Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Пионердик кызмат Кудай менен болгон мамилебизди бекемдейт

Пионердик кызмат Кудай менен болгон мамилебизди бекемдейт

«Кудайыбызды даңктап ырдоо жакшы» (ЗАБ. 147:1).

1, 2. а) Жакшы көргөн адамыбыз жөнүндө ойлонуунун же ал тууралуу башкаларга айтуунун натыйжасы кандай болот? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

ЖАКШЫ көргөн адамыбыз жөнүндө ойлонгондо же ал тууралуу башкаларга айтып бергенде аны менен ого бетер ынак боло беребиз. Жахаба Кудай менен болгон мамилебиз тууралуу да ушуну айтууга болот. Дөөтү пайгамбар бала кезинде кой кайтарып жүргөн түндөрү жылдыздуу асманды карап, Жараткандын эбегейсиз күчү тууралуу көп ой жүгүртчү. Ал: «Мен асманыңды, манжаларыңдын иштерин, сен жараткан ай менен жылдыздарды караганымда: „Сен унутпагыдай, ажалдуу адам ким? Сен кам көргүдөй, адам баласы ким?“ — деп ойлоном»,— деп жазган (Заб. 8:3, 4). Ал эми элчи Пабыл Жахабанын майлангандарга байланышкан ой-ниети кандайча ишке ашканы жөнүндө ойлонуп: «Оо, Кудайдын байлыгы кандай түгөнгүс, акылмандыгы, билими кандай терең!» — деп таңданган (Рим. 11:17—26, 33).

2 Кабар айтуу кызматында жүргөндө биз Жахаба жөнүндө ойлонобуз жана ал тууралуу башкаларга айтабыз. Бул аны менен болгон достугубузду бекемдейт. Көптөгөн пионерлер кызматка көп чыккандын аркасында Кудайга болгон сүйүүсү өскөнүн байкашкан. Бул макала пионерлерге да, пионер болгусу келгендерге да төмөнкү суроолор тууралуу кылдат ойлонууга жардам берет: Пионердик кызмат Жахаба менен болгон мамилемди кандайча бекемдейт? Кызматтын бул түрүн токтотпой аткара берүүгө эмне жардам берет? Азырынча пионер боло электер ал кызматты башташ үчүн эмне кылса болот? Келгиле анда, пионердик кызмат Жахаба менен болгон мамилебизди кандайча бекемдээрин карап көрөлү.

 ПИОНЕРДИК КЫЗМАТ КУДАЙ МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕБИЗДИ КАНДАЙЧА БЕКЕМДЕЙТ?

3. Башкаларга келечектеги баталар жөнүндө айтуу бизге кандай таасир этет?

3 Башкаларга келечектеги баталар жөнүндө айтуунун аркасында Жахабага жакындай беребиз. Үймө-үй кабар айтканда кайсы аяттарды көп колдоносуң? Балким, аймактагыларга Забур 37:10, 11ди, Даниел 2:44тү, Жакан 5:28, 29ду же Аян 21:3, 4тү окуп берүүнү жакшы көрөттүрсүң? Бул аяттарда жазылган убадаларды талкуулаганда Кудайыбыздын «жакшы, жеткилең белектердин баарын» берешендик менен берерин өзүбүздүн да эсибизге салып турабыз. Натыйжада ага жакындай беребиз (Жкп. 1:17).

4. Бул дүйнөдөгү адамдардын абалын көргөндө эмне үчүн Жахабанын камкордугуна ого бетер ыраазы болобуз?

