Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Силер ыйыкталгансыңар

Силер ыйыкталгансыңар

«Жуулдуңар, ыйыкталдыңар» (1 КОР. 6:11).

1. Некемия пайгамбар Иерусалимге кайтып келгенде кандай кейиштүү окуяларга күбө болгон? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

ИЕРУСАЛИМДИН тургундары аң-таң болууда. Себеби ибадаткананын короосундагы ашканалардын биринде чыныгы сыйынууга каршы чыккан бөтөн жерлик бир киши жашап алган. Лебилер кызматын таштап, ар кими өз иши менен кетип калган. Аттуу-баштуу кишилер болсо Кудайга сыйынууда элди жетектегендин ордуна, ишемби күнү соода-сатык иштерин жүргүзүүдө. Көптөгөн жүйүттөр бөтөн жерликтерден аял алып алышкан. Некемия пайгамбар б.з.ч. 443-жылдан бир нече убакыт өткөндөн кийин Иерусалимге кайра кайтып келгенде ушул жана башка кейиштүү окуяларга күбө болгон (Нек. 13:6).

2. Ысрайылдыктар кандай мааниде ыйыкталган болчу?

2 Ысрайылдыктар Кудайга арналган эл болчу. Б.з.ч. 1513-жылы алар: «Жахаба айткандардын баарын аткарабыз» — деп, Кудайдын эркин аткарууга ынтызар экенин көрсөтүшкөн (Чыг. 24:3). Ошондуктан Жахаба аларды ыйыктаган, башкача айтканда, өзүнүн эли кылып тандап алган. Бул кандай гана чоң сыймык болгон! Кырк жыл өткөндөн кийин Муса пайгамбар ошол тууралуу алардын эсине салып: «Сен Жахаба Кудайыңдын ыйык элисиң. Жахаба Кудайың сени жер бетинде жашаган башка элдердин арасынан өзүнүн өзгөчө эли кылыш үчүн тандап алган»,— деп айткан (Мыйз. 7:6).

3. Некемия Иерусалимге экинчи жолу келгенде, ысрайылдыктардын рухий абалы кандай эле?

3 Тилекке каршы, көп өтпөй эле ысрайылдыктар ыйык эл экенин унутуп, чоң сыймыкты баалабай калышкан. Алардын арасында Кудайга кызмат кылган кишилер дайыма болуп келгени менен, ысрайыл эли жалпы жонунан Кудайдын эркин аткарууга караганда Кудайга берилгендей же ыйык болуп көрүнүп коюуга көбүрөөк маани бере башташкан. Некемия Иерусалимге экинчи жолу келгенде, ишенимдүү ысрайылдыктардын таза сыйынууну калыбына келтирүү үчүн Бабылдан кайтып келгенине жүз жылдай болуп калган. Бирок ал кезде алардын Кудайдын иштерин аткарууга болгон ынтасы сууп калган болчу.

4. Ыйык бойдон калууга жардам берген кайсы төрт ойду талкуулайбыз?

 4 Байыркы ысрайылдыктардай эле бүгүнкү күндө Жахабанын Күбөлөрү жалпы жонунан Кудайдын ыйык эли болуп эсептелет. Майлангандар да, «эбегейсиз көп адамдар» да ыйык, башкача айтканда, ыйык кызмат кылууга бөлүнгөн (Аян 7:9, 14, 15; 1 Кор. 6:11). Эч кимибиз ысрайылдыктардай болуп, Кудайдын алдында ыйык болбой калгыбыз келбейт. Бизге мындан ары да ыйык бойдон калууга жана Жахабага жемиштүү кызмат кылууга эмне жардам берет? Бул макалада Некемия китебинин 13-бөлүмүндө баса белгиленген төмөнкү төрт ойду талкуулайбыз: 1) жаман чөйрөдөн оолак болуу; 2) теократиялык иш-чараларды колдоо; 3) Кудайдыкын биринчи орунга коюу; 4) Жахабанын кызматчысы экенибизди унутпоо. Келгиле, бул ойлордун ар бирин карап чыгалы.

