Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын колунда жумшак чопо бол

Жахабанын колунда жумшак чопо бол

«Мени кеңешиң менен жетектейсиң, анан даңкка жеткиресиң» (ЗАБ. 73:24).

1, 2. а) Жахаба менен ынак мамиледе болуш үчүн эмне кылуу маанилүү? б) Байыркы убактагы билдирүүлөрдү карап чыкканыбыз эмнеси менен пайдалуу?

«МАГА болсо Кудайга жакындаган жакшы... Эгедер Теңир Жахабаны баш маана кылам» (Заб. 73:28). Забурчунун бул сөздөрүнөн анын Кудайга таянганы көрүнүп турат. Ага ушундай жыйынтыкка келүүгө эмне жардам берген? Ал башында ыймансыз адамдардын бейкапар жашап жатканын көрүп, аябай ыза болгон. Ошондон улам: «Жүрөгүмдү бекер эле тазалап, колумду айыпсыздык менен бекер эле жууп жүргөн экем да»,— деп туталанган (Заб. 73:2, 3, 13, 21). Бирок «Кудайдын улуу ыйык жайына киргенде» ал ой жүгүртүүсүн өзгөртүп, Кудай менен болгон мамилесин баалап калган (Заб. 73:16—18). Ошондо забурчу Кудай менен ынак мамиледе болуш үчүн анын эли менен бирге болуу, кеңешти кабыл алып, аны колдонуу маанилүү экенин түшүнгөн (Заб. 73:24).

2 Биз да чыныгы жана тирүү Кудай менен ынак мамиледе болгубуз келет. Ан үчүн анын бизди калыпташ үчүн берген кеп-кеңештерин, тартипке салуу чараларын кабыл алып, ага жаккан адам болууга аракет кылышыбыз зарыл. Байыркы учурда Кудай айрым кишилерге, элдерге ырайым кылып, оңолууга мүмкүнчүлүк берген. Ал кезде болгон окуялар «дүйнө түзүлүштөрүнүн аягы келген убакта жашап жаткан бизге эскертүү иретинде» жана «насаат катары» жазылган (1 Кор. 10:11; Рим. 15:4). Ал билдирүүлөрдү кылдат карап чыгуу менен Жахабанын кандай Кудай экенин жана анын кеп-кеңештеринен, тартипке салуу чараларынан кандай пайда аларыбызды билебиз.

 УЛУУ КАРАПАЧЫ БИЙЛИГИН КАНТИП КОЛДОНОТ?

3. Жахабанын ар бир адамдын жана элдердин үстүнөн бийлиги бар экени Ышая 64:8де жана Жеремия 18:1—6-аяттарда кандайча сүрөттөлгөн? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

3 Ышая пайгамбар Жахабанын ар бир адамдын жана элдердин үстүнөн бийлиги бар экенин сүрөттөп: «Оо, Жахаба, сен биздин Атабызсың. Биз чопобуз, сен болсо Карапачыбызсың. Баарыбыз сенин колуңан бүткөнбүз»,— деген (Ыш. 64:8). Карапачы чоподон кандай идиш жасагысы келсе, өз эрки. Чопо ага каршы боло албайт. Кудай менен адамдар жөнүндө да ушуну айтууга болот. Чопо карапачыга өзүнөн кандай идиш жасашы керектигин айта албагандай эле, адамдар да Кудайга акыл үйрөтө алышпайт. (Оку: Жеремия 18:1—6.)

4. Жахаба адамдарды же элдерди өзү каалагандай калыптай береби? Түшүндүр.

