Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын насааттары жүрөгүңдүн кубанычы болсун

Жахабанын насааттары жүрөгүңдүн кубанычы болсун

«Насааттарыңды түбөлүккө мураска алдым» (ЗАБ. 119:111).

1. а) Адамдар кеп-кеңешке кандай жооп кайтарышат жана эмне үчүн айрымдарга кеңешти кабыл алуу оңой эмес? б) Текебердик кеңешти кабыл алууга кандайча тоскоолдук кылат?

АДАМДАР берилген кеп-кеңешке ар кандай жооп кайтарышат. Мисалы, айрымдар бийлиги бар бирөөнүн кеңешин кыңк этпей кабыл алганы менен, өзү теңдүүлөрдүн же өзүнөн төмөн тургандардын айткан акылын четке кагууга жакын келет. Башкалардын насаат айтып, оңдоп-түзөгөнү ар кимге ар кандай тиет. Кээ бирөөлөр кайгырат, көңүлү чөгөт же намыстанат, кай бирлери болсо түрткү алып, оңолгонго аракет кылат. Эмне үчүн айрымдарга кеңешти кабыл алуу оңой эмес? Буга көбүнчө текебердик себеп болот. Текебердик акылды тумандаткандыктан, адам айтылган насааттын баркын билбей, аны кулагынын сыртынан кетирет (Накыл 16:18).

2. Эмне үчүн Кудайдын Сөзүндөгү кеп-кеңештерди абдан баалайбыз?

2 Биз, Жахаба Кудайдын кызматчылары, пайдалуу кеңештерди, айрыкча, анын Сөзүнө негизделген кеп-кеңештерди абдан баалайбыз. Жахабанын насааттары бизге кыраакы болгонго жардам берип, дүнүйөкорлук, жыныстык адеп-ахлаксыздык, баңгизатты же ичимдикти кыянат колдонуу сыяктуу тузактарга түшүп калуудан сактайт (Накыл 20:1; 2 Кор. 7:1; 1 Тес. 4:3—5; 1 Тим. 6:6—11). Ошондой эле Кудайдын акыл-насаатына кулак каккандыктан жүрөгүбүздөгү «кубанычтан улам шаттанабыз» (Ыш. 65:14).

3. Забурчуга окшоп, Кудайдын насааттарына карата кандай көз карашта болушубуз керек?

3 Асмандагы Атабыз Жахаба менен болгон баа жеткис мамилебизге доо кетпеши үчүн, дайыма анын айткандарын жашообузда колдонушубуз керек. Аларга карата: «Насааттарыңды түбөлүккө мураска алдым, анткени алар — жүрөгүмдүн кубанычы»,— деп жазган забурчунукундай көз карашта  болгонубуз кандай гана маанилүү (Заб. 119:111). Биз да, ага окшоп, Жахабанын көрсөтмөлөрүнө кубаныч менен баш иебизби же кээде аларды оор жүктөй көрөбүзбү? Эгер айрым учурларда берилген кеңешти кабыл алуу кыйын болуп жатса, көңүлүңдү чөгөрбө. Сен да чексиз акылман Кудайдын насааттарына ылайык иш кылуу дайыма туура экенине бекем ишеним өрчүтө аласың. Анда эмесе, ошондой ишеним өрчүтүүнүн үч жолун карап көрөлү.

ТИЛЕНҮҮ АРКЫЛУУ ИШЕНИМИҢДИ ЧЫҢДА

4. Жашоосундагы ар кандай өзгөрүүлөргө карабай, Дөөтү падыша эмне кылган?

4 Дөөтү падыша жашоонун жыргалын да, кууралын да көргөн, бирок ал дайыма Жаратканына толугу менен таянган. Ошондуктан: «Оо, Жахаба, жанымды сага сунам. Оо, Кудайым, мен өзүңө таянам»,— деген (Заб. 25:1, 2). Ага асмандагы Атасына толугу менен таянууга эмне жардам берген?