ЖАМАН ЧӨЙРӨДӨН ООЛАК БОЛГУЛА

Некемиянын Жахабага болгон берилгендиги эмнеден көрүнгөн? (5, 6-абзацтарды карагыла)

5, 6. Элиашип менен Тобия ким болгон жана Элиашип эмне үчүн Тобиянын таасирине алдырып койгон?

5 Оку: Некемия 13:4—9. Биз терс таасир эте турган адамдардын арасында жашайбыз, андыктан ыйык бойдон калуу оңой эмес. Некемия пайгамбардын убагында жашаган Элиашип менен Тобияны мисалга алалы. Элиашип башкы дин кызматчы болгон. Ал эми Амон уулдарынан болгон Тобия, сыягы, Персиянын карамагындагы Жүйүт аймагында анча-мынча бийликке ээ болчу. Тобия менен анын таламдаштары Некемияга Иерусалимдин дубалын курууга тоскоолдук кылышкан (Нек. 2:10). Негизи, Амон уулдарынын атүгүл ибадаткананын короосуна кирүүгө да укугу жок эле (Мыйз. 23:3). Анда башкы дин кызматчы Элиашип эмне үчүн Тобияга ибадаткананын ашканасынан орун берип койгон?

6 Ал экөө бири-бири менен абдан жакын мамиледе болушкан. Тобия да, анын уулу Жахонан да ысрайылдыктардан аял алган эле. Ысрайылдыктар Тобияны көп макташа турган (Нек. 6:17—19). Анын үстүнө, Элиашиптин неберелеринин бири Самариянын башкаруучусу жана Тобиянын жакын санаалашы болгон Санбалаттын кызын алган болчу (Нек. 13:28). Башкы дин кызматчы Элиашип ушундай тыгыз мамилелешүүдөн улам Жахаба Кудайга ишенбеген, чыныгы сыйынууга каршы болгон кишинин таасирине алдырып койгон көрүнөт. Ал эми Некемия Тобиянын ашканадагы буюмдарынын баарын сыртка ыргытып, Жахабага берилгендигин көрсөткөн.

7. Аксакалдар жана башка бир туугандар канткенде өздөрүн Жахабанын алдында таза сактай алышат?

7 Биз Кудайга арналган эл болгондуктан биринчи кезекте ага берилгендик көрсөтүшүбүз керек. Эгер анын адил нормаларына ылайык жашабасак, ыйык бойдон кала албайбыз. Андыктан үйдөгүлөрүбүз, туугандарыбыз менен болгон мамилебизди Ыйык Китептеги принциптерден артык көрбөшүбүз керек. Аксакалдар да бул жагынан өздөрүнүн жеке көз карашына же сезимдерине таянбай, Жахабанын ой жүгүртүүсүн чагылдырышат (1 Тим. 5:21). Алар Кудайдын алдында жакшы атын булгап алуудан сак болушу керек (1 Тим. 2:8).

8. Жахабанын ар бир кызматчысы эмнени эсинен чыгарбашы керек?

8 «Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузарын» эсибизден чыгарбаганыбыз абзел (1 Кор. 15:33). Айрым туугандарыбыз бизге анча жакшы таасир этпеши мүмкүн. Элиашип деле бир кездерде Иерусалимдин дубалын курууда Некемияга жан-дили менен колдоо көрсөтүп, башкаларга сонун үлгү болгон (Нек. 3:1). Бирок кийинчерээк Тобиянын жана башкалардын терс таасиринен улам туура эмес иштерди кылып, Жахабанын алдында өзүн булгап алган. Эгер чөйрөбүз жакшы болсо, алар бизди жакшы иштерге, айталы, Ыйык Китепти окууга, жыйналыш жолугушууларына катышууга жана кабар айтууга үндөйт. Андыктан бизге жакшы таасир эткен жакындарыбызга кандай гана ыраазы болсок болот.

ТЕОКРАТИЯЛЫК ИШ-ЧАРАЛАРДЫ КОЛДОГУЛА

9. Ибадатканадагы иштер эмнеден улам аткарылбай калган жана бул үчүн Некемия кимдерди ашкерелеген?