4 Жахабанын байыркы ысрайылдыктарга жасаган мамилесинен анын адамдарды карапачыдай болуп калыптай алары көрүнүп турат. Бирок анын кадимки карапачыдан чоң айырмасы бар. Карапачы чоподон өзү каалаган идишти жасай берет. Ал эми Жахабачы? Ал адамдарды же элдерди бирин жакшы, бирин жаман кылып, өзү каалагандай калыптай береби? Ыйык Китепте андай эмес экени айтылат. Жахаба адам баласына баа жеткис белек — чечим чыгаруу эркиндигин — берген. Ал чексиз бийлигин колдонууда адамдардын ошол эркиндигин эске алып, өзүнө баш ийүүгө мажбурлабайт. Адамдар Улуу Карапачынын калыпташына жол береби, жокпу, өздөрү чечиши керек. (Оку: Жеремия 18:7—10.)

5. Эгер кимдир бирөө, Жахаба аны калыптайын дегенде, моюн сунбай койсо, Жахаба эмне кылат?

5 Эгер кимдир бирөө, Улуу Карапачы аны калыптайын дегенде, баш ийбестик кылып, моюн сунбай койсо, ал бийлигин кантип колдонот? Мисалы, чоподон ойдогудай идиш жасалбай жатса, карапачы эмне кылат? Ал андан башка идиш жасашы же такыр эле ыргытып салышы мүмкүн. Негизи, чопонун жараксыз болуп калышына көбүнчө карапачы өзү күнөөлүү болот. Бирок биздин Карапачыбыз тууралуу минтип айтууга болбойт (Мыйз. 32:4). Эгер кимдир бирөө Жахабанын калыпташына моюн сунбай койсо, кеп анын өзүндө. Улуу Карапачы катары бийлигин колдонууда Жахаба адамдын канчалык ийге келип жатканына жараша иш кылат. Эгер тил алчаак болсок, ал бизди пайдалуу нерселерге колдонот. Мисалы, майлангандар «сыйга урунула турган», башкача айтканда, «кайрымдуулук көрсөтүлө турган идиштер» катары калыптанган. Ал эми тоң моюндук кылып, Кудайга баш ийбей койгондор «кыйратылууга даяр турган, каар төгүлө турган идиштер» катары калыптанат (Рим. 9:19—23).

6, 7. Дөөтү падыша жана Шабул падыша Жахабанын кеңешин кандай кабыл алышкан?

 6 Жахаба бизди кеп-кеңештери жана тартипке салуу чаралары аркылуу да калыптайт. Анын Ысрайылдын алгачкы падышалары Шабул менен Дөөтүгө жасаган мамилесинен өзүнүн бийлигин кантип колдонорун көрүүгө болот. Дөөтү падыша Батшеба менен ойноштук кылганда, анын күнөөсүнүн залакасы өзүнө да, башкаларга да тийген. Дөөтүнүн падыша болгонуна карабай, Жахаба ага карата тартипке салуу чарасын колдонгон. Ал аны ашкерелеш үчүн Натан пайгамбарды жөнөткөн (2 Шем. 12:1—12). Дөөтү падыша Кудайдын сөздөрүн кандай кабыл алган? Ал катуу кейип, чын жүрөктөн өкүнгөн. Ошондуктан Кудайдын ырайымына ээ болгон. (Оку: 2 Шемуел 12:13.)

 7 Андан айырмаланып, Шабул падыша кеңешти четке каккан. Жахаба ага Шемуел пайгамбар аркылуу так-айкын буйрук берген: ал Амалыктын тукумдарынын баарын жана алардын бүт малын кырып жок кылышы керек болчу. Бирок Шабул падыша Кудайдын ал буйругуна баш ийбей, Агак падышаны жана малдын мыктыларын өлтүрбөй койгон. Эмне үчүн? Мунун бир себеби, ал өзүнө даңк издеген (1 Шем. 15:1—3, 7—9, 12). Кеңеш  берилгенде, жүрөгүн жумшартып, ийге келгендин ордуна аны калыптай ала турган Улуу Карапачыны четке каккан. Ал малды курмандыкка чалуу үчүн алып калганын шылтоолоп, Жахабанын көрсөтмөсүнө баш ийбей койгону жөндүү болгонун айтып актанган. Ошондуктан Жахаба аны четке кагып, андан падышалыкты тартып алган. Шабул ошол бойдон Кудай менен болгон мамилесин кайрадан калыбына келтиргенге аракет кылган эмес. (Оку: 1 Шемуел 15:13—15, 20—23.)