5, 6. Дөөтү падыша Жахаба менен кандай мамиледе болгон?

5 Көптөр башына мүшкүл түшкөндө гана Кудайга кайрылышат. Эгер досуң же тууганың сага акча же жардам керек болгондо эле кайрылса, кандай сезимде болот элең? Эртедир-кечтир анын ниетинин тазалыгына шектене баштамаксың. Бирок Дөөтү падыша Жахаба менен чындап дос болгон. Ал жамандыкта да, жакшылыкта да ага толук ишенерин жана аны чын жүрөктөн сүйөрүн көрсөткөн (Заб. 40:8).

6 Анын жүрөгү ыраазычылыкка толуп: «Оо, Жахаба Теңирибиз, сенин ысмың жер жүзүндө кандай улуу. Улуулугуң асманда да жар салынат!» — деп Жахабаны даңктаган (Заб. 8:1). Анын бул сөздөрүнөн асмандагы Атасы менен канчалык ынак болгону айкын көрүнүп турат. Кудайдын улуулугу менен даңкына абдан таасирленгендиктен ал аны «күнү бою» даңазалоого түрткү алган (Заб. 35:28).

7. Дайыма тиленүүнүн кандай пайдасы бар?

7 Жахабага толук ишеним артуу үчүн биз да, Дөөтү падышага окшоп, аны менен дайыма сүйлөшүп турушубуз керек. Ыйык Китепте: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деп айтылат (Жкп. 4:8). Дайыма тиленүү — Жахабага жакындоонун эле эмес, андан ыйык рух алуунун да негизги жолу. (Оку: 1 Жакан 3:22.)

8. Тиленгенде эмне үчүн окшош эле сөздөрдү айта бербешибиз керек?

8 Тиленгенде окшош эле сөздөрдү кайталай бербейсиңби? Андай болсо, тиленердин алдында эмне жөнүндө айткың келери тууралуу бир аз ойлонуп ал. Эгер досуң же тууганың менен сүйлөшкөн сайын окшош эле сөздөрдү айта берсең, ага жагат беле? Анын тажап, сени уккусу келбей калмактыгы айтпаса да түшүнүктүү. Албетте, Жахаба өзүнүн берилген кызматчыларынын чын жүрөктөн чыккан тиленүүсүн эч качан укпай койбойт. Бирок биз аны менен сүйлөшкөндө баягы эле жатталып калган сөздөрүбүздү айта берүүдөн качышыбыз керек.

9, 10. а) Эмнелер жөнүндө тиленсек болот? б) Тиленүүбүздү маңыздуу кылууга эмне жардам берет?

9 Кудайга жакындагыбыз келсе, чын жүрөктөн тиленишибиз керек. Жахабага ичибиздегинин баарын төгүп тиленген сайын, аны менен ынак болуп, ага толук ишене баштайбыз. Эмнелер жөнүндө тиленсек болот? Анын Сөзүндө: «Бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле»,— деп айтылат (Флп. 4:6). Мындан көрүнүп тургандай, Жахаба менен болгон мамилебизге жана жашообузга таасир этиши мүмкүн болгон бардык нерселер жөнүндө тиленсек болот.

10 Биз Кудайдын байыркы убактагы ишенимдүү кызматчыларынын тиленүүлөрү жөнүндө ой жүгүртүүнүн аркасында да көп нерсеге үйрөнө алабыз (1 Шем. 1:10, 11; Элч. 4:24—31). Забурларда ошондой кызматчылардын  жалындуу тиленүүлөрү жана Жахабаны даңктап ырдаган ырлары көп кездешет. Аларда катуу кайгыруу да, өкүнүү да, эбегейсиз зор кубаныч да, айтор, ар кандай сезимдер чагылдырылган. Кудайга берилген адамдардын ага кайрылганда айткан сөздөрүн изилдөө тиленүүбүздү маңыздуу кылууга жардам берет.