9 Оку: Некемия 13:10—13. Некемия  Иерусалимге кайтып келген убакта, дээрлик эч ким деле ибадатканага тартуу бербей калган. Ошондуктан лебилер кызматын таштап, ар бири өз талаасын иштеткени кетип калган болчу. Бул үчүн Некемия башчыларды ашкерелеген. Кыязы, алар өздөрүнүн милдетин аткарбай калышса керек. Балким, алар элден ондуктарды чогултпай калышкан же чогулган ондуктарды ибадатканага өткөрүп бербей калышкан (Нек. 12:44). Ошондуктан Некемия ондуктардын тийиштүү түрдө чогултулушуна чара көргөн. Анан ибадатканадагы кампаларга жана тартууларга көзөмөл жүргүзүүгө ишенимдүү кишилерди дайындаган.

10, 11. Чыныгы сыйынууну колдоо жагынан Кудайдын элинде кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

10 Бул билдирүүдөн эмнеге үйрөнсөк болот? Мындан көрүнүп тургандай, «Жахабага баалуу нерселерибиз» менен урмат көрсөтүшүбүз керектигин унутпаганыбыз маанилүү (Накыл 3:9). Жахабанын иши үчүн тартуу кылганыбызда өзүнүкүн эле кайра өзүнө берген болобуз (1 Жылн. 29:14—16). Балким, бергенге эч нерсем деле жок деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок каалообуз болсо, ар бирибиз Кудайга бир нерсе бере алабыз (2 Кор. 8:12).

11 Муну көп балалуу бир үй-бүлөнүн үлгүсү бышыктап турат. Бир канча жыл бою ал үй-бүлө атайын пионер болуп кызмат кылган жашы өр тартып калган жубайларды жума сайын тамакка чакырып турган. Ал үй-бүлөдө сегиз бала болсо да, балдардын апасы: «Он киши менен он эки кишинин айырмасы канча?» — деп айтып калчу. Жума сайын тамакка чакырып туруу кичинекей эле нерседей сезилиши мүмкүн, бирок атайын пионерлер ошол үй-бүлөгө абдан ыраазы болушкан. Ошол эле учурда ал үй-бүлө да меймандостугу үчүн көп бата алган. Атайын пионерлердин жылуу сөздөрү, айтып берген окуялары балдарга ушунчалык таасир эткендиктен, алардын баары ийгилик жасап, кийинчерээк толук убакыттагы кызматты башташкан.

12. Жыйналыштагы дайындалган бир туугандар кандай үлгү көрсөтүшөт?

12 Некемия пайгамбар жөнүндөгү билдирүүдөн дайындалган бир туугандар теократиялык иш-чараларды колдоодо жетекчиликти колго алышы керектиги да көрүнүп турат. Жыйналыштагылар болсо алардан үлгү алууга умтулушат. Аксакалдар чыныгы сыйынууну колдоодо элчи Пабылды да туурашат. Элчи Пабыл бир туугандарына пайдалуу көрсөтмөлөрдү, алсак, тартуу кылууга байланыштуу иш жүзүндө колдонорлук кеңештерди берген (1 Кор. 16:1—3; 2 Кор. 9:5—7).

КУДАЙДЫКЫН БИРИНЧИ ОРУНГА КОЙГУЛА

13. Айрым жүйүттөр кандайча ишемби күндү ыйык тутпай калышкан?

13 Оку: Некемия 13:15—21. Эгер материалдык нерселер жүрөгүбүздү ээлеп  алса, Кудай менен болгон мамилебизден кол жууп калышыбыз мүмкүн. Чыгуу 31:13кө ылайык, жума сайын ишембиге байланышкан мыйзамды сактоо ысрайылдыктарга ыйык эл экенин эстетип турган. Ишемби күн үй-бүлө менен сыйынууга, тиленүүгө, Кудайдын Мыйзамы тууралуу ой жүгүртүүгө арналган болчу. Бирок Некемиянын айрым замандаштары ишембини кадимки күндөй эле көрүп, соода-сатык иштерин жүргүзө беришкен, ал эми Кудайга сыйынуу көмүскөдө калган. Ошондуктан Некемия алтынчы күнү кечинде, ишемби күндүн алдында, бөтөн жерлик соодагерлерди шаардан кууп чыгып, шаардын дарбазаларын жаап койчу.