Шабул падыша Улуу Карапачынын кеңешин баркка албай, аны четке каккан (7-абзацты кара)

Дөөтү падыша катуу кейип, кеңешти кабыл алган. Ал Улуу Карапачыга моюн сунган. Сенчи? (6-абзацты кара)

КУДАЙ БЕТ КАРАМА ЭМЕС

8. Ысрайыл элинин Улуу Карапачыга моюн сунбай койгонунан эмнени билүүгө болот?

8 Жахаба кайсы бир адамдарга эле эмес, бүтүндөй элдерге да анын кеңештерин кабыл алып, калыптанууга мүмкүнчүлүк берет. Б.з.ч. 1513-жылы Ысрайыл уулдары Мисир кулчулугунан бошонгондон кийин, Кудай алар менен келишим түзгөн. Ошондон тартып ысрайылдыктар Кудайдын өзгөчө эли, Улуу Карапачы өз колу менен калыптай турган эл, болуп калган. Тилекке каршы, ал эл Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылган, атүгүл тегерегиндеги элдердин жалган кудайларына сыйынган. Жахаба аларды акылына келтириш үчүн кайра-кайра пайгамбарларын жиберсе да, алар укпай коюшкан (Жер. 35:12—15). Тоң моюндугу үчүн Жахаба аларды жазалоону туура көргөн. «Кыйратылууга даяр турган... идиштердей» болуп, он уруудан турган түндүк падышалык Ашурга, ал эми эки уруудан турган түштүк падышалык Бабылга туткунга кеткен. Мындан бир маанилүү ойду баамдоого болот: Жахабага моюн сунганыбызда гана, ал бизди калыптайт.

9, 10. Нинебиликтер Жахабанын эскертүүсүнө кандай жооп кайтарышкан?

 9 Жахаба ашурлуктардын борбор калаасы Нинебинин тургундарына да эскертүүсүнө кулак кагууга мүмкүнчүлүк берген. Ал Жунус пайгамбарга: «Тур, улуу шаар Нинебиге барып, анын кыянаттыгы мага жеткенин жарыяла»,— деп буйруган. Жахаба Нинебини тургундарынын чектен чыккан кыянат иштери үчүн кыйратууну чечкен (Жун. 1:1, 2; 3:1—4).

10 Бирок Жунус пайгамбар Кудайдын өкүмүн жарыялаганда, «Нинебинин эли Кудайга ишене баштаган». «Алар орозо жарыялап, чоңунан кичинесине чейин таар жамынган». Ошондой эле падышасы да «тактысынан туруп, кийимин чечип», «таар жамынып, күлгө отурган». Ошентип, нинебиликтер Улуу Карапачыга моюн сунуп, өкүнүшкөн. Ошондуктан Жахаба аларга алаамат жиберген эмес (Жун. 3:5—10).

11. Жахабанын ысрайылдыктар менен нинебиликтерге жасаган мамилесинен анын кайсы сапатын көрүүгө болот?

11 Ысрайыл эли өзүнүн тандап алган эли болсо да, Кудай аларга тийиштүү жазасын берген. Ал эми нинебиликтер өзүнүн эли болбосо да, аларга ырайым кылган. Анткени алар ийге келген чоподой болуп, анын эскертүүсүнө кулак кагышкан. Жахаба Кудайыбыздын ушул эки элге жасаган мамилесинен анын «эч качан бет карамалык кылбай» турганы кандай гана айкын көрүнүп турат (Мыйз. 10:17).