4 Биз кабар айткан адамдардын көбү бактысыз, шордуу экенин көргөндө чындыкты ого бетер баалап калабыз. Бул дүйнөдөгү адамдарда чындап ийгиликтүү, бактылуу болууга жардам берерлик жетекчилик жок. Алардын көбү келечекке үмүтсүз карашат, эртеңки күнүн ойлоп коркушат, жашоонун маңызын таппай келишет. Атүгүл динчил адамдар да Ыйык Жазма жөнүндө эч нерсе деле билишпейт. Алар бул жагынан байыркы нинебиликтерге аябай окшош. (Оку: Жунус 4:11.) Кызматка канчалык көп чыккан сайын Жахабанын өз элине рухий жактан эң сонун кам көрүп жатканын айкын түшүнө баштайбыз (Ыш. 65:13). Жахабанын боорукердиги анын өз элине эле эмес, бардык адамдарга чыныгы үмүткө жана жан дүйнө бейкуттугуна ээ болууга мүмкүнчүлүк берип жатканынан да көрүнүп турат (Аян 22:17).

5. Башкаларга Кудай жөнүндө билүүгө жардам берүү өзүбүздүн көйгөйлөрүбүзгө болгон көз карашыбызга кандай таасир этет?

5 Башкаларга Кудай жөнүндө билүүгө жардам берүү менен өзүбүздүн эле көйгөйлөрүбүз жөнүндө ойлоно бербегенге үйрөнөбүз. Пионер болуп кызмат кылган Тришаны мисалга алалы. Ал ата-энеси ажырашып кеткенде аябай кайгырган. Бир күнү ал көңүлү чөгүп, эч жакка баргысы келбей турганына карабай, үч кичинекей бала менен изилдөө өткөргөнү барат. Ал балдарды атасы таштап кеткен болчу, анысы аз келгенсип, улуу агасы да аларга катаал мамиле жасай турган. Триша мындай дейт: «Менин башыма түшкөн кыйынчылыктар алардыкына салыштырмалуу болбогон эле нерсе болчу. Изилдөө өткөрүп жатканда, алардын жоодураган көздөрүнөн нур жанып, кубанганынан кыткылыктап күлүп жиберишер эле. Алар мен үчүн Жахабанын батасы болчу. Муну өзгөчө ошол күнү сездим».

6, 7. а) Башкаларга Ыйык Китептеги чындыкты айтуу менен кандайча өзүбүздүн ишенимибиз бекемделет? б) Ыйык Китептеги принциптердин кызыгуучулардын жашоосун өзгөртүп жатканын көрүү бизге кандай таасир этет?

6 Башкаларга Ыйык Китептеги чындыкты айтканда өзүбүздүн да ишенимибиз бекемделет. Элди окутуп коюп, бирок айтканына ылайык иш кылбаган айрым жүйүттөргө элчи Пабыл: «Эмнеге башкаларды үйрөтүп, өзүң үйрөнбөйсүң?» — деп жазган (Рим. 2:21). Албетте, пионерлер эч качан андай кылбайт. Аларда башкаларга кабар айтууга жана ыйык китептик изилдөөлөрдү өткөрүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк болот. Кызматы натыйжалуу болуш үчүн, алар ар бир изилдөөгө даярданып, кээде кошумча изилдөө жүргүзүшөт. Пионер болуп кызмат кылган Жанин: «Башкаларга Ыйык Китептеги чындыкты айткан сайын, ал өзүмдүн акылым менен жүрөгүмдө терең тамырлап баратканын байкайм. Мунун аркасында ишенимим күндөн күнгө бекемделип жатат»,— деп ой бөлүшөт.

7 Ыйык Китептеги принциптер кызыгуучуларыбыздын жашоосун өзгөртүп жатканын көрүп, Кудайдын акылмандыгын мурдагыдан да баалап калабыз (Ыш. 48:17, 18). Натыйжада өзүбүз да ал принциптерди жашообузда колдоно берүүгө бел байлайбыз.  Эдриана аттуу дагы бир пионер: «Адам өз акылына таянып иш кылса, жашоосу баш аламан болуп кетет. Ал эми Жахабанын акылмандыгына таяна баштаганда, анын жашоосу дароо жакшы жакка өзгөрөт»,— деп айтат. Фил деген бир тууган болсо жашоосун өз күчү менен өзгөртө албай койгон кишилерге Жахабанын жардам бергенин көрүп, таң калган.

