Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Жакан 11:35те айтылгандай, Иса Машаяк Лазарды тирилтерде эмне үчүн көзүнө жаш алган?

Жакшы көргөн кишибизден айрылганда баарыбыз эле көз жаш төгүп, күйүт тартабыз. Иса Машаяк да жакын досу Лазар каза болгондо ыйлаган. Бирок анын өлгөнүнө эмес, тууганын жоктоп боздоп жаткандарга боору ачыгандыктан ыйлаган. Муну элчи Жакандын сөздөрү тастыктап турат (Жкн. 11:36).

Иса Машаяк Лазардын ооруп жатканын укканда айыктырыш үчүн дароо аныкына жөнөгөн эмес. Ыйык Китепте: «Лазардын ооруп жатканын уккандан кийин да ал жүргөн жеринде дагы эки күн болду»,— делет (Жкн. 11:6). Ал эмне үчүн досуна шашкан эмес? Мунун себебин анын: «Бул оору өлүм менен бүтпөйт. Ал аркылуу Кудай даңкталып, Анын Уулу даңазаланат»,— деген сөздөрүнөн билүүгө болот (Жкн. 11:4). Ооба, Машаяк Лазардын өлүмү аркылуу Кудайды даңктамак. Кандайча? Ал досун тирилтүү менен көптөрдүн жүрөгүн козгоп, эстен кеткис керемет жасамак.

Иса Машаяк шакирттерине: «Досубуз Лазар уктап калды» — деп, өлүмдү уйкуга салыштырган. Ошондуктан аны «ойготкону баратканын» айткан (Жкн. 11:11). Ата-эне уктап жаткан баласын ойготкондой эле, ал досун өлүм уйкусунан оңой эле ойгото алмак. Андыктан анын Лазардын көз жумганына кайгырышына эч кандай деле себеп жок болчу.

Анда эмне үчүн ал көзүнө жаш алган? Келгиле, кайрадан ошол окуяга кайрылалы. Иса Машаяк Лазардын бир тууганы Мариям менен анын жанындагылардын көкүрөгү муңга толуп турганын көргөндө «каңырыгы түтөп, жүрөгү сыздап кеткен». Алардын өздөрүн коёрго жер таппай, кыйналып жатканына жаны ачыган. Мына ошол себептен ал «көзүнө жаш алган». Досторунун кайгы-муңу анын зээнин кейиткен (Жкн. 11:33, 35).

Ыйык Китептеги бул окуядан Иса Машаяктын жаңы заманда жакындарыбызды тирилтип, бардык кесел-дарттарынан айыктыра аларын көрүүгө болот. Ошондой эле ал окуя анын жакшы көргөн кишисинен ажырап, кайгы тарткандар менен кошо кайгырарын көрсөтүп турат. Анын үлгүсү бизге жакынын жоготкондорго боор ооруй билүүгө түрткү берет.

Иса Машаяк Лазарды тирилтерин билсе да, досторун аябай жакшы көргөндүктөн ыйлаган. Биз да боорукер болгондуктан «ыйлагандар менен ыйлайбыз» (Рим. 12:15). Андай учурда көз жаш төккөнүбүз тирилүүгө ишенбей турганыбызды билдирбейт. Иса Машаяк Лазардын туугандарына чын жүрөктөн боору ооруп, көзүнө жаш алуу менен бизге үлгү калтырган.