Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 БАЛДАРЫҢАРДЫ ҮЙРӨТКҮЛӨ

Кылмышкерден эмнени үйрөнө алабыз?

Кылмышкерден эмнени үйрөнө алабыз?

Сүрөттө биз үлгү алышыбыз керек болгон кылмышкердин Иса пайгамбар менен сүйлөшүп жатканы тартылган. Ал кылган жаман иштери үчүн өкүнүп, Иса пайгамбардан: «Падыша болгонуңда мени эстей көр»,— деп суранып жатат. Иса пайгамбар болсо ага жооп берет. Анын ага эмне деп жатканын билесиңби? ~ * «Сага бүгүн айтамын, сен мени менен Бейиште болосуң»,— деп убада берип жатат.

Бейиш кандай болот деп ойлойсуң? ~ Буга туура жооп алыш үчүн, кел, Адам ата менен Обо эне жашаган Бейиш жөнүндө сүйлөшөлү. Ал Бейиш каякта эле? Асмандабы же жердеби? ~

Эгер жерде деп жооп берсең, анда туура жооп бердиң. Ошондуктан кылмышкер бейишке айланган жер бетинде жашайт деп айтканыбыз туура болот. Ал Бейиш кандай болот? ~ Анда ошол жөнүндө билели.

Ыйык Китепте Кудайдын Адам ата менен Обо энени жараткандан кийин аларды Бейишке жайгаштырганы айтылат. Кудай аларды жайгаштырган бак «Эйден» деп аталган. Эйдендеги бактын канчалык кооз болгонун элестете аласыңбы? ~ Албетте, ал жер аябай кооз, сонун болгон. Азыр андай кооз жер жок.

Кылган иштери үчүн өкүнгөн кылмышкер менен Бейиште Иса да болобу? ~ Жок. Иса Машаяк Падыша катары асмандан жер жүзүн башкарат. Ал кылмышкерди тирилтет жана анын Бейиште жашап жатканын көрөт. Иса Машаяк кылмышкер менен ушундай мааниде бирге болот. Бирок эмне үчүн Иса аны кылмышкер болсо да тирилтет? ~ Кел анда, ушуну карап көрөлү.

Ооба, ал кылмышкер аябай жаман иштерди  кылган. Жер жүзүндө жашап өткөн миллиарддаган адамдар да ошондой иштерди кылышкан. Бирок алардын көбү Жахаба Кудайды жана анын осуяттарын билишкен эмес. Ошондуктан жаман иштерди көп кылышкан.

Ошондой адамдар, анын ичинде Иса пайгамбар сүйлөшкөн кылмышкер да Бейиште тирилишет. Анан Кудай жөнүндө, анын эрки жөнүндө билим алышат. Ошондон кийин Кудайды сүйөрүн далилдешет.

Кантип далилдейт деп ойлойсуң? ~ Кудайдын талаптарына ылайык жашап далилдешет. Бейиштеги жашоо абдан сонун болот! Биз Кудайды жана башкаларды сүйгөн адамдардын арасында жашайбыз.

Ыйык Китептен бул аяттарды оку:

^ абз. 3 Макаланы балдарыңар менен окусаңар, толкун сызык (~) коюлган жерден тыным жасап, алардын оюн уккула.