КУДАЙДЫН НАСААТТАРЫ ТУУРАЛУУ ОЙ ЖҮГҮРТ

11. Эмне үчүн Кудайдын эскертүүлөрү тууралуу ой жүгүртүшүбүз керек?

11 Дөөтү падыша: «Жахабанын насааты ишеничтүү, тажрыйбасызды даанышман кылат»,— деп айткан (Заб. 19:7). Ооба, тажрыйбасыз болсок да, Кудайдын буйруктарын аткаруу менен акылдуу боло алабыз. Бирок, эске алчу нерсе, Ыйык Жазмадагы айрым эскертүүлөр терең ой жүгүртүүнү талап кылат. Алар тууралуу ой жүгүртүү бизге көп жактардан, маселен, мектепте же жумушта сыноого туш болгондо жаман иш кылбаганга, Кудайдын кан куйдурбоого байланыштуу буйругуна бекем карманууга, бейтараптуулукту сактоого, кийимге жана сырткы көрүнүшкө карата берилген Ыйык Китептеги принциптерди колдонууга жардам берет. Ушул сыяктуу маселелерге карата Кудайдыкындай көз карашта болсок, кыйынчылыктарды көрө билип, ошондой жагдай пайда болгондо эмне кылуу керектигин алдын ала чечип алабыз. Бул бизди бармагыбызды тиштеп кала тургандай иш кылуудан сактайт (Накыл 15:28).

12. Эмнелер тууралуу ой жүгүртүү Кудайдын насааттарын «түбөлүккө мураска алууга» жардам берет?

12 Кудайдын убадаларынын аткарылышын күтүп жатып, рухий жактан дагы деле сергек турабызбы? Алсак, Улуу Бабыл жакында жок болоруна шектенбейбизби? Адил адамдар жер бетинде бейиште түбөлүк өмүр сүрөрүнө жана тирилүү болоруна чындыкты жаңы уккан кездегидей эле бекем ишенебизби? Жеке иштерибизди жашообузда биринчи орунга койбой, ынталуу кызмат кылып жатабызбы? Жахабанын ысмынын ыйыкталышы жана эгедерлигинин акталышы биз үчүн дагы деле баарынан маанилүүбү? Ушулар тууралуу ой жүгүртсөк, забурчудай болуп, Кудайдын насааттарын «түбөлүккө мураска ала» алабыз (Заб. 119:111).

13. Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочулары эмне үчүн айрым нерселерди түшүнүшкөн эмес?

13 Биз Ыйык Китептеги айрым нерселерди азырынча толук түшүнбөшүбүз мүмкүн. Анткени Жахаба ар бир нерсени өз убагы келгенде гана ачып берет. Мисалы, Иса Машаяк элчилерине өзүнүн азап чегип, өлүшү керектигин нечен ирет айткан. (Оку: Матай 12:40; 16:21.) Бирок элчилер анын сөздөрүн түшүнүшкөн эмес. Алар Мырзасынын айткандарын, ал тирилип, бир нече шакиртине көрүнүп, «Ыйык Жазмада айтылгандарды түшүнүшү үчүн, алардын акылын ачкандан» кийин гана аңдашкан (Лк. 24:44—46; Элч. 1:3). Ошондой эле шакирттер Кудайдын Падышалыгы асманда орной турганын б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында аларга ыйык рух түшкөнгө чейин түшүнүшкөн эмес (Элч. 1:6—8).

14. «Акыркы күндөргө» байланыштуу айрым нерселерди туура эмес түшүнүшкөнүнө карабай бир туугандар кандай үлгү көрсөтүшкөн?