14, 15. а) Эгер акча табууга өтө чоң маани бере берсек, кесепети кандай болушу мүмкүн? б) Канткенде «Кудайдын бейпилдигине кире» алабыз?

14 Некемия пайгамбардан эмнеге үйрөнө алабыз? Мисалы, акча табууга өтө чоң маани бербөөгө үйрөнө алабыз. Эгерде оюбуздун баары эле акча табуу болсо жана айрыкча, жумушубуз да өзүбүзгө жакса, алаксып, Кудайга толук кандуу кызмат кыла албай калабыз. Иса пайгамбар айткандай, эч качан бир учурда эки мырзага кул боло албайбыз. (Оку: Матай 6:24.) Некемия Иерусалимде жүргөндө акча-каражатын жана убактысын кандай колдонгон? (Нек. 5:14—18). Ал тирликтер же дагы башка элдер менен ишкердик мамилелерди түзбөстөн, бир туугандарына жардам берүүгө жана Жахабанын ысмын ыйыктай турган иштерди жасоого умтулган. Бүгүнкү күндө да аксакалдар менен кызмат жардамчылары жыйналыштын жыргалчылыгы үчүн көп иштерди кылышат. Бир туугандар аларды абдан баалап, жакшы көрүшөт. Натыйжада жыйналышта сүйүү, тынчтык өкүм сүрүп, баары өздөрүн коопсуз сезишет (Жез. 34:25, 28).

15 Албетте, биз ишемби күнгө байланыштуу мыйзамга карманбайбыз, бирок, элчи Пабыл айткандай, «Кудайдын эли үчүн ишембидегидей бейпилдик дагы эле уланууда». Пабыл: «Кудай өз иштерин бүтүрүп, эс алып жаткандай эле, Кудайдын бейпилдигине кирген адам да өз иштеринен эс алат»,— деп айткан (Евр. 4:9, 10). Эгер Жахабанын ой-ниетине ылайык иш кылсак, анын «бейпилдигине кире» алабыз. Андыктан үй-бүлө менен Ыйык Китепти изилдөө, жыйналыш жолугушууларына жана кабар айтуу кызматына катышуу жашообузда алдыңкы орунда турушу абзел. Чогуу иштешкендерибиз же жетекчибиз андай иштерибизди баалабашы мүмкүн. Андайда чечкиндүү болуп, алардын таасирине алдырбаганыбыз жакшы. Кудайдыкын биринчи орунга коюш үчүн каймана мааниде «тирликтерди кубалап, шаардын дарбазаларын жаап алышыбыз» керек. Биз ыйык элдин мүчөсү болгондуктан: «Жашоомдон Жахабага кызмат кылууга бөлүнгөнүм көрүнүп турабы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз маанилүү (Мт. 6:33).

ЖАХАБАНЫН КЫЗМАТЧЫСЫ ЭКЕНИҢЕРДИ УНУТПАГЫЛА

16. Некемиянын күндөрүндө ысрайылдыктар кандайча Жахабанын ыйык эли экенин унутуп баратышкан?

16 Оку: Некемия 13:23—27. Некемия пайгамбардын күндөрүндө көптөгөн ысрайылдыктар бөтөн жерликтерден аял алышкан. Ал Иерусалимге биринчи жолу келгенде, аксакалдар эч кимдин бөтөн жерликтерге үйлөнбөй турганын убада кылып, аны менен жазуу түрүндө келишим түзүшкөн (Нек. 9:38; 10:30). Анткен менен бир канча жыл өткөндөн кийин Некемия ысрайылдыктардын бөтөн жерликтерден аял алганын, ал эле эмес, Жахабанын ыйык эли экенин да унутуп баратышканын көргөн. Алардын бөтөн жерлик аялдардан төрөлгөн балдары еврейче сүйлөгөндү да, окуганды да билишкен эмес. Анан алар чоңойгондо өздөрүн ысрайылдык деп эсептейт беле? Же биз азоттуктарбыз, мааптыктарбыз, Амон уулдарынанбыз деп турушат беле? Еврей тилин билишпесе, алар Кудайдын Мыйзамын кантип түшүнүшөт эле? Энелери сыйынган жалган кудайларды четке кагып, Жахабаны таанып-билип, ага кызмат кылууну тандашат беле? Чынында эле, Некемия тезинен чечкиндүү иш-аракет кылышы керек болчу. Ал так ошондой кылган (Нек. 13:28).