ЖАХАБА ЗАРЫЛ УЧУРДА ЧЕЧИМИН ӨЗГӨРТҮҮГӨ ДАЯР

12, 13. а) Эмне үчүн Жахаба адамдын иш-аракетине жараша чечимин өзгөртөт деп айтууга болот? б) Жахабанын Шабулга жана нинебиликтерге кылган мамилесинен ал жөнүндө эмнени биле алабыз?

12 Ырас, Жахаба Улуу Карапачы катары бизди калыптоодо ийге келген-келбегенибизге жараша иш кылат. Бул анын кимдир бирөөгө карата кандайдыр бир чечим чыгарып, бирок анын иштерин көргөндө кайра оюн өзгөрткөнүнөн көрүнүп турат. Мисалы, Ыйык Жазмада Жахабанын Ысрайылдын биринчи падышасы Шабулду такка отургузганына кийин «кайгырганы» айтылат (1 Шем. 15:11). Ал эми нинебиликтер өкүнүп, жаман жолунан кайтышканда, «чыныгы Кудай аларга алаамат жиберем деген оюнан кайтып, алаамат жиберген эмес» (Жун. 3:10).

13 Жахаба Шабулду алгач падыша кылып дайындаса, кийин аны четке каккан. Бирок бул анын Шабулду тандаганда жаңылыштык кетиргенин билдирбейт. Кеп Шабулдун Кудайга бекем ишенбегендигинде, баш ийбестигинде болгон. Ал эми нинебиликтер чын жүрөктөн өкүнгөндө, Кудай оюн өзгөртүп, аларды жазалаган эмес. Улуу Карапачыбыз Жахабанын күнөө кетирген адамдын өкүнгөнүнө жараша оюн өзгөрткөн айкөл, ырайымдуу Кудай экенин билүү кандай гана жубатарлык!

ЖАХАБАНЫН ТАРТИПКЕ САЛУУ ЧАРАСЫН ЧЕТКЕ КАКПА

14. а) Жахаба бүгүнкү күндө бизди кантип калыптайт? б) Жахаба бизди калыптаганда, эмне кылышыбыз керек?

14 Жахаба бүгүнкү күндө бизди, негизинен, өзүнүн Сөзү жана уюму аркылуу калыптайт (2 Тим. 3:16, 17). Андыктан ал бизге Сөзү же уюму аркылуу кеңеш бергенде же тартипке салуу чарасын колдонгондо, аларды кубаныч менен кабыл алганыбыз маанилүү. Чөмүлгөнүбүзгө канча жыл болбосун, кандай гана сыймыктуу жоопкерчиликтерди аркалабайлы, Кудай бизди сыйга урунула турган идиш катары калыпташы үчүн, анын кеп-кеңештерине кулак кагышыбыз зарыл.

15, 16. а) Тартипке салуу чарасы колдонулуп, сыймыктуу жоопкерчиликтен айрылганда адамды кандай сезимдер чулгашы мүмкүн? Мисал келтир. б) Тартипке салуу чарасы көрүлгөндөн кийинки терс сезимдерди жеңүүгө эмне жардам берет?

15 Жахаба бизди калыпташ үчүн кээде кандайдыр бир көрсөтмөлөрдү берет же ой жүгүртүүбүздү оңдойт.  Айрым учурларда туура эмес иш кылганыбыз үчүн бизге карата тартипке салуу чарасы колдонулуп, кайсы бир сыймыктуу жоопкерчилигибизден айрылып калышыбыз мүмкүн. Мисалга мурун аксакал болуп кызмат кылган Денисти * алалы. Ал ишкердик маселеде акыл-эстүүлүк көрсөтпөй, туура эмес иш кылгандыктан, ага жекече эскертүү берилген. Жыйналышта аксакал болуп кызмат кылбай калганы кулактандырылганда, ал кандай сезимде болгон? Денис мындай деп ой бөлүшөт: «Өзүмдү эч нерсеге жарабаган немедей сезгем. 30 жылдын ичинде ар кандай сыймыктуу жоопкерчиликтерди аркалап келгем: үзгүлтүксүз пионер болгом, Бейтелде кызмат кылгам, кийин кызмат жардамчысы, андан соң аксакал болуп дайындалгам. Облустук жыйындан биринчи жолу баяндама менен чыкканыма да көп боло элек болчу. Анан эле бир заматта баарынан кол жууп калдым. Ошондо уялып, өзүмдү ыңгайсыз сездим, уюмда мага орун жоктой сезилди».

