Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨМҮР БАЯН

Жахабанын тилин алуунун аркасында көптөгөн баталарга ээ болуп келем

Жахабанын тилин алуунун аркасында көптөгөн баталарга ээ болуп келем

«Нух пайгамбар бизге сонун үлгү калтырган! Ал Жахабанын тилин алган, үйүндөгүлөрүн жакшы көргөн. Анын үй-бүлөсү кемеге кирип, Топон суудан аман калган».

АТАМДЫ эстегенде шак эле ушул сөздөрү эсиме түшөт. Ал жөнөкөй, иштерман киши болчу. Адилеттүүлүк үчүн дайыма күйүп-бышып турчу. Андыктан 1953-жылы Ыйык Китептеги кабарды угары менен эле кабыл алды. Ошондон тартып атам окуп-билгендеринин баарын бизге үйрөтүү үчүн бүт күчүн жумшады. Апам болсо адегенде католик дининин каада-салттарын таштагысы келбей, олку-солку болуп жүрдү. Бирок бара-бара ал да Ыйык Китептеги окууларды кабыл ала баштады.

Ата-энеме биз менен изилдөө өткөрүү оңой болгон жок. Апам дээрлик тамга таанычу эмес, атам болсо керээли-кечке талаада кара жанын карч уруп иштечү. Кээде ал ушунчалык чарчагандыктан изилдөө учурунда уктап да калчу. Анткен менен анын жумшаган күч-аракетинин акыбети кайтты. Мен балдардын эң улуусу болгондуктан сиңдим менен эки инимди окутканга жардам берчүмүн. Аларга Ыйык Китепте жазылгандарды, анын ичинде атам көп айткан Нух пайгамбар жөнүндө, анын үй-бүлөсүн канчалык жакшы көргөнү, дайыма Кудайдын тилин алганы тууралуу айтып берчүмүн. Ыйык Китептеги ошол окуяны аябай жакшы көрчүмүн! Көп өтпөй баарыбыз Адрия деңизинин жээгинде жайгашкан Розето-дельи-Абруцци (Италия) деген шаардагы Падышалык залында өткөрүлгөн жыйналыш жолугушууларына бара баштадык.

1955-жылы апам экөөбүз батыш тараптагы Римди көздөй жол тартып, тоолорду ашып, биринчи жолу жыйынга бардык. Ал кезде мен 11де эле болчумун. Ошондон бери көп бир туугандар чогулган жыйындарга катышуу мен үчүн жашоомдогу эң сонун учурлардын бири болуп келет.

Кийинки жылы чөмүлүп, көп өтпөй эле толук убакыт кызмат кыла баштадым. Ал эми 17 жашымда Римдин түштүк жагындагы Латина шаарына атайын пионер болуп дайындалдым. Ал биздин үйдөн 300 чакырымдай алыстыкта жайгашкан эле. Латина жаңы шаар болгондуктан, тургундарынын эч кимиси деле кошуна-колоңдорум эмне деп ойлоп калат деп тынчсызданчу эмес. Шеригим экөөбүз көп адабият таратып, кубанычтуу кызмат кылып жүрдүк. Бирок жаш болгондуктан үйдү сагынып аябай куса болчумун. Ошентсе да Жахаба ошол жерде кызмат кылышымды каалагандыктан, анын тилин алып, кызматымды уланта бердим.

Баш кошкон күнүбүз

 Кийинчерээк 1963-жылы Милан шаарында өтө турган «Түбөлүк жакшы кабар» деген эл аралык жыйынга даярдык көрүүгө жардамдаштым. Жыйын учурунда башка көптөгөн бир туугандар менен бирге ыктыярдуу жардамчы катары кызмат кылдым. Алардын арасында Флоренциядан келген Паоло Пичоли деген жаш бир тууган да бар эле. Жыйындын экинчи күнү ал бойдоктук жөнүндө жүрөк козгоорлук баяндама айтты. Ошондо: «Бул бир тууган эч качан үйлөнбөйт болуш керек»,— деп ойлогонум эсимде. Бирок көп өтпөй аны менен кат алыша баштадым. Бара-бара көп жалпылыгыбыз бар экенин түшүндүк: экөөбүздүн максаттарыбыз окшош болчу, экөөбүз тең Жахабаны жакшы көрчүбүз, дайыма анын тилин алгыбыз келчү. Ошентип, 1965-жылы баш коштук.

ДИН КЫЗМАТЧЫЛАР МЕНЕН БОЛГОН ЖОЛУГУШУУЛАР

Флоренцияда үзгүлтүксүз пионер болуп 10 жыл кызмат кылдым. Ал жактагы жыйналыштардын өсүп жатканын, өзгөчө, жаштардын ийгилик кылганын көрүү жүрөк толкутарлык болду. Паоло экөөбүз алар менен Ыйык Китептин негизинде маектешкенди, чогуу эс алганды жакшы көрөр элек. Паоло көбүнчө алар менен футбол ойночу. Албетте, мен күйөөм менен чогуу болгонду жакшы көрчүмүн, бирок жыйналыштагы жаштар менен үй-бүлөлөр да анын убакыт бөлүп, көңүл бурушуна муктаж экенин түшүнчүмүн.

