Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА: ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ЖӨНҮНДӨ ЖАЗЫЛГАН?

Ыйык Китепти билүү маанилүүбү?

Ыйык Китепти билүү маанилүүбү?

Ыйык Китеп — дүйнөдөгү эң белгилүү китеп. Эмне үчүн мындай деп айтууга болот? Мунун бир себеби ал абдан кеңири таралган. Анда чынында эле жашаган, бири-бири менен жана Кудай менен жакшы мамиледе болгон адамдар жөнүндө баяндалат. Жөнөкөй, түшүнгөнгө оңой тил менен жазылган ал китептен көп нерсени үйрөнө алабыз. Ыйык Китеп жүздөгөн тилдерге которулган. Аны адамдар, кайсы жерде, кайсы мезгилде жашабасын, түшүнө алышат. Ошондой эле Ыйык Китептеги мыйзам-принциптерди колдонуу пайда алып келет.

Андан да маанилүүсү, Ыйык Китеп — Кудай жөнүндөгү эле эмес, Кудай жаздырган китеп. Анда Кудайдын ысымы, сапаттары жана адамдар менен жерге байланыштуу өзгөрүлгүс ой-ниети жазылган. Ошондой эле жакшылык менен жамандыктын ортосунда эзелтеден болуп келе жаткан таймаш жана бүт ааламга тиешелүү болгон, аягы жакшы бүткөн кызыктуу бир окуя жөнүндө айтылат. Ыйык Китепти терс көз карашта болбой, чын ниеттен окуу адамдын Кудайга болгон ишенимин бекемдеп, үмүтүн жандырат.

Ыйык Китепте эч бир жерден табылбай турган маалыматтар жазылган. Мисалы, андан төмөндөгү суроолорго жооп ала алабыз:

  • Кантип жаралганбыз жана эмне үчүн азап тартып келебиз?

  • Кудай адамдар үчүн кантип кун төлөгөн?

  • Иса Машаяк биз үчүн эмне кылган?

  • Келечекте жер менен адамзат эмне болот?

Кийинки макалалардан Ыйык Китепте булар тууралуу эмне делерин окуп көргүлө.