8. Ишенимдештер менен кызматка чыгуунун кандай пайдасы бар?

8 Ишенимдештерибиз менен ийиндеш туруп кызмат кылуунун аркасында бекемделебиз (Накыл 13:20). Пионерлер бир туугандар менен кабарга көп чыгышат. Ошонун аркасында алар башкаларды бекемдеп, өздөрү да бекемделет. (Рим. 1:12; оку: Накыл сөздөр 27:17.) Лиза деген пионер мындай дейт: «Жумушта атаандаштык, көрө албастык боло жүргөн эле нерсе. Чогуу иштешкендер башкалардан биринчи болуш үчүн ушак айтышат, бири-бирин жамандашат. Кудайга сыйынганым үчүн алар кээде мени шылдыңдап, күлүшөт. Бирок ишенимдештерим менен кызматка чыкканда кадимкидей кайраттанып калам. Андайда канчалык чарчасам да, үйгө сергип кайтам».

9. Жубайлардын пионердик кызматты чогуу аткарганынын натыйжасы кандай болушу мүмкүн?

9 Жубайлардын пионердик кызматты чогуу аткарганы нике түйүнүн бекемдейт (Нас. 4:12). Күйөөсү менен чогуу пионер болуп кызмат кылган Мадлен: «Жолдошум экөөбүз кызматта болгон окуялар же Ыйык Китептеги айрым аяттарды кызматта кантип колдонсок болору жөнүндө сүйлөшөбүз. Чогуу пионер болуп кызмат кылуунун аркасында жыл өткөн сайын бири-бирибизге ынак болуп баратабыз»,— дейт. Жогоруда айтылган Триша да ушул сыяктуу ой менен бөлүшкөн: «Биз эч кимге карыз болбогонго аракет кылабыз. Ошон үчүн акчанын айынан урушпайбыз. Бири-бирибиздин кайра  жолугууларыбызга, изилдөөлөрүбүзгө чогуу барабыз. Мунун аркасында Кудай менен жана бири-бирибиз менен болгон мамилебиз бекемделүүдө».

Толук убакыттагы кызмат жашоонун маңыздуу болушуна өбөлгө түзөт (9-абзацты кара)

10. Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюунун жана Жахабанын колдоосун сезүүнүн натыйжасы кандай болот?

10 Падышалыктын ишин биринчи орунга коюп, Жахабанын колдоосун сезип, тиленүүлөрүбүзгө жооп алсак, ага көбүрөөк таяна баштайбыз. Кудайдын кызматчыларынын баары ага таянары шексиз. Пионерлер да өздөрүнүн кызматын Жахабага таянуунун аркасында гана аркалап жатышканын жакшы түшүнүшөт. (Оку: Матай 6:30—34.) Аялы менен бирге пионер болуп кызмат кылган Карт деген ишенимдешибиз райондук көзөмөлчүнүн орун басары болуп да кызмат кылат. Бир жолу бир туугандар андан алыскы аймактагы жыйналышка барып келүүнү суранышкан. Бирок анын машинесинде бир тарапка эле жете тургандай май бар болчу, айлыгы да бир жумадан кийин колго тиймек. Ошондо Карт бир тууган ал жыйналышка бара алышарына күмөн санай баштаган. Бирок аялы экөө тиленгенден кийин Жахабанын эң зарыл нерселер менен камсыз кыла аларына толук ишенип, жолго чыга берүүнү чечишкен. Жолго чыгардын алдында, бир эже телефон чалып, аларга белек камдап койгонун айткан. Кызыктуусу, ал эже акча белек кылган жана акча ошол жыйналышка барып келүүгө толугу менен жеткен. Карт бир тууган: «Ушундай окуяларга көп жолу туш болгондо, Жахабанын колдоп жатканын сезбей койбойсуң»,— деп айткан.

