Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба жүгүмдү «күн сайын көтөрүп жүрөт»

Жахаба жүгүмдү «күн сайын көтөрүп жүрөт»

Ден соолугумдун начарлыгынан улам кээде жаным ушунчалык кыйналат. Бирок мен дайыма асмандагы мээримдүү Атамдын колдоосун сезип келем. Ошондой эле 20 жылдан ашык убакыттан бери пионердик кызматтан да зор кубаныч алып жатам.

Мен 1956-жылы төрөлгөм. Төрөлгөнүмдө омуртка тутумумда жылчык бар экени айкын болгон. Мээ түтүгүнүн бүтөлүшүнөн улам пайда болуучу ал оору нерв системасын жабыркаткандыктан, жакшы баса албайм жана көптөгөн оорулар менен күрөшүп келем.

Мен төрөлгөнгө чейин эле, ата-энем миссионер болуп кызмат кылган Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган экен. Бала кезимде биз жашаган Усакос шаарчасында (Намибия) бир нече эле жарчы бар болчу. Ошондуктан жыйналышта өтүлө турган материалды үй-бүлөбүз менен эле талкуулап койчубуз. Организмимдеги заара жасалма тешик аркылуу сыртка чыгып турушу үчүн, 7 жашымда мага операция жасалган. 14кө чыкканда талма оорусуна чалдыктым. Мектеп үйдөн аябай алыс болгондуктан жана ата-энем мага дайыма кам көрүп турушу керек болгондуктан, окуумду аягына чейин бүтүрө алган жокмун.

Бирок эчтекеге карабай, Жахаба менен болгон мамилемди чыңдай берүүнү чечтим. Ал кезде эне тилимде, африкаанс тилинде, биздин уюм чыгарган адабияттардын көбү жок болчу. Ошондуктан айрым китептерди изилдеш үчүн англис тилин үйрөндүм. Анан жарчы болуп, 19 жашымда чөмүлдүм. Кийинки төрт жыл бою аябай көп ооруп, эмоциялык жактан да көп кыйналдым. Андан тышкары, биздин шаарчада баары бири-бирин жакшы тааныгандыктан, адамдардан коркуу сезими ынталуу кабар айтканга тоскоол болду.

20дан өтүп калганда, Намибиядан Түштүк Африкага көчүп келдик. Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу жыйналышка катышып, төбөм көккө жете сүйүнгөм! Бирок көп өтпөй мага кайра операция жасалып, жоон ичегимден жасалма тешик чыгарылды.

Бир жолу райондук көзөмөлчү пионердик кызмат жөнүндө сөз сүйлөдү. Анын айткандары мага ушунчалык таасир этти. Жахаба тоодой кыйынчылыктарды көтөрүүгө жардам берип келаткандыктан, ден соолугум начар экенин билсем да, үзгүлтүксүз пионердикке арыз жаздым. Бирок аксакалдар ал-акыбалымды ойлоп, пионердик кызматты баштабай эле койгонум оң болорун айтышты.

Ошентсе да кызматка колдон келишинче көбүрөөк чыга берүүнү чечтим. Апамдын жана башкалардын жардамы менен алты ай бою пионерлерден талап кылынган норманы аткара алдым. Бул мени, оорулуу болгонума карабай, пионер боло аларыма ынандырып, ал кызматты баштоого дем-шык берди. Ошондуктан кайрадан арыз жаздым. Бул сапар аксакалдар макулдугун беришти. Ошентип, 1988-жылы 1-сентябрда пионердик кызматты баштадым.

Ал кызматты аркалоодо дайыма Жахабанын колдоосун сезип келем. Кыйынчылыктарымды эле ойлой бербей, башкаларга чындыкты таанып-билүүгө жардам берүү мени коргоп, күч берип, Жахаба менен болгон мамилемди чыңдайт. Бир нече кишиге өмүрүн Кудайга арнап, чөмүлүүгө көмөктөшө алганыма абдан сүйүнөм.

Ден соолугум азыр деле жакшы эмес. Бирок Жахаба жүгүмдү «күн сайын көтөрүп жүрөт» (Заб. 68:19). Ал мага жан сыздаткан ооруларга чыдаганга күч берип эле койбостон, бактылуу болгонго да жардам берди.