Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын берешендигин жана түшүнүктүүлүгүн баалайлы

Жахабанын берешендигин жана түшүнүктүүлүгүн баалайлы

«Жахаба баарына жакшылык кылат, анын кайрымдуулугу бардык иштеринен көрүнүп турат» (ЗАБ. 145:9).

1, 2. Жахабанын достору кандай мүмкүнчүлүккө ээ?

«ЖОЛДОШУМ экөөбүздүн баш кошконубузга 35 жылдай болуп калды,— дейт Моника деген ишенимдешибиз.— Биз бири-бирибизди аябай жакшы билебиз. Бирок ошончо жыл өтсө да, экөөбүз дагы деле бири-бирибиздин биле элек жактарыбызды байкап жатабыз». Бул сөздөргө көптөгөн жубайлар менен достордун кошулары шексиз.

2 Баарыбыз эле жакшы көргөн адамдарыбызды барган сайын жакшыраак таанып-биле бергибиз келет. Бирок ким менен болгон достугубузду албайлы, Жахаба менен болгон достугубуз алардын баарынан жогору турат. Биз Жахаба жөнүндө эч качан баарын билип бүтө албайбыз (Рим. 11:33). Андыктан түбөлүк өмүр сүргөнүбүздө, анын сапаттарын барган сайын көбүрөөк баалай бергенге жана ошондон кубаныч алганга чексиз мүмкүнчүлүгүбүз болот (Нас. 3:11).

3. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

3 Мурунку макалада Жахабанын баарыбыз эркин кайрыла алган, бет карама эмес Кудай экенин караганбыз жана анын ошол сапаттарын көбүрөөк баалаганга түрткү алганбыз. Эми анын баа жеткис сапаттарынын дагы экөөнү — берешендиги менен түшүнүктүүлүгүн — карап чыгалы. Бул бизге Жахабанын «баарына жакшылык кыларын» жана «анын кайрымдуулугу бардык иштеринен көрүнүп турарын» жакшыраак түшүнүүгө жардам берет (Заб. 145:9).

ЖАХАБА — БЕРЕШЕН КУДАЙ

4. Берешен болуу деген эмнени билдирет?

4 Берешен болуу деген эмнени билдирет? Мунун жообун Иса Машаяктын Элчилер 20:35теги: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деген сөздөрүнөн табууга болот. Ал ушул жөнөкөй эле сөздөр менен чыныгы берешендик эмнени билдирерин ачып берген. Берешен киши башкалардын жыргалчылыгы үчүн убактысын, күчүн, каражатын аябайт жана  ошондон кубаныч алат. Чынында, кимдир бирөөнүн берешен экени анын канчалык кымбат белек бергенинен эмес, кандай ниет менен бергенинен айкын болот. (Оку: 2 Корунттуктар 9:7.) Берешен болуу жагынан «бактылуу Кудайыбыз» Жахабага эч ким тең келе албайт (1 Тим. 1:11).

5. Жахабанын берешен экени эмнеден көрүнүп турат?

5 Жахабанын берешен экени эмнеден көрүнүп турат? Ал бардык адамдардын, анын ичинде ага сыйынбагандардын да муктаждыктарына кам көрөт. Ырас, «Жахаба баарына жакшылык кылат». «Ал күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилге да, адил эмеске да жаадырат» (Мт. 5:45). Ошондуктан элчи Пабыл ишенимдеши эместерге Жахаба жөнүндө: «Ал силерге асмандан жамгыр жаадырып, берекелүү мезгилдерди тартуулап, тамак-ашты мол берип, жүрөгүңөрдү кубанычка толтуруп келген»,— деп айта алган (Элч. 14:17). Арийне, Жахаба бүт адамзатка марттык көрсөтөт (Лк. 6:35).

6, 7. а) Жахаба өзгөчө кимдерге кам көрүүдөн ырахат алат? б) Кудайдын өзүнүн ишенимдүү кызматчыларына кантип кам көрөрүнө мисал келтир.

6 Жахаба, өзгөчө, өзүнүн ишенимдүү кызматчыларына кам көрүүдөн ырахат алат. Дөөтү падыша: «Мен жаш элем, эми карыдым, бирок Кудайдын адил адамды калтырып койгонун же анын урпактарынын нан сурап жүргөнүн көргөн жокмун»,— деп жазган (Заб. 37:25). Жахабанын көптөгөн ишенимдүү кызматчылары анын кам көрөрүнө өз тажрыйбасынан ынанып келишет. Бир мисалга токтолуп көрөлү.