11. Пионердик кызмат бата менен коштолот деп эмне үчүн айта алабыз?

11 Пионерлер Жахабага көбүрөөк кызмат кылып, аны менен ынак мамиледе болуунун аркасында андан мол бата алышканын көп айтышат (Мыйз. 28:2). Анткен менен пионердик кызматты аткаруу дайыма эле оңой боло бербейт. Себеби баарыбыз эле Адам атанын күнөөсүнүн кесепетинен жапа чегип келебиз. Кээде кайсы бир көйгөйлөрдөн улам айрым пионерлер кызматын токтото турууга аргасыз болушат. Бирок көп учурда андай көйгөйлөрдү кызматты токтотпой эле чечүүгө же алардан качууга болот. Пионерлерге кыйынчылыктарга карабай кызматын уланта берүүгө эмне жардам берет?

КЫЗМАТЫҢДЫ ТОКТОТПОЙ, УЛАНТА БЕР

12, 13. а) Эгер пионер саатын толтура албай жатса, эмне кылышы керек? б) Ыйык Китепти күн сайын окуу, өздүк изилдөө өткөрүү жана ой жүгүртүү эмне үчүн маанилүү?

12 Пионерлердин көбүнө күнүгө толгон-токой иштерди жасоого туура келет. Баарына жетишиш үчүн жакшы уюшкандык талап кылынат (1 Кор. 14:33, 40). Эгер пионер саатын толтура албай жатса, убактысын кандай колдонуп жатканын текшерип көрүшү керек (Эф. 5:15, 16). Ал: «Эс алууга же көңүл ачууга канча убакыт коротуп жатам? Буга байланыштуу айрым нерселерден баш тартышым керек эмеспи? Жумушумдун графигин өзгөртүшүм керек эмеспи?» — деп ойлонуп көрсө болот. Абайлабасак, күн тартибибизге анча зарыл эмес иштер билинбей эле кошулуп калышы мүмкүн. Андыктан толук убакыт кызмат кылгандар маал-маалы менен өздөрүн текшерип, зарыл болсо, өзгөрүүлөрдү жасашы абзел.

13 Ыйык Китепти күн сайын окуу, өздүк изилдөө өткөрүү жана ой жүгүртүү пионерлердин жашоосунун ажырагыс бөлүгү болушу керек. Ошондуктан ушундай маанилүү иштерге бөлүнө турган убакытты анча маанилүү эмес нерселер уурдап албашы үчүн, пионердин тең салмактуу болушу зарыл (Флп. 1:10). Бир мисалга токтололу. Пионер эртеден кечке кабар айткандан кийин үйүнө келет. Ал ошол кечте жыйналышка даярданууну ниет кылат. Бирок үйгө келери менен телефонун чукулап, досторуна SMS жөнөтө баштайт. Анан бир аз жаңылык көрөйүн деп, телевизорду саят да, алаксып отуруп калат. Бир убакта эсине келсе, эки сааттай өтүп кеткен болот.  Ал болсо жыйналышка даярданып бүтмөк түгүл, баштай да элек. Мындай кылуу эмне үчүн туура эмес болуп калар эле? Маселен, спорт чеберлери көптөгөн жылдар бою албан ийгиликтерге жетиш үчүн жакшы тамактанышы керек. Ошол сыяктуу эле, пионерлер да кызматын токтотпой, уланта бериш үчүн өздүк изилдөөсүн үзгүлтүккө учуратпай, рухий жактан жакшы азыктанышы маанилүү (1 Тим. 4:16).

14, 15. а) Пионерлер эмне үчүн жөнөкөй жашоого аракет кылышат? б) Пионердин кыйынчылыктарга кабылганда эмне кылганы оң?

