Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Айтчы бизге, бул качан болот?»

«Айтчы бизге, бул качан болот?»

«Сенин катышууңдун убагын жана бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын кайсы белгиден билүүгө болот?» (МТ. 24:3).

1. Иса пайгамбардын шакирттерине окшоп, биз да эмнени билүүгө ынтызарбыз?

ИСА ПАЙГАМБАРДЫН жердеги кызматы аяктап бараткан эле. Шакирттери келечекте аларды кандай окуялар күтүп турганын билүүгө абдан ынтызар болгондуктан устатынын өлөрүнө бир нече күн калганда: «Айтчы бизге, бул качан болот? Сенин катышууңдун убагын жана бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын кайсы белгиден билүүгө болот?» — деп сурашат (Мт. 24:3; Мр. 13:3). Суроосуна жооп кылып, ал аларга Матай китебинин 24 жана 25-бөлүмүндө жазылган пайгамбарлыктарды айтып берет. Ал пайгамбарлыктар өз ичине алдыда боло турган абдан маанилүү окуяларды камтыган. Келечектеги окуялар бизди да кызыктыргандыктан, анын айткандары биз үчүн да терең мааниге ээ.

2. а) Жахабанын кызматчылары эмнени тагыраак түшүнүүнү каалашкан? б) Кайсы үч суроого токтолобуз?

2 Жахабанын кызматчылары Жахабадан жардам сурап, Иса пайгамбардын акыркы күндөргө байланыштуу айткан пайгамбарлыктарын бир канча жыл бою кылдат изилдеп келишкен. Алар ал сөздөрдүн качан аткарыларын тагыраак билүүнү абдан каалашкан. Эмесе, биздин буга карата түшүнүгүбүздүн мурункудан кыйла тереңдегенине мисал катары «качан» деген сөздү камтыган: «„Улуу алаамат“ качан башталат?», «Иса Машаяк адамдарды кой-эчки кылып качан бөлөт?», «Иса Машаяк качан келет?» деген үч суроого кененирээк токтололу (Мт. 24:21; 25:31—33).

УЛУУ АЛААМАТ КАЧАН БАШТАЛАТ?

3. Улуу алааматтын качан башталары жөнүндө мурун кандай ойдо элек?

3 Бир учурда биз улуу алаамат 1914-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш тутанганда башталган, анан Жахаба Кудай ал күндөрдү «кыскарткандыктан», 1918-жылы согуш аяктап, майлангандардын калдыгына бардык элдерге жакшы кабарды таратууга мүмкүнчүлүк берилген деп ойлочубуз (Мт. 24:21, 22). Ошондой эле ошол жылдары жүргүзүлгөн кабар айтуу иши аяктаган соң, Шайтандын  дүйнөсү кыйратылат деп ишенчүбүз. Ал кездеги түшүнүк боюнча, улуу алаамат төмөнкүдөй үч баскычтан турган: башталышы (1914—1918), кыскартылышы (1918-жылдан тартып), Армагедон менен аякташы.

4. Акыркы күндөргө тиешелүү пайгамбарлыктарды тереңирээк изилдөөнүн аркасында эмне айкын болгон?

4 Бирок Иса пайгамбардын акыркы күндөргө байланышкан пайгамбарлыктарын тереңирээк изилдеген соң алардын айрым бөлүктөрүнүн келечекте эки жолу аткарылары айкын болгон (Мт. 24:4—22). Ал окуялар биринчи ирет б.з. 1-кылымында Жүйүт жеринде, ал эми экинчи ирет биздин күндөрдө бүткүл дүйнө жүзү боюнча аткарылмак. Ушуну түшүнгөнүбүз башка нерселерди да туура түшүнүүгө жол ачкан *.

5. а) 1914-жыл эмненин башталышы болгон? б) 1914-жылы башталган окуялар б.з. 1-кылымындагы кайсы жылдардагы окуяларга дал келген?

