Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңдеби?

Эсиңдеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көңүл коюп окудуңбу? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңбы?

Ыйык Китеп менен төлгө ачуу деген эмне жана буга кандай карашыбыз керек?

Ыйык Китеп менен төлгө ачуу деген аны туш келди ачып, биринчи эле көзгө урунган аятта жазылгандарды Кудайдын жетекчилиги деп кабыл алууну билдирет. Кудайдын кызматчылары белгилерди карап көзү ачыктык кылбайт. Алар так билимге ээ болуп, Кудайдан жетекчилик алыш үчүн Ыйык Китепти кылдат изилдешет (15.12. 3-б.).

Жок боло турган «дүйнө» эмнени билдирет?

Ал Кудайдын эркине ылайык жашабаган адамдарды билдирет (1 Жкн. 2:17). Жер жана ишенимдүү адамдар жок болбойт (1.1. 5—7-б.).

Кандай мааниде Абыл өлсө да, сүйлөп жатат? (Евр. 11:4)

Ал ишеними аркылуу сүйлөп жатат. Биз андан үлгү алып, аныкындай ишеним өрчүтө алабыз. Эгер, Абылга окшоп, Кудайга бекем ишенсек, анын үнүн так-даана уккандай эле болобуз (1.1. 12-б.).

Жашообуздун кайсы тармактарында Кудайдан алыстап кетүүдөн сак болушубуз керек?

Алардын айрымдары: жумуш жана мансап, эс алуу жана көңүл ачуу, жыйналыштан чыгарылган жакыныбыз менен мамилелешүү, заманбап техникаларды колдонуу, ден соолукка кам көрүү, акчага карата туура эмес көз карашта болуу, жеке көз карашыбызга же ээлеген абалыбызга өзгөчө маани берүү (15.1. 12—21-б.).

Муса пайгамбардын момундугунан эмнеге үйрөнө алабыз?

Ал бийликке ээ болгондо текеберденип, өзүнө таянбай, Кудайга таянган. Биз да бийлигибизден, жөндөмүбүздөн улам текеберденип кетпей, Жахабага таянгыбыз келет (Накыл 3:5, 6) (1.2. 5-б.).

Тирилгендер каякта жашашат?

144000 киши гана асманга тирилет. Ал эми өлгөндөрдүн көбү жердеги жашоого тирилип, түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат (1.3. 6-б.).

Ысрайылдыктар кандай мааниде «жүрөгүн сүнөттөгөн эмес»? (Жер. 9:26)

Алар тоң моюн болушкан жана жүрөгүн катууланткан нерселерден: Кудайдын эркине каршы келген ой жүгүртүүдөн, каалоолордон, ниеттерден арылышы керек болгон (Жер. 5:23, 24) (15.3. 9, 10-б.).

Иса пайгамбардын жашоосу кандайча маңыздуу болгон?

Кудайдын эркин аткаруу анын эң негизги максаты болгон. Ал Кудайды, адамдарды аябай жакшы көргөн. Ошондой эле Атасынын да аны жакшы көрөрүн, колдоорун билген. Мунун баары анын жашоосун маңыздуу кылган (1.4. 4, 5-б.).

Кудайдын уюмунун жердеги бөлүгүнө эмнелер кирет?

Жетектөөчү Кеңеш, филиал комитеттери, кыдыруучу көзөмөлчүлөр, аксакалдар кеңештери, жыйналыштар, жарчылар (15.4. 29-б.).

Кудай өкүмүн ишке ашырууда ырайымсыздык кылбайт деп эмне үчүн айта алабыз?

Жахаба ыймансыздарды жок кылуудан ырахат албайт (Жез. 33:11). Кудайдын байыркы заманда кылгандары анын адамдарды жазалаардан мурун мээримдүүлүк менен эскертерин көрсөтүп турат. Андыктан анын өкүмү ишке ашканда, аман калууга үмүттөнө алабыз (1.5. 5, 6-б.).

Ысрайылда кылмышкерди устунга кадап өлтүрүшчү беле?

Жок. Байыркы убакта айрым элдер ошондой кылчу, бирок ысрайылдыктар антчү эмес. Еврей Жазмалары жазылып жаткан убактарда кылмышкерлерди таш бараңга алып өлтүрүшчү (Леб. 20:2, 27). Анан сөөгүн, элге эскертүү болушу үчүн, устунга асып коюшчу (15.5. 13-б.).

Эмне үчүн дүйнөдө тынчтык орнобой жатат?

Адамдар чоң жетишкендиктерге жетип жатканы менен, өз кадамын багыттай албайт (Жер. 10:23). Бүт дүйнө «Шайтандын бийлиги астында» болгондуктан, алар тынчтыкты орното албайт (1 Жкн. 5:19) (1.6. 16-б.).