Балдарыңарга Жахаба менен ынак мамиле өрчүткөнгө жардам бергиле (17, 18-абзацтарды карагыла)

17. Ата-энелер балдарына Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүүгө кантип жардам бере алышат?

 17 Биз да балдарыбызга Жахабанын кызматчыларына мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ болууга жардам беришибиз керек. Ата-энелер: «Балдарым чындыктын „таза тилинде“ канчалык жакшы сүйлөп жатышат? (Сеп. 3:9). Алардын сүйлөгөн сөзүнөн Кудайдын рухуна жетектелип жатышканы көрүнүп турабы же алардын сөздөрү дүйнөнүн рухун чагылдырабы?» — деп ойлонуп көргүлө. Эгер алардын иштечү жактары бар экенин байкасаңар, көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Жаңы тилди үйрөнүүгө убакыт керек. Айрыкча, алаксыткан нерселер көп болсо, тилди тез үйрөнүп кетиш кыйын. Балдарыңар учурда аябагандай көп сыноолорго кабылууда. Андыктан чыдамдуу болуп, үй-бүлө менен сыйынуу кечинде жана башка ыңгайлуу учурларда аларга Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүүгө жардам бергиле (Мыйз. 6:6—9). Шайтандын дүйнөсүндө башкалардан айырмаланып туруунун кандай пайдалары бар экенин баса белгилегиле (Жкн. 17:15—17). Алардын жүрөгүн козгоого умтулгула.

18. Эмне үчүн балдарды Жахабага арналууга ата-энесинен артык эч ким даярдай албайт?

18 Акыр-аягы, Кудайга кызмат кылар-кылбасын ар бир бала өзү чечет. Ошентсе да ата-энелер көп нерсе кыла алышат. Мисалы, алар балдарына жакшы үлгү көрсөтүп, кайсы бир маселелерге байланыштуу айкын чектерди коюп, чыгарган чечимдеринин натыйжасы жөнүндө сүйлөшүп, балдарына жардам бере алышат. Ата-энелер, балдарыңарды Жахабага арналууга силерден артык эч ким даярдай албайт. Алар Жахабанын кызматчыларына мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ болуп, акырына чейин бекем бойдон калыш үчүн силердин жардамыңарга муктаж. Бирок балдар эле эмес, баарыбыз бизди Жахабанын эли катары айырмалап турган сапаттар менен нормаларды — каймана маанидеги «сырт кийимибизди» — сакташыбыз керек (Аян 3:4, 5; 16:15).

КУДАЙ БИЗДИ «ЭСТЕП», ЖАКШЫЛЫК КЫЛАТ

19, 20. Жахаба бизди «эстеп», жакшылык кылышы үчүн, эмне кылышыбыз керек?

19 Некемия пайгамбардын замандаштарынын бири Малаки пайгамбар болгон. Ал: «Жахабанын алдында андан корккондор жөнүндө, анын ысмы тууралуу ой жүгүрткөндөр жөнүндө эстелик китеп жазылып жатты»,— деп жазган (Мал. 3:16, 17). Ооба, Кудай андан корккондорду жана анын ысмын жакшы көргөндөрдү эч качан унутпайт (Евр. 6:10).

20 Некемия: «Оо, Кудайым, мени эстей көр, мага жакшылык кыла көр»,— деп тиленген (Нек. 13:31). Эгер мындан ары да жаман чөйрөдөн оолак болсок, теократиялык иш-чараларды колдосок, Кудайдыкын биринчи орунга койсок жана Жахабанын кызматчысы экенибизди унутпасак, Некемия пайгамбардын ысмындай эле, биздин да ысмыбыз Жахабанын «эстелик китебине» жазылат. Андыктан дайыма «ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүбүздү» текшерип туралы (2 Кор. 13:5). Эгер Жахаба менен болгон ыйык мамилебизди сактасак, ал бизди «эстеп», батасын берет.