7 Кудайга толук убакыт кызмат кылган Нэнси мындан бир нече жыл мурун жарга такалгандай жагдайга туш болгон. «Мага ижара акысын төлөгөнгө 66 доллар керек болуп жаткан. Акыркы мөөнөткө бир эле күн калган болчу,— деп эскерет ал.— Акчаны каяктан табарымды билбей башым катып жаткан. Ал тууралуу тиленгенден кийин жумушума кеттим. Мен ресторанда официант болуп иштечүмүн. Ошол кечте көп деле чай пул албайт болушум керек деп ойлогом, себеби жуманын ошол күнү адатта аз эле киши келчү. Бирок, таң калыштуусу, ошол түнү ресторанга бир нече кардар келди. Жумуш бүткөндөн кийин, алган чай пулдарымды санасам, туптуура 66 доллар чыкты». Нэнси Жахабанын берешендик көрсөтүп, ал эмнеге муктаж болуп турса, так ошону бергенин түшүнгөн (Мт. 6:33).

8. Жахабанын берешендигинин эң чоң далили эмне?

8 Жахабанын берешендигинин эң чоң далили болгон белек ар бир адамга берилген. Ал эмне болгон белек? Анын Уулунун куткаруу курмандыгы. Иса Машаяк: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деген (Жкн. 3:16). Бул аяттагы «дүйнө» деген сөз адамзатты билдирет. Демек, Жахаба ал эң баалуу белекти алгысы келгендердин баарына берет. Иса Машаякка ишенгендер түбөлүк өмүргө ээ болушат (Жкн. 10:10). Бул Жахабанын берешендигинин эң чоң далили эмеспи?!

 БЕРЕШЕН КУДАЙЫБЫЗДЫ ТУУРАЙЛЫ

Ысрайылдыктар, Жахабадан үлгү алып, берешен болууга чакырылышкан (9-абзацты кара)

9. Берешен Кудайыбызды кантип туурай алабыз?

 9 Берешен Кудайыбызды кантип туурай алабыз? Жахаба «ырахаттанып жашашыбыз үчүн, баарын мол берет». Андыктан биз да колубузда болгонду «башкалар менен бөлүшүп», алардын кубанычына кубаныч кошууга дилгир болушубуз керек (1 Тим. 6:17—19). Биз жакшы көргөн адамдарыбызга белек берүүдөн жана муктаж болгондорго көмөк көрсөтүүдөн кубаныч алабыз. (Оку: Мыйзам 15:7.) Берешен болууну унутпоого эмне жардам берет? Кудайдын айрым кызматчылары кимдир бирөө аларга белек берген сайын, өздөрү да башкаларга белек берүүнү адат кылып алышкан. Ырас, жыйналыштарыбыз берешен бир туугандарга абдан бай.

10. Берешен болуунун эң жакшы жолдорунун бири кайсы?

10 Берешен болуунун эң жакшы жолдорунун бири — башкаларга сөзүбүз менен да, ишибиз менен да колдоо көрсөтүү. Муну кантип кыла алабыз? Убактыбызды, күчүбүздү аябай, аларга жардам берүү менен жана аларды кайраттандыруу менен (Гал. 6:10). Бул жагынан өзүбүздү текшериш үчүн төмөнкүдөй суроолордун үстүнөн ой жүгүртүп көрсөк болот: «Башкалар менин аларга жардам берүүгө жана айткандарын угууга даяр экенимди сезишеби? Кимдир бирөө кайсы бир ишти же тапшырманы аткарууга жардам беришимди суранганда, мүмкүнчүлүгүм болсо, дароо эле макул боломбу? Үй-бүлөмдөгүлөрдү же ишенимдештеримди акыркы жолу качан чын жүрөктөн мактадым эле?» Башкаларга «бергенибизде», аларга да, Жахабага да жакындаарыбыз шексиз (Лк. 6:38; Накыл 19:17).

11. Кантип Жахабага марттык менен бере алабыз?

 11 Биз Жахабага да марттык менен бере алабыз. Ыйык Китепте: «Жахабага баалуу нерселериң менен... урмат көрсөт»,— деген кеңеш берилет (Накыл 3:9).  «Баалуу нерселерибизге» убактыбыз, күчүбүз, каражатыбыз кирет. Аларды кызматка эч аянбай жумшаганыбыз абзел. Атүгүл кичинекей балдар да Жахабага марттык менен берүүгө үйрөнө алышат. «Үй-бүлөбүз менен Падышалык залындагы кутуларга тартуу саларда, аны балдарыбызга салдыртабыз,— дейт Жейсон деген бир тууган.— Бул аларга аябай жагат, анткени тартуу салуу менен алар Жахабага бир нерсе берген болушат». Кичинекей кезинде Жахабага берүүдөн кубаныч алган балдар адатта чоңойгондо да ага марттык менен беришет (Накыл 22:6).

