алардын айткандарын ырастагыча дагы 5 жыл өттү. Гари төрөлгөндөн 9 жыл өткөндөн кийин, кызым Луиза жарык дүйнөгө келди. Анын ден соолугу уулумдукунан бир топ эле начар экенин билгенде ушунчалык каңырыгым түтөгөн.

Доктурлар мага жылуу-жумшак: «Эки балаңыз тең ЛМББ синдрому * менен ооруйт экен. Тилекке каршы, азырынча мунун дабасы табыла элек»,— деп айтышты. Сейрек кездешүүчү бул оору тууралуу ал кезде маалымат аябай эле аз болчу. Адатта, бул илдетке чалдыккандар начар көрөт, бара-бара таптакыр көрбөй да калышат, толуп кетишет, колу-бутунун манжалары ашык болот, организми жай өсөт, кыймыл-аракети олдоксон болот, ошондой эле кант диабетинен, остеоартриттен кыйналышат жана бөйрөгү начар иштейт. Андыктан балдарыма кам көрүү көптөгөн кыйынчылыктар менен коштолмок. Акыркы изилдөөгө ылайык, Улуу Британияда 125000 кишинин 1и ушул оорудан жапа чегет, ал эми дагы көптөрү анын жеңил түрү менен ооруйт.

ЖАХАБА — «КООПСУЗ ЧЕБИБИЗ»

Турмушка чыккандан көп өтпөй бир Жахабанын Күбөсү менен сүйлөшүп калып, чындыкты тапканымды дароо эле түшүндүм. Бирок жолдошум таптакыр кызыккан жок. Анын жумушунан улам бизге тез-тезден жер которуп турууга туура келчү. Андыктан жыйналыш жолугушууларына бара албай жүрдүм. Бирок Ыйык Китепти окуганымды, Жахабадан тиленгенимди токтоткон жокмун. Ыйык Китептен: «Жахаба кыйналган адам үчүн коопсуз чеп болот, кысталыш учурунда коопсуз чеп болот... Сен, Жахаба, өзүңдү издегендерди таштабайсың»,— деген сөздөрдү окуганда ушунчалык жеңилдей түштүм (Заб. 9:9, 10).

Көзү начар көргөндүктөн Гари, атайын билим алышы үчүн, 6 жашында Англиянын түштүгүндөгү жатак мектепке жөнөтүлдү. Ал кайсы бир нерсеге тынчсызданган сайын мага телефон чалчу. Мен болсо ага Ыйык Китептеги негизги принциптерди түшүндүрүп берчүмүн. Луиза төрөлгөндөн бир нече жылдан кийин, өзүм да катуу ооруп калдым: склероздун оор түрүнө жана фибромиалгия оорусуна (тарамыштарды, муундарды, булчуңдарды сыздаткан оору) чалдыктым. Гари 16 жашында жатак мектептен үйгө кайтып келди. Бирок анын көзү начарлагандан начарлап, 1975-жылы сокур деп катталды. Ал эми 1977-жылы күйөөм бизди таштап кетти.

Гари үйгө кайтып келгенден көп өтпөй, жыйналыштын иштерине катыша баштадык. Мен 1974-жылы чөмүлгөм. Бир аксакалга уулума өспүрүм кезинде организминде өзгөрүүлөр болуп жатканда чоң жардам бергени үчүн аябай ыраазымын. Башка ишенимдештерибиз мага үй иштерин кылууга кол кабыш кылып жүрүштү. Кийинчерээк жергиликтүү коомдук тейлөө кызматы алардын бешөөнү бизге кам көрүүгө дайындады. Бул биз үчүн чоң бата болгон.

Уулум чындык жолунда жакшы ийгиликтерди жасап, 1982-жылы чөмүлдү. Ал көмөкчү пионер болгусу келгендиктен, экөөбүз чогуу ошол кызматты баштадык жана мен бир канча жыл көмөкчү пионер болуп кызмат кылдым. Бир жолу райондук көзөмөлчү уулума: «Гари, үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылып көрбөйсүңбү»,— деп калды. Муну укканда уулум аябай кубанды. Ага так ушул сөз жетишпей турган. Ошентип, Гари 1990-жылы үзгүлтүксүз пионер болуп дайындалды.

 Гари эки жолу: биринчисинде 1999-жылы, экинчисинде 2008-жылы жамбаш муунун алмаштырды. Бирок Луизанын ден соолугу аныкынан бир топ начар эле. Кызым сокур болуп төрөлгөн. Анын бир бутунун манжасы ашык экенин көргөндө анын да ЛМББ синдрому менен ооруй турганын түшүнгөм. Доктурлар текшерип көрүп, анын ички органдарында да көптөгөн олуттуу кемтиктер бар экенин аныкташкан. Бир нече жылдын ичинде ага чоң операциялар жасалды, анын ичинде бөйрөгүнөн беш жолу операция болду. Гари сыяктуу эле, ал да кант диабети менен ооруйт.