5 Мисалы, биз улуу алааматтын 1914-жылы башталбаганын түшүндүк. Анткени Ыйык Китепке ылайык, улуу алаамат элдер арасындагы согуш менен эмес, жалган диндин жоюлушу менен башталмак. Ал эми 1914-жылы башталган окуялар улуу алааматтын эмес, «азап-кайгынын башталышы» болгон (Мт. 24:8). Так эле ушундай «азап-кайгыны» Иерусалимде жана бүт Жүйүт жеринде жашагандар б.з. 33-жылынан 66-жылына чейин баштан өткөрүшкөн.

6. Улуу алаамат кандай окуя менен башталат?

6 Улуу алаамат кандай окуя менен башталат? Иса пайгамбар: «Даниел пайгамбар аркылуу айтылгандай, бүлүндүрүүчү жийиркеничтин ыйык жайда турганын көргөнүңөрдө (окуган киши баамдай билсин), Жүйүт жериндегилер тоого качсын»,— деп айткан (Мт. 24:15, 16). Бул сөздөр биринчи ирет б.з. 66-жылы Рим аскери («жийиркенич») Иерусалимди жана андагы ибадаткананы (жүйүттөрдүн ыйык деп эсептелген жайын) басып алмакчы болуп, «ыйык жайда турганда» аткарылган. Ал эми экинчи ирет Бириккен  Улуттар Уюму (бүгүнкү күндөгү «жийиркенич») христиан дүйнөсүнө (Исанын жолдоочулары атангандардын ыйыгына) жана Улуу Бабылдын калган бөлүгүнө каршы иш жүргүзө баштаганда аткарылат. Ал тууралуу Аян 17:16—18-аяттарда да айтылган. Улуу алаамат дал ушундай окуя менен башталат.

7. а) Исанын майланган жолдоочулары 1-кылымда кандайча куткарылган? б) Келечекте Кудайдын эмне кыларына шектенбесек болот?

7 Иса пайгамбар: «Ал күндөр кыскартылат»,— деп да айткан. Бул сөздөр биринчи жолу б.з. 66-жылы Рим аскери Иерусалимден кайра артка тартканда аткарылган. Ал күндөр ошентип «кыскартылганда», Иерусалимдеги жана бүт Жүйүт жериндеги Исанын майланган жолдоочулары аман калыш үчүн качып кетишкен. (Оку: Матай 24:22; Мал. 3:17). Ал эми биз күтүп жаткан улуу алаамат учурунда бул сөздөр кандайча аткарылат? Жалган диндер менен кошо чыныгы дин да жок болуп кетпеш үчүн, Жахаба Кудай Бириккен Улуттар Уюмунун жалган динге каршы иш жүргүзгөн убактысын «кыскартат». Ошонун аркасында Кудайдын эли куткарылат.

8. а) Улуу алааматтын биринчи баскычынан кийин кандай окуялар болот? б) 144 000дин акыркы мүчөлөрү асмандагы сыйлыгын, кыязы, кайсы учурда алат? (Шилтемени карагыла.)

 8 Улуу алааматтын биринчи баскычынан кийин кандай окуялар болот? Иса пайгамбардын айтканына ылайык, ошондон Армагедонго чейин бир нече окуя болуп өтүшү керек. Кандай окуялар болору Жезекиел 38:14—16-аяттарда жана Матай 24:29—31-аяттарда жазылган. (Аяттарды оку.) * Андан соң биз б.з. 70-жылы Иерусалим шаары дуушар болгондой кыйроого, улуу алааматтын туу чокусу болгон Армагедонго, күбө болобуз (Мал. 4:1). Армагедон согушу менен аяктай турган ал улуу алаамат «дүйнөнүн башталышынан бери болбогон жана кийин да болбой турган» өзгөчө окуя болот (Мт. 24:21). Андан кийин Иса Машаяктын миң жылга созулган башкаруусу башталат.

9. Улуу алаамат жөнүндөгү пайгамбарлык Жахабанын элине эмне үчүн күч-кайрат берет?

 9 Улуу алаамат жөнүндөгү бул пайгамбарлык бизге күч-кайрат берет. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Анткени бул пайгамбарлык, Жахабанын эли, алдыда кандай гана кыйынчылыкка кабылбасын, топ катары улуу алааматтан аман өтөрүнө ынандырууда (Аян 7:9, 14). Бирок эң негизгиси, биз Армагедондо Жахаба Кудайдын өзүнүн ааламдын Эгедери экенин далилдеп, ыйык ысмын даңазалай турганына кубанабыз (Заб. 83:18; Жез. 38:23).

