Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Көптөгөн бейкүнөө адамдар өмүрүнөн айрылган

Көптөгөн бейкүнөө адамдар өмүрүнөн айрылган

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА: АЗАП-КАЙГЫ ЭМНЕ ҮЧҮН КӨП, АНДАН КАЧАН АРЫЛАБЫЗ?

Көптөгөн бейкүнөө адамдар өмүрүнөн айрылган

Ноел сүрөт тартканды жакшы көргөн сүйкүмдүү кыз болчу. Ал төрткө чыгарына эки жума калганда, жайдын күнү короодо ойноп жүрүп, бассейнге чөгүп кеткен.

Шарлот, Дэниел, Оливия, Жозефин... Булар — 2012-жылдын 14-декабрында Коннектикут штатындагы (АКШ) мектепте алты-жети жаштагы 20 окуучуну, 6 мугалимди атып өлтүргөн кылмышкердин колунан каза тапкан балдардын айрымдары. Аза күтүү учурунда АКШнын президенти Обама ал балдардын атын атап, каңырыгы түтөп, кабыргасы кайышып турган элге: «Аза бойду дүркүрөткөн мындай окуяларды токтотуш керек»,— деген.

18 жаштагы Бано 1996-жылы үй-бүлөсү менен Ирактан Норвегияга көчүп барган. Өкүнүчтүүсү, ал 2011-жылы, июлдун 22синде 77 кишинин өмүрүн кыйып: «Мындан да көп кишини өлтүрө албай калганыма өкүнөм»,— деген экстремисттин колунан өлгөн.

Дүйнө жүзүндө болуп жаткан, зээнди кейиткен ушундай окуялардын көбөйүп баратканын угуп-көрүп жатабыз. Кырсыктын, кылмышкерликтин, террорчулуктун, табигый кырсыктын жана башка ушу сыяктуу каргашалардын айынан адамдардын сыздап, кайгы-муңга батып жатканы жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Ооба, көптөгөн бейкүнөө адамдар өмүрүнөн айрылып же азап-чегип жатышат.

Айрымдар Жараткан Кудайды адамдарга такыр кам көрбөйт деп күнөөлөшөт. Башкалар болсо Кудай кыйналганыбызды көрүп турса да эч нерсе кылбайт деген ойдо. Дагы бирөөлөр башыбызга түшкөн каргашанын баары маңдайыбызга жазылган дешет. Кайгы-касиреттердин эмне үчүн болуп жатканына байланыштуу айтылгандардын чеги жоктой көрүнөт. Анда канааттандырарлык туура жоопту кайдан табууга болот? Кийинки макалаларда азап-кайгынын эмне үчүн болуп жатканы жана андан кантип арыларыбыз жөнүндө Ыйык Китепте эмне делери айтылат.

[3-беттеги сүрөт]