ЖАХАБА — ТҮШҮНҮКТҮҮ КУДАЙ

12. Түшүнүктүү болуу деген эмнени билдирет?

12 Жахабанын дагы бир баа жеткис сапаты — анын түшүнүктүүлүгү. Түшүнүктүү болуу деген эмнени билдирет? «Жаңы дүйнө котормосунда» ал сөз «эстүү» деп берилген жана түп нускада түзмө-түз «макул боло билген» дегенди билдирет (Тит 3:1, 2, шилт.). Түшүнүктүү киши башкалардан эреже-тартипке карманууну талап кылууда аша чаап кетпейт жана катаал же орой болбойт. Анын ордуна, башкалардын жагдай-шартын эске алып, аларга жылуу-жумшак мамиле кылат. Ал башкаларды кунт коюп угуп, мүмкүн болсо, алардын каалоосун эске алып, өзүнүн талаптарын өзгөртө билет.

13, 14. а) Жахаба кандайча башкаларга түшүнүү менен мамиле кылат? б) Жахабанын Лотко жасаган мамилесинен түшүнүктүүлүк жөнүндө эмнени билүүгө болот?

13 Жахаба кандайча башкаларга түшүнүү менен мамиле кылат? Ал кызматчыларынын сезимдерин эске алып, көп учурда алардын өтүнүчтөрүн аткарат. Мисалы, анын Лот деген адил кишиге жасаган мамилесин карап көрөлү. Жахаба Содом менен Амор шаарларын талкалаарда Лотко тоого качууга байланыштуу айкын-так көрсөтмө берген. Бирок Лот айрым себептерден улам андан башка жакка качууга уруксат беришин өтүнгөн. Ойлоп көрсөң, ал, мындайча айтканда, Жахабадан көрсөтмөсүн өзгөртүүнү суранган. (Оку: Башталыш 19:17—20.)

14 Кимдир бирөө Лотту чечкинсиз же баш ийбес болгон деп ойлошу мүмкүн. Анткени Жахаба аны, каякта болсо да, аман алып калары анык болгондуктан, анын коркушуна эч кандай негиз жок болчу. Бирок ал баары бир деле корко берген. Ошондуктан Жахаба анын сезимдерин эске алып, ага өзү талкалаганы жаткан шаарлардын бирине качып кетүүгө жол берип, ал шаарды талкалаган эмес. (Оку: Башталыш 19:21, 22.) Мындан Жахабанын айтканынан кайтпаган катаал эмес, макул боло билген, түшүнүктүү Кудай экени көрүнүп турат.

15, 16. Жахабанын түшүнүктүү экени ысрайыл элине берген Мыйзамынан кандайча көрүнгөн? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

15 Жахабанын түшүнүктүү Кудай экени ысрайыл элине берген Мыйзамынан кандайча көрүнүп турарын да карап көрөлү. Эгер ысрайылдык киши абдан жакыр болгондуктан курмандыкка козу же эчки алып келе албаса, ага эки бактек же эки көгүчкөн алып келүүгө жол берилген. Эгер анын эки көгүчкөн алып келүүгө да чамасы жетпесечи? Жахаба андай учурда бир аз ун алып келсе болорун айткан. Бирок, белгилей кетчү маанилүү нерсе, ал иши кылып эле бир ун эмес, сыйлуу коноктор келгенде колдонула турган «эң жакшы ун» болушу керек болчу (Башт. 18:6). Бул эмне үчүн маанилүү болгон? (Оку: Лебилер 5:7, 11.)

16 Өзүңдүн ушунчалык жакыр турган ысрайылдык экениңди элестетсең. Курмандык чалыш үчүн бир аз ун алып, ыйык чатырга келгениңде колунда бар ысрайылдыктардын курмандыкка мал алып келгенин көрүп калдың дейли. Ундан алып келген курмандыгың анча баалуу эместей сезилип, оңтойсузданмак болушуң керек. Бирок кайра курмандыгыңдын Жахабанын көз алдында баалуу экенин эстейсиң. Эмне үчүн? Жахаба ундун эң жакшысын алып келүүнү талап кылган. Муну менен ал колунда жок ысрайылдыктарга: «Мен  сенин башкаларга окшоп көптү бере албай турганыңды түшүнөм. Бирок мага эң жакшы нерсеңди берип жатканыңды билем»,— деп айткандай болгон. Ооба, Жахаба кызматчыларынын чектелүү мүмкүнчүлүктөрүн, жагдай-шартын эске алып, аларга түшүнүү менен мамиле кылат (Заб. 103:14).

17. Жахаба кандай кызматты баалайт?

