Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Башталыш 6:2, 4тө айтылган жана Топон сууга чейин жашаган «чыныгы Кудайдын уулдары» кимдер болгон?

Далилдерден көрүнүп тургандай, ал сөздөр Кудайдын рухий уулдарына, периштелерге, карата айтылган. Муну эмне ырастап турат?

Башталыш 6:2де: «Чыныгы Кудайдын уулдары ал кыздарга, алардын сулуу экенине көңүл бура башташты. Анан тандагандарын аялдыкка алышты»,— делет.

Еврей Жазмаларында «чыныгы Кудайдын уулдары», «Кудайдын уулдары» деген сөз айкаштары Башталыш 6:2, 4тө, Аюп 1:6; Аюп 2:1; Аюп 38:7де, Забур 89:6да кездешет. Алардан «Кудайдын уулдары» жөнүндө эмнени билүүгө болот?

Аюп 1:6да айтылган «Кудайдын уулдары» анын алдына чогулган периштелер болгон. Алардын арасында «жер жүзүн кыдырып... чыккан» Шайтан да бар болчу (Аюп 1:7; 2:1, 2). Ошондой эле Аюп 38:4—7-аяттардан Кудай жердин «бурчка коюлуучу ташын» койгондо, «Кудайдын уулдарынын баары салтанаттуу үн салганын» окуйбуз. Бул сөздөр да периштелерге карата айтылган. Себеби адамдар ал кезде жаратыла элек болчу. Забур 89:6дагы «Кудайдын уулдары» деген сөздөр да асмандагы периштелерди билдирет.

Анда Башталыш 6:2, 4төгү «чыныгы Кудайдын уулдары» деген кимдер? Жогоруда айтылгандардын негизинде алар жерге түшүп келген периштелер болгон деп жыйынтык чыгарууга болот.

Айрымдар кантип эле периштелер жыныстык мамиледе болууну каалашсын дешет. Ырас, Иса Машаяктын Матай 22:30дагы сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, асманда нике, жыныстык катнаш деген жок. Бирок тарыхта периштелер адам кейпин кийип келген, атүгүл адам баласы менен чогуу ичип-жеген учурлар болгон (Башт. 18:1—8; 19:1—3). Демек, алар адам кейпин кийип, аялдар менен жыныстык катнашта боло алмак деп тыянак чыгарса болот.

Ыйык Китептеги далилдер айрым периштелердин так ошондой кылганына ишенүүгө негиз берет. Жүйүт 6, 7-аяттарда Содомдогу элдин табигый эмес дене кумарларына берилип кеткени «баштапкы абалын сактабай, өздөрү жашашы керек болгон жайды калтырып кеткен периштелердин» күнөөсүнө салыштырылган. Алардын окшоштугу: ошол периштелер да, содомдуктар да «адеп-ахлаксыздыкка ашкере берилип, табигый эмес дене кумарларынын артынан сая түшүшкөн». 1 Петир 3:19, 20да Кудайдын тилин албаган периштелер «Нухтун күндөрү» менен байланыштырылган (2 Пет. 2:4, 5). Ошондуктан Нух пайгамбардын күндөрүндөгү Кудайдын тилин албай койгон периштелердин ишин Содом менен Амор элинин күнөөсүнө салыштырууга болот.

Ушулардын негизинде Башталыш 6:2, 4тө кеп кылынган «чыныгы Кудайдын уулдары» адам кейпин кийип, аялдар менен жыныстык мамиледе болгон периштелер экенин түшүнөбүз.

 1 Петир 3:19да Иса Машаяктын «түрмөдөгү рухтарга кабар айтканы» айтылат. Ал эмнени билдирет?

Элчи Петир ал рухтарды «Нухтун күндөрүндө... Кудай чыдамдуулук менен күткөн убакта тил албай койгон рухтар» деп атаган (1 Пет. 3:20). Ал бул аятта Шайтанга кошулуп кеткен периштелер жөнүндө айткан. Шакирт Жүйүт да «баштапкы абалын сактабай, өздөрү жашашы керек болгон жайды калтырып кеткен периштелер» жөнүндө сөз кылып, Кудайдын аларды «түбөлүктүү чынжырлар менен байлап, улуу күндө соттош үчүн коюу караңгылыкта кармап турганын» жазган (Жүй. 6).

Нух пайгамбардын күндөрүндөгү периштелер кандайча тил албай коюшкан? Топон сууга чейин алар өз билгенин кылып, адам кейпин кийишкен. Бул Кудайдын эркине каршы келген (Башт. 6:2, 4). Ал эле эмес, алар аялдар менен жыныстык мамиледе болуп, табияттан тыш ишке барышкан. Кудай периштелерди андай максат менен жараткан эмес (Башт. 5:2). Өзү белгилеген убак келгенде, Кудай ал тил албас периштелерди жок кылат. Ага чейин алар «коюу караңгылыкта», каймана мааниде айтканда, түрмөдө жатышат.

Иса Машаяк качан жана кандайча «түрмөдөгү рухтарга» кабар айткан? Петир анын «рух катары тирилгенден» кийин кабар айтканын жазган (1 Пет. 3:18, 19). Белгилей кетчү нерсе, ал «кабар айткан» деп, өткөн чакта айткан. Мындан ал окуянын Петир биринчи катын жазганга чейин болгону көрүнүп турат. Калыбы, Иса Машаяк тирилгенинен бир нече убакыт өткөндөн кийин ыймансыз рухтарга адилеттүү түрдө жазаланууга тийиш экенин жарыялаган. Ал аларга үмүт бере турган кабарды эмес, Кудайдын сот өкүмүн жарыялаган (Жун. 1:1, 2). Иса Машаяктын акырына чейин Кудайга болгон ишенимин, берилгендигин сактаганы жана тирилгени Ибилистин анын үстүнөн бийлиги жок экенин далилдеген. Бул анын Кудайдын өкүмүн жарыялоого укуктуу экенин да көрсөткөн (Жкн. 14:30; 16:8—11).

Келечекте Иса Машаяк Шайтанды да, ошол периштелерди да байлап, түпсүз туңгуюкка ыргытат (Лк. 8:30, 31; Аян 20:1—3). Ага чейин Кудайдын тилин албаган ал периштелер рухий чылк караңгылыкта болушат. Кийин биротоло жок кылынышат (Аян 20:7—10).