ИСА МАШАЯК АДАМДАРДЫ КОЙ-ЭЧКИ КЫЛЫП КАЧАН БӨЛӨТ?

10. Иса Машаяк адамдарды качан кой-эчки кылып бөлүп, соттой баштаган деп ойлочубуз?

10 Эми Иса пайгамбардын акыркы күндөргө байланыштуу пайгамбарлыгынын башка бөлүгүнө — койлор менен эчкилер жөнүндөгү аңгемесине — токтололу (Мт. 25:31—46). Мурунку убактарда биз Иса Машаяк адамдарды 1914-жылдан тартып эле кой-эчки кылып бөлүп, соттой баштаган деп ойлочубуз. Ошондуктан жакшы кабарга кулак какпаган жана улуу алаамат башталганга чейин көзү өтүп кеткен адамдарды эчки катары санап, тирилүүгө эч кандай үмүтү жок деп эсептечүбүз.

11. Эмне үчүн Иса Машаяк адамдарды кой-эчки кылып 1914-жылы бөлө баштаган эмес деп айтууга болот?

11 1995-жылы «Күзөт мунарасына» Матай 25:31де жазылган: «Адам Уулу өзүнүн даңкы менен, бүт периштелери менен келип, даңктуу тактысына отурат»,— деген сөздөр жаңыча түшүндүрүлгөн макала чыккан. Ал макалада Иса Машаяктын 1914-жылы Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары бийлик жүргүзө баштаганы менен, «бүт элдерди» соттой турган Сот катары «даңктуу тактысына» отура электиги түшүндүрүлгөн (Мт. 25:32; салыштыр: Даниел 7:13). Ал эми «койлор» жана «эчкилер» жөнүндөгү аңгемесинде Иса Машаяк өзүн биринчи кезекте Сот катары сүрөттөгөн. (Оку: Матай 25:31—34, 41, 46.) Эгер Иса Машаяк 1914-жылы бүт элдерди соттой турган Сот катары иш жүргүзө баштабаса, демек, аларды кой-эчки кылып да бөлө баштаган эмес деген тыянак чыгарууга болот *. Анда сот иши качан башталат?

12. а) Иса Машаяк Сот катары биринчи жолу бүт элдерди качан соттой баштайт? б) Матай 24:30, 31де жана Матай 25:31—33, 46-аяттарда кайсы окуялар сүрөттөлөт? (Шилтемени карагыла.)

 12 Иса пайгамбардын айткандарынан анын Сот катары биринчи жолу бүт элдерди жалган дин жок кылынгандан кийин соттой баштаарын билүүгө болот. Ошол учурда боло турган окуялардын айрымдары,  8-абзацта айтылгандай, Матай 24:30, 31де жазылган. Бул аяттарды окуп жатып анда айтылгандардын койлор менен эчкилер жөнүндөгү аңгемеде айтылгандарга окшош экенин байкайсыңар. Мисалы, эки бөлүмдө тең адам Уулунун өзүнүн даңкы менен, бүт периштелери менен келери, анын алдына бардык уруулар менен элдердин чогултулары, кой мүнөздүү адамдардын түбөлүк өмүр аларын билип, баштарын көтөрөрү *, эчки мүнөздүү адамдардын «түбөлүккө жок кылынарын» билип, «төшүн ургулап боздошору» айтылган (Мт. 25:31—33, 46).

13. а) Иса Машаяк бардык адамдарды кой-эчки кылып качан бөлөт? б) Муну түшүнгөнүбүз кызматыбызга кандай таасир этиши керек?