Операция учурунда кыйынчылыктар пайда болорун билгендиктен Луиза дайыма хирургдар, анестезиологдор жана оорукананын администрациясы менен алдын ала сүйлөшүп, эмне үчүн кан куйдуруудан баш тартарын түшүндүрүп берет. Мунун аркасында ал өзүнө кам көргөндөрдүн баары менен жакшы мамиледе.

ЖАШООБУЗ МАҢЫЗДУУ ӨТҮП ЖАТАТ

Үйүбүздө Жахабага сыйынууга байланышкан көп иштерди кылабыз. Электрондук каражаттар чыга элек кезде, Гари менен Луизага бир канча саат бою адабияттарды окуп берчүмүн. Азыр CD, DVDлер жана www.pr418.com сайтынан көчүрүп алган жаздыруулар бар болгондуктан, ар бирибиз жума сайын Ыйык Китепти ар кайсы убакта изилдей алабыз. Ошондой эле жыйналыш жолугушууларына жакшы даярданып барып, жоопторубуз менен башкаларды бекемдейбиз.

Жахабанын ыйык рухунун жетеги менен жазылган Сөзүндөгү баа жеткис чындык үчүн чексиз ыраазыбыз!

Гари кээде жоопторун жаттап алат. Эгер Теократиялык кызмат мектебинен тапшырма алса, аны өз сөзү менен айтып бере алат. Гари 1995-жылы кызмат жардамчысы болуп дайындалган. Ал Падышалык залында дайыма кайсы бир иш менен алек болот, мисалы, келгендерди тосуп алат, үн күчөткүч аппаратураны иштетүүгө жардам берет.

Гари артрит болгондуктан, аны менен кабар айтуу кызматына чыккан бир туугандар адатта анын майыптар арабасын түртүп жүрүшөт. Бир ишенимдешибиз ага жакшы кабарга кызыккан киши менен изилдөө өткөргөнгө жардам берип жүрдү. Ошондой эле Гари 25 жылдан бери жигердүү эмес жарчы болуп калган эжеге жыйналышка келүүгө түрткү берген. Азыр ал эже да, Гари менен Ыйык Китепти изилдеп жаткан киши да жолугушууларга келип жатышат.

Луиза 9 жашында таенесинен түймө түйгөндү үйрөнгөн. Андан сырткары, бизге кам көрүүгө дайындалган бир ишенимдешибиз экөөбүз ага сайма сайганды үйрөткөнбүз. Ал түйгөндү, сайма сайганды аябай жакшы көргөндүктөн жыйналыштагы бөбөктөргө да, чоңдорго да түстүү жамынгычтарды токуп берет. Ошондой эле кичинекей чапталма сүрөттөрдөн открыткаларды жасап, башкаларга белек кылат. Алар анын открыткаларын аябай баалап, сактап жүрүшөт. Луиза өспүрүм кезинде компьютерге сокур ыкма менен жазганды үйрөнгөн. Азыр ал сүйлөй турган компьютерди колдонуп, достору менен дайыма кат алышып турат. Ал 17 жашында чөмүлгөн. Кабар айтуу боюнча атайын өнөктүк болгондо, экөөбүз тең көмөкчү пионер болуп кызмат кылабыз. Гари сыяктуу эле, Луиза да Кудайдын «сокурлардын көзү ачыла» турган жана «тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— деп» айтпай турган дүйнө жөнүндөгү убадасына болгон ишеними тууралуу башкаларга айтыш үчүн аяттарды жаттап алат (Ыш. 33:24; 35:5).

Биз Жахабанын ыйык рухунун жетеги менен жазылган Сөзүндөгү баа жеткис чындык үчүн чексиз ыраазыбыз! Ошондой эле жыйналышыбыздагы бир туугандарга сүйүү менен колдоо көрсөтүп жатышканы үчүн чын жүрөктөн ыраазыбыз. Алар болбогондо, кылып жаткан иштерибиздин көбүн кыла алмак эмеспиз. Бирок баарынан да Жахабанын жардамы менен жашообуз маңыздуу өтүп жатат.

^ абз. 5 Лоренс-Мун-Барде-Бидл синдрому тукум куума ал ооруну аныктаган төрт доктурдун атынан аталып калган. Учурда ал Барде-Бидл синдрому деп белгилүү жана анын дарысы табыла элек.