14 20-кылымдын башында да Жахабанын кызматчылары «акыркы күндөргө» байланыштуу айрым нерселерди туура эмес түшүнүшкөн (2 Тим. 3:1). Маселен, 1914-жылы кээ бирлери жакында асманга кетебиз деп ойлошкон, бирок алардын үмүтү ишке ашкан эмес. Ошондо алар Ыйык Жазманы кылдат изилдеп, кабар айтууга байланыштуу алдыда дагы көп иш аткарылышы керектигин аңдашкан (Мр. 13:10). 1922-жылы Сидар-Пойнтто (Огайо штаты, АКШ) өткөрүлгөн эл аралык жыйында ошол кезде кабар айтуу ишин жетектеген Жозеф Рутерфорд бир тууган баарын: «Мына, Падыша башкарып жатат! Силер болсо анын жарчыларысыңар.  Ошондуктан Падышаны жана анын падышалыгын жарлагыла, жарлагыла, жарлагыла»,— деп чакырган. Ошондон тартып Жахабанын кызматчылары «Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоо» менен бүт дүйнө жүзүнө таанымал болуп келет (Мт. 4:23; 24:14).

15. Жахабанын өз эли үчүн ой-ниетин кереметтүү түрдө аткарып келатканы жөнүндө ой жүгүртүүнүн кандай пайдасы бар?

15 Жахаба Кудайдын мурун да, азыр да өзүнүн эли үчүн ой-ниетин кандайча кереметтүү түрдө аткарып келатканы жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз маанилүү. Бул анын келечекке байланышкан эркинин сөзсүз аткарыларына болгон ишенимибизди бекемдейт. Кудайдын убадалары жөнүндө ой жүгүртүү алардын орундаларына кымындай да шектенбөөгө жана жакында аткарыла турган пайгамбарлыктарды акылыбыз менен жүрөгүбүздө бек сактоого да көмөк кылат.

ИШ-АРАКЕТ КЫЛЫП, ИШЕНИМИҢДИ ЧЫҢДА

16. Ынталуу кызмат кылуунун аркасында кандай бата алабыз?

16 Жахаба — дайыма иш-аракет кылып турган кудуреттүү Кудай. Забурчу аны: «Сендей кубаттуу ким бар, оо, Жах?.. Колуң кубаттуу, оң колуң жогору көтөрүлгөн»,— деп даңктаган (Заб. 89:8, 13). Кудай эмгекти сүйгөндүктөн Падышалыктын иштерин алга жылдыруу үчүн жасаган аракетибизди баалап, батасын берет. Ал кызматчыларынын баары: жашы да, карысы да, эркеги да, аялы да «бекерчиликтин нанын жебей», жан үрөп кызмат кылып жатканын көрүп турат (Накыл 31:27). Биз Жаратканыбыздан үлгү алып, теократиялык иштерди талыкпай аткаруудабыз. Жан-дилден кызмат кылуунун аркасында өзүбүздү бактылуу сезебиз жана Жахабанын жүрөгүн кубантабыз. (Оку: Забур 62:12.)

17, 18. Күчтүү ишеним менен кылган иштерибиздин аркасында кандайча Жахабага толук таянганга үйрөнөбүз? Мисал келтир.

 17 Күчтүү ишеним менен кылган иштерибиздин аркасында кандайча Жахабага толук таянганга үйрөнөбүз? Ысрайылдыктар убада кылынган жерге кирип баратканда болгон окуяны карап көрөлү. Жахаба келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчыларга элдин алдына түшүп, Иордан дарыясына кириши керектигин айткан. Бирок нөшөрлөгөн жазгы жаандан улам дарыя жээгинен чыгып, ээ-жаа бербей ташкындап турган. Ошондо ысрайылдыктар эмне кылды эле? Алар дарыянын боюна чатырларын тигип, суу тартылгыча жумалап күтүп жатып алышты беле? Жок, алар толугу менен Жахабага таянып, ал айткандай кылышкан. Мунун натыйжасы кандай болгон? Ыйык Китепте мындай делет: «Дин кызматчылардын буту Иордандын суусуна тиери менен, агып келаткан суу токтоп,.. тосмодой болуп туруп калды... Бүт ысрайыл эли Иордан дарыясынын кургак жери менен аркы өйүзгө өтүп бүткүчө,.. дин кызматчылар дарыянын ортосундагы кургак жерде жылбай турушту» (Жаш. 3:12—17). Таштан ташка урунуп, жулкунуп аккан дарыянын заматта токтоп калганын көргөндө ысрайылдыктардын кандай сезимде болгонун элестетсең! Жахабанын көрсөтмөсүнө ылайык иш кылуу менен алардын ишеними бекемделгени шексиз.

