Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА: ДИНГЕ ИШЕНСЕ БОЛОБУ?

Эмне үчүн динди текшериш керек?

Эмне үчүн динди текшериш керек?

Өмүрүңөргө коркунуч туудурган оорудан улам силерге операция жасалганы жатат деп коёлу. Силер хирургга толугу менен ишенип, өмүрүңөрдү анын колуна тапшырасыңар. Андайда хирургдун канчалык тажрыйбалуу экенин текшергениңер акылдуулукка жатат, туурабы?

Ошол сыяктуу эле, динди да текшерип көргөнүңөр акылдуулукка жатат. Анткени, эгер кайсы бир динди тутсаңар, мындайча айтканда, өмүрүңөрдү ошол динге тапшырган болосуңар. Силердин өмүрүңөр ошол динден көз каранды болот.

Ыйык Китепте динди текшергенде эмнеге көңүл буруш керектиги жөнүндө: «Ар бир дарак жемишинен билинет»,— делет (Лука 6:44). Кайсы бир динди же диний агымды текшергенде кандай «жемишти» көрөсүңөр? Мисалы, ал диндин же агымдын мүчөлөрү акчага көп басым жасашабы? Согушка жана адеп-ахлактыкка байланыштуу Ыйык Китептеги принциптерге карманышабы? Силердин оюңарча, бардык эле диндерге ишенсе болобу? Биз силерди кийинки макалаларды карап чыгууга чакырабыз.

«Ар бир дарак жемишинен билинет» (Лука 6:44).