14 Жемиштүү кызмат кылган пионерлер жөнөкөй жашоого аракет кылат. Иса Машаяк шакирттерин көзүн «бир эле нерсеге багыттоого» үндөгөн (Мт. 6:22). Ал өзү да эч нерсеге алаксыбай кызмат кылыш үчүн жөнөкөй жашаган. Ошондуктан: «Түлкүлөрдүн ийини, көктө учкан канаттуулардын уясы бар, ал эми адам Уулунун баш калкалаар жайы жок»,— деп айта алган (Мт. 8:20). Андан үлгү алган пионерлер дүнүйө-мүлк канчалык көп болсо, аларга кам көрүүгө ошончолук көп убакыт кетерин эсинен чыгарбайт.

15 Пионерлер сыймыктуу кызматты башкалардан өзгөчө же мыкты болгондуктан аткарып жатабыз деп эсептебейт. Алар пионердик кызмат Кудайдын белеги экенин түшүнүшөт. Андыктан ал кызматты аткарууну уланта бериш үчүн ар бир пионер Жахабага таянышы керек (Флп. 4:13). Албетте, пионердик кызматта ар кыл кыйынчылыктар болот (Заб. 34:19). Андайда кызматты токтотууга шашпай, Жахабадан жетекчилик издеп, анын жардамын күткөнүбүз оң. (Оку: Забур 37:5.) Ошондо асмандагы Атабыз Жахабанын мээримдүүлүк менен кам көрүп жатканын көрүп, ага ого бетер жакындайбыз (Ыш. 41:10).

ПИОНЕРЛЕРДИН КАТАРЫНА КОШУЛА АЛАСЫҢБЫ?

16. Эгер пионер болгуң келсе, эмне кылышың керек?

16 Эгер сен да толук убакыт кызмат кылып, бата алгың келсе, ал тууралуу Жахабага айт (1 Жкн. 5:14, 15). Ошондой эле пионерлер менен сүйлөшүп көр. Пионер болууга жардам берген максаттарды кой. Кит менен Эрика да ушундай кылган. Алар, өзү теңдүү көптөгөн жубайлар сыяктуу эле, эртеден кечке иштечү жана баш кошкондон көп өтпөй эле үй, жаңы машине сатып алышкан. «Ушул нерселерге ээ болсок эле бактылуу болуп калабыз деп ойлогонбуз, бирок андай эмес экен»,— дейт алар. Кит жумуштан бошогондон кийин көмөкчү пионер болуп кызмат кылган. Ал: «Көмөкчү пионер болуу мага кызматтан канчалык көп кубаныч алса болорун эсиме салды»,— деп айтат. Кит колуктусу экөө пионер болуп кызмат кылган жубайлар менен достошуп, жөнөкөй жашоо жана пионердик кызмат зор кубаныч тартууларын түшүнүшкөн. Пионер болуш үчүн алар эмне кылган? Алдыга койгон максаттарын кагазга жазып, муздаткычка илип коюшкан. Анан жеткен максаттарын белгилеп турушкан. Убакыттын өтүшү менен алар пионер болуп дайындалган.

17. Эмне үчүн жагдайың тууралуу ойлонуп көргөнүң оң?

17 Сен да пионерлердин катарына кошула аласыңбы? Бул азырынча мүмкүн эмес болсо, кызматка колуңдан келишинче көбүрөөк чыгып, Жахабага жакындай бер. Тиленип, жагдайың тууралуу ойлонуп көргөндөн кийин жашооңдогу айрым нерселерди өзгөртүп, пионер болуп кызмат кыла аларыңды түшүнүшүң мүмкүн. Эгер пионердик кызматты баштасаң, алган баталарың баш тарткан нерселериңен алда канча ашып түшөт. Кудайдын Падышалыгын биринчи орунга койгондуктан, башкаларга көбүрөөк бергендиктен өзүңдү мурункудан да бактылуу сезесиң (Мт. 6:33). Андан тышкары, Жахаба жөнүндө ойлонуп, ал тууралуу башкаларга айтууга көбүрөөк мүмкүнчүлүгүң болгондуктан, ага болгон сүйүүң өсөт жана анын жүрөгүн кубантасың.