Жашыянын убагындагы ысрайыл элине окшоп, Жахабага толук таянасыңбы? (17, 18-абзацтарды кара)

18 Албетте, Жахаба азыр кызматчылары үчүн андай кереметтерди жасабайт, бирок ал ишеним менен кылган иштерибизге батасын берүүдө. Кудайдын ыйык руху бизге Падышалык жөнүндөгү кабарды дүйнө жүзү боюнча жарыялоого жардам берип жатат. Жахабанын башкы күбөсү Иса Машаяк да тирилгенден кийин: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла... Дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин, мен ар дайым силер менен болом» — деп, бул маанилүү иште жолдоочуларын колдооруна ынандырган (Мт. 28:19, 20). Бүгүнкү күндө Кудайдын тартынчаак, уяң кызматчылары да ыйык рухтун жардамы менен кайраттуу болуп, чоочун кишилерге коркпой кабар айтканга үйрөнүшүүдө. (Оку: Забур 119:46; 2 Корунттуктар 4:7.)

19. Жагдайыбыз кандай болбосун, эмнени унутпашыбыз керек?

19 Оорунун же карылыктын айынан айрым бир туугандар өздөрү каалагандай көп нерселерди кыла алышпайт. Бирок алар «боорукердиктин Атасы жана ар кандай жагдайда сооротуучу Кудайдын» ар бирибиздин шартыбызды жакшы билерине шектенбесе болот (2 Кор. 1:3). Кудай Падышалыктын иштерин алдыга жылдыруу үчүн жумшаган аракетибизди жогору баалайт. Өмүргө ээ болуш үчүн колубуздан келгендин баарын кылгандан тышкары, Машаяктын куткаруу курмандыгына ишеним артуу маанилүү экенин эсибизден чыгарбаганыбыз абзел (Евр. 10:39).

20, 21. Жахабага толук ишеним артарыбызды кандай жолдор менен көрсөтө алабыз?

20 Жахабага сыйынуу деген мүмкүн болушунча көбүрөөк убактыбызды, күчүбүздү, каражатыбызды анын ишине жумшоону да билдирет. Биз «жакшы кабар айтуу ишине» чын жүрөктөн катышууну каалайбыз (2 Тим. 4:5). Башкаларга «чындыкты так таанып-билүүгө» жардам берүү бизге зор кубаныч тартуулайт (1 Тим. 2:4). Ырас, Жахабаны даңктап-мактоо бизди рухий жактан байытат (Накыл 10:22). Ошондой эле эч нерсеге карабай, ага толук ишеним артууга жардам берет (Рим. 8:35—39).

21 Жогоруда талкуулангандай, Жахабанын акыл-насааттарынын тууралыгына болгон ишенимибиз бекем болушу үчүн иш-аракет кылышыбыз керек. Андыктан тиленүү аркылуу Жахабага таян. Эрки аткарылышы үчүн анын мурун эмнелерди кылганы жана келечекте эмнелерди кылары жөнүндө ой жүгүрт. Ошондой эле ишенимиңди айгинелеген иштер аркылуу Жахабага толук ишеним арта бер. Чынында эле, Жахабанын насааттары түбөлүктүү! Аларга кулак каксаң, түбөлүк жашайсың.