Ошол кездерде өткөргөн көптөгөн ыйык китептик изилдөөлөрүбүздү азыр да кубаныч менен эскерем. Биз менен изилдегендердин бири Адриана болчу. Ал окуп-билгендери жөнүндө башка эки үй-бүлөгө айтып бериптир. Ал үй-бүлөлөр Троица, жандын өлбөстүгү жөнүндөгү окууларды талкуулоо үчүн дин кызматчы менен жолугушуу уюштурушкан экен. Жолугушууга үч чиркөө башчысы келди. Кызыгуучулар алардын берген жоопторун Ыйык Китепте айкын-так жазылган окуулар менен салыштырып көрүп, алардын айткандары ушунчалык татаал, баш-аягы жок экенин дароо эле түшүнүштү. Ошол жолугушуудан кийин көп нерсе өзгөрдү. Убакыттын өтүшү менен ал үй-бүлөлөрдөн 15тей киши Жахабанын Күбөсү болду.

Ал кезде кабар айтуу ыкмаларыбыз башкача болчу. Мисалы, Паоло дин кызматчылар менен көп талкуу жүргүзчү; ал бул жагынан «адис» болуп калган. Бир жолу ошондой талкуу Жахабага кызмат кылбаган топ кишинин алдында жүргүзүлдү. Кийинчерээк укканыбыздай, каршылаштарыбыз алардын айрымдары менен Паолого ыңгайсыз суроолорду берүүнү алдын ала сүйлөшүп коюптур. Бирок алардын ою оңунан чыккан жок. Топтун арасынан бирөө: «Чиркөөнүн кылымдардан бери саясатка аралашып келатканы туурабы?» — деп сурап калды. Дин кызматчылар эмне деп жооп берерин билбей, айласы кете баштады. Ошондо капыстан электр жарыгы өчүп калып, чогулгандар тарап кетишти. Көрсө, дин кызматчылар, талкуу алар ойлогондой болбой баратканда,  электр жарыгын өчүрүп коюуну күн мурун сүйлөшүп коюшуптур. Муну биз бир нече жылдан кийин билдик.

ЖАҢЫ ДАЙЫНДООЛОР

Баш кошконубузга он жыл болгондо, бир туугандар бизге кыдыруучулук ишти аткарууну сунуш кылышты. Паоло жакшы жумушта иштечү, андыктан чечим чыгаруу оңой болгон жок. Бирок тиленип, ойлонуп көргөндөн кийин макул болдук. Бизге бир туугандарыбыздыкында түнөп, алар менен убакыт өткөрүү абдан жакчу. Кечкисин көбүнчө топ болуп алып изилдечүбүз. Паоло балдарга үй тапшырмаларын, айрыкча, математикадан берилген тапшырмаларды аткарууга жардам берчү. Андан сырткары, ал китепти жантыгынан жата калып окуур эле. Кызыктуу, дем-шык берерлик нерселерди окуганда аны башкаларга күйүп-жанып айтып берчү. Дүйшөмбү күндөрү адатта биз бир да Жахабанын Күбөсү жок шаарчаларга барып кабар айтып, элди кечинде айтыла турган баяндамага чакырчубуз.

Жаштар менен убакыт өткөргөндү жакшы көрчүбүз. Паоло көбүнчө алар менен футбол ойночу

Кыдыруучулук ишти эки жыл аткаргандан кийин эле Римдеги Бейтелде кызмат кылууга чакырылып калдык. Паоло юридикалык бөлүмгө, мен болсо журналдар бөлүмүнө дайындалдым. Мындай өзгөрүүгө көнүү оңой болгон жок, бирок биз тил алууга чечкиндүү болчубуз. Убакыттын өтүшү менен филиалдын кеңейгенине, Италиядагы бир туугандардын санынын дүркүрөп өскөнүнө күбө болуп, аябай кубандык. Ошол убакта Жахабанын Күбөлөрүнүн Италияда диний уюм катары катталганы да маанилүү окуялардын бири болду. Ооба, Бейтелде кызмат кылуудан да көп кубаныч алдык деп айта алам.

Паоло Бейтелдеги кызматын абдан жакшы көрчү

Бейтелде кызмат кылып жүргөнүбүздө, канды колдонууга карата Ыйык Китепке негизделген көз карашыбыз бүтүндөй Италияда кызуу талкууга алынды. Жахабанын Күбөсү болгон бир жубайларга кызынын өлүмүнө себепкер болушкан деген жалган айып коюлуп, сот иши козголду. 1980-жылдардын башында ал сот иши элдин баарын уу-дуу кылды. Бирок алардын кызы, чындыгында, Жер ортолук деңиздин тегерек-четинде жашаган көптөгөн адамдарга тукум кууп өткөн канга байланыштуу оорудан каза болгон. Бейтелдеги бир туугандар ал жубайларды жактаган юристтерге жардам беришти. Элге иштин чоо-жайын жана Кудайдын Сөзүндө канды колдонуу жөнүндө эмне деп айтыларын айкын түшүнүүгө жардам бериш үчүн «Ойгонгула!» журналынын атайын саны менен баракча таратылды. Ошол айларда Паолонун күнүнө 16 сааттан тынымсыз иштеген учурлары көп болду. Мен ага колумдан келишинче колдоо көрсөтүп жаттым.