13 Жогоруда айтылгандардын негизинде Иса Машаяк бүт элдерди кой-эчки кылып улуу алааматтын учурунда бөлө баштайт деп жыйынтык чыгарсак болот. Эчки мүнөздүү адамдар, улуу алаамат жетер чегине жетип, Армагедон башталганда, түбөлүккө жок кылынышат. Ушуну билгенибиз кызматыбызга таасир этиши керекпи? Ооба, бул бизге ушу тапта жүргүзүлүп жаткан кабар айтуу ишинин абдан маанилүү экенин түшүнүүгө жардам берет. Анткени улуу алаамат башталгыча, башкалардын өз көз карашын өзгөртүп, «өмүргө алып бара» турган тар жолго түшкөнгө мүмкүнчүлүгү бар (Мт. 7:13, 14). Кээде  бизге адамдардын кой же эчки мүнөздүү экени азыр деле байкалып тургандай сезилиши мүмкүн. Бирок кимдин ким экени улуу алааматтын учурунда гана айкын болорун эсибизден чыгарбайлы. Ошондуктан, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабарды угуп, кабыл алууга мүмкүнчүлүгү болушу үчүн, аны колдон келишинче көбүрөөк кишиге жеткирүүгө аракет кылышыбыз керек.

Улуу алаамат башталгыча, ар бир адамда көз карашын өзгөрткөнгө мүмкүнчүлүгү бар (13-абзацты карагыла.)

ИСА МАШАЯК КАЧАН КЕЛЕТ?

14, 15. Иса Машаяктын келечекте Сот катары келери жөнүндө кайсы төрт аятта жазылган?

 14 Иса Машаяктын пайгамбарлыгын кылдат изилдегенибиз дагы башка маанилүү бир окуянын качан болоруна байланышкан мурунку көз карашыбызга таасирин тийгизет. Эмесе, ошого токтололу.

15 Пайгамбарлыктын Матай 24:29—25:46-аяттарда жазылган бөлүгүндө, негизинен, биздин күндөрдө жана келечектеги улуу алаамат учурунда кандай окуялар болору айтылган. Бул аяттарда Иса пайгамбар өзүнүн «келери» жөнүндө сегиз жолу айткан. Улуу алааматка байланыштуу ал: «Алар адам Уулунун асмандагы булуттардын үстүндө... келатканын көрүшөт», «Мырзаңардын кайсы күнү келерин билбейсиңер», «Себеби адам Уулу силер күтпөгөн саатта келет»,— деп айткан. Ал эми койлор жана эчкилер жөнүндөгү аңгемесинде: «Адам Уулу өзүнүн даңкы менен... келет»,— деп айткан (Мт. 24:30, 42, 44; 25:31). Ушул төрт аят тең Иса Машаяктын келечекте Сот катары келе турган убагына тиешелүү. Анын «келиши» жөнүндө дагы кайсы төрт аятта айтылган?

16. Иса Машаяктын келиши тууралуу дагы кайсы аяттарда айтылган?

16 Ишенимдүү жана акылдуу кул тууралуу айтканда Иса пайгамбар: «Кожоюну кайтып келип, анын тапшырылган ишти аткарып жатканын көрсө, ал кул бактылуу!» — деген. Ал эми кыздар жөнүндөгү аңгемесинде: «Алар май сатып алганы кеткенде, жигит келип калат»,— деген. Таланттар жөнүндөгү аңгемесинде болсо: «Бир топ убакыт өткөндөн кийин, кожоюну келет»,— деп айткан. Ушул эле аңгемеде кожоюну кулуна: «Кайтып келгенимде кирешеси менен албайт белем»,— деп айткан (Мт. 24:46; 25:10, 19, 27). Бул аяттардагы сөздөр кайсы учурга тиешелүү?

17. Буга чейин биз Матай 24:46дагы сөздөрдү кайсы учурга тиешелүү деп ойлоп келгенбиз?

 17 Мурун биздин адабияттарда жогоруда айтылган акыркы төрт аят Иса Машаяктын 1918-жылы келгенине тиешелүү деп түшүндүрүлгөн болчу. Мисалга Иса пайгамбардын «ишенимдүү жана акылдуу кул» тууралуу айткандарын алалы. (Оку: Матай 24:45—47.) Буга чейин биз 46-аяттагы сөздөр Иса Машаяктын 1918-жылы майлангандардын рухий абалын текшериш үчүн келген убактысына карата айтылган, ошондой эле кожоюну кулду өзүнүн бүт мүлкүнө кам көрүүгө 1919-жылы дайындаган деп ойлоп келгенбиз (Мал. 3:1). Бирок Иса пайгамбардын сөздөрүн тереңирээк изилдеген соң пайгамбарлыкта айтылган айрым окуялардын качан аткарыларына байланыштуу оюбузду өзгөртүшүбүз керектигин түшүндүк. Эмненин негизинде?