16 Денис туура эмес ишин таштап, өзгөргөн. Ага терс сезимдерин жеңүүгө эмне жардам берген? Ал мындай деп түшүндүрөт: «Мен рухий иштерди калтырбаганга аракет кылдым. Мага бир туугандардын жакшы мамилеси, адабияттардагы ойлор да жардам берди. 2009-жылдын 15-августундагы „Күзөт мунарасына“ чыккан „Сыймыктуу жоопкерчиликтерге кайрадан ээ боло аласыңбы?“ деген макала тиленүүлөрүмө жооп берүү үчүн атайын жазылган кат сыяктуу болду. Мага андагы: „Азырынча жыйналышта милдеттериң жок болсо, Жахаба менен болгон мамилеңди чыңдоого аракет кыла бер“,— деген кеңеш өзгөчө жакты». Денис тартипке салуу чарасынан кандай пайда алган? Ал бир нече жылдан кийин кайрадан Жахабанын батасына ээ болуп, кызмат жардамчысы болуп дайындалганын айткан.

17. Жыйналыштан чыгаруу чарасы кандайча күнөө кетирген адамга рухий жактан бутуна турууга жардам берет? Мисал келтир.

17 Жахабанын тартипке салуу чараларынын дагы бири — жыйналыштан чыгаруу. Бул чара жыйналышты терс таасирден коргойт жана күнөө кетирген адамга рухий жактан бутуна турууга түрткү берет (1 Кор. 5:6, 7, 11). Роберт жыйналыштан чыгарылып, 16 жылдай убакыттан кийин гана кайра жыйналышка кабыл алынган. Ошол убакыт бою анын ата-энеси менен бир туугандары Кудайдын Сөзүндөгү көрсөтмөгө тыгыз карманып, аны менен сүйлөшүшкөн эмес, атүгүл учурашышкан эмес. Учурда Роберттин жыйналышка кабыл алынганына бир нече жыл болуп калды. Ал азыр жакшы ийгиликтерди кылып жатат. Андан ошончо узак убакыттан кийин Жахабага жана анын элине кайрылып келүүгө эмне түрткү бергенин сурашканда, ал үй-бүлөсүнүн ыйык китептик көрсөтмөгө бекем карманганы түрткү болгонун айткан. «Эгер үйдөгүлөр мени менен кичине эле сүйлөшүп, ал-жайымды сурап коюшса, ошого эле ыраазы болуп, Кудайга кайрылып келбей жүрө бермек болушум керек»,— деген ал.

18. Улуу Карапачынын колунда кандай чопо болушубуз керек?

18 Бизге карата жогоруда айтылгандай тартипке салуу чаралары көрүлбөшү деле мүмкүн. Бирок ар бирибиз Улуу Карапачынын колунда канчалык жумшак чопо болуп жатканыбызды ойлонуп көрүшүбүз керек. Тартипке салуу чаралары көрүлсө, кандай жооп кайтарабыз? Дөөтү падышаны туурайбызбы же Шабул падышаныбы? Улуу Карапачы биздин Атабыз экенин жана «атасы жакшы көргөн уулун оңдоп-түзөгөндөй эле, Жахаба кимди жакшы көрсө, ошону оңдоп-түзөрүн» эч качан унутпайлы. Андыктан анын «акыл-насаатын четке какпайлы», «ашкерелегенин жек көрбөйлү» (Накыл 3:11, 12).

^ абз. 15 Ысымдар өзгөртүлдү.