Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 БИЗДИН АРХИВДЕН

Улуу даражалуу башчыга аябай жаккан!

Улуу даражалуу башчыга аябай жаккан!

1936-ЖЫЛЫ августта Свазиленд королунун падышалык конушунда Роберт менен Жорж Низбет үн күчөткүч орнотулган машинесинен музыка менен Рутерфорд бир туугандын баяндамасын коюшканда, бул король Собхуза IIге аябай жаккан. «Ал граммофонду, пластинкаларды, Падышалык жөнүндө кабар айтууга арналган үн күчөткүчтү мага саткыла деп, бизди оңтойсуз абалга калтырган»,— деп эскерет Жорж.

Роберт сылыктык менен алардын сатылбай турганын айткан. Король себебин сураганда, Роберт алардын баары башка бирөөгө таандык экенин айткан. Ошондо король алардын кимге таандык экенин билгиси келген.

Роберт: «Мунун баары башка Падышага таандык»,— деген. Собхуза анын кайсы падыша экенин сураганда, Роберт: «Ал — Кудайдын Падышалыгынын Падышасы Иса Машаяк»,— деп жооп берген.

Аны укканда Собхуза терең урмат-сый менен: «Оо, ал деген улуу Падыша да. Ага таандык нерсени албайм»,— деген.

Роберт: «Ошол улуу даражалуу башчынын, король Собхузанын, сапаттарына аябай таң калдым. Ал англис тилин суудай билген, бирок мактанбаган, бой көтөрбөгөн, ачык-айрым, жөнөкөй киши экен. Сыртта Жорж музыка коюп жатканда, аны менен офисинде 45 мүнөттөй сүйлөштүм»,— деп жазган.

Анан сөзүн мындай деп улаган: «Ошол эле күнү Свази улуттук мектебине бардык. Ал жакта абдан кызыктуу окуя болду. Мектептин деректирине кабар айтканыбызда, ал кунт коюп укту. Анан бизде граммофон бар экенин айтып, окуучулардын баарына пластинкаларыбызды угузууну сунуш кылсак, ал дароо макул болуп, 100гө жакын окуучуну чогултту да, көк чөпкө отургузду. Бизге ал орто мектептен эркек балдар чарбачылыкты, багбанчылыкты, жыгач устачылыкты, курулуш ишин, англис тилин, арифметиканы, ал эми кыздар медайымдыкты, үй иштерин аткарууну жана башка пайдалуу кесиптерди үйрөнүшөрүн айтышты». Ал мектепти улуу даражалуу башчы Собхузанын чоң энеси негиздеген.

1936-жылы Свазилендде баяндама уккан мектеп окуучулары

1933-жылдан тартып эле король Собхуза анын конушуна кабар айтып барган пионерлерди кызыгып укчу экен. Бир жолу ал атүгүл өзүнүн 100 жансакчысын чогултуп, Падышалык жөнүндөгү кабар жазылган пластинкаларды  угузган. Ал журналдарыбызга жазылып, адабият алып турган. Көп өтпөй эле анын теократиялык китепканасы дээрлик толук болуп калган. Ал ошол китепканасын, атүгүл Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Британ колониялык өкмөтү биздин адабияттарга тыюу салганда да, толугу менен сактап калган.

Андан кийинки жылдары да король Собхуза II Лобамбадагы конушуна барган Күбөлөрдү жылуу тосуп алып турган. Атүгүл алардын Ыйык Китепке негизделген баяндамаларын угууга дин кызматчыларды да чакырып турган. Бир жолу ошол жакта жашаган Хелви Машази деген бир тууган Матай китебинин 23-бөлүмүн талкуулап жатканда, дин кызматчылар жаалданып, ордуларынан ыргып туруп, аны отургузууга аракет кылышкан. Бирок король аларды тыйып, Хелви бир туугандан сөзүн уланта берүүнү суранган. Ал эле эмес, баарына баяндамада айтылган аяттардын бардыгын жазып отурууну буйруган!

Дагы бир жолу бир пионер баяндама айтып бүткөндөн кийин, төрт дин кызматчы: «Биз мындан ары дин кызматчы эмеспиз, Жахабанын Күбөсүбүз»,— дешкен. Анан ал бир туугандан улуу даражалуу башчыныкындай китептерди сурашкан.

Улуу даражалуу башчы 1930-жылдардан тартып 1982-жылы көз жумганга чейин Жахабанын Күбөлөрүнө дайыма сый-урмат менен мамиле кылган жана алардын свази элинин ырым-жырымдарын аткарбаганы үчүн куугунтукталышына жол берген эмес. Ошондуктан бир туугандар ага абдан ыраазы болушкан жана ал өлгөндө, катуу кайгырышкан.

2013-жылдын башында Свазилендде Падышалыктын жарчыларынын саны 3000ден ашты. 10 00 000дон ашуун киши жашаган ал өлкөдө бир жарчыга 384 тургун туура келет. 90 жыйналышта 260тан ашуун пионер кызмат кылат жана 2012-жылы Эскерүү кечесине 7 496 киши катышкан. Бул ал жакта дагы чоң өсүш болорунан кабар берип турат. Ооба, Свазилендге 1930-жылдары барган алгачкы жарчылар ал жакта кабар айтуу ишинин алга илгерилешине бекем негиз салышкан. (Түштүк Африкадагы архивибизден.)