18. Иса Машаяктын пайгамбарлыгын толугу менен изилдөөнүн негизинде анын келиши жөнүндө кандай тыянак чыгарууга болот?

18 Жогоруда түшүндүрүлгөндөй, биз Матай 24:46га чейинки аяттардагы «келүү» деген сөздөрдүн баары Иса Машаяктын улуу алаамат учурунда сот өкүмүн чыгарып, аны ишке ашырыш үчүн келген убактысына тиешелүү экенин билдик (Мт. 24:30, 42, 44). Андан тышкары,  12-абзацтан Иса Машаяктын келиши тууралуу Матай 25:31де айтылгандардын да келечектеги сот убактысына тиешелүү экени айкын болду. Ошол себептен Иса Машаяктын ишенимдүү кулду, Матай 24:46, 47де айтылгандай, өзүнүн бүт мүлкүнө кам көрүүгө дайындай турган убагы да келечекке, тактап айтканда, улуу алааматтын учуруна тиешелүү деген тыянакка келгенибиз негиздүү. Чынында эле, Иса Машаяктын пайгамбарлыгын толугу менен изилдөө анын келиши жөнүндө жазылган сегиз аяттын баарынын келечекте, улуу алаамат учурунда, аткарыларын түшүнүүгө жардам берди.

19. Эмнелерди жаңыча түшүндүк жана кийинки макалаларда кандай суроолор талкууланат?

19 Корутундулай турган болсок, биз бул макаладан «качан» деген сөз камтылган үч суроого жооп алдык. Адегенде улуу алааматтын 1914-жылы эмес, Бириккен Улуттар Уюму Улуу Бабылга кол салганда башталарына ынандык. Андан соң Иса Машаяктын бүт элдерди кой-эчки кылып 1914-жылдан тартып эмес, улуу алаамат учурунда бөлө турганын билдик. Акырында Иса Машаяктын ишенимдүү кулду өзүнүн бүт мүлкүнө кам көрүүгө дайындаш үчүн 1919-жылы эмес, улуу алаамат учурунда келе турганын түшүндүк. Ошентип, үч суроонун тең жообу келечектеги бир эле убакыт аралыгына, улуу алааматка, барып такалары аныкталды. Ушул нерселерди жаңыча түшүнгөнүбүз ишенимдүү кул жөнүндөгү түшүнүгүбүзгө таасир этеби? Мунун Иса пайгамбардын акыркы күндөргө байланыштуу айткан жана азыр аткарылып жаткан башка аңгемелерине, башкача айтканда, мисалдарына тиешеси барбы? Ушул маанилүү суроолордун жообу кийинки макалаларда каралат.

 

^ абз. 4 4-абзац: Көбүрөөк маалымат алыш үчүн төмөнкүлөрдү карагыла: «Күзөт мунарасы», 1994-жыл, 15-февраль, 8—21-беттер (ор.); 1999-жыл, 1-май, 15—27-беттер.

^ абз. 8 8-абзац: Бул аяттарда айтылган окуялардын бири — тандалгандардын чогултулушу (Мт. 24:31). Демек, улуу алааматтын биринчи баскычынан кийин жерде жашап жаткан майлангандардын баары Армагедон согушу башталганга чейинки убакыт аралыгында асманга кетишет деп жыйынтык чыгарсак болот. Мындай жыйынтык «Күзөт мунарасы» (ор.) журналынын 1990-жылдын 15-августундагы санынын 30-бетиндеги «Окурмандардын суроолоруна» негизделген түшүнүгүбүздү тууралаганга негиз болуп эсептелет.

^ абз. 11 11-абзац: Карагыла: «Күзөт мунарасы», 1995-жыл, 15-октябрь, 18—28-беттер (ор.).

^ абз. 12 12-абзац: Лука 21:28ди окугула.