 17 Жахабанын бизди түшүнүп, жан-дилден кылган кызматыбызды баалаарын билгенибиз бизди абдан жубатат (Кол. 3:23). Италияда жашаган Констанс деген бир апа мындай дейт: «Мен баарынан да Жаратканым жөнүндө башкаларга айтып бергенди жакшы көрөм. Мына ошондуктан ушу кезге чейин кабар айтып, ыйык китептик изилдөөлөрдү өткөрүп келатам. Ден соолугумдун начарлыгынан улам мурдагыдай көптү кыла албаганыма кээде жаман болом. Бирок Жахабанын мүмкүнчүлүктөрүм чектелүү экенин түшүнөрүн, мени жакшы көрөрүн жана колумдан келгенин кылып жатканымды баалаарын билем».

ТҮШҮНҮКТҮҮ КУДАЙЫБЫЗДЫ ТУУРАЙЛЫ

18. Ата-энелер Жахабаны кантип туурай алышат?

18 Түшүнүктүү Кудайыбызды кантип туурай алабыз? Анын Лотко кылган мамилеси жөнүндө ойлонуп көрсөң. Жахаба чексиз бийликке ээ болсо да, Лот сезимдерин айтып жатканда, аны түшүнүү менен угуп, өтүнүчүн орундаткан. Эгер ата же эне болсоң, Жахабадан кантип үлгү алсаң болот? Балдарыңдын суранычын угуп, эгер орундуу болсо, аларды аткарасыңбы? 2007-жылдын 1-сентябрындагы «Күзөт мунарасында» ата-энелердин үйүндөгү эрежелерди балдары менен чогуу талкууласа болору айтылган. Алсак, ата-энелер балдары кечинде саат канчада үйдө болуп калышы керектигин чечиши мүмкүн. Албетте, алардын буга укугу бар. Ошондой болгон күндө да, чындык жолундагы ата-энелер белгиленген убакытка байланыштуу балдарынын оюн угуп көрсө болот. Эгер Ыйык Китептеги принциптер бузулбаса, алар белгиленген убакытты өзгөртүүнү туура көрүшү мүмкүн. Ата-энелер үйдөгү эрежелерге байланыштуу балдарынын оюн укканда, балдарына ал эрежелерди түшүнүү жана аларга баш ийүү оңоюраак болот.

19. Канткенде аксакалдар, Жахабадан үлгү алып, башкаларга түшүнүү менен мамиле кыла алышат?

19 Аксакалдар да ишенимдештеринин жагдай-шартын эске алуу менен Жахабадан үлгү алып, башкаларга түшүнүү менен мамиле кылууга умтулушат. Жахабанын кедей-кембагалдардын да курмандыгын баалаганын эстесең. Ошо сыяктуу эле, айрым бир туугандар ден соолугуна же карылыкка байланыштуу кызматка көп катыша албашы мүмкүн. Ошондон улам алардын көңүлү чөгүп жатсачы? Аксакалдар андай бир туугандарды Жахабанын аларды колунан келгенин баарын кылып жатканы үчүн жакшы көрөрүнө жылуу-жумшак ынандырса болот (Мр. 12:41—44).

20. Түшүнүктүү болуу деген Кудайга кызмат кылууда өзүбүздү аёо дегенди билдиреби? Түшүндүр.

20 Албетте, түшүнүктүү болуу деген Кудайга кызмат кылууда өзүбүздү аёо дегенди билдирбейт (Мт. 16:22). Биз колубуздан келип турса да, азыраак кызмат кылганыбызды акыл-эстүүлүк көрсөтүп жатам деп актагыбыз келбейт. Тескерисинче, баарыбыз Падышалыктын ишин илгерилетүүгө бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек (Лк. 13:24). Ооба, тең салмактуу болгонубуз маанилүү. Биз өзүбүздү аябай, бүт күчүбүз менен кызмат кылууга умтулабыз. Ошол эле учурда Жахабанын бизден эч качан колубуздан келбей турган нерсени талап кылбай турганын эсибизден чыгарбайбыз. Колубуздан келгендин баарын кылсак, анын жүрөгүн кубантабыз. Кызматчыларын жогору баалаган жана аларга түшүнүү менен мамиле кылган ушундай Кожоюнга кызмат кылганыбызга кандай гана бактылуубуз! Эмки макалада болсо Жахабанын баа жеткис сапаттарынын дагы экөөнү талкуулайбыз (Заб. 73:28).

«Жахабага баалуу нерселериң менен... урмат көрсөт» (Накыл 3:9) (11-абзацты кара)

«Эмне иш аткарсаңар да, аны... жан-дилден кылууга умтулгула» (Кол. 3:23) (17-абзацты кара)