ЖАШООБУЗДАГЫ ДАГЫ БИР ӨЗГӨРҮҮ

Үйлөнгөнүбүзгө 20 жыл болгондо, жашообузда дагы бир күтүлбөгөн окуя болду. Мен 41ге, Паоло 49га чыкканда, кош бойлуу болуп калдым. Кийин күйөөмдүн күндөлүгүнөн ошол күнү мындай сөздөрдү жазганын окудум: «Тиленүүм: эгер чын эле ушундай болсо, толук убакыттагы кызматыбызды таштабаганга, рухий жактан бекем бойдон  калганга, үлгүлүү ата-эне болгонго көмөк кыла көр. Эң негизгиси, 30 жылдан бери сахнадан айтып келген сөздөрүмдүн, жок дегенде, 1 пайызын колдонгонго жардам берчи». Азыр ойлонуп көрсөм, Жахаба анын да, менин да тиленүүмө жооп бериптир.

Илария төрөлгөндө, жашообуз бир топ өзгөрдү. Чынын айтканда, Накыл сөздөр 24:10до: «Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү ындының өчсө, алдан-күчтөн таясың»,— деп жазылгандай, көңүлүбүз чөккөн учурлар болду. Бирок бири-бирибизди дайыма жөлөп-таяп, колдоп турдук.

Илария Жахабага толук убакыт кызмат кылган үй-бүлөдө чоңоюп-өскөнүнө абдан сүйүнөрүн көп айтат. Кызыбызга ата-энелик мээримибизди төгүп, бапестеп чоңойттук. Мен эртеден кечке анын жанында болчумун. Кечинде атасы жумуштан келип, бүтүрө турган иштери бар болсо да, аны менен ойноп, үй тапшырмаларын аткарууга жардам берчү. Атүгүл өзүнүн жумуштарын түнкү 2-3төргө чейин жасаганга туура келсе да, кызыбызга убакыт бөлөр эле. Илария: «Атам — менин эң жакын досум»,— деп көп айтчу.

Албетте, кызыбызга чындык жолунда бекем турууга жардам бериш үчүн аны оңдоп-түзөөгө, кээде катуу болууга туура келчү. Бир жолу анын ойноп жатып досуна жаман мамиле кылганын байкап калдык. Ошондо Ыйык Китепти колдонуп, ага андай кылганы туура эмес экенин түшүндүрдүк. Анан дароо досунан кечирим сураттык.

Илария биздин кызматты жакшы көргөнүбүз ага да кызматты жакшы көрүүгө түрткү бергенин айтат. Азыр ал чоңоюп, турмушка чыккан. Андыктан Жахабанын тилин алып, анын жетекчилигине баш ийүү канчалык маанилүү экенин мурдагыдан да жакшы түшүнөт.

ООР ЖОГОТУУ

2008-жылы Паолонун рак менен ооруп калганын билдик. Башында күйөөм жакшы болуп кетчүдөй сезилчү, ал өзү да мени сооротуп турчу. Биз жакшы доктурларды издегенден сырткары, Илария экөөбүз Жахабадан кайрат-күч сурап, көпкө чейин тиленчүбүз. Тилекке каршы, бир кездердеги күч-кубаты оргуштап турган жан шеригим көз алдымда күндөн күнгө соолуп баратты. Ал 2010-жылы көз жумду. Бул мен үчүн катуу сокку болду. Бирок экөөбүздүн 45 жылдын ичинде кылган иштерибизди ойлогондо кадимкидей сооронуп калам. Биз Жахабага өзүбүздө болгондун эң жакшысын бердик. Ал кылган кызматыбызды эч качан унутпайт. Мен, Жакан 5:28, 29дагы сөздөргө ылайык, Паоло тириле турган убакты чыдамсыздык менен күтүп жатам.

«Жүрөгүмдө мен дагы деле Нух пайгамбар жөнүндөгү окуяны жакшы көргөн кичинекей кызмын. Жахаба менден эмнени сурабасын, анын тилин алууга чечкиндүүмүн»

Жүрөгүмдө мен дагы деле Нух пайгамбар жөнүндөгү окуяны жакшы көргөн кичинекей кызмын. Жахаба менден эмнени сурабасын, анын тилин алууга чечкиндүүмүн. Кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, эмнеден баш тартпайлы, эмнеден айрылбайлы, анын баары мээримдүү Кудайыбыздын батасына салыштырмалуу кичинекей эле нерсе болуп калат. Муну өз тажрыйбамдан улам айта алам жана Жахабанын тилин алуу дайыма туура экенине ынанып келем.